Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Нурлан Насип, Самара Каримова "Бололу бирге"
Жанр:Поп
00:04:18
64,97 Мб
Жүктөлгөн: 26-03-2017


Ай сулуу аткан таңдай,
Көңүл учту сага карай,
Карайм карегимди албай...
Тилегиңиз жанга дос бекен?
Жүрөгүңүз али бош бекен?
Кечиктимби мен ай, билемин кандай?

Баатыр жигит болчу Абай,
Сендейлерди көргөм далай.
Анча, ашыкпаңыз андай...
Жүрөк ээси болуу урмат го,
Аны ачуу сизге кымбат го,
Ачкычын да албай,
Ачасыз кандай?

Кайырма:
Ачып алам, оңой жолу керек,
Ашык адам тапкыч болуу керек.
Максаттарын бийик коюу керек,
Эки жүрөк бирдей согуу керек.
Көзүңүздү жатка ыйгарбай,
Өзүңүздү бекер кыйнабай.
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!

Кабагыңа конгон Күн-Ай,
Карегиңе толгон чырай,
Сени шүгүр берген Кудай.
Сезимиңди арнап келсең ай,
Эркелеген менин эркем ай.
Бакытты далай, көрөлү ары карай.

Эркелетип эчен курдай,
Кылыгыма жүрсөң чыдай,
Бактылуу боломун тынбай.
Сен болосуң менин шерим ай,
Мен болоюн сенин теңиң ай,
Сүйүүмдү арнай, жүрөйүн талбай.

Кайырма:
Ары жагы биздин багыбыздан,
Арылалы жалгыз жагыбыздан.
Сагыналы ойлоп таңыбыздан,
Табылалы дайым жаныбыздан.
Көзүбүздү жатка ыйгарбай,
Өзүбүздү бекер кыйнабай,
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!
  • Currently 4.20/5
(15 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (61)

26.03.2017. 14:33
 doping
Жакшы ото жакшы.
26.03.2017. 16:27
 Ulan2601
Зынк
26.03.2017. 17:00
 momuntay
Самара унуно озгочолук жаратыптыр. Ырдоо тембрине дейбизби. Айтор жакшы чыгарма болуптур....
26.03.2017. 17:45
 Ronaldo.99
Зынк
26.03.2017. 19:13
 Nur0701
Сонун ийгилик
26.03.2017. 19:13
 Targarien
Самара унун компьютерден жасатып коюптур Бирок жакшы
26.03.2017. 19:30
 Nazi_92
казах озбектерге караганда соонун ырдашыптыр
26.03.2017. 19:59
 tuigan.
Экоо тен чыныгы таланттар.Дуэт жакты.эн сонун!Ийгилик
26.03.2017. 20:10
 Sofy
SUPER!
26.03.2017. 20:50
 kyrgyz_jigitsh
Жакты мага лично
26.03.2017. 20:56
 anuvar0903
жакты мага
26.03.2017. 21:27
 Mekush87
Сонун болуптур.Асель Кадырбекова не болгон ал менен деле ырдаса болмок,суйуктуусу да Нурландын.
30.03.2017 18:53
Tyty1990
Mekush87, аселдин үнү жетпейт бул ырга
26.03.2017. 21:33
 mersedes2013
Абдан сонун дует болуптур.Азаматсынар!
26.03.2017. 21:52
 kerim.007
Жакшы ыр ийгилик!!!!
26.03.2017. 23:02
 Sara9090
Керемет болуптур угуп эс алдым ,экоо тен сонун ыргаган мындай ыр клип коптон бери чыга элек болчу кыргыз шоу бизнесинде
27.03.2017. 01:02
 Fantastika
Клип жаккан жок,Самара унун аябай эле ичке болуп калыптыр.Башка дуэт жаздырсанар болмок которбой эле.Самара татынасын да бирок неге картан кишиге тийип алдын
27.03.2017. 01:09
 Jaziel
Аябай жакты соонун. Самара чонураактай корунуп калган Нурландан. А так супер.
27.03.2017. 02:39
 atai9292
Ырдыгооо жакшы ырдашкан бирок өзбектердин ырын уурдабай эле өздөрү чыгарып ырдашса жакшы болот эле
27.03.2017. 08:50
 Tolkunay
соонун болуптуур!Азаматсыздар!мага жактыы))
27.03.2017. 08:56
 nazgul90
А Жаны изденуу кылсанар болмок озбек казак еми кыргыздар ырдап чыктынарбы эски ырды.
27.03.2017. 10:49
 Нуркыз Курманбек кызы
жакты, плагиат болсо деле создорун жакшы которушуп татыктуу эле ырдашыптырго...жакпады фууу плагиат дегендерге кошулбайм. Вот Омардын "журогум менин" деген ырынын клипи болбогон плагиат (актерлордун ойногонунан кулкун келиет ))
27.03.2017. 14:39
 Musulmanka8585
Кыргыздар менен Озбектердин клиптери эмнеге окшош!Тушуно албайм ким кимден уурдайт клиптерди.Асель Кадырбекованын Башканы жаным дебе клиби Озбек ырчысы Зиеданын Яхши Кол деген ырына окшошуп кетет!
27.03.2017. 16:08
 ahiles
моледец боло берет

азыр баары уурдап атат бирин бири
Модератор admin_media түзөттү 2017-03-27 16:56:20
27.03.2017. 21:03
 morelubvi
Сонун дуэт экен...Уч тилде тен жакшы аткарылган,ар бири озгочо.
28.03.2017 21:42
asylzat_meka
morelubvi, башка тилдегилер кандай аталат? кантип тапсам болот? айтып коёсузбу?
28.03.2017. 01:54
 
Geroy
Ozubek menen kazaktar bir jeri menen kulot alardyn atkaruusu muzukasy asmandai bular multik bolup kalyptyr chyndykty suilogulo kowomattykty toktotup ozunor maktai berbei
28.03.2017. 08:21
 MinuTolik
Sooonun jakty
28.03.2017. 12:34
 Benazir08
Сонун болуптур. Самара өтө назданыптыр го чиркин Айчүрөк Иманалиева жолдо эле калыптыр көз ирмеш боюнча...
28.03.2017. 17:52
 myskal.abdrazakova
Самара азаматсыз ырдадыныз мага жагат
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: