Ылгоо: күнү | кароолор | пикирлер | рейтинг боюнча
КУМАР – ЧЕМПИОН!
№3510 3575 0
18-июлда Бишкекте кикбокс боюнча КРнын Президентинин кубогу үчүн Эл аралык 4-мелдеш жыйынтыкталды. Бул жолу да чет элдик мушкерлердин кубокко ээ болуу тилеги таш каап, абройлуу сыйлык кайрадан өз мекенинде калды. Быйылкы мелдештин башкы каарманы 23 жаштагы Кумар Жалиев болду.
толугу менен
Ален Офойо: «ЖЕҢИШ КУБАНЫЧЫНАН КУРУ КАЛДЫМ»
№3501 4014 0
Бул жолу конокко бүгүн, 17-июлда боло турган КРнын Президентинин кубогуна байланыштуу түбү конголук болсо да, өмүр бою кыргыздын туусун желбиретип келаткан кикбоксчу Ален Офойону чакырдык. Ален бизге өзүнүн кандай үйбүлөдө төрөлгөнү, карьерасындагы урунттуу учурлары, жеке жашоосу тууралуу ачык маек куруп берди. Өкүнүчтүүсү, “кырсык каш кабактын ортосунда” дегендей, Кара кыргыз аталган спортчубуздун бул мелдешке катыша албай калгандыгы болду.
толугу менен
Алмазбек Раимкулов жана жубайы Динара: «УЧУРДА НАРИСТЕ КҮТҮП ЖАТАБЫЗ»
№3432 11048 0
Кыргызды дүйнөгө тааныткан айрым спортчуларды кыргыз спортунун алтыны десек, бул жигит кыргыз спортунун алмазы! Аты да Алмаз, заты да алмаз...
“Жан шерик” рубрикасынын бүгүнкү коноктору айтылуу мушкер Алмазбек Раимкулов жана анын жубайы Динара. Алыскы АКШдан биротоло орун-очок алып жашап калган бул жан шериктерге интернет аркылуу байланышка чыктык.

толугу менен
Малик Борбашев: «БАЛДАРЫМ ЖОЛУМДУ ЖОЛДОЙТ ДЕП ИШЕНЕМ»
№3420 13522 0
Малик Борбашев... Бул ысым кезинде кыргыз спортунун сыймыгы эле. Кол кабын мыкка илип койгонуна 8 жылдан ашса да, анын укмуштуу жеңиштери күйөрмандарынын эсинде бүгүн да сакталуу. Андыктан конокко кикбокс боюнча багынтпаган чокулары калбаган, “Гермес-профинин” эң “жёсткий” экс-өкүлү, айтылуу Малик Борбашевди чакырдык. Маликтин спорттогу алгачкы кадамдары, карьерасындагы урунттуу учурлары, азыр эмне менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат төмөндө.
толугу менен
АТА МЕКЕНДИК СПОРТЧУЛАРДЫН ГОНОРАРЛАРЫ КАНЧА?
№3401 3667 0
Спортчулар көптөгөн кесип ээлеринин арасынан өз нанын ак эмгеги менен тапкандардын катарына киришет. Дүйнөлүк миллионер спорт жылдыздарынын рейтингдери жарыяланып, алардын кимиси канча акча табарын угуп, окуп келебиз. Кыргызстандык спортчулардын да спорттон канча акча иштеп таба тургандыктары көпчүлүккө кызыгуу жаратары анык.
толугу менен
ЧЕМПИОНДУК ҮЧҮН 9 КЛУБ АТ САЛЫШАТ
№3371 3110 0
18-апрелде “Дордой-Динамо” – “Плаза” оюну менен футбол боюнча өлкөбүздүн кезектеги 18-биринчилиги старт алат.
толугу менен
СПОРТ
№3350 4569 0
Кезектеги дагы бир спорт жумалыгы артта калып, кыргыз спортуна таандык көңүл бурарлык бир топ маанилүү окуялар болуп өттү. Бул арада ата мекендик спортчуларыбыз өз жетишкендиктерин дагы бир нече жеңиштер менен толуктап коюшту. Анда эмесе бул тууралуу төмөндө кененирээк сөз кылсак.
толугу менен
СОҢКУ МҮМКҮНЧҮЛҮК
№3342 3727 0
23-мартта футбол боюнча өлкөбүздүн улуттук курама командасы Чакырык кубогунун тандап алуу оюндарына катышуу үчүн Непалга сапар тартты. 2011-жылкы Азия чемпиондугуна катышуу укугун берүүчү жолдомо үчүн футболчуларыбыз Непал, Палестина жана Ооганстандын командаларына каршы ойношмокчу.
толугу менен
КЫРГЫЗ ХОККЕЙИ: ЖОМОКПУ ЖЕ ЧЫНДЫКПЫ?
№3332 4640 0
Хоккей оюну көп мезгилдер бою кыргыздар үчүн экзотика болуп келгендиги маалым. Бирок соңку мезгилде өлкөбүздө хоккейдик беттештердин өтүп келаткандыгы жаңылык эмес болуп калды. Андыктан бүгүн жаңыдан бутуна туруп келаткан кыргыз хоккейи тууралуу кеп кылмакчыбыз.
толугу менен
АЗАМАТ БАЙМАТОВ: «Жаңы сыноолорго даярмын!»
№3321 5316 0
Түркиядан учуп келген футболчубуз Азамат Байматов латвиялык “Вентспилс” командасына кошулгандыгы тууралуу кабарын билдирди. Эми минтип кыргыз футболуна таандык маанилүү футболдук трансфер ишке ашып, Азамат УЕФАнын ЧЛсында ойноо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Кыргызстанда жеңүү керек болгон бардык сыйлыктарга ээ болуп, эми чет элдик футбол талааларын багынтууга бел байлаган коргоочубуз менен Латвияга учар алдында маек курууга жетиштик.
толугу менен
КӨКБӨРҮ – КЫРГЫЗ СПОРТУНУН ЖҮЗҮ
№3300 8554 0
Көкбөрү – эрлер оюну, байыркы оюн,
Көкбөрүсүз бербеген кыргыз тоюн.
Илгери балбан билек эрлер чыккан,
Эрмек үчүн улак эмес, бөрү тарткан.
Бөрүлөр кой короого тийишчү экен,
Чыныгы азаматтар ошондо сүйүнчү экен,
Күлүк-күлүк аттарды минишчү экен.
Желкесинен кычырата кармап туруп,
Бөрүнү улак сымал минишчү экен.
Кумарлары канганча оюн кылып,
Бөрүнү белекке беришчү экен.
Ал оюн унутулбай сакталыптыр,
Ал оюн көкбөрү деп аталыптыр...

толугу менен
КЫШКЫ ТРАНСФЕР КИМ, КАЙДА, КАНЧАГА?..
№3280 4557 0
2-февралда Европада бир айга созулган кышкы трансферлер мезгили аяктады. Капчыгы калың бир нече командалар жаңы оюнчуларды сатып алуу менен курамдарын чыңдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
толугу менен
“РИНГДЕГИ АРАКЕТИМ АТААНДАШЫМДАН КӨЗ КАРАНДЫ”
№3270 4164 0
Биздин бүгүнкү коногубуз Кыргызстанда өз салмагында №1 болгон ишенген мушкерлерибиздин бири Чингис Борбашев. Ага жогоруда аталган мелдеште тең чыга ала турган атаандаш болгон жок.
толугу менен
РУСЛАН CЫДЫКОВ: “Футболчу болбосом, боксчу болмокмун”
№3260 3210 0
Бүгүн биздин коногубуз Кыргызстандын №1 футболчусу, “Дордой-Динамо” менен улуттук курама командабыздын алмашкыс капитаны, айтылуу Руслан Сыдыков. Футболду өнөр кылган спортчубуз өз жолунда бардык тепкичтерди басып өтүп, талыкпаган эмгеги аркылуу башкы футболдук чокуларды багынтууга жетишти. Футболдогу алгачкы кадамдарынан тарта жеке жашоосуна чейин айтып берген каарманыбыз жашы 30дан ашса да, карьерасын бүтүрүү тууралуу ойлоно элек...
толугу менен
РААТБЕК ЖҮРӨКТӨРДӨ ЖАШАП КАЛА БЕРЕТ!
№3231 8865 0
36 жаш – адам өмүрүнүн гүлдөгөн, ойносо оюнга, иштесе ишке тойбой “алга жана алга!” деп турган кези. Кыргыздын ак калпагын дүйнө элине таанытып, желегин желбиретип, дагы көп иштерди алдыга максат кылып койгон белгилүү спортчу Раатбек Санатбаев 36 жаш курагында көз жуумп кете берди. Ажал азаматыбызды арабыздан жулуп кеткенден бери үч кыштын кары эрип жатат. Ошентсе да, мылтыкка ок салып кыргыздын сыймыгын көздөй мээлеген адам эмдигиче кармалып, жазасын албай келет. Улуу балбаныбыздын өзү арабызда жок болсо да, муңайым жылмайган элеси ар бир кыргыз жүрөгүндө түбөлүк жашай берери анык.
толугу менен
КЫРГЫЗ СПОРТУ 2008–ЖЫЛДА...
№3220 4306 0
Быйылкы жыл көз карандысыз Кыргызстандын спорттук тарыхында эң жемиштүү жылдардан болду. Буга төмөнкү маалыматтар күбө боло алат.
толугу менен
КАНЫБЕК ОСМОНАЛИЕВГЕ ТААЗИМ
№3200 3448 0
13-декабрда Бишкекте оор атлетика боюнча Каныбек Осмоналиевдин байгеси үчүн кезектеги эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.
толугу менен
РААТБЕКТИН ИШИ УЛАНУУДА
№3180 2618 0
29-ноябрда Бишкекте КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча II эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.
толугу менен
“МЕЛДЕШКЕ 3 СААТ КАЛГАНДА 4 КИЛОГРАММГА АРЫКТАГАМ”
№3170 3001 0
Биздин бүгүнкү конок - чоң жеңиштерди самаган, келечектен көптү үмүттөндүргөн балбаныбыз ДАНИЯР САМСАЛИЕВ. Аны менен курган чакан маекке көңүлүңузду бурабыз.
толугу менен
«ДОРДОЙ» 5 ЖОЛКУ ЧЕМПИОН
№3130 2979 0
“ДОРДОЙ-ДИНАМОНУ” КИМ ТОКТОТОТ?
26-октябрда “Алтын беттеш” оюну менен өлкөбүздүн футбол боюнча XVII улуттук чемпионаты жыйынтыкталды. Жаңы чемпион соңку мүнөттөрдө гана белгилүү болгону болбосо, жалпысынан, натыйжалар боюнча быйылкы мелдеш өткөн жылкыдан айырмаланган жок.

толугу менен
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо