Музыка: Жанна Бакирова - Жүрөктү жүрөк тандасын
00:03:03
17,92 Мб
Жүктөлгөн: 06-02-2012


Сөзү:Т.Кожомбердиевдики
Обону:М.Акматовдуку

"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
Кайгыны ойго илбейли,
Карылык эмне билбейли.
Канакей, жаштар, эмесе, ай,
Калкылдап эркин бийлейли.
Кылчактап улам күймөнүп,
Кызарба, курбум, сүрдөнүп.
Кел, кошул биздин катарга,
Кетесиң кийин үйрөнүп.
На-на, на-на, на-на, на-на,
На-на, на-на, на-на, на-на.

Күүлөрүн төгүп жиберип,
Музыка алат имерип.
Коомайлап белден кармасаң, ай,
Колдору болот билерик.
Жүрөктү жүрөк тандасын,
Сүйгөндү сүйгөн жандасын.
Билинбей кай бир уяңдар,
Бийлебей четте калбасын.
На-на, на-на, на-на, на-на,
На-на, на-на, на-на, на-на.

Бир-бирин сүйкүм карашып,
Буттарга буттар жанашып.
Кыз-жигит бирге бийлесе, ай,
Карачы, кандай жарашык?
Жаштыктын ыры махабат,
Жаштарга нурун таратат.
Жаш кезде ойноп гүлдөгөн,
Жаштык кез өтүп баратат.
На-на, на-на, на-на, на-на,
На-на, на-на, на-на, на-на.
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (1)

07.02.2012. 03:26
 FIRDAUS
фууууууу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Трейлерлер
Мыскыл жана тамаша
Кино, ТВ, телешоу
Кырсык жана согуш
Музыка
Мультфильмдер
Спорт
Илим жана техника
Авто жана мото
Жарнамалык роликтер
Жаратылыш
Оюндар
Саясат
Достор менен
Өнөр жана чеберчилик
Видеоблог
Үй-бүлө
Салтанаттар
Саякат
Эротика
Аралаш
Жаныбарлар дүйнөсүндө
Дин
Балдар дүйнөсү
Шоу дүйнө
Турмуш
Аниме
Ашкана
Мода жана стиль
Жаңылыктар
Сериал
Кылмыш жана жаза
Бий дүйнөсү
Караоке
Сынак. "Супер-Инфо"
Сулуулук
Ден соолук
Концерттер
Видеосабактар
Айтыш жана дастандар
Пайдалуу кеңеш
Super.kg 10 жашта
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: