Нурлан Насип, Самара Каримова "Бололу бирге"
Жанр:Поп
00:04:18
64,97 Мб
Жүктөлгөн: 26-03-2017


Ай сулуу аткан таңдай,
Көңүл учту сага карай,
Карайм карегимди албай...
Тилегиңиз жанга дос бекен?
Жүрөгүңүз али бош бекен?
Кечиктимби мен ай, билемин кандай?

Баатыр жигит болчу Абай,
Сендейлерди көргөм далай.
Анча, ашыкпаңыз андай...
Жүрөк ээси болуу урмат го,
Аны ачуу сизге кымбат го,
Ачкычын да албай,
Ачасыз кандай?

Кайырма:
Ачып алам, оңой жолу керек,
Ашык адам тапкыч болуу керек.
Максаттарын бийик коюу керек,
Эки жүрөк бирдей согуу керек.
Көзүңүздү жатка ыйгарбай,
Өзүңүздү бекер кыйнабай.
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!

Кабагыңа конгон Күн-Ай,
Карегиңе толгон чырай,
Сени шүгүр берген Кудай.
Сезимиңди арнап келсең ай,
Эркелеген менин эркем ай.
Бакытты далай, көрөлү ары карай.

Эркелетип эчен курдай,
Кылыгыма жүрсөң чыдай,
Бактылуу боломун тынбай.
Сен болосуң менин шерим ай,
Мен болоюн сенин теңиң ай,
Сүйүүмдү арнай, жүрөйүн талбай.

Кайырма:
Ары жагы биздин багыбыздан,
Арылалы жалгыз жагыбыздан.
Сагыналы ойлоп таңыбыздан,
Табылалы дайым жаныбыздан.
Көзүбүздү жатка ыйгарбай,
Өзүбүздү бекер кыйнабай,
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!
  • Currently 4.20/5
(15 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (61)

28.03.2017. 18:29
 Aibek00
Azamatsynar
28.03.2017. 19:35
 aikol87
Самаранын уну ото башкача болуп калыптыр.жакпады Нол.
28.03.2017. 21:41
 asylzat_meka
сонун болуптур )))) эн жакшы коргон ырчыларым)
29.03.2017. 01:04
 Medina007
сонун клип болуптур кайра кайра коруудон тажабайм
29.03.2017. 14:16
 taldarak
Эн соонун клип болгон Самара менен Нурлан сонун ырдашкан. Ийгиликтер болсун
29.03.2017. 14:57
 vivi
Самаранын обручалкасы бир аз жарашпай калган экен, бирок ыр да, клип да жакшы.
29.03.2017. 22:23
 leili1
Сооонун баары жакты жакшы аткарышкан клиби деле жакшы тартылган,коруудон эч тажабайм оркунунор осо берсин азаматтар! !!
30.03.2017. 17:50
 BURUL29
Казакша олон гой перевели
30.03.2017. 18:54
 Best.bakyt
Озбекчеси абдан мыкты экен соз жок. Бизикилердики казактарга караганда мага ойдорооктой сезилди. Казактардыкы коп жакшы эместей.
30.03.2017. 21:05
 DUNI
Самара чоон катын болуп калаткен ,Нурландын жанында
31.03.2017. 00:31
 Aselya_9105
Романтика чын эле. Ийгилик силерге.
31.03.2017. 17:09
 admin_media
Jigittymen,
Эскертүү! Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
01.04.2017. 02:39
 ladynur
Аябай соонун клип болуптур,суйуктуу ырчыларыма,чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!!!
01.04.2017. 15:41
 aralbek
Жакшы сонун
04.04.2017. 15:45
 azamat7
Эмнеси жакшы кичине чындыкты жаспайсынарбы барыле мактап жатасынар Самара картан коруноткен бетине оло коп макияш шываптыр Жаш бала и картан кемпир ырдаган болуп калыптыр. Казактар сонун клип тартыптыр azamat7 түзөттү 2017-04-04 16:17:30
05.04.2017. 20:19
 Omur
Азаматсынар сонун!супер!аябай жакты мага.Экоонор тен талантуусунар,Баалайбыз.
06.04.2017. 16:14
 aminkaerke
Самаранын клиптеги образына лицосу уну вообще дал келбей калган.
06.04.2017. 22:27
 Aseinbek
1:35 минутадагы катачылыкты байкадынарбы
11.04.2017. 20:48
 Firdaus-Muslim
Жакшы ырдашыптыр, Өзбекчесида Казакчасыда Кыргызчасыда мага жакты. Ийгилик!
13.04.2017. 17:23
 Talantbek
мен да ошону байкадым, 01:35 Самара Нурландын арткы жагында эшиктин ичинде туратко, корунуп калыптыр
14.04.2017. 17:35
 admin_media
Кыпчак,
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат! күн БАНга!
15.04.2017. 22:57
 Krai
Бул ыр теги каяктан экен казактардыкыбы же озбектердикиби
16.04.2017. 11:19
 kgbekish
nurlan baike samara jakshy yrdy ugup ayabai tolkundandym
20.04.2017. 09:26
 aiperi0412
Аябай сонун сырдашкан.Самара ырдын коркун ачыптыр
21.04.2017. 20:41
 hanisa
Самара ото эле кары корунуп калыптыр
28.04.2017. 23:14
 Nur4a_96
Молодец компьютерден жасалган эмес ыр ырдаш оңой деп ойлошот кээ бирлери андай эмес студияга барып голос жаздырат билип алгыла голос жаздырыш оңой эмес 15000миң болот
29.04.2017. 12:03
 Ashka
Сонун биздикилердики.
07.06.2017. 19:12
 aragorn11
Ыр жакшы абдан!!! Бирок Самаранын уну менен бети абдан жасалыптыр!!! Жакпады
05.08.2017. 04:21
 Asem89
Ыр жакшы экен,жакшы ырдашыптыр.Клипте Самара женил макияж жасатса болмок,жаш кыздын образына ылайык. Анан обручалкасын чече турса болмок,бул ото чон ката деп ойлойм.
26.08.2017. 05:41
 Zaki.79
Абдан жакшы ырдашкан
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: