|
Сөзү : Ильяс Кудретовдуку
Обону : Ильяс Кудретовдуку
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Сайра Батыркулованыкы
Обону : Грузия элиники
Ширин сөзү, жылдыз өзү,
Аруулугу ак кардай.
Кызыл эрини, кымча бели,
Кылыгы бар баладай.
Жарык жылдыз бир сулуу кыз,
Кетти жанды жаралай
Сүйүп калып, күйүп жанып,
Куса болдум аябай .
Кайырма:
Ай, ай, ай, Айжан,
Көңүл сен деп сокту
Селт этпейсиң сезимге
Сенде жүрөк жокпу?
Ай, ай, ай, Айжан,
Кыйнабай көп мени
Жүрөгүмдүн түбөлүк
Болчу сен көктөмү.
Жүзү жаркын, өзү алтын,
Жактырганым чын, сулуу.
Колу иштүү, маржан тиштүү
Тең келбейт го миң сулуу.
Сенсиз жаным убай мага,
Унуткандай күн чыгуу
Сенсиз өмүр бул жашоодо
Өмүр эмес, тумчугуу.
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Адамы жок тоолордун арасынан,
Арамы жок махабат талаасынан
Калкып учкан көктөгү булуттардай
Учкум келет, айыл, сага карай.
Кайырма:
Булуттардай, булуттардай,
Учкум келет, айыл, сага карай.
Булуттардай, булуттардай,
Учкум келет, айыл, сага карай.
Кере жутуп булактын тазасынан,
Кең Ала-Тоо жайлоонун абасынан,
Калкып учкан жайдары булуттардай
Учкум келет, айыл, сага карай.
Кайырма:
Булуттардай, булуттардай,
Учкум келет, айыл, сага карай.
Булуттардай, булуттардай,
Учкум келет, айыл, сага карай.
Сөзү : Айгерим Кожобекованыкы
Обону : Мыктыбек Мыйманбаевдики
Сөзү : Лариса Асанбекованыкы
Обону : Рамис Алиевдики
Сөзү : К. Тураповдуку
Обону : К. Тураповдуку
Кылымдардан кылым карытып,
Кызыл-Суунун суусу агылып.
Бал жыттанган таттуу кымыздай,
Туулган жердин суусун сагындым.
Жүрсөм дагы алыс араңдан,
Ата Журтум кетпей санаамдан.
Акыл айтып, асыл кеп айткан,
Аталардын кебин сагынам.
Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан,
Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган.
Ышкын терип аска-зоосунан,
Жүргөн күнүм эстеп сагынам.
Жылаңайлак, чырпык ат минип,
Жылгалардан тунук суу кечип.
Балтырымды тилип караган,
Балалыгым эстеп сагынам.
Коңур-Дөбө - жайлоо, жашыл төр,
Коңур желдүү, салкын, асыл жер.
Кокту, белес, күнгөй-тескейден,
Кой кайтарган күнүм сагынам.
Түндүгүнөн түтүн булатып,
Апам жапкан нанды сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам жүргөн жерди сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам жүргөн жерди сагынам,
Апам жапкан нанды сагынам,
Балалыгым эстеп сагынам.
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Кубат Тургумбаевдики
Сөзү : А.Сыдыкованыкы
Обону : А.Сыдыкованыкы
Сөзү : Добр, Адилет Джортушевдики
Обону : Добр, Адилет Джортушевдики
Ааламда теңдеши жок асылым алтын апам,
Жашоомо жарык берген жалгызым жаным апам.
Жан тартып дайым мага жанымда жалгыз гана,
Жароокер апакебай, бул ырым жалгыз сага.
Тамчыдай сүтүн берип талыкпай баккан апам,
Алыста жүрсө дагы балам деп шашкан апам.
Бал ширин сөздөр менен эриткен жан дүйнөмдү,
Ар дайым бир өзүмө сүйүктүү жаккан апам.
Балам деп дайым күйгөн эненин таламында,
Унутпайлы бейиш төрү эненин таманында.
Бой тартып чоңойгондо ороңдоп четке какпай,
Барктайлы апаларды көзү тирүү, аманында.
Агарган ар бир чачың, биз үчүн аккан жашың,
Ааламды сактайт тура энелик ыйык атың.
Эр жетип мына эми турабыз алдыңызда,
Эркелеп жетеличи, апакебай, баркыңызга.
Кайырма:
Түшкөрсөм түштү оңунан жоруган алтын апам
Түгөнгүс түйшүктөрдөн коруган алтын апам.
Үч бөлүп түн уйкусун уктабай мени карап
Онтосом, чогуу онтоп, ооруган алтын апам.
Канчалык кыйналсам да баарына түткөн апам,
Кайгырып капалансам арылткан жүктөн апам.
Кайрылып үйгө келбей кечигип калганымда,
Санааркап жолду карап, сагынып күткөн апам.
Жарык нур тийип көктөн, мээримиң чексиз төккөн, Оозанткан эне сүтүн балалыкта эбак өткөн.
Мөмөлүү дарак сымал жемишин жазбай берген,
Апакем жаркыраган жаздагы жашыл көктөм.
Көргөндө ак чачыңды, көзүмө жаш аламын,
Бой жетип чоңойсом да өзүңө мен жаш баламын
Кем кылбай эч бир жандан, чоңойткон апакемдин,
Актайм деп мен ак сүтүн бүт ааламга жар саламын. Талыкпас эмгенине, ак сүтүн эмгениме,
Көрсөтүп туура жолду тарбия бергенине.
Баш ийип таазим этем түбөлүк апакеме,
Жаратып бул жашоого жарык нур бергенине.
Бактылуу жашоо берсе мөмөлүү жемишинен,
Алысмын мен ар дайым кайгырып бир кейишинен.
Тилеймин Жараткандан жалынып мен күнүгө,
Берсе деп апакеме акыреттик бейишинен.
Сөзү : Асанбек Иманбаевдики
Обону : Нурболот Теңизбековдуку
Сөзү : Нурлан Насиптики
Обону : Нурлан Насиптики
Гүлдөй буралып, бастың жанымда,
Кыт-кыт күлүп карап, өттүң назданып.
Арзуум от болуп, жан дүйнөм чок болуп,
Калгансыды жүрөк сүйүүгө мас болуп.
Кайырма:
Эркелетсемби, кара көз, сени,
Суктанып мен карап, эзилеминби?
Эркелетейин, келчи, шириним,
Кучагыма кысып, эркелетейин.
Күндөй жаркып сен, чыктың таң ата,
Көзгө сүйкүм болуп, күнгө жанаша.
Кандай сүйкүмдүү, сенин элесиң?!
Көңүлүмдү буруп, эркелетейин.
Кайырма:
Сөзү : Нурлан Насиптики
Обону : Нурлан Насиптики
Айлуу түндө мен жалгыз,
Отурамын сени эстеп.
Бирге жүргөн күндөрдү,
Сагынып жүрөк эңсеп.
Унута албай келем мен өзүңдү,
Балбылдап жанган кара көзүңдү.
Сагындым ошол чексиз күндөрдү,
Саргайтпай келчи жүрөктү.
Сагындым жаным, сени сагындым,
Махабаттын отуна малындым.
Арбалып сүйүү отуна жаным,
Азаптуу күнгө кабылдым.
Азаптуу күнгө кабылдым.
Карай берем жолуңду,
Келеби деп кайрылып.
Ушул бойдон өзүңдөн,
Каламбы же айрылып.
Кабарыңды айтпадың,
Өзүңдү мен таппадым.
Унута албай, сыздап ыйладым.
Сөзү : К. Качкынбаева, Н.Насиптики
Обону : Н.Насиптики
Музыкам сен болдуң,
Муз эрип жүрөктөгү.
Муңумду таратып,
Жылмайып күлөт пери.
Эңсетип өзүңдү,
Эмне эле күн өтпөдү?
Ээлигип жай бербей,
Жүрөгүм сүйөт сени.
Кайырма:
Менин да сүйүүм ушундай,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап
Бакыттын кушун учурбай.
Көздөрүң балбылдап
Көңүлдүн шам чырагы.
Көзүңдүн жарыгын
Башкалар мендей туябы?
Күлгөнүң шыңгырап,
Туптунук тоо булагы.
Күмүштөй күлкүңдү
Бөлөктөр мендей угабы?
Кайырма:
Менин да сүйүүм ушундай,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап,
Бакыттын кушун учурбай.
Сөзү : Ибрагим Жунусовдуку
Обону : Ибрагим Жунусовдуку
Издей берем тааныш үйдөн,
Издей берем көчөдөн.
Карааныңды мен жоготтумбу,
Түшүмдө гүл төшөгөн.
Кайырма:
Эмне мынча сүйөм сени?
Эмне мынча сагынам?
Кучагыңда денем ысып,
Чачтарыңдан сылагам.
Оюм сенде билсең деги,
Ырым сенде сайраган.
Сендеби дейм мүрөк көлү,
Кышта суусу кайнаган.
Кайырма:
Кайдасың сен, таба аламбы?
Билесиңби сен тилекти?
Адаштырдың, бара аламбы?
Уйкум келбей түн өттү.
Кайырма:
Түшүмдөсүң, жүзүмдөсүң,
Багымдасың жайнаган.
Өзүмдөсүң, көзүмдөсүң,
Канымдасың чанбаган.
Кайырма:
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
|