|
Сөзү : Салтанат Орозобекова
Обону : Райхан Бейшеналиева
Сөзү : Ибрагим Жунусовдуку
Обону : Ибрагим Жунусовдуку
Сөзү : Т.Кожомбердиевдики
Обону : Ш.Дуйшоналиевдики
Бардыгы жалган тура бул дүйнөдө,
Турмушта да, сүйүүдө да, үй-бүлөдө.
А мен болсо жалындап күйүптүрмүн,
Ишенип, ишенип, ишенип мен өзүңдү сүйүптүрмүн.
Мейли күл, мейли шылдың кылсаң дагы,
Жактырбай терс бурулуп кетсең дагы,
Унутпачы, ал кездерди эстей жүргүн.
Бул ырды, бул ырды, бул ырды,
Сени сүйгөн бир кыз жазды.
Кош эми кош болгунуң, бактылуу бол,
Каалаймын чын жүрөктөн сага ак жол.
Сүйбөгөнгө сүйкөнбөгүн деген сөз бар,
Мага да, мага да, мага да табылар го өмүрлүк жар.
А мен болсо жалындап күйүптүрмүн,
Ишенип, ишенип, ишенип мен өзүңдү сүйүптүрмүн.
Ак Сардал кыз, Сардал кыз,
Сен да жалгыз мен жалгыз.
Берейин десем мал таңгыс,
Бере албадым, Сардал кыз.
Өтүгүңдүн өкчүүсү,
Кылдан бекен Сардал кыз.
Экөөбүздүн ортобуз,
Зымдан бекен Сардал кыз.
Көк боз аттын куйругу да,
Күмүш десем кылга окшойт.
Экөөбүздүн ортобуз,
Күнчүлүк десем айга окшойт.
Ак боз аттын куйругу,
Алтын десем кылга окшойт.
Экөөбүздүн ортобуз,
Айчылык десем жылга окшойт.
Көк өгүздү кубалап мен,
Оолукканмын, Сардал кыз.
Көк белестин жанынан,
Жолуккамын, Сардал кыз
Ак өгүзүм кубалап,
Оолукканмын, Сардал кыз.
Ак белестин жанынан,
Жолукканмын, Сардал кыз.
Кашка сулуу булактан,
Суу аласың, Сардал кыз.
Карала да моюн катардай,
Чубаласың, Сардал кыз.
Ак мөңгүлүү дайрадан,
Суу аласың , Сардайл кыз.
Ашыктыгым ансайын,
Бураласың , Сардал кыз.
Сөзү : Асан Садыковдуку
Обону : Мырза Садыковдуку
Байкабай тагдырымды сөгүптүрмүн,
Буулугуп көз жашымды төгүптүрмүн.
Билбестен сүйүүм башка жан экенин,
Бекерге кайгы-муңга чөгүптүрмүн.
Жылдарга алдангансып өтүптүрмүн,
Жамгырга жалын болуп өчүптүрмүн.
Жүзүнөн күн сүйбөгөн алсыз гүлдөй,
Жашынып көлөкөдө өсүптүрмүн.
Жазмышда оңго айланып солдорубуз,
Жашоодо кайчылашып жолдорубуз.
Жек көрүп кайра анан жактырышып,
Жаңы эле кармашканда колдорубуз.
Зар болдум бир көрүүгө карааныңды,
Зарыгам билбейм кайда кабарыңды.
Заманам куурап сенсиз баратса да,
Зордобойм билсең болду жагарыңды.
Ар убак сен жөнүндө ойлономун,
Апкаарып элесиңен толгономун.
Ал тургай түшүмөн да сени көрүп,
Ак таңдан сени сурап ойгономун.
Сөзү : Абдыкерим Исаев, Бактыгүл Сейитбековалардыкы
Обону : Таалай Турдубаевдики
Сөзү : Нурлан Насиптики
Обону : Нурлан Насиптики
Жалгызым менин, жашоомдо сенсиң,
Кылыктарың чыгат эркелесең сенин.
Жаратканымдын энчилеп мага,
Буюруп койгон белеги сенсиң.
Сен, мен түбөлүк дайым,
Кол кармашып жүрөлүк, жаным.
Махабатка чөмүлүп бирге,
Таталы сүйүүнүн даамын.
Кайырма:
Мен, мен сени сүйөмүн,
Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным.
Мен, мен сени сүйөмүн,
Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм.
Тамаша айтсам таарынып мага,
Капа болот менин тентегим.
Түбөлүк мага колуңду сунуп,
Өмүрүмдүн гүлү болчу сен.
Гүлдөрдүн түрүн үзөйүн тандап,
Жүрөктөн сунам сүйүүмдү арнап,
Бир келген бакытты учурбай, жаным,
Жүрөлү жанашып сүйүүнү барктап.
Кайырма:
Сөзү : Мадина Жайлообекованыкы
Обону : Рамис Алиевдики
Аттиң кылып калба кийин сен,
Жүрөгүмдөсүң эгер билсең,
Эч ким сени мендей сыйлабас,
Кадырыңа билгин жете албас
Сүйүү деген оюнчук эмес,
Жалгыз жүргөнүң башка кез.
Жети өлчөп бир кесүү керек,
Анан кийин болуп калат кеч.
Кайырма:
Жайна, жайна, жайна гүлүм жаз гүлүндөй жайна,
Кайда, кайда, кайда барасың сен алыс кайда?
Сен ойлогон жеңил ойлор билсең, жаным, бербейт сага пайда
Андан көрө кайыл болуп издегин асылым жакшы айла.
Боло бербейт ойлогонуңдай,
Өйдө-ылдый жашоо ушундай.
Сабыр түбү сары алтын деген,
Сөзгө тура албаймын кошулбай.
Кайырма:
Сөзү : Кумаргүл Чынарсованыкы
Обону : Музафар Мамадалиевдики
|