Нурлан Насип "Сауле"
Жанр:Поп
00:04:21
53,41 Мб
Жүктөлгөн: 08-06-2016


Сөзү:Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону:Нурлан Насиптики

Жылдыздай жанып, жаркыраган,
Жаныңа мени тартып анан,
Жел сымал учуп жок болдуң жаным.
Жактырып айдай жамалыңды,
Жоготуп бирок кабарыңды,
Жалындап күйгөн от болдум жаным.
Айтчы азыр кайдасың?
Таппай жүрөк айласын.
Кайда, кайда, кайда?

Кайырма:
Саулем ай менин, сагындым мен,
Санаамдасың өзүң Сауле.
Сагыныч отуна багындым мен,
Самап келем сени дагы эле.

Көрсөтпөй сулуу ажарыңды,
Көбөйттүң ичте азабымды,
Көп жерден сени издеймин жаным.
Бараткан жолду жарык кылып,
Бактымды сага салыштырып,
Бир сенден үмүт үзбөймүн жаным.
Жүрөктөгү бир пери,
Мынча сүйгөнмүн сени,
Сени, сени, сени...

Кайырма:
  • Currently 4.00/5
(12 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (35)

08.06.2016. 19:29
 Asema89
Лосинасы укмуш гоо. Жылдызбектин ырлары болбой калыптыр.
08.06.2016. 19:30
 Geroy
Жоодарбешимдин Саулеси гоо. Кыргыздын кыздары калбай калса да.
08.06.2016. 20:51
 Nur0701
Мага жакпады эх
08.06.2016. 21:40
 Beka95
Бул ырын гастролдон келип эс алып олтуруп шаша буша жазган болуш керек. Радиодон укканда такыр жаккан жок. Бирок клиби жакты. Нурлан Насиптен мурункудай Маякчы карындаш же Эркелетсемби сыяктуу ырларды кутобуз. чыгармачылык ийгилик.
08.06.2016. 22:54
 Aksy-13
казак кыздардын эмне тиешеси бар? Жакшы ыр и жакшы клип болуптур озгочо клиптин идеясы жакты болгону Нурлан кыздарга окшоп кийинип алгандай корунду а так машинанын устундо ырдаганы жакшы чыгыптыр.
09.06.2016. 03:00
 venka8484
жакпады
09.06.2016. 08:05
 takowa_tyratbekovna94
Жакшы жарайсын азамат
09.06.2016. 08:26
 ademi92
Лично мага жакты клиптин идеясы
09.06.2016. 09:25
 elli_88
кыз менен бала жакты эко тен сулуу экен бала бадыеванын клипиндеги балаго качок болуп калыптыр
09.06.2016. 11:33
 TillaevaArzykan
сонун чыгыптыр
09.06.2016. 16:20
 mirlan15
Жакшы молодец! Как будто кинодой болуптур
09.06.2016. 17:08
 osor
Клип аябай соонун болуптур,0 ырда аябай уккулуктуу, мындан аарыда хит ырларды жарата бериниз.
09.06.2016. 20:41
 BubleGum
Super, silerden suranich, commentterge da smaylikterdi koygulachi ))) Anan irdin teksti oto nachar ((( Chika, Asil, Asemalardi koldoym. Tushunuksuz tekst. Shashilishtay jazilgan. Anan Nurlan inime bir sunuw, eger okusa...Momunday but kiyim kierde kichine stilist menen ishteshsen. Ozun boyu kiskaraak balasin da, achik tus butunun kiskaligina basim jasap koyuptur ( Birok, talanttuu balasin. Akindar menen iwtewkwnde tanda, jerdewim dep ele akene jarmawip albay )))
09.06.2016. 21:03
 Samat-89-kg
Ыр клип отлично. Просто Нурлан жаны алган окшойт кийип тургандарын..
09.06.2016. 22:11
 joker007
Жакшы ыр экен имиджин озгортуптур да баары жакты нормально жердеш сыймыктанабыз сен менен!!!
10.06.2016. 09:55
 Keremet008
Кой Нурлан плащың жарашпаптыр. Өзүң сөөк саактуу болсон кийсен жарашмак. Ыры да анча эмес бирок калган ырларыңы көп угам
10.06.2016. 13:34
 Bahira
Бир жакса олойун ушу ыры озунун деле купулуна толбосо керек бирок клипке+++5555
10.06.2016. 23:01
 apazov01
сауле эле болсо казак ызга таандык болобу я кызык адамдар коп э жетишпегендер
10.06.2016. 23:43
 hello.kg
Менда тан калып отурам.жакшына кийинсе болмок.клиптин идеясы жакшы.ыр жакпады.
10.06.2016. 23:58
 Jazim93
Клип жакты ...
11.06.2016. 03:24
 karashkin
Баары эле байкап жатышса керек Нурлан Насип "жылдыз" оорусу менен ооруй баштады. Уну деле жок, ырдай албайт. Болгону жакшы ырларды, обондорду чыгарат.
11.06.2016. 18:21
 miss.aselya
Нурландын акыркы ырлары атылып кетти.
мурундары башкача жазат болчу ырларын.
уже сезону кеттат
себеби 2015 хит болдуле го
эми башкаларга орун берсе да болот.
11.06.2016. 22:40
 ulin
клибин казактар финансылап берсе керек да.
15.06.2016. 02:18
 SOLITARY
сумерки
16.06.2016. 06:33
 svan
Джейкоб го)))
26.06.2016. 10:50
 alfa96
брат не очень окшобой калыптыр бирок башка клиптерге базар жок
28.06.2016. 10:20
 miss-998
Мага вобщее клип да ыр да жакпады... Нурландын бирок стили сонун жарашыптыр озуно
08.07.2016. 15:43
 Usow
Жуда кызык болуп калыптырго ха ха ха
22.09.2016. 14:04
 GORDIY.KG
биринен окшош бири
05.10.2016. 15:43
 anya
Ыр казактардыкыбы ?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: