Султан Садыралиев "Асыл жарым"
Жанр:Поп
00:03:33
45,68 Мб
Жүктөлгөн: 05-06-2014


Сөзү:Акбар Кубанычбековдуку
Обону:Чыңгыз Турдубековдуку

Курчап турган дүйнө көңүлгө жагып,
Бактылуумун бүгүн өмүрдө жанып.
Кармаймын учурбай, колумдан келет,
Сезимден, сүйүүдөн ак жолук салып
Сүйөмүн сени...

Кайырма:
Асыл жарым, сулуусуң, тунуксуң,
Асыл жарым, өзгөлөрдөн сүйкүм.
Башкачасың, башкалардан аруу,
Таптазасың, асыл жарым менин.

Сөз менен айта албайм сезимди сага,
Тартуула таңыңды, кечиңди мага.
Дүйнөнү колума салгандай азыр,
Толкун болуп турган кезимди кара.
Сүйөмүн сени...
  • Currently 3.95/5
(19 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (46)

06.06.2014. 00:01
 sambo
Эң соонун Дагы дагы ийгиликтерди каалаймын...
06.06.2014. 00:18
 rayana86
Ozunun ele jaryn tartsa jakwy bolmok
06.06.2014. 08:41
 jasi
Супер! Мээрим менен берилип ырдаптыр го! Азаматсыз, ийгилик!
06.06.2014. 09:21
 burka
султандын ар бир мимикасы мага жагат аябай каттуу суйом Султанды. жубайы менен бактылуу болгонун коруп мен да бактылуу болом. эки баласынын бактына туболуко бир болушсун
06.06.2014. 10:10
 Akma
Сонун клип болуптур, азаматсын Султан! Онорун оркундой берсин! Уй-булон менен ар дайм бактылуу бол!
06.06.2014. 10:37
 aryshka
клип жакшы бирок озу чарчап калгандай ырдап койгон го
06.06.2014. 13:45
 bela77
Кыскасы клип начар, Султан атылып кетипсиң го)жакшы эле каражат жумшасаң болмок экен
06.06.2014 15:06
burka
bela77, Сен берип турбайсынбы акча жардам корсотуп кичине??? сенин акчан кобурок окшойт
06.06.2014. 15:56
 kirpik
чындап эле ыры болбой калыптыр
06.06.2014. 16:13
 brilliant
Ушу Сыдыков башкалардын эмгегин жамандап,озундукун мактагандан уялсан боло.
07.06.2014 22:33
kg5stan
brilliant, сыдыковту мен мактап жаздым мен москвадамын ал килиптерди сапаттуу тарканын элдин баары билет
07.06.2014 22:48
brilliant
kg5stan, ха ха бул жерде актанып кереги жок.Mediastarдын эмгектери ашса ашат, бирок кем калбайт.
06.06.2014. 17:15
 begusia
Качество клипа жакшы,бирок кечке эле Султанды карай берип жадап кетет экенсин..
06.06.2014. 19:38
 Nurzada88
Эн жакшы клип
07.06.2014. 00:33
 Leo.
Love him
07.06.2014. 02:53
 AMAH-2
Клип дагы ыр дагы сонун.Азаматсың!
07.06.2014. 09:17
 suyom_seni
азаматсыз!!
07.06.2014. 19:49
 aika_sv
Аябай жакты деп айта албайм. Чындыгында эч кандай идея жок шашып эле тартып койгондой.
07.06.2014. 19:59
 kai008
Ырдын маанисине кобурок конул койсо жакшы ырлардын Бири болмок жакпады
07.06.2014. 22:47
 Siuz
Уйдун куту эне деген жакшы соз бар эмеспи... Султан азаматсын бул ырды оз жубайына арнадын деп ишенем. Ар дайым жубайына жакшы создордон айткандан тажаба. Себеби ысыгына куйгон,суугуна тонгон бир гана Энен жана жубайын. Ар дайым сыйла демекчимин. Уй-булоолук бакыт,чыгармачылык ийгилик каалайбыз!
08.06.2014. 13:45
 ferrari1
плохо!----
08.06.2014. 20:53
 altair070
02-44минутада... оооууу топчусу узулуп кетет го,таарт курсакты айланайын.атак тамаша сонун болуптур.
09.06.2014. 04:05
 melek1
sultan baike toluptur.jarawat eken.jenebiz jakwy bagyp jatsa kk da anan owol jenebizge kantip yr arnabai koisun.sultan baikenin turuwunan korunup turat jenenin jakwy adam ekenin.ayal jakwy er jakwy deit.baktyluu bolup baldarynyn jakwylygyn koruwsun.klip jakwy,yr da jakwy.ar kimdin tabiti ar kandai ar kim oz oiun jazuuga ukuktuu.biroonu kemsintkenibiz tuura emes
10.06.2014 01:36
sumaya
melek1, 100% кошулам,чынында толгон жакшы жарашыптыр ......
09.06.2014. 08:41
 elim_bar_bol
Султан Садыралиевдин туубаса талантты, уну бар!
09.06.2014. 16:02
 matatas
Ыр жакшы. Султан жакшы ырдаган. Бирок клип ото эле арзан тойдогу монтаждай болуп к алыптыр. Биздегилер к ачан жакшы клип тартасынар?Ким тартсада кайра акчан Султан.
11.06.2014. 02:43
 Bako.baike
Ат арабасы окшошуптур бирок шофёры окшошпоптурда
12.06.2014. 06:35
 melek1
Super.kg,sultandyn jany kyrgyz biyi degen yryn kirgizip koigulachy
15.06.2014. 15:02
 gulzatka91
Мага ырда клип да жаккан жок.
19.06.2014. 10:57
 dastan_nookat
Жакшы Эле!!!!
27.06.2014. 14:15
 bayti
Анча эмес
11.09.2014. 00:57
 timur1995
Аябай жакшы
02.01.2015. 13:07
 admin_media
Ibragim864,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
15.10.2015. 12:51
 ayzyrek89
Ыр сонун. Султан байкенин унуно базар жок. клип ото эле сапатсыз болуптур
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: