Жумагүл Раимжан кызы "Бир келип кетчи Ош жакка"
Жанр:Эстрада
00:04:49
28,85 Мб
Жүктөлгөн: 07-10-2011


Сөзү:А.Урбаевдики
Обону:А.Төрөбековдуку

Саратан күчөп турганда,
Жамгырды чөптөр күтүшөт.
Жаз келип сайран курганда,
Ак кууну көлдөр күтүшөт.

Кайырма:
Э-эй жылмайып көңүл эргиткен,
Жаныңдан өзүм садага.
Күтүүсүз келген бакыттай,
Бир келип кетчи Ош жакка.

Суу болуп алып аксам деп,
Мөңгүлөр күндү күтүшөт.
Ааламга жарык чачсам деп,
Жылдыздар түндү күтүшөт.

Кайырма:

Азапка батты жүрөгүм,
Жолугар жомок күндү эңсеп.
Зарыгып сени күрөмүн,
Сүйгөнүм сендей жанды эңсеп.

Кайырма:
Э-эй наздана карап сүйлөгөн,
Жаныңдан өзүм садага.
Күтүүсүз келген бакыттай,
Бир келип кетчи Ош жакка.
  • Currently 4.56/5
(36 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (42)

07.10.2011. 11:44
 Akyikatchy
Кичи мекеним Таласта жайгашсада, 3000 жылдык тарыхы бар асыл жергем Ош жергесин кыдырып коргонго куштарланып журом.Карегимде катылып ал жакка болгон кусалыгым кун санап алоолонуп барат.Турмуштун майда-барат туйшугунон арыла албай,кече жакындагы оор кырдалдан алган жаратынын абалын сурай албай жургонум учун окунуп журом.Буйруса жакында созсуз барам.
08.10.2011 13:00
emil
Akyikatchy, Рахмат сизге.Биз кубаныч менен тосуп алабыз))
07.10.2011. 16:02
 KULI
tyitalandagan kym bul,oisondoit go ozuncho ele!
07.10.2011. 16:55
 ulutchul
Эн кооз шаарлардын катарын толуктап турал, албетте Сулайман-тообуз менен.3000мин жылдык тарыхы менен.Ош туболук шаар!
07.10.2011. 17:20
 aminali
Сонун мага абдан жакты,Кайрыгүл деген ырчыга да окшоп кетет экен.Үнү сонун тырталаңдабай эле сонун болуп турат ко, бизди Ошко чакырып жаткандай сонун берилип ырдаптыр.Буйурса барабыз Ошко.
07.10.2011. 18:24
 bokonbaev
Ehh Tuulgan jerim Owumdu sagydyyym :)
07.10.2011. 20:54
 ERMANI
3 jyl murun Ordoluu Osh shaarym menen koshtoshoordo tunu menen jalgyz shaardy aylanganym esimde.Buyrusa bir baryp kelem Osh jakka.Yr ukmush.Barakelde.
08.10.2011. 00:21
 avazik
Moskvada jurup oshtu sagindim buirusa barir kalam go
09.10.2011. 04:11
 Muratbei
Kana emese,mp3 shiltemesin ortogo tashtagyla tuugandarym.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: