Ылгоо: күнү | кароолор | пикирлер | рейтинг боюнча
ААЛАМДАГЫ ӨЗГӨЧӨ ЖАҢЫЛЫКТАР
№2440 5434 0

КАНАТ ӨСҮП ЖАТКАН МЫШЫК
Кытайдын Сяньян шаарындагы бир үйбүлөнүн сүйүктүү мышыгына канат өсүүдө. Азыр канатынын узундугу 10 сантиметрге жакын. Мышыктын кожойкесинин айтканына кулак салсак, алгач канаттардын ордунда эки дөмпөк­чө пайда болуп, анан чоңоё баштаган. Эки айдан кийин дөмпөкчө­лөр канаттарга айланган. Кожойкенин пикиринде, канатчан мышыгы “мышык-периштеге” окшошот. Мындай шумдуктуу мышыкты текшерген эксперттер “канаттын чыгышы...

толугу менен
ТАБИЯТ КЕРЕМЕТТЕРИ
№2430 13271 0

Ааламда сырдуу жерлер болушунча эле көп. Мисалы, суу­сунун тунуктугуна, тазалыгына карабай байырлаган бир балыгы же өскөн бир балыры да жок көлдөр, жолоочулар жок болуп кетчү эч жакка алпарбоочу жолдор, көрүмчүлөрү бар токойлор... Илимдин өсүп-өнүгүп жатканына жана изилдөө­лөрдүн жүргүзүлгөнүнө карабай, сырдуу жерлер дале табышмактарын адамдардан катып келет. Мындай сырдуу...

толугу менен
ШАХ-ФАЗИЛ БАЯНЫ
№2421 13551 -1


Шах-Фазил күмбөзү Жалалабаттын Алабука районунун Сафедбулан айылында жайгашкан. Ислам дининин айрым өкүлдөрү экинчи Мекке аташкан Шах-Фазилдин тарыхы11-12-кылымдарга барып такалат. Эң кызыгы, Сафедбулан айылынын тарыхы да күмбөз менен байланыштуу.

толугу менен
ВУНДЕРКИНДДЕР
№2410 5662 0

Өзгөчө шыктуу балдар – коомдун чоң байлыгы. Тарыхта аты калган не бир таланттуулар кичинекей кездеринде эле өзгөчөлүгү менен айырмаланышкан. Вундеркинддердин арасынан кийин дүйнөгө белгилүү музыканттар, сүрөтчүлөр, математиктер жана башкалар чыгышкан жана чыгып жатат.

толугу менен
АМЕРИКА СПЕЦНАЗЫ
№2390 4526 0

Кайсы өлкөнү албайлы, анын ичинде Америка да өзгөчө маанилүү маселелерди чечүү үчүн атайын даярдыктагы бөлүктү, башкача айтканда спецназды колдонушат. Учурда АКШ өзүнүн кызыкчылыктары үчүн кызмат кылган дүйнөдөгү эң мыкты даярдалган коммандостор (десантчы-диверсанттар) отрядына ээ.

толугу менен
КӨГАЛА КӨЛДҮН СЫРЫ
№2381 5474 0
Мекенибиз ажайып кооз табияты менен эле эмес, ыйык жайлары менен да мактана алат. Мындай ыйык жайлардын бири, Жалалабат областынын Алабука районунун түштүгүнөн, Чаткал тоо кырка-ларынан орун алган Көгала көлү. Бул көл тууралуу легендалар айтылып, көлдүн касиети боюнча аңыз кептер да көп.

Көгала көлүнүн өзгөчө касиетке ээ экендиги...

толугу менен
БРАЗИЛИЯ КАРНАВАЛЫ
№2370 3846 0
Февралда Бразилияда 4 күн, 4 түнгө созулган карнавал өтөт. Карнавалдын келип чыгышына бир нече көз караш бар. Алардын ичинен чындыкка жакыныраагын карасак, анда «европалыктар карнавалды грек маданиятынан мураска алышкан» деп айтылат. Көрсө, гректер шарап Кудайы Бахуска арнап майрам уюштурушчу экен. Ал эми Бразилияга майрамдык көчө жүрүштү 16-кылымда португалиялыктар алып келген. Кийинчерээк өлкөгө келип жашап калган...
толугу менен
ЭРГЕЖЭЭЛДЕР – ЖЕРДИН КИЧИНЕКЕЙ ЖАШООЧУЛАРЫ
№2290 6277 0
Эркектердин бою 130 сантиметрден, ал эми аялдардын бою 120 сантиметрден төмөн болгондор гана эргежээлдер болуп эсептелинет. Статистика боюнча алып карасак, планетабыздын ар бир 15 миң жашоочусуна бир эргежээл туура келет. Эргежээлдик бойдун өсүү­сүнө таасирин тийгизүүчү гормондун жетишсиздигинен келип чыгат жана тукум куубайт. Тарых барактарына үңүлсөк, эргежээлдердин ичинен көптөгөн атактуулар да чыккан.
толугу менен
УЛУУ КЫТАЙ СЕПИЛИ
№2270 44501 0
Жер жүзүндөгү сегиз кереметтин бири катары эсептелген бул сепил Түндүк Кытайда жайгашкан. Улуу сепилди кытайлар «Ван ли чан чен» же бизче «Миң лиден ашкан сепил» деп аташкан. Кытайлардын бир “лиси” бизче 576 метрге барабар. Ал эми соңку эсептөөлөр боюнча анын жалпы узундугу орто эсеп менен 6350 чакырым. Бийиктиги орточо эсеп менен 6,6 метр, айрым жерлерде 10 метрге чейин жетет. Туурасы түп жагынан 6,5 метр кенендикте башталып, үстү 5,5 метрге чейин кууш тартып кетет. Үстүндө эки ат араба...
толугу менен
АЮУНУ ЭМИП, АМАН КАЛГАН КИШИ
№2260 9933 0

Чаткал дарыясынын ылдыйкы агымындагы тоолордун койнунда Мискен, Теке-жаңгак аттуу айылдар бар. Бул айылдар Өзбекстанга караштуу болгону менен илгертеден кыргыздар мекендейт. Сиздерге баяндай турган окуя Мискендик Далыбай аттуу адамдын кандайча үңкүрдө калып, аюуга эмне үчүн бала болгондугу, туткундан кантип кутулгандыгы тууралуу болмокчу
.

толугу менен
КӨЗҮ АЧЫКТЫН ЫЙМАНДАЙ СЫРЫ же БАКИЕВ КЫРГЫЗДЫН КУТКАРУУЧУСУБУ?
№2198 14234 0

Алгач редакциябызга келген бул аялды эч кандай табияттан бүткөн өзгөчө касиети жоктой эле кабыл алганбыз. Бирок, кыскача маектешүүдөн кийин бул аял өтө интеллигенттүү, көптү окуп, көптү билгендей сезим жарата алды. Анын үстүнө конок аялдын “айтпасаң сыр эмес”, “сөз өлөт”, “менин күнөөм айтылбай калган сөзүмдө” деген кебин укканда ансайын ага болгон кызыгуубуз артты. Анда, сырдуу аялдын....

толугу менен
ГЕЙЛЕРДИН ЖАНА ЛЕСБИЯНДАР ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ КАНТИП ТОСУШАТ?
№2173 12913 -1
Гейлердин жана лесбияндардын үйбүлөлөрү барбы деген суроо кимди кызыктырбайт. Анын үстүнө Жаңы Жыл жакындаган сайын гей, лесбиянкалар кантип Жаңы Жыл тосушат болду экен деген кызыгуу да жаралбай койбойт. Бул тууралуу маалымат алуу үчүн Бишкектеги голубой, лесбиянкалардын өздөрүнө суроо салган элек.
Марсель (гей): – Менин гей экенимди үйдөгү ата-энемдер бир жарым жыл мурун билишкен. Аларга чынымды...

толугу менен
ӨЗГӨЧӨ ЖАРАЛГАН ЖАНДАР
№1972 8344 0
1889-жылы Италиянын Сицилия аралындагы Лентинилердин үйбү­лө­­­сүндө 3 буттуу наристе төрөлгөн. Мындай өзгөчөлүү уулуна ата-энеси Франческо деген ысым ыйгарган. Ымыркайдын үчүнчү буту артында жайгашкандан тышкары берки экөөнө караганда кыскараак болгон. Франческо 9 жашка чыкканда аны цирк менеджерлери Америкага алып кетип, циркке орноштурушат. Ошентип, үч буттуу бала Буффало Билл аттуу адамдын атактуу шоусунда ойноп чыга баштайт. Цирктин алып баруучулары аны...
толугу менен
ӨЗГӨЧӨ ЖАРАЛГАН ЖАНДАР
№1960 10198 2
1829-жылы Бирманын жунглисинен Схве Маонга аттуу адамды кармашкан. Анын бардык денеси, анын ичинде мурду, кулагы, эрди да түк менен капталган экен.

Учурда кытайлык 28 жаштагы Юй Чжэнхуань дүйнө­дөгү эң түктүү эркек болуп эсептелет. Анын денесинин 96 пайызы түк менен капталган. Ал калыптагыдай угушу үчүн врачтар анын кулагынын ичинде өскөн түктү убак-убагы менен тазалап турушат.

толугу менен
АЯЛЗАТЫН СҮННӨТКӨ ОТУРГУЗУУНУН ЗЫЯНЫ
№1890 10352 1
Африканын Гана, Кения, Нигерия, Сенегал, Судан өлкөлөрүндө аялзатын толук же жарым жартылай сүннөткө отургузуу адатка айланып келе жатат. Толук сүн­нөткө отургузууда кыздардын жыныс органдарынын сырткы чоң эриндери менен клитору толук кесилип салынат. Жарым-жартылайда аталган мүчө­лөр­үнүн жарымы кесилет.
Бүткүл дүйнө­лүк денсоолукту коргоо уюмунун аныктоосуна караганда, дал ушул жаман адат аялдардын тө­рөтүн оордотуп, жаңы төрөлгөндөр­дүн өлүмүнүн өсү­шүн шарттоодо. Бул аялдардын жы­ныс­тык...

толугу менен
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо