Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
Ас саламу алайкум ! Урматтуу мусулман боордошторум, баарыбыз билебиз жакынкы күндөрдө аябай күнөөлөргө толгон, кечирилгис Ширк амалдар менен кооздолгон , миллиондогон адамдарды тозоко жетелей турган ,каапырлардын тынымсыз аракетинен улам кээбир мусулмандардын да аң сезимдерине терең орношуп калган коркунучтуу "Жаңы Жыл" аттуу күн келет .
Негизинен Жаңы Жылдын Шариатта Харам экени тууралуу соц.тармактарда көп эле макалалар жүрөт жана бул маселеге токтолуунун кереги жок деп ойлойм .
Бирок ошол эле учурда сиздерге кээбир нерселерди эскертип кетүүнү абзел көрдүм.
31 - декабрь күнү Каапырлардын көз карашында майрам , жана бул күндө белектер беришет, жакындарын куттукташат, эски нерселерди ыргытып жаңы нерселерди сатып алышат ж.б.у.с. Бирок кээбир мусулман бир туугандарыбыз билбеген абалда, 31-декабрь күнүн майрам деп баалабаса да майрамдаган адамдар менен барабар күнөөгө барып калышат . Бирок кантип?
Баарыбызга белгилүү, бул коркунучтуу күндө негизинен көпчүлүк үй - бүлөлөр "Үндүк" союп , "Оливье" салат жашап же болбосо көп өлчөмдө "Мандарин" дастарконго коюшат . Чындыгында бул майрам Шариатта арам болгондон кийин, майрамга аталган баардык нерселер арам болуп эсептелет .
Андыктан 31 - декабрь күнү майрамга атап кылбаса да , бирок башка адамдар жасаган иштерди (салют жардыруу, үндүк союу, салат кылуу, куттуктоо , жакындар менен чогулуп отуруу) жасаса, мейли анын ниетинде майрамга атабаган болсо да майрамга аталган болуп эсептелет жана толук арам. Бул күндө дастарконго күндөгүдөн өзгөчө нерсе койууда арам . Башка күндөр кандай өткөн болсо , бул күн да алардан айырмаланбаган абалда өтүүсү зарыл .
Көпчүлүк туугандарда кездешип калат , "майрамга деп эмес , жөн гана досторубуз менен отурабыз" - деген сыяктуу куу сөздөр. Мындай нерсенин баары харам .
Бул менин мусулман катары сиздерге билгенимди эскертүү милдетим . Эгер дагы кандайдыр суроолор болсо "Комментарий" ге жазыңыздар, мүмкүн болушунча жооп берүүгө аракет кылабыз!
Ас саламу алайкум !
Исламдагы №1 Аллах кечирбей турган куноо ширк амалдары (Аллахка шерик кошуу) толгон. Аллах Куранда, Ниса суросу, 48-аятта: "Аллах Озуно бир нерсени шерик кылуусун кечирбейт. Мындан башка куноолорду каалган пендеси учун кечирет. Ким Аллахка ширк келтирген болсо ото чон куноо ойлоп тааптыр" деп эскертет.
1. Аллах мусулмандарга жердеги биринчи уй болгон Каабаны гана айланып товаб кылууга уруксат берген. А шайтан ага каршы чыгып карагайды кол кармаштырып айландырып шылдындап койду.
2. Жаны жылдагы дагы бир чон ширк, чон афера бул аяз ата. Сезими таза жаш балдарыбызды озубуз алдамчылка уйротобуз. Кызыл тазыл кийинген, мурду кызыл, жасалма сакал тагынган «шайтан» тилегиниди, дуанды орундатат деп, ага кат жаздырабыз. Жаш баланын Аллахка болгон ишеним, акыйдасын бала чагынан талкалайбыз. Шайтанга ушул гана керек. Ал биринич ширке туртот. Исламда ким Аллахтан башка бир нерседен жакшылык кутуп тилек, дуа кылса ал чон ширк кылган болот. Исламдан чыгат, Аллахтын динине капыр болот
5. Ысрапкорчулук. Бир эле мисал : жарым саатта асманга атылган Кытайдын фейрверктерин алууга гана Кыргызстан эли 3 миллион сомдон ашык каражат кетирет.
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.