Ылгоо: күнү | кароолор | пикирлер | рейтинг боюнча
БАКТЫМДЫН КАЙТЫП КЕЛЭЭРИНЕ ИШЕНЕМ
№2122 41201 1
... Жалгыздыкка аргасыз баш ийип, күн кечирип жашап келгениме көп убакыт болду. Антсе да аны менен өткөргөн бактылуу күндөрүм күнү бүгүнкүдөй көз алдыма элестейт. Ошого каниет алып, ошону менен сооронуп калам...- деди оор улутунган бийкеч. КУНАРСЫЗ КҮНДӨР
Ошол жыл, ошол күн азыр да...

толугу менен
КАЙРАДАН ЖАШООГО КАЙТЫП КЕЛҮҮ
№2112 14920 0
Кол кармаша бири-бирине бактылуу жылмайган эркек менен аял мындан бир топ убакыт мурун турмуштун эки жээгиндеги адамдар эле. Тагдырдын оош-кыйыш жолдорунда экөө кечигип кездешти. Анда кеп башынан болсун...БАКТЫСЫЗ КҮНДӨР
Башы зыңылдап ооруп турган Мелис ордунан туруп жан жагын карады. Парктын бир бурчунда көк чөпкө жатып калган экен. Колдорун араң...

толугу менен
СҮЙҮҮНҮН КУРМАНДЫКТАРЫ
№2094 31070 -1

Жаштыкты адамдын өмүрүнө бир келүүчү ажайып жаз катары эсептешет. Бирок, мен ошол жаштыгымды арман толгон күндөр менен өткөрөм деп ойлобогом. Акыркы кездерде мен өзүм менен өзүм күрөшкөндөн да чарчадым... Бардыгынан көңүлүм калды. Болгон өтүнүчүм мени туугандарым да, менин жүрөгүмдү ээлеген адам да туура түшүнсө дейм... Оор дем алган жаш жигит сөзүн ушинтип баштады.

толугу менен
ТОЙ БОЛООР КҮНҮ ЖАНАРАМДАН АЙРЫЛЫП КАЛДЫМ
№2084 18938 4
«Сүйүү дарты өл­түр­бөгөнү менен айыкпайт» деп айткан сөз­дүн калети жок белем. Алдымда отурган жигиттин купкуу жүзү­нөн, ку­нары өч­үп кайдыгер караган көз­дөрүнөн азыр ал үчүн жашоонун кызыкчылыгы жок экени байкалат. Тагдырдын ача жолунда сүйгөнүнөн айрылган бул жигиттин мындан бир ай мурун үйлөнүү тою болмок эле. Бирок...
толугу менен
ЖОГОТУУНУН ЭСЕСИ
№2064 27248 0
Анын карааны алыстап бара жат­ты. Шалдайып артынан карап турган Данияр эрдин тиштеп даракка сүйөнө калды. Көзүндө өкүнүч да, жоготуу да, тымызын ка­­­тылган сагыныч да бар эле. Бирок, бул­ жа­шоо­до экөөнүн жолу эки башка болчу. Аны мындан мурун тээ алгачкы жолукканда эле билген. Ошентсе да көкүрөгүндөгү тымызын үмүт менен жашап келбеди беле...
толугу менен
КОШ АЗАП
№2055 41957 2
«Бул жашоого келген аялдын башкы парзы жар сүйүп, бала эркелетүү болсо керек. Мен болсо ошол эки бакытыман тең кол жууп, куру жалак калган бактысыз жанмын. Антсе да беш жылдан бери жан жолдошума айланып калган жалгыздыктан кутулуума бир гана жол чыгып, учурда ошол жаатында бушайман болуп жүргөн кезим...» деп башталган экен кат.
Анда эмесе, кат ээсинин көкүрө­гүндөгү буккан сырын биз сиздер менен тең бөлүшмөкчүбүз.

