Ылгоо: күнү | кароолор | пикирлер | рейтинг боюнча
КҮЙӨӨСҮНӨН МУШ ЖЕГЕН ЖЫЛДЫЗ АЙЫМДАР
№2540 7531 0

Чындыгын айтканда, аялын сабаган эркектер илгертеден эле бар эмеспи. Ушундай үйбүлөлүк чыр-чатактардын келип чыгышынын бир канча себептери бар. Мындай көрүнүштөр бир эле карапайым калк арасында гана кездешпейт. Күйөөсүнөн кордук көргөн айымдардын арасында дүйнө жылдыздары да бар. Алардын кээ бирлеринин татаал жашоосу тууралуу...

толугу менен
Назира Жетигенова: «АЛТЫНЧЫ КЛАССКА КЕЛГЕНИМДЕ «КЫЗ» БОЛО БАШТАДЫМ»
№2530 3493 0

Айтылуу эркек куудулдардан кем калбай, сахнага чыгып элибизге күлкү тартуулап келе жаткан аялдар кыргызда саналуу гана. Назира Жетигенова – мына ушул саналуу куудулдардын бирөөсү. Тартынуу, кысынуу дегенди билбеген Назира айым 1974-жылы 24-апрелде Талас шаарында төрөлгөн. 6 бир туугандын бешинчиси. Эки кыздын энеси. Учурда бойдок. “Нукура кыргыз” телефестивалынан...

толугу менен
НЕЛЯ ЖАҢЫ МАШИНАЛУУ БОЛДУ
№2530 7491 0

Сүйкүмдүү ырчы Неля жаңы темир тулпарлуу болду. Бул машина Нелянын эсеби боюнча, рулга отургандан берки бешинчиси. Ар жылы ар кандай маркадагы темир тулпарларды айдаган ырчы кызга бул "Хонда Аккорд" маркасындагы машинаны аталаш байкеси Нурбек Прибалтика өлкөлөрүнөн айдатып келген жана машинанын документтерин өзү бүтүрүп, номерине чейин алып берген. Ырчы жалпысынан...

толугу менен
КАЙДАН ТҮШТӨНӨСҮЗ ЖАНА КАНЧА АКЧА КОРОТОСУЗ?
№2530 5173 0


Асылбек Өзүбеков:


– Мен көпчүлүк учурда түштөнбөйм. Анткени, күндүз ишим көп болгондуктан, тамактанууну да унутуп калам. Болгону, суусаганда 8 сомго шоро ичип коём. Ушинтип түшкү тамакты ичпегенге өзүм да көнүп калгам.


толугу менен
«ӨЛСӨМ ДА ИНИМДИ СЕНДЕЙ КЫЗГА ҮЙЛӨНДҮРБӨЙМ»
№2530 4710 0

Гезитибиздин бул жолку тамаша торуна белгилүү ырчы жигит СЕМА түшүп отурат. Семаны торго илүү оңойго турган жок. Иниси Жанарбектин Казакстанда жүргөнүнөн маалымдар болгон соң анын болочок келинчегинин ролун аткардык. Жашыруун номер менен чалып, орус тилинде жүргүзүлгөн тамашаны кыргызчалатып сунуштап жатабыз.

толугу менен
Акбар Сүйүнбаев: «БЕЗЕТКИМДЕН АРЫЛАМ ДЕП ТИШ ПАСТАСЫН БЕТИМЕ ШЫБАЧУМУН»
№2520 2643 0
Бул жолку түз байланышыбыздын коногу популярдуу ырчы Акбар Сүйүнбаев болду. Назарыңыздарда "Супер-Инфонун" окурмандары менен Акбардын маеги...
толугу менен
ЭДИЛ ОРДУНА КЕЛДИ
№2520 5427 0
«Кыргызстан обондору» радиосунун мурдагы ди-джейи мукам үндүү Эдил Эркинбаев радиого кайтып келди. Радиого кайтып келүү­сүнө күйөрмандарынын суранычы жана кесиптештеринин чакыруусу түрткү болгон. “Балким, бир окуя болбогондо радиого да келбейт белем. Бир күйөр­маным Караколго апама чалып алып “Эдил эфирге келсин” деп ыйлаптыр. Мен Бишкектен үйгө барсам, апам: “Кой, балам, бар дагы радиого иште. Сени ушундай күйөр­мандарың...
толугу менен
ЖАСТИН ТИМБЕРЛЕЙК
№2520 3871 1
Жер бетиндеги миллиондогон кыздардын жүрөгүн багындырган атактуу ырчы Жастин Тимберлейк учурда жаңы кинолорго тартылып, талантын ар тараптан такшалтып жаткан кези. Ал тургай жеке жашоосун да аксатпастан сүйгөн кызына баалуу белектерди берип, келечекте ал кызга үйлөнөөрүн айткан.
Булар тууралуу кеңири маалымат, жалпы эле Жастиндин өмүр баяны бүгүнкү...

