Ылгоо: күнү | кароолор | пикирлер | рейтинг боюнча
ТУРМУШ АЙЛАМПАСЫ
№2512 33923 0

Бурганактуу шамал алып учуруп, машина күтүп турган жигитти улуу сапарга чакырып жаткандай. Бакытына кетчү сапардан бир кезде ата-энесин кыя албаганынан, саркынды салттын айынан ажырап калган эле. Бирок, эртеби-кечпи, баары бир бул сапарга жол алмак. Жигит оор үшкүрүп алып кетип бара жатты. Көкүрөгүндө зор үмүт, көзүндө чолок жаш... Бирок, бул кубанычтын көз жашы болчу.

толугу менен
«ЖАҢЫЛЫШТЫГЫМДЫН АЙЫНАН СҮЙГӨНҮМДӨН АЙРЫЛДЫМ»
№2462 41755 0
«Жашоодо кайсы адам жаңылгысы келсин?! Бирок, тагдыр чалмасы тез эле буттан чалып, түз жолуңдан жаңылтып коёт экен. Мен дагы ошол турмушунан жаңылган адамдардын катарына кирем. Кээ бир адамдарга сабак болобу деп тагдырымды сиздерге айтып берүүнү чечтим»,- деп баштады сөзүн маңдайымда отурган татынакай келинчек.

толугу менен
ЖАШООГО КАЙРАДАН ЖАРАЛГАНДАР
№2451 9142 2
Жүздөрүнө көйгөй көлөкөсү түшкөн пенделер моюн созо алдыңкы катардагыларды карап, “качан кезек келет, кандай жооп угаар экенмин?” дегенсип санааркай, жабылуу турган эшиктен көз алышпайт. Анда-санда гана бири-бири менен акырын сүйлөшүп, кандай каран калгыр тагдыр бул жерге жетектеп келгендигин сурап коюшат. Ортодогу адамды тумчуктурган жымжырттыкты бузууга даабай, алардын катарына мен да кошулдум. Тагдырдын тайкүлүк ташы...
толугу менен
АКТАЛБАГАН ҮМҮТ же КАЙРЫМСЫЗ УУЛДУН ӨКҮНҮЧҮ
№2434 28245 1
Чакан айылда тигилген боз үйдү өкүрүк, шуу үшкүрүктөр коштоп жатты. Сүйүктүү апакесин акыркы сапарга узатып отурган адам көз жашын улам сүртүп, өзүнүн турмушу тууралуу ойлоду. “Жаңылган экенмин. Же татыктуу уул боло албай, же ардактуу ата боло албай ара жолдо калыптырмын. Баарына өзүм күнөөлүүмүн”. Апасынын мээримдүү жүзү көз алдына тартылып, тирүүсүндө жакшы мамиле кылбаганына, кайгыга салганына өкүнүп жатты. Аттиң, апасын кайра...
толугу менен
СҮЙГӨНҮМ КАЙНЕЖЕМ БОЛУП ЧЫКТЫ...
№2428 30726 0
“Ооба, айрымдар үчүн үйбүлөлүк бакыт жалындаган махабаттан да күчтүүлүк кылат экен. Мен аны өз башымдан өткөргөндө гана түшүндүм. Менин башымдан өткөн окуя, балким, көптөрдү таңкалтыраар, балким, түшүнбөстүктү жаратаар. Ошентсе да башымдан өткөн баянымды айтып берүүнү чечтим. Мүмкүн бул кимдир бирөөлөр үчүн сабак болоор”. Ушинтип сөзүн баштаган отуздар чамасындагы жигит бизге башынан өткөн сүйүү баянын айтып отурду.
толугу менен
КАРГАШАЛУУ ТОЙ
№2411 19213 -1

Караңгы түндү беттеп, апакай той көйнөкчөн кыз чуркап келе жатты. Бирде ыйлап, бирде ызалуу каткырып келе жаткан кыздын көрүнүшү таңкалыштуу эле. Бир кезде чалынып жыгылып кеткен ал биротоло боорун кара жерге төшөп жатып калды. “Кыз тагдыры кыйчалыш болчу эле. Абайлап жүр, кагылайын”,- деп узаткан апасынын сөздөрү кулагына жаңыра түштү. Солуктаган кыз апасы экөөнүн ак тилегин...

толугу менен
КЫЗГАНЫЧТЫН АЙЫНАН АЯЛЫМДАН АЙРЫЛГАМ
№2381 15585 0
Ар бир адам бактылуу болуу үчүн аракеттенип, жок дегенде ийненин көзүндөй бакыт тапканга тырышат. Бирок, өз бактысын өзү чанган мендей адамдар да болот экен. Өкүнүч өзөгүмдү өрттөп, көөдөнүм жанчылат. Өз бактысынын тамырына өзү балта чапкан мендей адамдын баяны, балким, көптөргө сабак болоор... - деп өз баянын баштады жашамал адам.

Кызык, мен аны биринчи көргөн­дө эле менин бактым экенин сезген...

толугу менен
ЖАШТЫКТАН ЖАҢЫЛЫП, БАЛАМДАН АЙРЫЛГАМ...
№2353 32702 2
“Мен өз бактымдан баш тарткан адаммын. Бир кезде намыс деп ата-энем үчүн ушул кадамга баргам. Өзөктү өрттөгөн бул арманым мени менен кошо жатса керек. Балким, жаш кыздарга менин тагдырым сабак болоор деп сиздерге жүрөк сырымды баяндап берүүнү чечтим”,- деп баштады сөзүн маңдайымда отурган айым. Анын көздөрүндө кусалык, арман турган эле.
толугу менен
ЖАРАЛУУ ЖҮРӨК
№2342 26101 2
Узун кара көйнөк кийген бийкеч томсоргон бейиттерди аралап келе жатты. Кайгынын кара чүмбөтүн тагынып алгансыган бул бийкечтин колундагы бажырайган гүлдөр гана тирүүлүктөн кабар берип тургансыды.
Бийкечтин бир жыл мурун эле жүзүнөн жаштык нуру төгүлүп, көзү кубанычтан жайнап турчу. Бирок, тагдыр ошол кубанычынан айырып, минтип томсортуп койду. Анан да баарынан оор нерсе, бул кайгынын күнөөкөрлөрү өзүнүн ата-энеси эле...

толугу менен
КОЛДОН УЧКАН БАКЫТ ЖЕ ТУРМУШ ЖАЗАСЫ
№2322 7557 0
Өмүрүндө Карыпбек көптү көргөн. Бирде ыргыткан ташы жогорулап, даңазасы таш жарса, бирде карыптын күнүн көрүп, ар кимден жардам сурап калган да учурлары болгон. Бирок, негедир дал бүгүнкүдөй өзөгү сыздап өкүнбөгөн эле. Качандыр бир кезде өзү кечип кеткен өз канынан чыккан уулу анын өмүрүн сактап калат деп да ойлогон эмес... Көрсө, Жараткан жашоо мыйзамынын баарын...
толугу менен
«ДИАНА ГУРЦКАЯ СЫЯКТУУ БЕЛГИЛҮҮ ЫРЧЫ БОЛСОМ ДЕЙМ...»
№2300 6664 0
Орус шоу-бизнеси мил­лиондогон күйөрмандардын жүрөгүн ээлеген ырчыларга эле эмес, ошол ырчыларды таап, сахнага таптап чыгарып берген продюсерлерге да бай. Эгер кыргызда Игорь Николаев өңдүү продюсер болсо, булбул үндүү Гүлүм Касымбаева да Диана Гурцкая сыңары сахналардын көркүн ачып , бүгүнкү күндөгү кыргыз шоу-бизнесинен өзүнүн татыктуу ордун таап, күйөрмандарына чексиз ырахат тартуулап тураар беле?! Анткени, кайсы бир кездерде Диана туш болгон кыйынчылыктарга жердешибиз Гүлүм да...
толугу менен
АКЧАГА БАЙЛАНГАН НАРИСТЕНИН ӨЛҮМҮ
№2262 32961 3
Түн ичинде көрүстөн четине келген жеңил машинадан эки адам чыкты. Түндө келип шашыла кыймылдашканына караганда мында бир сыр бардай. Кичинекей наристенин денесин тез эле көмө салып жолго түшүштү. Жамгыр жаап жаткан эле. Тээ көктөн чагылган чарт этип, караңгы асманга бир аз из салып өттү. Чагылгандын бир «жарк» этип өтүшү эмелеки чала көмүлгөн наристенин өмүрүндөй эле. Мындан бир ай мурун жаңы ата-энелүү болгон эле бала...
толугу менен
«ОО, УЛУУ ЖАРЫК, КАЙДАСЫҢ?..»
№2250 6552 0
Жашоо шары, көр тириликтин көйгөйү аргасыз баарыбызды базарга барууга мажбурлайт эмеспи. Мен да жумуштарым менен базарга көп барам. Анан дайыма элди өзүнө кылчайтып, тагдыры тайкы, таланттуу майыптардын ырдап жатканын көрөсүң. Кечээ да «Ош базарында» жүрсөм «а менин бала бойдон калгым келет...» деп кимдир бирөө Жамилдин ырын сыздата ырдап келатыптыр. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек, кара көз айнекчен жаш жигит экен. Талантына канчалык тамшансам да, “аттиң” деп...
толугу менен
«ҮЙЛӨНҮП ҮЙ САЛГЫМ КЕЛЕТ»
№2230 8235 2
«Бири кем дүйнө» демекчи, кээ бир адамга жараткан талант бергени менен тагдырын тайкы кылса, кээсине байлык бергени менен жан- дүйнөсүн сокур кылып коёт тура. Кеп жайкысын ЦУМдун, кышкысын филармониянын жанындагы жер алдындагы өткөөлдөрдө буту менен сүрөт тартып келаткан, тагдыры тайкы болсо да талантка бай, жандүйнөсү аруу Төлөн байке жөнүндө болмокчу. Аны аталган жерден учуратып, көбүнчө алыстан кайдыгер карап өтсөңүз керек. Бирок, ал кишинин да өз тагдыры, арманы, келечекке деген аруу тилеги бар экендигин, убагында үйбүлөсү болгонун, азыр уулу он алты жашта экендигин билбесеңиз керек.
толугу менен
МЕН БААРЫ БИР БАКТЫЛУУМУН...
№2191 8619 0
Бишкектин так борборунда жайгашкан жер астындагы өткөөлдүн чыга беришинде майыптардын коляскасында отуруп алып майда-бараттарды сатып, өз оокатын өткөргөн бир инсанды көп байкачумун. Керээлден кечке жайдын ысык аптабына, кыштын ызгаар суук күндөрүнө да карабай ушул жерден карыш жылбайт эле. Ары-бери өткөн сайын, анын жарым жан экендигине муңайбай, кабагын да түйбөй иштеп отурганын көрүп мүнөзүнө баа берчүмүн. Акырында анын жашоосуна болгон кызыгуум аны менен болгон...
толугу менен
ЖАШТЫК ЖАҢЫЛЫШТЫГЫ ЖЕ ТАЛАШКА ТҮШКӨН НАРИСТЕ
№2180 12165 0
Буулуга бышактап турган кичине кыздын арыраакта көз жашын кылгырткан өзүнүн сүйүктүү апасынан, атасынан көзү өтүп баратты. «Мени алып кеткилечи» деп жатты жаштуу көздөр. Ал эми атасынын көз алдына өткөн үндөрдүн элеси тартылып жатты. Мындан алты жыл мурун таптакыр дал келбеген эки адам – өзү менен келинчеги үйбүлө курган эле. Наристелүү да болушкан. Бирок...
толугу менен
ЖАҢЫ ЖЫЛ КАЙРЫП БЕРГЕН БАКЫТ
№2170 11474 1
Адамдар бактыга кабылган убагын сезе беришпейт дешет. Ушул Жаңы Жылда өз бактысын аз жерден жоготуп коё жаздаганын Касым да сезе бербеген. Жаркыраган Жаңы Жыл күнү кайрадан өз бактысын таап, куттуу конушуна конгондо гана жаңылыштыгын түшүндү...
КҮТҮҮ
Жаңы Жыл... Көчөдө, алтургай, ар бир үйдө майрам. Бирок, бул Жаңы Жыл Жанара үчүн майрам эмес, жалгыздыктын, кусалыктын күнү болчу...

толугу менен
ЖЕЗДЕМЕ ТУРМУШКА ЧЫГУУМДУН СЫРЫ
№2169 124525 4
Бул окуяны окуп мени тү­шүнбөй күнөө­лөгөндөр же болбосо «ай байкуш» деп боору ооругандар чыгышы мүм­күн. Бирок, мага элдин аянычынын да, түшүнүү­сүнүн да кереги жок. Болгону жан­дүй­нөмдө оозу туюк жарадай кыйнаган сырымды айтып, бугумдан арылуу үчүн сиздерге келдим,- деп баштаган келин азга тынып турду да ойлуу сөзүн улады.

Биздин үйбүлөдө эки гана кыз элек. Атабыз көп жыл мурун кайтыш болгон. Караан тутканыбыз жалгыз апабыз бар. Ушундан уламбы...

толугу менен
«ЖАЛГЫЗ КЫЗЫМ МЕНИ ТАШТАП КЕТТИ»
№2142 29861 0
Илгертен ар бир үйбүлөдө ата-эне менен балдардын ортосунда келишпестиктин боло жүрүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бала ата-энеге кубаныч гана тартуулабастан, кээде кайгы-касирет да алып келиши мүмкүн.
Ошондой күйүтү ичине батпай келген ата-энелердин арыз-арманын угуп, газета бетине жарыялап коюуну туура таптык...

толугу менен
МЕН КАНТИП КАЙРА КЫЗГА АЙЛАНДЫМ?...
№2138 77691 4
Кийинки кездерде кыздардын актуалдуу маселесине айланган кыз-дык тиктирүү (гименопластика) жөнүндө кенен изилдөө үчүн атайын адиске жол тарттым. Коридордо өз кезегин күтүп турган кыз-келин-дер көп. Бирок, мен адиске жолуга электе эле бардык суроомо жооп берген адам менен маек кураарымды билген жок элем...

КЕЛИН ЖАНА КЫЗ
Отургучка отураарым менен жанымда тур­ган келин менен...

толугу менен
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо