|
Сөзү : Байсалбек Кадыралиевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Бактысыз жаным, бактылуу болгун,
Бош эми жолуң, бош эми колуң.
Таалайлуу болгун, тагдырлаш жолум,
Талкалап кетти тартылган торун.
Ызгаарлар учуп, уямды бузуп.
Ууланды сүйүүм, демимди кысып,
Ушуга жетти, турмуштун кеги,
Кечирдим сени, кечиргин мени.
Кайырма:
Жүрөгүм жалын, өрттөнүп багым.
Жүдөдү жаным, сынганда шагым.
Кош бол сүйгөнүм, кош бол сүйгөнүм.
Буйруксуз жарым, буйрубай калдың.
Кериле тарткан, көшөгө бошоп,
Көгөрбөй калды, көктөсө болмок.
Жылдыздар жанбай, жылуулук таппай,
Жылт этип өчтү, армандуу боздоп.
Жүрөк кылдары, муңдуу ырдады,
Жаштык жылдары, жаным кыйналды.
Жашоого көнүп, жазганын көрүп,
Жашап келемин, жалыным төгүп.
Кайырма:
Айым менин, күнүм дейин, жаным,
Тунугумсуң тоо булагындай.
Сүйдүрөсүң, күйдүрөсүң, жаным,
Өзүңө мен жүрөм ашыккан.
Кайырма:
Кызгалдактай кулпурасың, ай,
Сага жетпей кыйналамын, ай,
Жаным, эй, жаным, эй,
Күмүш күндөн төгүлөсүң, ай,
Күн бетинен көрүнөсүң, ай.
Жаным, эй, жаным, эй,
Тилейм сага бар бакыттын баарын,
Тагыласың сен тумарымдай.
Жалдыратып жанымды өрткө салдың,
Сүйгөнүм бул ырым сага арнайм.
Кайырма:
Сөзү : Гүлмира Рыспаеваныкы
Обону : Жолдошбек Исраиловдуку
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Айдин Шердики
Сөзү : Ринат Зайтовдуку
Обону : Данияр Шеңгелбаевдики
Бакыттын багын аралап,
Жүрөктөрдө сезим жаралат.
Кубаныч коштоп өмүрүңдү,
Ашыктык бакытты бере алат.
Калкып учкан сымал асманда бийик
Кыялымды сууруп.
Керемет го чындыгында,
Бир өмүр жүрсөң сүйүп.
Кайырма:
Ашык болуу, ашык болуу
Жашоону оро жалын-нурга.
Ашык болуу, жашып коюу,
Сүйгөнүңө жолугууга.
Сен баалай бил,
Сен арнай бил, сезим жандаганда.
Ашып болуу ачып берүү жүрөгүңдү бир адамга.
Ашык болуу деген сыйкыр сезим эгер билсең,
Канат байлап алып учат куса болуп жүрсөң.
Жалгыздыкта калган кезде жүрөк сыздап турат,
Сагындырат, жалындырат.
Убагында сездим, ашыктыктын даамын,
Сезим келер менен мага унуттум го баарын.
Махабаттын өзүн бакыт десем,
Ашык болуп жүрүү өзү бакыт экен.
Махабат бакыт барагы,
Ашык болуу жүрөк талабы.
Себепкер болсо сүйүүбүз,
Тагдырды бирге жазайлы.
Тунук сүйүү барда жүрөктөр тоңбойт,
Мерездик болбойт.
Ашыктарды ар дайым,
Жараткан өзү колдойт.
Сөзү : Жаныбек Алыкулов, Алтынбек Ажалиевдики
Обону : Жаныбек Алыкуловдуку
Сөзү : Жумамүдүн Шералиев
Обону : Жумамүдүн Шералиев
Сөзү : Омор Султанов
Обону : Жамиля Муратова
Жаз келсе жаным, ак куу, келесиңби?
Жадырап жаздан салам бересиңби?
Кышты да жаздай сезип жыргай берем,
Эскерип эркелеген элесиңди.
Сен келип көк көлүмө кондуң, ак куу,
Көйкөлүп көңүлүмө толдуң, ак куу.
Көзүмдүн отун чачсам көл жээгинен,
Көксөгөн периштемдей болдуң, ак куум .
Болдуң, ак куум.
Кайырма:
Ай, ак куум ай, аппак аруу, ак куум, ай,
Адамга кайдан жактың, ай ак куум, ай?
Үлпүлдөп сүзүп көлүң менен
Үмүттөй бүтпөс бактым, ай,
Ай, ак куум, ай.
Ак куу жан жаркын жазды, күз да жеңди,
Сен учар жылуу жакка мезгил келди.
Кош айтып арга жоктон, жаным ак куу,
Кыл кыяк жандан бүткөн сыздай берди .
Кайырма :
Ай, ак куум ай, аппак аруу, ак куум, ай,
Адамга кайдан жактың ай, ак куум, ай?
Калкылдап учуп көгүң менен,
Кайрылып келчи бактыма.
Ай, ак куум ай, аппак аруу, ак куум, ай,
Адамга кайдан жактың, ай, ак куум, ай,
Үлпүлдөп сүзүп көлүң менен,
Кайрылып келчи бактыма,
Ай, ак куум ай, бактым, ай.
|