Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Ылгоо: күнү | кароолор | пикирлер | рейтинг боюнча
«СУПЕР-ИНФО» – ЧЕМПИОН!
№3091 3418 0
Бул оюн чоң жеңиштердин даамын таткан жаш жана тажрыйбалуу спортчулар менен бөлмөдө өскөн гүлдөрдөй болгон журналисттердин (спортчуларга салыштырмалуу) тиреши болду. Андыктан, күйөрмандар алдын-ала спортчулар журналисттерди жумшартып айтканда, утат деп күтүшкөндүгү анык. Бирок, иш жүзүндө андай болбой, чогулган жүздөгөн күйөрмандар күндүн башкы сенсациясына күбө болушту. Негизинен, голдорго бай жана “Спорт жылдыздарынын” үстөмдүгү астында өткөн оюн 4:3 эсебинде “Супер-Инфонун” пайдасына чечилди. Бул беттеште ийгилик мыкты уюшуп аракеттенген команда тарапта болду десек жаңылышпайбыз.
толугу менен
КОШ БОЛ БЭЭЖИН!
№3040 3011 0
Ошентип, “жакшы окуя узак болбойт” дегендей, жылдын башкы спорттук окуясы аяктады. 16 күндүн ичинде бүткүл дүйнө мыкты спортчулардын бүйүр кызыткан мелдештерине күбө болду. Бээжин Олимпиадасы эл оозунда “кылымдын Олимпиадасы” деп да атала баштады.
толугу менен
Бали, Канатбек!
№3020 3199 0

Ошентип, 8-августта Бээжинде башталган жылдын башкы спорттук окуясы күндөн-күнгө кызыгандан кызып барат. Олимпиада расмий түрдө башталганда ага катышуучу өлкөлөрдүн саны 204кө жана спортчулардын саны 10 миң 500гө жеткендиги аныкталды. Ошол мыктылардын арасында өлкөбүздүн намысын коргоого аттанган биздин азаматтарыбыз да бар. Андыктан, мелдештердин алгачкы 5 күнүндөгү кыргыз спортчуларынын чыгуулары жөнүндө кеп кылмакчыбыз.


толугу менен
БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫ
№3010 3907 -1
Катышуучуларынын саны боюнча «Бээжин-2008» башка бир да мелдешти алдына салбайт. Ал эми көрүүчүлөрүнүн саны...
толугу менен
Кубанычбек Төрөбаев: «СПОРТ МЕКТЕБИН ДУБАЙДАН ТЫШКАРЫ КЫРГЫЗСТАНДА ДА АЧКЫМ КЕЛЕТ»
№2970 5880 2
Жакында Бириккен Араб Эмираттарында “UNIVERSAL MARTIAL ARTS” аттуу жит-кун-до мектеби ачылды. Анын негиздөөчүсү чет өлкөдөгү абройлуу кыргыз азаматтарынын бири болуп саналат. Он жылдан бери Дубайда жашап келаткан таэквондо боюнча кара курдун ээси жана сегиз тилде эркин сүйлөй билген Кубанычбек Төрөбаев менен телефон жана интернет аркылуу байланышкан элек. Анда эмесе, кеп башынан болсун...
толугу менен
ЕВРОПАНЫН XII ЧЕМПИОНАТЫ
№2920 3192 0
Талашсыз түрдө жылдын башкы футболдук окуясы болуп 7-июнда старт ала турган “ЕВРО-2008” турнири эсептелет.
толугу менен
РОЙ ЖОНС (кичүүсү)
№2720 3666 0
Толук аты-жөнү – Рой Левеста Жонс. Өзүнө гана тиешелүү кайталангыс соккулары менен белгилүү Рой Жонс 1969-жылы 16-январда АКШнын Флорида штатынын Пенсакола шаарында туулган. Профессионалдар арасында WBA, IBF, WBO и WBC версиялары боюнча дүйнөнүн бир нече жолку жана абсолюттук чемпиону.
Бардыгы болуп профессионалдык рингге 55 жолу чыгып, 51инде жеңишке жетишип (анын 38и нокаут менен), 4 ирет жеңилүү ызасын тарткан.
Бою – 180 см. Салмагы – 80 кг. Чабуул коюу аралыгы – 188 см. Үйбүлөлүү, 2 уулдун атасы.

толугу менен
Александр Воинов: «ЖАКЫНДА ЫРЧЫ КЫЗДЫ КЕЛИН КЫЛЫП АЛАБЫЗ»
№2480 12870 0

Анын ысымы мекенибиздин эң популярдуу, абройлуу адамдарынын сап башында, сыйлуу катарда. Денсоолугу чың, эл-журтка, дүйнө жүзүнө белгилүү спортчу болгусу келген жигиттердин кумири, айымдардын арзуусу, спорт чөйрөсүндөгүлөрдүн туу туткан бийиктиги, уулдардын атасы, республикабыздын сыймыгы... Учурда президенттин кеңешчиси, Улуттук олимпиадалык комитеттин вице-президенти, “Гермесс профи” спорт клубунун негиздөөчүсү жана башчысы, машыктыруучусу...

толугу менен
ЧОҢ БОКСТУН ТИРҮҮ ЛЕГЕНДАСЫ МАЙК ТАЙСОН
№2470 7446 0

Өзүнүн темирдей соккулары менен бир канча жыл рингде укмуш ажиотаж жаратып, чыныгы шоуну көрсөтүп келген Майк Тайсон 2005-жылы чоң спорт менен биротоло кош айтышканын билдирген эле. Майк өз өмүрүнүн 20 жылдан ашыгын бокско арнап, профессионалдык рингде эле айыгышкан 50 таймашты башынан өткөргөн. Анын 44үндө нокаут менен жеңишке жетишсе, 6сында утулууга дуушар болгон. Эмесе, Майктын спорттук карьерасы менен жакындан...

толугу менен
ЭДИЛ МОЛДАЛИЕВ: «МҮНӨЗҮМДӨН УЛАМ ДОСТОРУМ МЕНИ «БЕКБАРС» ДЕП АТАШАТ
№2460 6168 0
Кыргыз спортунун өнүгүп-өсүшүнө опол тоодой салым кошуп, Кыргызстандагы «гладиаторлордун» күч сынашып, эрдигин элине көрсөтүүгө көмөгүн берген өлкөбүздөгү Панкратион федерациясынын президенти Эдил Молдалиев 1962-жылдын 2-майында Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында төрөлгөн. Бокс боюнча Кыргызстандын жана СССРдин бир нече жолку чемпиону, панкратион боюнча эл аралык көптөгөн...
толугу менен
РОНАЛДО КАРЬЕРАСЫН ТҮРКИЯДА УЛАНТЫШЫ МҮМКҮН
№2450 3542 0
Жакында Түркиянын “Фенербахче” футболдук командасынын президенти Азиз Йылдырымдын айтымында, клуб бразилиялык футболчу Роналдо менен келишим түзүп, өз тобуна тартуу үчүн аракет көрүп жатат. Футбол дүйнөсүндө супер жылдызга айланган Роналдо үчүн Түркия бир сезондо 4 миллион еврого чейин төлөп берүүгө даяр экендигин билдирген. Ал эми Роналдо болсо учурда тиякка же биякка бараарын...
толугу менен
ЭРЕНДЕРДИН ЭРЕЖЕСИЗ ЭР ТАЙМАШЫ
№2431 8445 1
Бишкектеги Цирк имаратында 23-24-июнь күндөрү белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган панкратион боюнча Евразиянын 7-чемпионаты болуп өттү. Билет баалары 600дөн 1000 сомго чейин көтөрүлдү.
Аталган мелдешке жалпысынан 42 спортчу катышты. Тагыраак айтканда, Кыргызстандан 27, Орусиядан 1, ал эми Казакстандан 14 балбан келип, 75 килограмм салмакка чейинки жана андан жогорку салмак боюнча...

толугу менен
ЭРЕНДЕРДИН ЭР ТАЙМАШЫ ӨТӨТ
№2420 3456 0
Кыргызстандын борбор калаасы Бишкекте 23-24-июнь күндөрү панкратион боюнча Евразиянын 7-чемпионаты өткөнү турат.
Эрендердин эр таймашы белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналып жатканын Кыргызстандагы Панкратион федерациясынын президенти Эдил Молдалиев билдирди. Эрежесиз мушташ боюнча чемпионат Мамлекеттик цирктин аренасында өтүп, ага катышуу үчүн Орусия жана Казакстандан алы-күчү тоону томкоруп турган...

толугу менен
БАРДЫГЫ ФУТБОЛ ТУУРАЛУУ
№2390 4348 0
Акча эч качан көп болбойт. Өзгөчө 35-37 жашында карьерасын аяктап жаткан көпчүлүк футболчулар үчүн. Ошондуктан, алар карьерасын аяктагыча жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө гана аргасыз болушпастан, жетекчиликтен чоң айлыкты да өндүрүп алууга умтулушат. Мыкты жана жолдуу оюнчулар миллиондогон долларга келишим түзүүгө жетишишет. Төмөндө дүйнөлүк жана Россиялык эң мыкты футболчулардын бир жылдык...
толугу менен
КОСТЯ ЦЗЮ ТАШТАНДЫ КОРОЛУНА АЙЛАНАТ
№2380 2921 0

Костя бир нече жылдан бери асфальт заводунун менчик ээси болуп келе жаткан эле. Эми Россиянын Ульяновск шаарынын чет жагындагы таштанды жайды ижарага алып, чоң масштабдуу иштерди баштады. Костянын бул багытта түзгөн “Экологиялык технологиялар борбору” аттуу фирмасы азыр полигонду толук курчап бүтүп, таштандыны сорттоп чыгаруучу комплекстин курулушуна киришти. Костя буга 1 миллион доллар бөлдү.

толугу менен
КЫРГЫЗСТАН АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА 4 АЛТЫН МЕДАЛДЫН ЭЭСИ БОЛДУ
№2370 3889 0
Өткөн жумада Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азиянын 20-чемпионаты аяктады. Бул мелдешке Кыргызстандан тышкары Япония, Кытай, Индия, Корея, Иран, Казакстан сыяктуу 21 өлкөнүн эң мыкты делген 200гө чукул улан-кыздары келип күч сынашты.
Чемпионат өтө кызуу өтүп, балбандардын өнөрүн кө­рүүнү самап келген спорт ышкыбоздорунун купулуна толду десек жаңылышпайбыз...

толугу менен
ӨТКҮР КУДАЯРОВ:«ЮГОСЛАВИЯДА БЕТТЕШКЕ 2 СААТ КАЛГАНДА 3 КИЛОГРАММ АРЫКТАГАМ»
№2350 5409 0
Чоң спортко аралашканына 10 жылдан ашкан "Аташ" кличкалуу кикбоксчу Өткүр Кудаяров 1977-жылы 10-ноябрда Тажикстандын Ленинабад шаарында туулган. Өткүр 10 жыл аралыгында кикбокс боюнча Евразия (2000-жыл, Украина), Дүйнө (2001-жыл, Югославия), Азия чемпиону (2003-жыл, Ташкент), Дүйнөлүк кубоктун ээси (2002-жыл) болууга жетишип, бир нече ирет дүйнөлүк деңгээлдеги таймаштарда күмүш, коло медалдарга ээ болууга татыган. Кикбокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери...
толугу менен
ЕЛЕНА ИСИНБАЕВА
№2330 3776 0
Елена Исинбаева 1982-жылы 3-июнда Россиянын Волгоград шаарында туулган. Таяк менен бийиктикке секирүү боюнча Олимпиаданын жана Европанын, дүйнөнүн көп жолку чемпиону. Елена 2004-2005-жылдары «Жылдын жеңил атлетчиси» наамына ээ болгон эле. Эми минтип үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде 2006-жылдагы ийгиликтери үчүн “Жылдын дүйнөлүк спортчу айымы» наа­мына ээ болуп, «Оскар» сыйлыгына тете болгон «Laureus» сыйлыгына...
толугу менен
МАРАДОНА ООРУКАНАДАН ЧЫГАТ
№2320 3209 0

Белгилүү футболчу Диего Марадона жакынкы убактарда ооруканадан чыгат. Ал 29-мартта денсоолугунун айынан өзүнүн мекени болгон Аргентинанын борбору Буэнос-Айрестеги Гуэмес клиникасына жаткырылган болчу
.


Диегонун ооруканага жатканы жеке жашоосуна байланыштуу. Анткени, ал акыркы кездерде мурунку жубайы Клаудиа...


толугу менен
Ален Офойо: «СУПАЧАЙ МЕНЕН БЕТТЕШҮҮМДҮ ЖЕҢИЛГЕНДИК ЭМЕС, ЖЕТИШКЕНДИК ДЕП ЭСЕПТЕЙМ»
№2310 6408 0

«Кара кыргыз» кличкалуу Ален Офойо 1982-жылы 1-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. Бою – 1 метр 82 сантиметр, салмагы – 72 килограмм. Кикбокс боюнча Азия чемпиону (2003-жыл). Кыргызстандын 3 жолку чемпиону жана Кыргыз Республикасынын Президенттик кубогунун ээси (2007-жыл). Кикбокс боюнча эл аралык класстагы жана бокс боюнча спорт...

толугу менен
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо