|
Сөзү : Айсалкын Алыбаеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Жараткан эгем, суранам сенден,
Жашасын менин досторум эсен.
Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк,
Досторум мага, түбөлүк керек.
Кайырма:
Тагдырга кейип, кайгырба досум,
Кудайга шүгүр, келтиргин досум.
Ата-энеңдин, батасын алып,
Бактылуу болуп, жашагын досум
Кайырма:
Кудайым сени, колдосо экен,
Жолуңду дайым, оңдосо экен.
Кааларым сага, айтарым сага,
Жашооңдо кайгы, болбосо экен.
Кайырма:
Кыйналган кезде, жардамын бергин,
Достордун дайым, кадырын билгин.
Жакшылык кундо, жадырап жайнап,
Сыйлашып дайым жургуло деймин.
Сөзү : Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону : Мүзүр Мамбетовдуку
Сөзү : Жазгул Жамангулованыкы
Обону : Эркин Мукашевдики
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Эркин Мукашевдики
Обону : Эркин Мукашевдики
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Бирде жыртып, бирде өрттөйм, жазган катымды,
Атай албайм, жаза албай сенин атыңды.
Билсең мага жагарыңды,
Түшүнмөксүң абалымды,
Көтөрбөстөн баркыңды.
Кайырма:
Сумсайтпастан сунган колду,
Ак сүйүүмдү билсең болду.
Улагада отурамын,
Уйкусурап карап жолду.
Менден качпа, тетири баспа, салба артыңды,
Сүйүп алам, сыйлап алам сендей алтынды.
Толуктачы катарымды,
Кошчу турмуш сапарыңды,
Көкөлөтпөй баркыңды.
Кайырма:
Сумсайтпастан сунган колду,
Ак сүйүүмдү билсең болду.
Улагада отурамын,
Уйкусурап карап жолду.
Сумсайтпастан сунган колду,
Сүйөрүмдү билсең болду.
Улагадан тосуп алар ,
Күткөн бар деп
Билсең болду.
Билип койчу, угуп койчу, берем антымды,
Ырлар жазып чыгарамын сенин даңкыңды.
Бийик болсоң бийик сүйөм,
Жан дүйнөмдү ийип сүйөм,
Көтөрө бер баркыңды.
Сөзү : Э.Ибраевдики
Обону : Б.Ободоевдики
Жаңы турмуш улакмак,
Жакшы го дейм бул адат.
Келин келсе биздин эл,
Кут келгендей кубанат.
Кары –жашы чогула,
Калбай келет тоюна.
Боорсок чачып башына,
Тыйын чачат жолуна.
Түшүнүп ал сен эми,
Боорсок чачкан себебин.
Ыйык нандай табылгыс,
Ак жолтой бол дегеним.
Тыйын чачкан себебин,
Сырын чечип берейин.
Дүнүйөгө келиним,
Кароо болбо дегеним, эй.
Кыздар аста гүлкүлдөп
Бөбөктөрү бүлкүлдөп.
Келин жанында отурат,
Көшөгөдө үлпүлдөп.
Мүнөздөрү өзгөрүп,
Ой үстүнөн өчүрүп.
Келечегин ар кимдин,
Көз алдынан өткөрүп .
Бүгүн баары башкача,
Мөл булактай таптаза.
Ар киминин дилинен,
Оргуп чыккан ак бата.
Жакшылыгын ашырган,
Жамандыгын жашырган.
Бүлөө болгун ак жолтой,
Жолук түшпөй башыңдан.
Кайрымдуу бол карыңа,
Жагымдуу бол жарыңа.
Өз өзгө деп чектебей,
Бирдей кара баарына.
Алпештеген эл дагы,
Алдыңдагы жер дагы.
Жакшы болсоң сен эгер,
Жарың менен тең кары.
Наристелер төрөлсүн,
Ак бешике бөлөнсүн.
Ортоңордон жыл өтпөй,
Көшөгөңөр көгөрсүн.
Балкытып кош денемди,
Бата берет эл эми.
Келеркиде оомийин,
Бешик тойго келели.
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Сардар Түркменовдуку
Сөзү : Акжол Канатбек уулунуку
Обону : Курал Чокоевдики
Сөзү : М. Боромбаеваныкы
Обону : К.Таштаналиеваныкы
Баланы кимдер сүйбөгөн,
Бапестеп багып күйбөгөн.
Баласы үчүн жок чыгар,
Башына азап үйбөгөн.
Тумоолоп калса баласы,
Түгөнөт экен аргасы.
Берүүгө даяр жанын да,
Болсо эгер анын айласы.
Кызыгы болбос дүйнөнүн,
Кыйналып бала бакпаса.
Унутат кыйын күндөрүн,
Эмгегин уулу актаса.
Элжиреп ойлоп күнү-түн,
Эртеңден үзбөй үмүтүн.
Ээси болуп жашоонун,
Эне-ата жашайт бала үчүн.
Балдарым - менин кымбатым,
Балдарым - менин сырдашым.
Жаралбай калганда алар,
Жашамак беле кур башым?
Бала деп согот жүрөгүм,
Бала үчүн жашап жүрөмүн.
Бел байлап мындан ары да,
Бала үчүн өмүр сүрөмүн.
Бассам да, турсам тилегим,
Балдарга өмүр тилеймин.
Баарынан күчтүү сезим бул,
Бала сүйүү деп билемин.
|