толугу менен
Жеңишбек Айтиев: «ЭЛДИ АЛДАП ЛОТЕРЕЯ ОЙНОТЧУМУН»
№2510 3055 0


«Ордолуу Ош шаары – орошон таланттардын мекени» деп бекеринен айтылбаган чыгаар. Өзүнүн тамашалуу ырлары жана клиптери менен элинин жүзүнө жылмаюу тартуулап келе жаткан ырчы, куудул жигит Жеңишбек Айтиев – дал ошол Оштун кулуну. Ал 1976-жылы 3-ноябрда Ноокат районунун Караташ айылында туулган. Үйбүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы. Учурда ОшМУнун музыка...


толугу менен
ЖАНЕТАНЫН КОНЦЕРТИНДЕ БАЛА ТӨРӨЛДҮ
№2511 5566 0

Белгилүү ырчы Жанета жакында бир кызык окуяга туш болду. Ал Нарын шаарындагы күйөрмандарына өз өнөрүн тартуулоо үчүн концерт коюп барган. Нарындыктардын жаш-карысы калбай келген бул концертке мына-мына көз жарат деп турган кош бойлуу келин да келген экен. Концерт ортолоп, элдер ырдын кызыгына батып калган маалда ал келиндин толгоосу кармап калбаспы. Дароо доктурга жеткирилген келин...

толугу менен
«ЖЫЛДЫЗДУУ» БАЛДАР
№2510 10762 0

“Балам – бактым, балам – базарым” деп ырчыларыбыз ырдагандай, ар бир адамдын бактысы да, кубанычы да бала менен эмеспи. Андыктан, биз айрым ырчыларыбыздан «үйүн базар кылган канча баласы бар, аттары ким, эмне менен алектенишет?” деген суроолорго жооп издеп көр­гөнбүз...

ДИНАРА АКУЛОВА
Белгилүү эстрада ырчысы Динара Акулова Мери-Дина, Малика-Дина аттуу эки кыздын энеси. Тун кызы Мери-Дина 19 жашта, былтыр турмушка чыгып апасын кубандырган эле...


толугу менен
Айжан Газиева: «АТАМ МЕНЕН БИР ДА ЖОЛУ СҮЙЛӨШКӨН ЭМЕСМИН»
№2500 4022 0

Кыргыз музыкасында сейрек кездешчү джаз стилиндеги ырларды жагымдуу коңур үнү менен катыра ырдап, өзүнүн өжөрлүгү, эмгекчилдиги менен шоу-бизнестен өз ордун тапкан ырчы кыз Айжан Газиева 1984-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Үйбүлөлүү. Бир уулдун энеси.

– Айжан, сени тырышчаак, эмгекчил деп угуп калабыз...
Мени мындай сапаттарга апам тарбиялаган десем болот. Атам менен апам мен бир жарым-эки жашымда эле...


толугу менен
АССОЛЬ КИЙИМДЕР КОЛЛЕКЦИЯСЫН ЧЫГАРДЫ
№2500 6308 0
Белгилүү телеалпаруучу жана продюсер Ассоль Молдокматова өзүнүн автордук кийимдер коллекциясын чыгарды. Бул коллекцияда бут кийим, жаңы стилдеги кыргыздын улуттук кийимдери, аксессуарлар бар. Айта кетсек, кийимдердин ар бири күмүш, малахит, шуру, рубин, коралл таштары менен кооздолгон. Ошондой эле кийимдердин кездемелеринин эле баасы 1500 сомго жетет. Ал эми даярдалган кийимдердин баасы...
толугу менен
КОТОРМО ЫРЛАР КЫРГЫЗ ЖЫЛДЫЗДАРЫНЫН БАКТЫСЫН АЧАБЫ?
№2502 11846 0
“Берчи мага, берчи мага жарым кашык музыка” деп залкар акыныбыз Алыкул Осмонов айткан ырды биздин азыркы ырчылар колдонуп жатышат өңдөнөт. Анткени, ар бир элдин жарым кашык музыкасын алып бир обон жараткан ырчылар көбөйүүдө. Көпчүлүгү башка элдин популярдуу ырынын обондорун алып, кыргызча тексттерге жармаштырышса, кээси ачык эле сөзмө-сөз которуп алып плагиаттык жол менен тез аранын ичинде популярдуулукка жетишип жатышат. Сөзүбүз куру болбош үчүн котормо ырлар менен бактысы ачылган ырчылардан мисал келтирип көрөлү...
толугу менен
СИ СИ КЕТЧ
№2501 5943 0
80-жылдардын “Диско ханышасы” титулунун ээси, атактуу ырчы Си Си Кетч – бүгүнкү “Дүйнө жылдыздары” рубрикабыздын коногу. Эмесе, ырчынын балалыгы, карьера жолу жана жеке жашоосу тууралуу кененирээк маалымат назарыңыздарда...
Балалык
80-жылдардын диско-ырчысына айланган атактуу ырчы айым Си Си Кетчтин чыныгы аты – Каролина Катарина Мюллер. Каролина 1964-жылы 31-июлда Голландиянын Осс шаарында...

толугу менен
Бактыгүл Бадыева: «УРМАТ ЭКӨӨБҮЗ СҮЙҮШКӨН КЫЗ-ЖИГИТ БОЛДУК»
№2492 19377 2


АКБИЙКЕ, 14 жашта, Бишкек:
– Бактыгүл эже, сиздин мага ырдаганыңыз, айрыкча сулуулугуңуз аябай жагат.
– Рахмат!
– Өзүңүздү кайсы учурда бактылуу сезесиз?
– Өткөрүп жаткан ар бир күнүм, алтургай ар бир саат, ар бир мүнөтүм мен үчүн бакыт. Мен ар дайым эртең менен эрте туруп, күзгүгө карап: “Мен бактылуумун!” деп өзүмчө кайталайм. Ушул сөздү канчалык көп...


толугу менен
ЧЫҢГЫЗ ЭМИ ЮРИСТ БОЛОБУ?
№2490 3624 0
Белгилүү ырчы, ди-джей Чыңгыз Мырзаев жогорку окуу жайга тапшыргандыгы жөнүндө бизге кабарлады. Болгондо да ырчы Улуттук университеттин юридикалык факультетине дароо эле 3-курска отурган экен. Албетте, кадимки студенттер катары тарых, кыргыз, англис тилдеринен экзамен берип өтүп кетиптир. Кошумчалай кетсек, Чыңгыз Жалалабаттагы Б.Алыкулов атындагы музыкалык окуу жайды аяктаган. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда 5-курста окуйт. “Артык дөөлөт баш жарбайт” демекчи, билим алуунун эч кандай зыяны жок”,- дейт ырчы.
толугу менен
«МЕН ЭМНЕ АДАМ ӨЛТҮРҮПТҮРМҮНБҮ?»
№2491 5467 0

Белгилүү адамдарыбыздын жүрөгүн титиреткен «Тамаша тор» рубрикабыздын торуна Гүланданын жардамы менен белгилүү ырчы, обончу Айбек Карымовду илгенбиз.


– Алло, саламатсызбы, бул Айбек Карымов бекен?
– Ооба, а бул ким?
– Мен Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн чалып жатам. Жарым сааттын ичинде 10-кабинеттеги тергөө­чү­гө келип калыңыз.
– Чоң кыз, мен түшүнгөн жокмун. Эмнеге мен ал жакка...

толугу менен
СУЛТАН МЕНЕН МИРБЕК ПРОДЮСЕРЛЕРИНЕ КАРШЫ ЭМНЕ ҮЧҮН БУНТ ЧЫГАРЫШТЫ?
№2480 3488 0

Шоу-бизнестин эрке балдары Султан Садыралиев менен Мирбек Иманбеков экрандан түшпөй жакшы эле тайраңдап жүрүштү эле, акыркы кездерде кайсы кара теке сүзгөнүн ким билсин, продюсерлерин таштап, өз алдыларынча иштөөнү чечишкен эле. Бул тууралуу маалыматты гезитибиздин өткөн санына жарыялаганбыз. Азыр тиричилик кылуу түйшүгү өз моюндарына толугу менен түшкөн ырчылар өздөрү концерт уюштуруп...

толугу менен
АЗАТ ТЫНЧТЫКТЫ ТАНДАДЫ
№2480 4116 0

Буга чейин эле эл оозуна аздыр-көптүр алынып калган ырчы жигит продюсер Тынчтыкбек Кожобековго чыгармачылыкта чогуу иштешүү тууралуу сунушун киргизген эле. Ал жак, бул жагын бир топ ойлонгон Тынчтыкбек акыры макул болуп, азыр бул экөөнүн чогуу иштешип жаткан учуру. Азат шоу-бизнесте буга чейин кыскача гана Азат деген ат менен белгилүү болгон болсо, эми сахнага Тынчтыктын сунушу боюнча Азат Болотбек деген ат менен чыкмакчы. Экөө чогуу иштеше баштагандан бери...

толугу менен
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо