|
Сөзү : З. Иманалиев
Обону : З. Иманалиев
Сөзү : Фатима Абдалованыкы
Обону : Т.Колдошовдуку
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу элем, магдыратып жытынан,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!
Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды күлкүсүнөн тааныгам.
Сөзү : Н.Алымбековдуку
Обону : К.Абдраиловдуку
Күндө эле көрүп түшүмдөн,
Күйүтүң тартам ичимден.
Көрүнбөй көп жыл өтсө да,
Күтүп бир жүргөн кишиң мен.
Ар дайым көрүп түшүмдөн,
Азабың тартам ичимден.
Арадан жылдар өтсө да,
Арзып бир сүйгөн кишиң мен.
Сай сагызган сайда жок,
Сан жылкы колхоз байда жок.
Санаалаш курбум алыста,
Сагынган менен пайда жок.
Жабыгып жапа чекпей жүр,
Жакшы бир жаман дешпей жүр.
Жанашып бирге өткөргөн,
Жаштыкты дайым эстей жүр.
Өзүмдү дайым эстей жүр
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Жүрөктө жүргөн сезим каргыл болуп,
Күткөнмүн күндө ойлонуп, калбыр болуп.
Келбедиӊ ак кайыӊдан, салаалаган
Тамчыдай жашым акты, жамгыр болуп.
Ал сезим калмак элес, санат болуп,
Канымды кайнатыӊ сен шарап болуп.
Келбедиӊ жапжаш сүйүүм жабыркады,
Добулда жерге ийилген дарак болуп.
Жарына жеткендерде кандай арман?
Сен кеттиӊ жарым болбой ардакталган.
Мен боздоп бопбош калдым өмүр бою,
Уядай боз торгою келбей калган.
Келбесиӊ калган убак анык болуп,
Жүрөсүӊ анда кимге жарык болуп?
Секетим, сени ойлонуп муӊданамын,
Суу акпай какшып калган арык болуп.
Секетиӊ күндө ойлонуп, муӊканамын,
Өзүӊсүз өткөргөн күн супсак болуп.
Жүрөсүӊ алда кимге жарык болуп?
Сөзү : З.Иманалиевдики
Обону : З.Иманалиевдики
Ысык-Көл жээгине сейилге чыктым,
Ысымын сулуунун ар жерден уктум.
Калагым кайыкта толкунду шилейт,
Толкундар баары эле,
"Жамиля, сен кайда, кайдасыӊ?" дешет.
Баратам кайыкта термелип, тездеп,
Бакытка термелткен сулууну эӊсеп.
Үстүмдөн булуттар буулугуп өчөт,
Булуттар баары эле,
"Жамиля, сен кайда, кайдасыӊ?" дешет.
Ай айтты, күн айтты асылдын атын,
Алтынга, каухарга алмашпас затың.
Анда да жүрөгүм зырп эте түшөт,
Баары эле, "Жамиля, сен кайда, кайдасыӊ?" дешет.
Обону : М.Аликеевдики
Сен менин учкан көпөлөгүм,
Искеп жытын сансыз гүлдөрдүн.
Арманымда кайкып учасыӊ,
Ким болду экен түгөйүӊ?
Сен менин учкан көпөлөгүм,
Издеп сени таппай жүрөмүн.
Келип кончу гүлдөргө,
Ким болду экен сүйгөнүӊ?
Сен менин учкан көпөлөгүм,
Издеп тапсам арасынан гүлдөрдүн,
Кантмек элем, кала берем,
Каалап сага өмүрүмдүн сүрүшүн.
Кыялыңдын билбейм чыны кандайын,
Кылым бою бир жүргөндөй ар дайым.
Каректериң кан ээритип, жанды эзет,
Кайсы күнү жолугушуп калбайын.
Бакытымдай бал-бал этет маңдайың,
Жаралгандан жаны бирге, жандайым.
Жарк деп койчу, дагы бир жолу карачы,
Карашыңа өмүр бою канбайын.
Кайсы күнү жолугушуп калбайын,
Сугум артып, сурай берем ал-жайың.
Бал-бал этип көз алдыма тартылат,
Бакытымдай бажырайган маңдайың.
Бакытымдай бал-бал этет маңдайың,
Жаралгандан жаны бирге, жандайым.
Жарк деп койчу, дагы бир жолу карачы,
Карашыңа өмүр бою канбайын.
Кыялыңдын билбейм чыны кандайын,
Кылым бою бир жүргөндөй ар дайым.
Каректериң кан ээритип, жанды эзет,
Кайсы күнү жолугушуп калбайын.
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Кубандык Жаасын уулу
Байыркыдан жалын бий,
Бактыбызга жанган бий.
Башат алып кыргыздан,
Бардыгына майрам бий.
Өргө чапкан жалын жаш,
Өтүп кетсе таңылбас.
Эр жигитке шайма-шай,
Эргип бийле карындаш.
Кайырма:
Шумкар канат каккандай,
Учуп бара жаткандай.
Талпыналы жарышка,
Тайторуну чапкандай.
Кандай адам тим турат,
Талбай жүрөк булкунат.
Жалпы тегиз бийлесек,
Жалындасын ынтымак.
Күүгө келип тилектен,
Күйүп жанып күн өткөн.
Жаның барда өчүрбө,
Жалыныңды жүрөктөн.
Шарапаттуу дүйнөдөй,
Шаңга кошул сүрдөбөй.
Кантип чыдап турасың,
Карап четте бийлебей.
Кайырма:
Жарк эткендей чагылган,
Жаралган бий жалындан.
Шат өмүргө жарык бол,
Шамчырактай жагылган.
Күлкү менен жашарып,
Күн балдары аталып.
Бийлеп кары-жашыбыз,
Бир кумарга баталык.
Кайырма:
Сөзү : Б.Алыбаевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Санаалар уюп, сайылып канжар сезимге,
Сагыньп сени, саргайып жүргөн кезимде.
Ак толкун болуп, ак шоокум болуп,
Көрүнчү мага, периштем.
Көңүлүм эңсеп тайызды эмес, тереңди,
Түндүктүн суугу турганда каптап денемди.
Аскарым болуп, ак жалын болуп,
Жылытчы мени, периштем.
Жетем деп улам жылт эткен максат соңунан,
Бараткан кезде чырмалып кайгы торуна.
Карекке конуп, үмүтүм болуп,
Жанымда турчу, периштем.
Чарчадым эми дайыма тынбай сени издеп,
Турамын азыр кабагым бүркөө, сени эңсеп.
Ак таңым болуп, ак шамым болуп,
Түшүмө кирчи, периштем.
|