|
Сөзү : К.Хасеновдуку
Обону : Ш.Сарсенбаедики
Сөзү : Добр, Бахтияр Токторов, Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Добр, Бахтияр Токторов, Modern Talking, Mr President
Сөзү : Алтымыш Кадыровдуку
Обону : Аксуубай Атабаевдики
Ар тараптан куюлуп күүлөр акты, ырлар акты,
Ашыгамын теминип чабдар атты.
Сенин сүйкүм элесиң бажырайып, бажырайып,
Чапкан атка жеткирбей, жеткирбей, бара жатты.
Тоолор, тоолор, тоолор,
Чапкан атка жеткирбей бара жатты, бара жатты.
Сенин күлкүң жаңырса кулагыма, кулагыма,
Окшоп кетет Ала-Тоонун булагына.
Жүз көрүшпөй жаш жүрөк жай алабы, жай алабы?
Жайлоодогу жан сүйгөн, жан сүйгөн ынагыма.
Тоолор, тоолор, тоолор,
Жайлоодогу жан сүйгөн, жан сүйгөн ынагыма.
Тоолор, тоолор тоо койнунда күлүп өскөн, чыкпайт эстен,
Билим улап алыстап сенден кеткем.
Азыр өзүң сүйүүмө күбө болчу, күбө болчу,
Ашыгымды жыттайын, жыттайын сылап беттен.
Тоолор, тоолор, тоолор
Ашыгымды жыттайын, жыттайын сылап беттен.
Сөзү : Самат Уланбековдуку
Обону : Амир Аскаровдуку
Сөзү : Камчыбек Өскөнбаевдики
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Азат уулу Акылбек
Обону : Азамат Такырбашев
Сөзү : Жыпара Исабаеваныкы
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Ак сүйүүнүн улуулугун.
Аруулугун үйрөттүң.
Жаздай жарык дүйнөң менен,
Жандүйнөмдү турлонттун.
Кыйын кезде башты бийик,
Көтөрүүгө үйрөттүң.
Көздөрүмдөн оюмду окуп,
Көңүлүмдү гүлдөттүң.
Кайырма:
Асыл жарым, арзуум, аярым,
Эң жакыным, жөлөп-таярым,
Сени кошкон Жаратканыма,
Мен ыраазымын.
Бул жашоонун өмүр жолунда,
Сүйүу менен жашоо сонун да.
Сени тапкан тагдырыма,
Мен ыраазымын.
Тереңдикти, кенендикти,
Бийиктикти үйрөттүң.
Сени сүйгөн өңдүү жаным,
Мен эч кимди сүйбөдум
анааркаган кезде мени,
Сабырга сен үйрөттүң.
Сары ооруган кезде айыгып,
Күлгөнүңдөн күндү өптүм.
Кайырма:
Асыл жарым, арзуум, аярым,
Эң жакыным, жөлөп-таярым,
Сени кошкон Жаратканыма,
Мен ыраазымын.
Бул жашоонун өмүр жолунда,
Сүйүу менен жашоо сонун да.
Сени тапкан тагдырыма,
Мен ыраазымын.
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Шахбоздуку
Сезим гүлүн ачты, сени менен,
Күлүп тостум, бул жазды бүгүн.
Кай көздөрүңөн, көргөн кезде
Ой-кыялым, бүт өзгөрүлгөн.
Сенсиң жалгыз жүрөккө буйрук берип
Дүйнөмдү бүтүн башкара алган
Кайырма:
Күткөн келди, жаным куш болгон талпынган,
Тагдыр мага аруу жанга туш кылып, бак сунган.
Өзүң барда өчпөгөн, эх сүйүүм көктөгөн
Өзүң менен өмүрдүң кызыгын көп көрөм.
Кадам жаңы кадам, жүрөгүмдү кармап алып,
Бир сага барам.
А сен ынагымсың, караныңды жарык кылып
Нур сунаарымсың.
Сенсиң жалгыз жүрөккө буйрук берип
Дүйнөмдү бүтүн башкара алган.
Кайырма:
Сөзү : Эрнис Түмөнбаевдики
Обону : Эрлан Андашевдики
Жүрөгүмдүн ээси сенсиң,
Табалбай жүргөн берекемсиң.
Ай ааламдагы жалгыз бир адам,
Ошол жаным жалгыз сенсиң.
Жарык чачкан таңым сенсиң,
Жанымда жүргөн көлөкөмсүң.
Жандай көргөн жалгыз адамым,
Жалындап жүрсөк бирге деймин.
Кайырма:
Карап, карап, карап
Бир өзүңдү
Самап, самап, самап
Олтурамын эстеп алып анан мен,
Махабатка батып барат жаным.
Жаным
Арзуубуздун оту жансын,
Ардагым менин махабатым.
Арнаймын сага ушул дүйнөдө,
Ак сүйүүнүн таттуу балын.
Күлмүңдөп бир тийген күнсүң,
Жашоодо жалгыз үмүтүмсүң.
Өмүрүмдү көрккө бөлөгөн,
Жаңы ачылган кызыл гүлсүң.
Мен көлгө жалгыз келип, байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.
Кумдан көп биздин күндөр, өткөн-өткөн,
Келээрмин аман болсом да бир көксөө.
Азыр мен жалгыз учкан, ак куу болуп,
Баратам бакыт издеп Памир көздөй.
Сен эзсен кусалыкка сезимимди,
Жаздагы салкын желден, кабар улай.
Мен жокто сылай жүр деп саамайыңан,
Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамалына.
Жээгине жалгыз келип байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.
Сөзү : Чынгыз Алиевдики
Обону : Раллияныкы
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Адаштырып мени ар качан,
Азаптаптарга жаным салбасаң.
Өкүнүчтө калып сыздап калсамчы,
Өмүрүмдун бүтүн эй, өмүрүмдүн бүтүн ий
Өмүрүмдүн баарын сизге арнасам.
Карындаш кимди сүйөсүң ээй?
Сизди гана.
Чынын айтчы кимдеп жүрөсүң?
Сиздеп гана.
Кара жаным карандай жаным,
Анда алып качпа көздөрүң,
Бери кара, мени кара, бери кара эээээй
Сиз турмушта мени төктүрбөй
Сактап калдыңыз мени чөктүрбөй.
Карагым кантип жазылам өзүңө
Капырай качып иий, капырай качып иий
Капырай качып жүрсөн өптүрбөй, эээээй
Агажан кимди сүйөсүз ээй?
Сени гана
Чынын айтчы кимдеп жүрөсүз?
Сендеп гана
Кара жаным, карандай жаным
Анда алып качпа көздөрүң
Бери кара, бери кара, бери кара эээй
Күлкүм кетип күзгө өңдоном
Күйутүмө көңүл бөлбөсөң.
Ишенем кантип курулай сөздөргө
Көзүңүздү сиздин ээй, көзүңүздү сиздин ээй Көзүңүздү сиздин сүйүп көрбөсөм
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Ай Чолпон жүзүң ак маңдай
Ажарың сүйкүм ак таңдай
Асманым жарык сен менен
Ай Күнүм нурун чачкандай.
Кайырма:
Садагам,бакытым сен бал тамган.
Адашам, жамандыктан жалгандан.
Самаган, түбөлүктүү түгөйүм.
Садагам карегиңе байланам.
Жалының жанга жаккандай
Жамалың гүлдөн ачкандай
Жанбиргем күндө кубанам,
Жоготуп кайра тапкандай.ф
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Талант Кадыров, Айя Садырованыкы
Өткөн өмүрдөн,өздүк дүйнөмөн.
Мен өзүңдү издегем.
Таалайым эми таптым мен сени,тунук сүйүү из менен.
Сүйүү жолунда, ар бир оюмда.
Бир өзүң бол жанымда,
Агарган ак таңындай,
Бул жашоомдун баарында.
Келчи ардагым,колун кармайын,
Мезгил жарыгын,сага арнайын..
Кайырма:
Жалгызым жаным ай,
Жашоодогу жазымдай.
Сен барсын,мен бармын.
Сүйөм сени жаңылбай.
Жалгызым жаным ай,
Нур жүзүң суйуу таңымдай
Канча жыл күтүп,жүрөгүм сүйүп
Мен сени жаным таптым ай.
Биз энсеп жүргөн, экөөбүз күткөн
Наристебиз уулбуз..
Өзүңдоөй болсо,бийике консо
Аткарылат оюбуз.
Бир кыялыбыз,наристе кызыбыз,
Өзүңдөй болсо деймин,
Ойлонуп мен эңсеймин,
Жараткандан тилеймин.
Келчи ардагым,колун кармайын,
Мезгил жарыгын,сага арнайын.
Сөзү : Эсенбек Мааданбековдуку
Обону : Эсенбек Мааданбековдуку
Көлөкөлөп көңүл ачарым,
Берекем деп жарпым жазарым.
Бал татыган балдыр тили бар,
Балам бактым, балам базарым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Балам бактым, балам базарым.
Көңүл төтө кылган медерим,
Көзүмдөгү эки карегим.
Канттан таттуу, гүлдөн жыты артык,
Кандан чыккан асыл данегим.
Алдей ай, бөпөм ай,
Кагылайын орун басарым.
Самаганда жетер кулачым,
Сагынганда жыттаар кубатым.
Башкаларга эч бир алмашпас,
Бар байлыгым, мүлкүм, мурасым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Бар байлыгым, мүлкүм, мурасым.
Сөзү : Канат Эргешовдуку
Обону : KG Эльмураттыкы
|