Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Нурлан Насип "Сауле"
Жанр:Поп
00:04:21
53,41 Мб
Жүктөлгөн: 08-06-2016


Сөзү:Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону:Нурлан Насиптики

Жылдыздай жанып, жаркыраган,
Жаныңа мени тартып анан,
Жел сымал учуп жок болдуң жаным.
Жактырып айдай жамалыңды,
Жоготуп бирок кабарыңды,
Жалындап күйгөн от болдум жаным.
Айтчы азыр кайдасың?
Таппай жүрөк айласын.
Кайда, кайда, кайда?

Кайырма:
Саулем ай менин, сагындым мен,
Санаамдасың өзүң Сауле.
Сагыныч отуна багындым мен,
Самап келем сени дагы эле.

Көрсөтпөй сулуу ажарыңды,
Көбөйттүң ичте азабымды,
Көп жерден сени издеймин жаным.
Бараткан жолду жарык кылып,
Бактымды сага салыштырып,
Бир сенден үмүт үзбөймүн жаным.
Жүрөктөгү бир пери,
Мынча сүйгөнмүн сени,
Сени, сени, сени...

Кайырма:
  • Currently 4.00/5
(12 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (35)

08.06.2016. 16:06
 Jiza
Нурлан эмгекчил бирок бул ыры болбой калыптыр го..казак кыздарга жагам деп эле чыгара береби, озунк кыйнаптыр :)
08.06.2016. 17:05
 Matilda
Сумеркидеги актерго окшош экен чачы кара бала.
13.06.2016 04:16
Blume_gul
Matilda,Jacob bu:)
08.06.2016. 18:38
 Chika9000
Jyldyzbek akyn oozun choiup eldin yryn katuu syndaitko ozunun jazgan yryn kara fufulo
08.06.2016. 19:13
 Asyl19.09.90
Жаккан жок вообще тушунгон жокмун создоруно
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: