|
Көз кумарын кандырган,
Көркөмүнө жан курман.
Эң бир ыйык жерибиз,
Эргүү табат ар бир жан.
Өмүрүбүз кулпунат,
Өрдү карай умтулат.
Кемибесин бактыбыз,
Керек бизге ынтымак.
Кайырма:
Көңүлүбүз куш болсун,
Көлдөй ырыс туш болсун.
Алакандай кыргызга,
Ала-Тоодой кут консун.
Башты бийик көтөргүн
Байлыгы сен мекендин
Үлгү болсоң балаңа,
Үмүтүңө жетерсин.
Ден соолук бер дегиле,
Дем кошулат демиңе.
Тилегенди өзүмө,
Тилеп келем элиме.
Кайырма:
Сөзү : Гүлзат Кудайбердиеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Тулпар минген оо, жаштыктын,
Арбытат жолдорун жылдардын.
Түшүнүп кайрылбас күндөргө,
Муң кошуп бул ырды мен ырдаймын.
Тизгинин тартамын жаштыктын,
Ал жетпейт адбырып барамын.
Туулган күн кече эле өткөндөй,
Бүгүн кайра тосуп мен турамын.
Кайырма:
Куйгула досторум шараптан,
Ой басып, буулугуп мен баратам.
Билемин себепкер мезгил го,
Дайрадай шар аккан,
Дайрадай шар аккан,
Дайрадай күчү зор шар аккан.
Себеле, себеле, себеле ак жамгыр
Билинбей кошулду го дагы бир жыл
Энекем үчүн деп мен бүгүн
Ырдаймын жаңы ыр, ырдаймын жаңы ыр.
Ырдаймын мен бүгүн жаңы ыр.
Анда мен жаш кезде ой менен,
Өтүптүр көп күндөр той менен.
Туулган күн белгилеп мен бүгүн,
Армансыз жаштыкты кое бергем.
Кайырма:
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Көчөлөрү ар түр жашылдан,
Кере жутам таза абаңдан.
Көз салсам төмөн тарапка,
Көкмөк көлүң ойноп чалкыган.
Кереметүү тоосу Шамшыкал
Жер соорусу Арым, Итагар
Капчыгай, Чычкан, Бейиш-Төр
Узун-Акмат, Торкен дайралар.
Кайырма:
Биздин туулган жер ушул,
Биз да ушул жерге уул,
Акындын аты аталган жер, Токтогул.
Ырчы кызы, ырчы уул,
Биздин туулган жер ушул,
Акындын аты аталган жер, Токтогул.
Обон чыгат аска-зоосунан,
Ыр татымы келет тузунан.
Касиеттүү алтын бешигим,
Күү угулат аккан суусунан.
Кайырма:
Сөзү : Эркин Насировдуку
Обону : Эркин Насировдуку
Сөзү : Ж.Абдыраимовдуку
Обону : З.Көпболсуновдуку
Сен төрөлүп, неберем
Кемиди го керегем
Тосуп чыксаң жүгүрүп,
Тоодой толкуп кенейем.
Кайырма:
Айга-күнгө теңеген,
Алмаштыргыс сен элең.
Жүгүрөм деп жыгылсаң,
Жан бөлүнүп денеден
Сен аман бол, неберем.
Нурлап жарык күн-түндү,
Көп күттүм мен бул күндү.
Эч нерсеге кыйбаймын
Сенин таза күлкүңдү.
Кайырма:
Ачып көзүн булактын,
Ата жолун уланткын.
Чоң энеңди сүйүнтүп,
Чоң атаңды кубанткын.
Кайырма:
Ала-Тоодой бийик бол,
Ак мөңгүдөй тунук бол.
Айкөл болуп Манастай,
Кан Бакайдай улук бол!
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Карааныңа зар, мен ар дайым,
Карегиң кайгы баспай, күлүп турсаң айдайым.
Эркелетип сен кучак жайып,
Каражаның канча жашка чыкса дагы-балакайың.
Кайырма:
Энекем ай, таза аккан суудай,
Таң аткан нурдай,
Эрте эле кеч киреби?
Берекем ай, замзамдан ууртам,
Сагынган уулуңдан кейибе эч бир эми.
Мээримиңе зар апакебай,
Жүрөгүм сага тартып, көзүм артып, жете албай.
Ымыркайың ыйлай-ыйлай,
Канча күн уктатпадым, уйкуларын мага арнай.
Кайырма:
Сөзү : Расул Маматкуловдуку
Обону : Расул Маматкуловдуку
Жарыгын чачкан ай болсо,
Айланам толо түн болду.
Нурларын чачкан күн болсо,
Өзүңө жаным кул болду.
Кайырма:
От болдум, күйүп болдум,
Шириним, жаным, ашык болдум.
Бир көргөндө тартып алган,
Чырайыма жакын жан болдуң.
Чалкыган сулуу көл болсом,
Ашыгы аккан сел болду.
Ашуусу бийик бел болсо,
Эңсөөдө учкан жел болду.
Кайырма:
Сөзү : Исирадин Аманбаевдики
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Мөлтүрөгөн тунук булак шылдырап,
Назик желге жазгы жамгыр тыбырап.
Махабаттын өлбөс күүсүн терметип,
Тээ алыстан торгой үнү угулат, угулат.
Кайырма:
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Келбейлиби бак аралап бир басып,
Көңүлдөгү айтылбаган сырларды,
Чечпейлиби бирге олтуруп, сырдашып.
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Жүрбөйлүбү айлуу түндө бир басып.
Жымыңдашкан жылдыздардын алдында,
Кол кармашып сүйүү ырын,
Кол кармашып жаштык ырын,
Шаттык ырын ырдашып.
Кеч да кирди, көктө жылдыз жымыңдап,
Ай баратат сүйүү ырына ыр улап.
Ээнсиреп бак-дарактар арасы,
Кыз-жигиттер келсе экен деп шыбырайт.
Кайырма:
|