толугу менен
«ӨЗ БАЛАМДЫ БИР КӨРГӨНГӨ ЗАРМЫН»
№2042 12696 5

«Бала... Жашоого келген ар адамдын артында калтыраар изи бала да. А менин боор этим менен тең болгон баламды бир шаарда туруп жүзүн бир көрө албай жүргөнүм кандай азап...» Жолдо темтеңдей басып бара жаткан жигиттин оюна ушулар келди. Көчөдө ойноп отурган кичине балдарды көрүп, жанына баргысы, куса кылган бала жытын искегиси келет. Кайгысы тула боюн каптап, мас адамдай...

толугу менен
ЭКИ ДОС ЖАНА ТАГДЫР АЖЫРЫМЫ
№2031 24875 2
Аялдамага жакындай берген кийимдери кир, өңү жү­дөңкү адамды көпчүлүк жактырбай карап жатышты. Өзү деле элден жалтаңдап бүткөн бомж бүжүрөй келип, четки отургучта отурган келиндин жанына отура кетти. Өңүнө бир көз жүгүртүп алган Аида кумсарып кетти. «Оо, Кудай, чын эле Мелиспи? Ушундай абалга жеттиң беле, шордуум?» Алдындагы бомж өзүнүн мурдагы күйөөсү экенине ише­не албай телмире карап тура берди. Көз алдында өт­көн күндөр...
толугу менен
МАЙЫП БОЛСОҢ ДА СЕНИ ТАШТАБАЙМ
№2014 31609 1
... Жашоодо үмүт, ишеним, сүйүү алдыга жетелейт экен. Бир кездерде мен дагы сүйгөнүм менен түбөлүк бирге болуудан үмүтүмдү үзүп койгон учурум болгон. Бирок, менин сүйүүм алдыдагы кыйынчылыктын бардыгын жеңип, мени бактылуу күндөргө жетеледи. Балким, менин тагдырым кимдир бирөөгө сабак болоор деген ишенимде сиздерге кайрылдым.
Ошол күз менин жадымда түбөлүк сакталып калды. Анткени, ошол күздө апам экөөбүздүн тилегибиз ишке ашып, мен институтту...

толугу менен
ТАБЫШКАНДАР ЖЕ ЖАШООГО КАЙТЫП КЕЛҮҮ
№2001 25390 2
Базардын чекесиндеги дү­көндө таң заарда жумуш ушинтип башталды...
Жашы али отузга толуп толо элек, а бирок, канчадан бери жуумак түгүл тарак тийбей, жедеп түйдөк болуп калган чачын ак басып, арак менен ысык-суукка өңү каракөк тартып, эриндери кеберсиген жапжаш келин баш бакты.
Көздөрүн жалдыратып, жалооруй кирип келаткан келинди көрүп эле дүкөнчү: “Дагы келатасыңбы?! Көзүмө көрүнбөй жоголчу!..” дегендей эриндерин кымтылана кыжыры келип, акшыя карады. Аны түшүнө койгон келин ансайын жалдырай тиктеп,...

толугу менен
БАКЫТ АПКЕЛГЕН КОКУСТУК
№1992 18780 2
Таң менен кошо келген муң
Жадыраган жайдын таңы. Шаар сыртындагы бак-шакка чөмүлгөн дача. Ортодо жайгашкан үйлөрдүн биринен узун бойлуу, ак жуумал, сулуусымак жаш келин чыга келди. Бул таң тосууну жакшы көргөн Гаухар эле. Жапжашыл тегеректи суктана карап алып, алма бакты көздөй басты. Кызарып быша баштаган алмалардан үзүп жатып, жүзүн муң чулгай түштү.
“Таежем бүгүн да келбей калса кызым экөөбүз жалаң алма менен жан сактайбызбы? Мен го эптеп чыдайм дечи, кызым кантет?...

толугу менен
АЗ КҮНҮМ КАЛСА ДА МАХАБАТЫМ МЕНЕН ЖАШАЙМ...
№1985 26954 1
– Өмүрдө жакшы көргөн адамыңдан ажыраган оор нерсе экен. Ал эми жаныңдын жарымы болгон адамдан өз эркиң менен ажыраш андан да оор. Ошол окуядан бери жүрөгүмдү канжалаткан дартымдын дабасын таба албай кыйналып келем... - деп акырын сөз баштады кыз.

Ошол күнү мен окууга шашып бара жаткан элем. Көчөдө машиналардын көптүгүнөн баш адашат. Көпчүлүктүн агымынан машинам менен ...

толугу менен
ЖАҢЫЛУУНУН АЗАБЫ
№1972 36216 5
Кыйма-чийме жолдор... Бул тагдыр жолунда кимдер гана жаңылбаган, мүдү­рүлбөгөн. Ошол жашоосунан жаңылгандардын арасында ал дагы бар эле. Эч нерсе менен кайрып ала албаган оор жоготуу да дал ошол жаңылыштыктан келип чыккан болчу. Кайгысын өз боюнан алып сала албай, канчалаган жылдан бери жан-дүйнөсү жанчылып келаткан жигит бул жолу да жалгыз даракка сүйөнө өзү менен өзү сүйлөшүп жатты...
толугу менен
“КОЛ СУНГАН АДАМЫМ ӨЗ АТАМ БОЛУП ЧЫКТЫ...”
№1966 24091 -1
– Көкүрөктө толгон бугумду кимге барып айтаарымды билбей сиздерге кайрылдым. Жок дегенде бир адамга мени кыйнаган, күндүз оюмдан, түнү түшүмдөн кетпеген жан сырымды айтып алышым керек да... - деп маңдайымдагы кыз карегинде калкып турган көз жашын аарчый сөз баштады.

АТАМ БАШКА ЭКЕНИН КИЙИН БИЛДИМ
Мен бир үйдүн жалгыз кызымын. Ошондуктанбы, апам менин...

толугу менен
ЖАШТЫК ЖАҢЫЛЫШТЫГЫ
№1925 37946 7
– Мен анда бар болгону он беш гана жашта болчумун, - деп баштады кыз. Мөлтүр­өгөн өңүнө, кийинген кийимине карап, бул кыздын көкү­рө­гүндө көйгөй бар экенин байкабайсың. Ал бир азга токтой калды да, кайрадан сөзүн улантты. – Балким, ошол жаштыгымдан көп ката кетирип койдумбу деп да ойлойм. Айтор, көкүрөгүм­дө каткан бугумду кимдир бирөөгө айтпасам жарылып кетчүдөй­мүн...
толугу менен
ТУРМУШТАН ЖАҢЫЛЫШТЫГЫМ МЕНИ ЖИНДИКАНАГА ТУШ КЫЛДЫ
№1883 32668 4
Адам баласынын өмүр жолунда табышуу, адашуу, кайгы, кубаныч эриш-аркак жүрөт окшобойбу. Адашуунун дагы бир курмандыгы – маңдайымда турган ага эле. Убагында кызматта иштеп, көөп турган убагында бир кезде "жиндиканага" туш болоору түшүнө да кирбесе керек.

Боз дубалдын ары жагында эмне деген гана тагдырлар кездешпейт. Бул жерде "өзгөчө коркунучтуу" дегендерди өзүнчө кармап, алардын ...

толугу менен
«КЫЗ ЖЕ КЫЗ ЭМЕС ЭКЕНИМДИ БИЛБЕЙМ»
№1865 33363 2
– Саламатсыздарбы, "Супер-Инфо" гезити! Сиздерге жан-дүйнөмдү эзип келген, айтылбай турган сырымды айтып, жүрөк өйүткөн суроомо сиздерден жооп алууну туура көрдүм. Эмесе, бардыгы башынан болсун.
Мен ал кезде чоң энемдин колунда 2-класста окучу элем. Биз менен кошо байкем, атамдын үйлөнө элек иниси жашачу. Бир күнү көчөдө ойноп жүрсөм, ошол байкем чакырып калды...

толугу менен
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо