|
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Кызытайым таттуу болуп балдан да
Эзилемин карап уктап жатканда
Жүрөгүмдү элжиретип кылыгың
Сен жашоомду айландырдың майрамга
Атасынын кызы,эркем
Бакыт болуп бизге келген
Жаратканым белек кылып берген
Атасынын кызы,эркем
Бакыт болуп бизге келген
Жаратканым белек кылып берген
Кызытайым көзүмдөгү карегим
Атасынын периштеси бар эми
Жасай берем келгенинче колумдан
Сен бактылуу болуу үчүн данегим
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Көрүп токтодум
Карегинде күйгөн отторуң
Эзип козгодун
Сүйдүм сени көзу мончогум
Мени байлады
Күлмүңдөгөн жүзүң жайдары
Сенсин ардагым
Жалгызынмын кыздай айдагы
Жаным менин көпкө күткөнүм
Жүрөгүмө бакыт жүктөдүң
Карап,карап эзилип алам
Сени сүйүп дале бүтпөдүм
Толо көкүрөк
Жанымдасын,көзүң мөлтүрөп
Сүйөм мен бүгүн
Кечегиден дагы көбүрөөк
Учам көкөлөп
Эркелетсен ичте көпөлөк
Жаным экөөлөп
Махабатты турсак тең бөлө
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Курсагың токпу балам
Маанайың жокпу балам
Деген апамдын созүнөн
Артыгы жоктур мага
Жылуу кийинчи балам
Ооруба кагылайын
Деген жылуу сөзү жок
Бул дүйнө боштур мага.
Балам деп санаа бойлоп
Түйшүгүм ала койгон
Бир нерсе көрүп калса
Балама деп ала койгон
Чоноюп эр жетсем да
Мен сизге эркелеген
Баягы кичинекей
Калганмын бала бойдон
Апакебай, артыгым жанымдан да
Апакебай, ажарлуу баарынан да
Апакебай, периштем
Апапакай жоолугун салынганда…
Колумдан гана келбейт, колумдан келсе эгер
Узун жолун өмүрдүн өткөрбөй тосор элем
Жалындаган жаштыгың, мезгилди артка кайрып
Апаке белек кылып, сизге арнап коёр элем
Колумдан гана келбейт, таппаймын амалымды
Ак бастырбайт болчумун, капкара саамайыңды
Бырыштардан бекитип, мен коргоп жүрөр элем
Бир өмүр сызыгы жок, жаркытып маңдайыңды
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Төнкөрүш жасап жүрөгүмө менин,
Заматта ойрон болду сезимдерим.
Тамчылап кайра-кайра
Тамчыдан курам дайра,
Токтобой жааган жамгыр болдум эми
Сен менин жүрөгүмө көчкөн менен
Аз гана убакытта өчкөн белең?
Жетем деп махабаттын
Жээгине канча актым
Жетпедим сүйүү терин төккөн менен
Мен сени башкалардан
Болбоюн талашкандай
Башкалар жанаша албайт
Мен сага жанашкандай
Мен сени башкалардан
Болбоюн талашкандай
Башкалар жараша албайт
Мен сага жарашкандай
Мен сага балким кагазмын жыртылган,
Мен аны сезем ичимден-сыртымдан
Көркү жок суктангандай
Чынармын буталгандай
Мен сага билем керексиз кыркылгам
Көлкүлдөп көөдөнүмө санаа толуп
Жүрөктө калдың кетпес жара болуп
Кызарып кызыл чоктой
Күйөм да кайра токтойм
Кыйнадың кайдан дагы пайда болуп
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Белексиң тагдырым берген
Мени да өзүңө теңдеп…
Таңдасың, жүрөктү жүрөк жандасын
Бактылуу күндөн башкасын
Жазбасын жаным…
Мен сен деп өмүр бою жашай берем….
Көз болсом, карегим сенсиң
Үй болсом, дарегим сенсиң…
Аярым, чалынсам колдон таярым
Көздөгөн аруу кыялым,
Тилегимдесиң…
Сөзү : Алмаш Чойбекова
Обону : Кадыралы Артыков
Сөзү : Биримкул Алыбаев
Обону : Сардарбек Жумалиев
Сен менин жазылбаган ырларымсың,
Сен менин айтылбаган сырларымсың.
Туйлатып жүрөгүмдү алоолонткон,
Сен менин жаштык жалын, жыргалымсың!
Сен менин көк деңизим чалкып жаткан,
Үстүндө аккуу ойноп, чардак учкан.
Эң назик эрке сезим кылдарындай
Сен менин жыргалымсың нурун чачкан!
Сен менин ак кептерим канат каккан,
Сен менин мөл булагым калкып аккан.
Раазымын миң мертебе тагдырыма,
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан!
Бала кезим өтсө дагы эртелеп эртелеп ай,
Мээримиңе чөккүм келет эркелеп эркелеп ай.
Сабыр сөзүң жүрөгүмө күч берген дем экен ай.
Алпештеген, жарык берген энекем энекем ай.
Сен жанымда болсоң дүйнө кең энен, кең экен ай,
Сен болбосоң бүткүл дүйнө кем экен, кем экен ай.
Мен адашсам жарыгымсың жолума нур сепкен ай.
Алпештеген, жарык берген энекем энекем ай.
Таттуу уйкудан нечен калып терметкен терметкен ай,
Талбас жанын тынбадыго эмгектен эмгектен ай.
Эркелеген балалыгым керемет кез экен ай,
Алпештеген, жарык берген энекем энекем ай.
Сөзү : Атай Огонбаев
Обону : Атай Огонбаев
Сөзү : Н.Мамакеев.
Обону : Н.Мамакеев.
Көзгө жаш айланган,
Көңүлүм байланган.
Келдиңби сен мага?
Жүрөктү сыздатып кайрадан.
Кетпечи суранамын,
Сенсиз мен кыйналамын,
Жүрөктү жаралады,
Көз карашың.
Сага мен арбалам,
Сенсиз кайда барам?
Өкүнөм азыр да
Таарынткан сөзүмдү кайра алам.
Сөзү : К.Өскөнбаев
Обону : С.Нурланбек уулу
Эки жүрөк эки жактан
Бир айласын таба албай
Жабыркаган жан дүйнөбүз
Сапырылган самандай
Коломтодо кол кармашып
Өтпөгөн соң өмүрдөн
Жашырынып жашаганча
Койсок болмок жаралбай
1-куплет
Сен деп жашаганым
Сезбейт жан адамым
Сүйдүрүп сүйдүм дагы
Атыңды атабадым
Ачыктай албай жүрөм
Жүрөктүн каалаганын
Каалаганын.
Сенден суранарым
Көптү сурабагын
Азыр сурабагын
Күткөн күнүң келээр
Күндү санабагын
Мени кыйнабагын
Кайырма:
Жашырган махабатым
Жан дүйнүмө жай бербей койду
Жашырган махабатым
Кой десем сөзгө келбей койду
Махабатын
Жашырган махабатым
Сырыбыз ичтен сызган толду
Жашарган махабатым
Сыртынан карап сыздачу болдум
Жашырган махабатым
Махабатым
2-куплет
Кечигип келген сүйүүм
Биз боло албадык бүтүн
Мени дагы түшүн
Билем сага кыйын
Жашаган бөлөк үйүң
Мага дагы кыйын
Сөзү : Тимур Салиев
Обону : Мирлан Ниязов
Сен жубайымсын сен
Мен дайым сен менен
Биз бирге жанаша
Жашоо бизди сынасаада
Өзүң менен
Өмүр жолун бактым деп билем
Кайгырсам да жыргалымсын сен
Тагдырымдын буйругу экен
Өзүң менен!
Өзүң менен
Өмүр жолун бактым деп билем
Кайгырсам да жыргалымсын сен
Тагдырымдын буйругу экен
Өзүң менен!
Сен жараткан берген
Сен белегимсин сен
Сен жүрөк эркеси
Балдарымдын энекеси
Өзүң менен
Өмүр жолун бактым деп билем
Кайгырсам да жыргалымсын сен
Тагдырымдын буйругу экен
Өзүң менен!
Өзүң менен
Өмүр жолун бактым деп билем
Кайгырсам да жыргалымсын сен
Тагдырымдын буйругу экен
Өзүң менен!
Өзүң менен
Өмүр жолун бактым деп билем
Кайгырсам да жыргалымсын сен
Тагдырымдын буйругу экен
Өзүң менен!
Өзүң менен
Өмүр жолун бактым деп билем
Кайгырсам да жыргалымсын сен
Тагдырымдын буйругу экен
Өзүң менен!
Өзүң менен!
Сөзү : Кыялбек Урманбетов
Обону : Асылбек Өзүбеков
“Өмүр зымырайт”
Мен сага туш болуп
Көңүлүм куш болуп
Чарк айланам канат дирилдей
Күндөрүм түндөргө
Түндөрүм күндөргө
Алмашылды көзгө илинбей
Турмуштун сырын айт
Таш бака кыбырайт
А өмүр зымырайт зымырайт зымырайт
Шашылбайт таш бака
Эсалат чарчаса
А өмур зымырайт зымырайт зымырайт
Сагынтып кээде сен
Ардагым келбесен
Кантип өмур жайнайт гүл ачып
Санаймын күндөрдү
Санаймын түндөрдү
Өчөшкөнсүп өтпөйт убакыт
Кыялым алкынат
Теминем камчылап
А өмүр кыбырайт кыбырайт кыбырайт
Өңү да өзгөрүп
Таш бака көздөнүп
А өмүр кыбырайт кыбырайт кыбырайт
Үмүттөй түнөрүп
Кош десем түбөлүк
Билбей калдым неден жаңылгам
Жүрөктүн өртү жок
Дүйнөнүн көркү жок
Жандап өтөт мезгил жанымдан
Аппак таң аткансыйт
Күн деле баткансыйт
А өмүр токтогон токтогон токтогон
Билсе да таш бака
Кыбырайт таш бака
А өмүр ташыркап токтогон токтогон
Сөзү : С. Алтымышев
Обону : Тарас Асанакунов
Айдын, көлдүн ак куусундай түшкө киргенсиң,
Жан дүйнөмдүн жалгыз сырын өзүң билгенсиң.
Обон сымал жүрөккө жаңырып,
Тумар болуп таңда тагылып,
Бир өзүңдү самап, бир өзүңдү самап мен сүйгөнмүн.
Кайырма:
Таңдагы берметим,
Кол сунуп жетпедим,
Ак куу белең, Айперим?
Көлдүн жээгин бойлоп өзүм сага келемин,
Толкундардан издеп улам сүйүү дарегин.
Чолпон болуп жүрөккө жагылып,
Ак куу консо көлгө кайрылып,
Көз жашыма толот, көз жашыма толот карегим.
Тунук сүйүү, өмүрдө сен ак куу белемсиң?
Издеп жүргөн ай-ааламдан ыйык түнөгүм.
Арман күчөп өмүргө камыгып,
Сени күтүп таңда зарыгып
Бир өзүңдү эңсеп, бир өзүңдү эңсеп жүрөгүм.
Сөзү : Гүлзар Абдымиталипова
Обону : Бек Борбиев
Жамынып ай шооласын каректери?
Үлбүрөп жаз гүлүнүн элестери
Тартылып коюу түндүн кучагына
Татынам тамшандырып
Татынам тамшандырып кайда кеттиң
Эй түн чүрөгү түн чүрөгү
Мерезби ушунчалык кыздын жүрөгү
Эй түн чүрөгү түн чүрөгү
Айыпсыз сен деп сыздап
Күнөөсүз сен деп сыздап
Жигит жүрөгү
Түн келет айсыз бирок жылдыз жарык
Дайныңды түндөн издейм суроо салып
Оо менин көрдүңөбү чүрөгүмдү?
Бир келген жылдыздардай
Кайрылгыс бакытымдай кетти кайып
Түнкү шаар сулуу тартып сени менен
Ак жамгыр сырлуу тамып турган беле?
Өмүрдү караңгыга чулгап коюп
Кай жерди жарык кылып
Кай жерди жарык кылып
Жүрдү экен?
Сөзү : Кубанычбек Экашев
Обону : Өктөм Сапар уулу
Кыялбаймын сени кыя албайм.
Сага гана арбалам.
Жүрөгүмдө болгон арзууну.
Бир өзүңө байлагам.
Карагаттай кара көзүңдөн.
Айланам го айланам
Жаным сага арналам.
Иии,иии.
Кыялдагы бийик арзууларга.
Сени менен бирге барайын.
Махабатым менин өзүң гана.
Жүрөгүмө жакын адамым.
Мөлтүрөгөн тунук көздөрүңө.
Карай бергим келет каралдым.
Жан дүйнөмө жакын адамым
Иии,иии
Аярлаймын сени аярлайм.
Сендей жанды табалбайм.
Көөдөнүмө толгон сезимди.
Сага жаным баяндайм.
Бал татыган ширин сөзүңдөн.
Садагам ой садагам.
Жаным сени кыялбайм.
Сөзү : Акбар Кубанычбеков
Обону : Өктөм Сапар уулу
Тоо болгон кени бар,
Ток пейил эли бар.
Айгүл тоо тараптан,
Атырдай жели бар.
Өрүкзар - Мекеним,
Баркыңа жетемин.
Баткенге келгенде,
Бакытты сеземин.
Асыл жер бар болгун,
Агарган таң болгун.
Айылдан куралып,
Ак жолтой шаар болдуң.
Баатырлар чыгышкан,
Акыйкат курушкан.
Ата Журт үчүн деп,
Өз жанын сунушкан.
Баткеним - Баткеним,
Өзүң деп ар демим.
Кыргызстан башталган,
Кемибес бар чебиң.
Айгүл гүл ачылса,
Арнайсың жаз демин.
Бар болгун Баткеним.
Шаар, көчөң жаңырып,
Шаң күлкү жамынып.
Дүйнөнүн бурчунан,
Эл келет агылып.
Бабалар кураган,
Жаңы муун улаган.
Өркүндө Баткеним,
Суктансын бул аалам.
Сөзү : Т.Салиев
Обону : Н.Абдразаков
Сүйүм элең
Мени издеген
Жашоодогу бактымдай
Асманымда жарык элең
Таң да чолпон жылдыздай
А бирок азыр жоксуң неге жанымда
Жан эркем себебиңди менден жашырба
Жан дүйнөм калды арсылап
Кантейин жүрөк сени сагынат
Кайырма
Жүрөк жүрөк жүрөк эзилдим жүдөп
Келет сениң гүлүң гүлдөп
Жүрөк жүрөк жүрөк сабыр кыл жүрөк
Чыда жүрөк
Биздин күндөр кайда калды
Бир өмүргө тең эле
Эки дүйнө жан артагым
Тилегибиз бир эле
Кайырма
Сөзү : Арслан Садыбакасов
Обону : Арслан Садыбакасов
Мен бүгүн махабаттан
Жараландым айрылдым
Жүрөгүмдөн өчпөдүң
Сактап алгам жалгызым
Сага окшогон жандын
Эми кайдан табамын
Бир гана сен жүрөктө
Катылгансың жалгызым
Кайырма
Махабаттан арылдым го эми
Сүйөт элем жаным жалгыз сени
Эркелеген жаным эми жоксуң
Сени сүйгөнүм
Сурмалуу көздөрүңдөн
Эзилемин жалгызым
Эрчишип жетелешкен
Күндөрүбүз артта калды
Жүрөктү кыйнап кеттиң
Башка жанга сүйүүң арнап
Колуңда турган гүлдү
Эми сага арнай албайм
Сөзү : Бурулкан Карагулова
Обону : Расул Маматкулов
Кыраанда каткырып өрттөнгөн
Кызгалдак гүлүнүн эриткен
Бакытка толтуруп карегин
Алтыным адашып келип кет
Кызгалдак кызгалдак
Кызгалдак гүлүн терип кел
Сүйүүгө жеткирбөө жазабы
Сумсайтат сүйүүнүн азабы
Түн бою уктабай түгөнбөс
Жүрөктүн сырларын жазалы
Келип кет келип кет
Алтыным адашып келип кет
Көзүндөн шүүдүрүм мөлтүрөп
Алтыным атайлап келип кет
Булуттай жүзүңдөн сүйдүрүп
Сүйүүңдү тартымбай сунуп кет
|