|
Бир көрүп гана жан дүйнөмдү козгоп жолуктуң неге?
Сүйдүрүп гана сезимдерди толгоп азгырдың беле?
Кызыгып, көңүл бөлсөң мага, жаңылдым дебе,
Мен эңсеген тагдырым сенде.
Сүйдүрүп тузагыңа саласың түшүнбөй эле,
Сыздатып гана ойдо жок койгон талабың бүтчүдөй беле?
Өзүм деги-деги не болдум сенсиз күндөрүм эми гана
Кыйнайсың гана сен неге сүйгөн жанды табышмагыңа.
Кайырма:
Көл үстүндө нурдай себелеп
Сенин сүйүүң мага келе элек
Кол кармашып дайым экөөбүз
Жүрөлүчү жаным эртелеп.
Үмүттүн гана көрбөгөн, өчпөгөн шамын тамыздың беле?
Жүрөктүн гана дегдеген жай алдырчу дарысы сенде
Буулуккан, жабыркаган жанга бир жок дегенде,
Жолукпастан алыссың неге.
Сүйдүрүп тузагыңа салсаң түшүнбөй эле
Сыздатып гана ойдо жок койгон талабың бүтчүдөй беле?
Өзүм деги-деги не болдум, сенсиз күндөрүм эми гана
Кыйнайсың гана сен неге сүйгөн жанды табышмагыңа.
Кайырма:
Ак-куудай боюң буралып,
Ак халат кийсең буралып.
Ак денең сенин мөлтүрөйт,
Айпери сымал нурданып.
Кайырма:
Жана-жана-жанарым, ай,
Сагындым жүрөгүм, оо.
Ак балыктай чубалып,
Ак көйнөк кийсең буралып.
Ак бетиң сенин мөлтүрөйт,
Ак мөңгү сымал нурданып.
Кайырма:
Ак жолук турсаң салынып,
Ай нуру сага агылып.
Ак тамагың мөлтүрөйт,
Ак бермет алсаң тагынып.
Кайырма:
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Жалбырагы, жалгызданып дарак турат шамалда жалгыз
Мен да ага окшоп азыр турам алсыз
Күздүн ыры, керемети арнап турат кайрыгын эми
Күздүн ырына жаным сыгыла ойго батып сагынам сени
Кайырма:
Сүйүү чындыгын, сезимдин сырын,
Бир гана сага арнагам
Өтсө да кылым, жыл өтүп жылып
Жалгыз сендик болуп калгам.
Тамчылардай сезимдерим, жүрөгүмө себелеп жаандай
Ак сүйүүңдү сен да мага бер аянбай, күздүн ыры
Экөөбүздү махабаттын бийине сала
Күздүн ырына жетеленип көздөрүбүз жылдыздай жанат.
Сөзү : Ильгиз Абдалиевдики
Обону : Нурлан Насиптики
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Эрнест Жоошевдики
Карегиңден окуп турам, мени гана сүйөсүң,
Карап койсом толкуп улам сыр билгизбей жүрөсүң.
Көздөрүңдү ала качып,
Көрбөй калсаң санаа басып,
Карлыгачым тарта бербе убайым.
Кайырма:
Апакемди сүйүндүрүп,
Ак шөкүлө, көйнөк кийип
Акыр бир күн сен болосуң жубайым.
Куп жарашкан, кол кармашкан биз болобуз эки жаш
Жашырбастын, жалын чачкан жүрөгүңө эшик ач
Сүйлөшпөйсүң кат жазасың,
Сүрдөнөсүң, башкачасың,
Анчалык көп назданба деп сурайын.
Кайырма:
Сандыгынан жоолук тандап,
Эл чакырып боорсок камдап,
Жеңелерим чуркап калсын ылайым.
Апакемди сүйүндүрүп,
Ак шөкүлө көйнөк кийип,
Мына бүгүн сен болосуң жубайым.
Сөзү : Кубик Калыковдуку
Обону : Кубик Калыковдуку
Сөзү : Гүлзат Кудайбердиеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Мезгил байкатпай жайып кулачын,
Ойноо кезден өткөн убагың.
Турмуш жолуна бирге аттанган,
Жакшы жардан болсун жубайың.
Кайырма:
Өмүрлөшүң өзүң тандаган,
Кошкону болсун Кудайдын.
Кайталангыс ушул өмүрдө,
Бактылуу болсун, ылайым.
Бири-бирини сүйүп табышкан,
Жуп болушту бийкеч, боз улан.
Бирге өстүрүп, бирге карытып,
Узак өмүр берсин Жараткан.
Сөзү : Самат Уланбековдуку
Обону : Самат Уланбековдуку
Сөзү : Сейит Жээнбаевдики
Обону : Жамиля Муратованыкы
Сөзү : Гүлмира Рыскулованыкы
Обону : Рамис Алиевдики
|