Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Добр, Сапар Эркебаев "Байланыш"
Жанр:Поп
00:03:43
58,1 Мб
Жүктөлгөн: 25-02-2010


Сөзү:Добрдуку жана Нурзада Жолдошованыкы
Обону:С.Эркебаевдики

Мындай нерсе боло бербес ар ким менен ар күндө,
Эгер болсо өңдө эмес, көргөндүрсүң түшүңдө.
Угуп турчу, айтып берем “укпай калыпмын” дебе,
Сен сүйүүгө кабылуунун оңой жолун издебе.
Табышмактуу сүйүү күчү кыйла өйдө байлыктан,
Ал бакыттын жандырмагы табышмактуу салынган.
Сүйүү келет ар адамга ар башкача түрүндө,
Ал сүйүүнү издебегиле, жөн гана күткүлө.
Бешенеңе жазган ырыс өз убагында келет,
Түшүнөсүң аны өзүң жүрөк аркылуу сезип.
Кээ бир адам кээде аны бир көрүүдөн байкабайт,
Көп убакыт бирге созуп сүйүү жогун аныктайт.
Кээде сүйүп калат адам биринчи көз караштан,
Толук мүмкүн ал тараптан көңүл бөлбөй калышка.
Ала-Тоонун ак карындай ак жана бийик жеткис,
Бар сүйүүлөр ал сүйүүгө эч бир нерсе теңелгис.

Кайырма:
Сен деп жашап, сүйүүгө мен бел байлап,
Жүрөмүн мен сени самап.
Издеп сени, махабат арбап мени,
Бакытыма мен байланам.


“Сүйүү кетип келе бербес, келер анын маалы бар,
Күйүп кайра жана бербес” деп айтылган маалым бар.
Өз ичине өзгөчө бир сезимдерди камтыган,
Ал эсинде кала турган сүйүү деген аты бар.
Абайлагын жабыркаштан ал сүйүүнүн арманы,
Жабыркасаң да адашпа бул жашоонун манызы.
Бул жашообу же тагдырыбыздын табышмагыбы?
Буга окшогон себептердин болду экен кайсылы?
Ал дайыма жылуу жана дайым таттуу сезилет,
Ал капыстан кирип жанга жан дүйнөңдү эргитет.
Эгер кетсе өзү менен кошо алган көңүлдү,
Жеңил эмес ал нерсени жүрөгүңдө көтөрүү.
Өмүр бою кайталангыстай көрүнгөн бар сүйүү,
Көргөндөрү бар сүйүүнүн жалгыз эмес ар түрүн.
Ысык-Көлүбүздөй терең, баалуу эч нерсе жеткис,
Бар сүйүүлөр, ал сүйүүгө эч бир нерсе теңелгис.
  • Currently 4.92/5
(13 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (89)

25.02.2010. 15:31
 Аygerim
ыр да, клип дагы супер...молодцы!!! оригинально и грамотно!
25.02.2010. 16:58
 deer
filmdi korgum kelip jatat...ka4an 4igat boldu eken,maga jakti!
25.02.2010. 17:07
 Meri
Клипда ырда жакшы болуптур сөз жок,ДОБР&САПАР forever
25.02.2010. 18:06
 akylzirek
Хехе, Добду го билебиз рэп экен деп эле бирдемелерди кубуроп шыбырап эле ыр кыла берет, ошого жараша создору уйкашсачы же мааниси болсочу. А Сапар Ираклинин "Лондон-Париж" деген ырын озумдун обонум дегенден уялса боло. Ушу ырды угуп ким ырахат ала аласа анда ал - паразит же кыргыз баласы эмес чыныгы Манкурт!Катуу айтсам кечирип коерсунар...
25.02.2010. 21:39
 Адам
Оиии адамдар, бул дагы эмне деген жорук болду?? Сапар Ираклиге обон жазып берген болуп журбосун,..
***
Клип жакшы эле (кинодон алынган узундубу же атайын клиппи?).
25.02.2010. 23:29
 raim
baldar jakshy klip super po mujski eken
26.02.2010. 20:31
 kapkaida
Клип оригиналдуу болуптур, бирок сюжетин тушунгон жокмун. Сапар Эркебаев ырдаган мелодия оорустардын же американистердин ырынан уурдап алынган.
26.02.2010. 21:48
 kapkaida
акыркы кундору Добр коп деле жакпай баратат. Тебе не догнать Тата Улана.
26.02.2010. 23:51
 alikbek
классный клип вощщее. А это чё из кино фильма что ли.Наверно фильм тож классный.
27.02.2010. 02:26
 maliwka
Точно я с вами согласна!Сапар имей совесть обону сеники имишььь! Позор! Думаешь ты один умный!
27.02.2010. 05:08
 alikbek
вопрос супер инфо.А почему качество видео такое низкое?
27.02.2010. 06:34
 Demon
бул подделка ырды кантип эле сонун экен дегенсинер!!!???
27.02.2010. 21:02
 lira
Irakli Erkebaev...ushu kantip bolsun
27.02.2010. 23:10
 kapkaida
Кимди эле туурап жатат десе, точно Ираклийдин "Лондон-Париж" деген ыры да. Туураганга жараша белгисиз ырлардын обоонун уурдап туураса боло.
01.03.2010. 10:08
 DJMYRZA
сюжети кичине тушунуксуз... ортосуна жеткенде гана фильм деп тушундум гыыы :) Жазып койбойсунарбы САУНДТРЕК деп :-)
02.03.2010. 13:11
 sher
daaa sapar irakliydin london parijin alip aliptir
a dobr boso kak vsegda sonun ar kim menen ele duet jazira berbechi dobr kadirin tushup kalat
02.03.2010. 18:41
 Барби
сонун клип болуптур. соз жок.
02.03.2010. 19:36
 АЙЗАДА
Уважаю этого репера!
04.03.2010. 05:18
 chingiz
Kim bilet kaisy kino tasmanyn uzunduloru? YR jana Klip en Jakshy!!! "+5" !!!
04.03.2010. 18:06
 areneV
chyn ele nege videonun kachestvosu jaman??? pirat?:-)))
05.03.2010. 13:08
 Bahtin
super!
+1000!!!
06.03.2010. 17:34
 minara
+++100
15.03.2010. 19:37
 adilxx
molodzy tuurasanar dagy okwowturuptursunar! +5!alga
16.03.2010. 13:00
 andormeda
Мага бул клип башынан эле жаккан...кайдан кочуруп алса болот экен?Киносун коруш керек...соонун!
17.03.2010. 09:12
 Jizusa
interesno kakoi fil'm? AMC theatrelerge ka4an 4ygat eken
17.03.2010. 09:31
 Krasavo
Ушул Добр деген рэпперге такыр тушунбой койдум, чын
19.03.2010. 03:29
 adiku
Алга кыргыз , алга!!!
21.03.2010. 19:07
 dilara
Azamat Dorbr!Ya s toboy!
27.03.2010. 14:51
 лоло пепе
Мага жакты. Хочется фильм поскорее посмотреть.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: