Ылгоо: күнү | кароолор | пикирлер | рейтинг боюнча
БИЗДИН ЫРЧЫ АЙЫМДАРЫБЫЗДЫН ПАРАМЕТРИ КАНДАЙ?
№2421 13911 2

Ырчы болуп эл алдына чыккан соң ал ырчы тырмагынан тартып чачына чейин элдин сынында болот эмеспи. Ошондуктан, ырчылар диета кармайбы же ар кандай көнүгүүлөрдү жасоо жолу мененби, айтор, фигурасын сактоо үчүн аракет кылып келишет. Биздин ырчы айымдардын параметри 90-60-90 бекен, сурап билгенге аракет кылалы. Ар бир адамды Кудай ар кандай кылып жаратат. Ошондон улам...

толугу менен
АНАСТАСИЯ ЗАВОРОТНЮК
№2420 3997 0


Бала багуучулардын үлгүсүнө айланган Анастасия Заворотнюкту кимдер тааныбасын?! Настянын сериалга тартылганга чейинки жана кийинки тагдыры тууралуу кабарыңыз барбы? Эмесе, “Дүйнө жылдыздары” рубрикабыздын бүгүнкү санынан бул суроого жооп алууга шашылыңыз.

толугу менен
ФИЗИКАЛЫК КАРТА ЖАНА ӨТҮКЧҮ
№2421 6880 0
Эркектин башында норка тумак, моюнунда галстук, үстүндө кара кашемир пальто. Айтор, кычырайт. Жанында ээрчиген 3-4-класстарда окуган баласы бар. Экөө түз эле китеп саткан дүкөнгө киришти эле, атакеси сатуучу кызга кайрылды:
– Карындаш, мобул бала окуганга жанагы дубалга иле турган “география” бериңизчи?!- деди эки колун эки жакка жайып көрсөтүп. Аны тиктей караган сатуучу кыз...

толугу менен
Шайырбек Арапов: «СҮЙҮҮДӨН КӨҢҮЛҮМ КАТУУ КАЛГАН»
№2410 5276 0

Балким, сиз ар аптанын дүйшөмбүсүн чыдамсыздык менен күтүп, бул жигитти көрүү үчүн уктабай отураарсыз. «Бул жигит» дегенибиз – «Ыр майрам» телеберүүсүнүн алпаруучусу Шайырбек Арапов. Ал 1982-жылы Ноокат районунун Төөлөс айылында туулган. Төрт бир туугандын улуусу. Кесиби боюнча юрист. Бойдок.

толугу менен
«АЛТЫН КЕЧ-2007» ДОЛБООРУ БОЛБОЙ КАЛДЫ
№2410 3279 0
Достор Тынчтыкбек Кожобеков менен Съездбек Искеналиев “Алтын кеч-2007” жаңы долбоорунун үстүндө иштеп жатышканын буга чейин бизге айтышкан эле. Тилекке каршы, бул долбоор быйыл аягына чыкпай калды. Мунун себебин уюштуруучулар: “Долбоорду өтө эле кеч баштап алыптырбыз. Көрсө, бүтүрүүчүлөр 2-3 ай мурун эле өздөрү уюштурган кечелерге акчаларын чогултуп коюшуптур. Биздин билет...
толугу менен
АССОЛЬ МОЛДОКМАТОВА: «ӨТӨ ЖОГОРКУ САПАТТАГЫ ЧЫГАРМАЛАРДЫ КАБЫЛ АЛАБЫЗ»
№2410 5494 0
Бүгүнкү күндө Мамлекеттик биринчи каналда рейтинги жогорку телеберүүлөрдүн бири болуп, жума сайын түз эфирде чыгуучу “Браво” телеберүүсү саналат. “Браво” тууралуу ушул берүүнүн продюсери Ассоль Молдокматова менен маек курган элек. – Айтсаңыз, “Бравонун” негизги максаты эмнеде?
– Акыркы кезде биздин өлкөнүн шоу-бизнеси өтө ылдамдык менен...

толугу менен
ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА ТУРМУШКА ЧЫКТЫБЫ?
№2410 1667 0

– Эң сүйүктүү ырчым Гүлнур Сатылганованы турмушка чыгыптыр деп көптөрдөн уктум. Гүлнур эжекемдин өмүрлүк жолдошу прокуратура тармагында чоң кызматта иштеген белгилүү адам имиш. Жылдыздарды ар кандай ушактар ээрчий берет эмеспи. Анын сыңарындай, бул шоу-бизнестин кезектеги ушагыбы же чын эле ушундай болдубу? Эгер мүмкүн болсо Гүлнур эженин өзүнөн ушунун калп-төгүнүн тактап берип...

толугу менен
САНЖАРБЕК КЫДЫРАЛИЕВ: «СПОРТ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ КЛИЧКАМ «КАРЫШКЫР» БОЛЧУ»
№2410 13958 0

Мезгил агымы менен мамлекеттеги 3 бийлик бутагынын бири болгон Жогорку Кеңеште сөзгө дыйкан, жүрөгүндө оту бар жаштар пайда боло баштады. Алардын бири – эң жаш депутат Санжар Кадыралиев. Санжар өзүнүн курч сөздөрү, орундуу сунуштары менен аз убакыттын ичинде парламентте ордун табууга жетише алды. Жаш депутат ушул темп менен кете берсе, маалына келгенде жалпы кыргыз элинин сыймыгына айланган инсан болуп калыптанаарынан шек жок...

толугу менен
ДАЙЫР ИСМАДИАРОВ
№2410 7244 -1
Жаш жылдыздардын арасында өзүнүн таланты, үнү, “Сүйөм сени”, “Студенттик күндөр” деген ырлары менен өзгөчө-лөнүп, өз күйөрмандарын топтоп келе жаткан Дайыр Исмадия­ров менен тааныштырабыз. Дайыр Исмадиаров 1986-жылы 16-июлда Өзгзн районунун...
толугу менен
АТАКТУУЛАРДЫН ТАТУИРОВКАЛАРЫ
№2410 4427 0
Татуировка бул “теринин алдына боёк киргизип, денеге өчпөгөн сүрөт тартуу” дегенди билдирет. Мындан бир нече кылым мурун эле денесине татуировка тарттырган адамдарды кезиктирүүгө мүмкүн эле. Ырас, алар кооздук үчүн эмес, башка уруулардан айырмаланыш үчүн тарттырышчу экен. Татуировка алгач Португалияда пайда болуп, кийинчерээк дүйнөнүн бардык булуң-бурчуна тараган. Татуировканы цивилизация...
толугу менен
2006-жылдын эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчысы Мирбек Иманбеков: «АЗЫР АЙГҮЛДӨЙ ЖАКЫН АДАМЫМ ЖОК»
№2400 3095 0


ЛАРИСА, 19 жашта, Бишкек:
– Мирбек, саламатсыңбы? Мен сени менен сүйлөшүп жатканым үчүн чексиз кубанычтамын.
– Рахмат, мен да кубанычтамын. Суроо берейин дедиңиз беле?
– Эркектердин ортосунда чыныгы достук бар деп эсептейсиңби?
– Албетте...


толугу менен
МИРБЕК КЫРГЫЗСТАНДЫ КЫДЫРАТ
№2400 3442 0
Мирбек Атабеков продюсери менен кошо түштүккө болгон гастролун баштады. 7-июнда өткөн гастролдун алгачкы күнү Токтогул жергесинен башталды. Эми ырчы түштүктүн чоң-чоң шаарларынан тартып райондун борборлоруна чейин барып, Баткенден кайтып келет. Андан соң түндүк жергесин кыдыруу башталат. Ошентип, бир айга уюшулган гастроль аягына чыккан соң Мирбек чакыруу боюнча...
толугу менен
НАДИКО
№2400 4507 0
Надирабегим Стюарт Вол 1991-жылы 13-июнда Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда И.Арабаев атындагы КМПУнун дүйнөлүк тилдер институтунун алдында уюшулган лицейде 11-класста окуйт. Ырчылыктан сырткары “Жаш кыял” бий ансамблинде бийлейт.

Оригиналдуу ысымы, мыкты бийлеп, ырдаганы менен жакындан бери эл оозуна алынып калган Надико...


толугу менен
ТАТЬЯНИН ДЕНЬ СЕРИАЛЫНЫН БАШ КААРМАНДАРЫ
№2400 4571 0
Учурда тили жакшы чыга элек кичинекей баладан тартып улуу муундун адамдарына чейин сүйүп көрүшкөн “Татьянин день” сериалынын баш каармандары Татьяналардын кинодогу тагдырлары тууралуу жакшы билсеңиз керек. Алтургай алардын турмуш түйшүгүн кошо тартып, бир күн көрбөсөңүз сагынып да калаарсыз. “Дүйнө жылдыздары” рубрикабыздын бүгүнкү санында Анна Снаткина (Татьяна Разбежкина) жана Наталья Рудовалар (Татьяна Баринова) менен тааныштырабыз.
толугу менен
Эдил Эркинбаев: «ТООКТОРГО КОНЦЕРТ КОЙЧУМУН»
№2390 3859 0

Эдилдин ди-джей кезиндеги жагымдуу үнү кулактарынан кетпей, бир угууга зар болуп жүргөн радио угармандар көп болсо керек. Анткени, анын угармандарынан алыстап, башка чөйрөгө кеткенине бир топ убакыт болуп калды. Демек, бир аз да болсо Эдил жө­нүндөгү маалыматка чаңкап турган анын күйөр­ман­дары чекеден табылат. Андай болсо төмөнкү маекке назар салыңыз.

толугу менен
АНЖЕЛИКА ЕГИПЕТТЕН КЕЛДИ
№2390 10626 0

Жыл жаңыраарда Анжелика Урмат аттуу жигит менен баш кошуп, турмуш жолуна аттанган эле. Үйлөнүү тоюнда жаш жубайларга туугандары Египетке жолдомо белек кылышкан. “Жолдошум менен дүйнөнүн эң кооз жерлеринин бири Каирде бал айыбызды өткөрүп келдик»,-дейт ырчы бул тууралуу. Учурда Анжелика бактылуу эс алуудан келип, бүтүрүү экзамендерине кызуу даярдык көрүп жатат. Келечекте...

толугу менен
КЫРГЫЗ ЫРЛАРЫНЫН БААСЫ КАНЧА?
№2390 7422 2

Ырчынын ийгилиги анын аткарган ырынан түздөн-түз көз каранды экени түшү­нүк­түү. Андыктан, ырчылар бүгүнкү күндө жакшы ырларды сатып алуудан баш тартышпайт. Кыргызстанда шоу-бизнес өскөн сайын ыр сатуу бизнеси да улам күч алгандан күч алып барат. Бул саныбызда кайсы ырчы кайсы ырын канча сомго сатып алганын териштирип көрдүк.

толугу менен
ЖЫЛДЫЗДАРДЫН АТАК-ДАҢККА ЧЕЙИНКИ ТУРМУШУ
№2390 9750 0
Сырттан караган адамга дүйнөгө аты тараган атактуу жылдыздардын жеке жошоосу жомоктой эле сезилет. Ыр-бий, көңүл ачуу, дүйнө жүзүнө сапар тартуу, деги эле бекер келген акчаны чачып, жыргал жашоону башынан кечирип жүргөндөй туюлушу мүмкүн. Бирок, көпчүлүк эмнегедир алардын ушул атак-даңкка келгенге чейинки башынан өткөргөн турмуштун татаал сыноолору жөнүндө биле беришпейт. Анда, кээ бир атактуулардын көпчүлүккө таанымал боло элек...
толугу менен
Кубаныч Сатаев: «АТАМ ТИРҮҮ БОЛГОНДО МЕН БАШКА АДАМ БОЛМОКМУН»
№2380 3715 0


Атасынын атын өчүрбөй, ырларын кайрадан жаңыртып ырдап жүргөн Кубаныч Сатаев баарына белгилүү болгондой, залкар ырчы Чубак Сатаевдин тун уулу. Ал 1981-жылы 24-ноябрда Бакайата районунун Боотерек айылында туулган. Үч бир туугандын улуусу.

– Кубаныч, кыргыздын залкар таланты Чубак Сатаевдин туягы эмессиңби. Айтайын дегеним, сен төрөлгөндө...


толугу менен
Съездбек Искеналиев: «ӨМҮР БОЮ ЭСТЕ КАЛААРЛЫК ШОУ ӨТКӨРӨБҮЗ»
№2380 5713 0

Тынчтыкбек Кожобеков менен Съездбек Искеналиев бүтүрүүчүлөр үчүн уюштуруп жаткан бул кече Кыргызстанда биринчи жолу өткөнү турат. Бул кечеге келгендер жөн гана көңүл ачып кетишпестен, дал ушул жерден өздөрүнүн келечегине алгачкы кадамдарды ташташы мүмкүн. Кандайча дейсизби? Ал жөнүндө сизге бул долбоордун уюштуруучуларынын бири...

толугу менен
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо