Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Султан Садыралиев "13 жашар баланын арманы"
Жанр:Поп
00:06:07
74,53 Мб
Жүктөлгөн: 15-10-2015


Сөзү:Какен Алмазбековдуку
Обону:Мурадил Сагыналиевдики

Ата, каныңдан бүткөн баламын,
Кабыл ал айткан саламым.
Көңүлүм канча калса да,
Көзүмдөн учуп карааның.
Көрүнүп “жарк” дей түшсө деп,
Көп зарлап жолуң карадым.
Көргөн бир күнү курсунчу,
Ата, тирүүлөй жетим баланын.

Туягын тулпар кордойбу,
Тууруна туйгун конбойбу?
Бөлүнгөн кайта бириксе,
Бөксөргөн нерсең толбойбу?
Укканың барбы, атаке,
Уясын бузган торгойду?!
Томуктай ошол макулук,
Ата, торгойчо болсоң болбойбу?..

Балалуу көлдүн өрдөгүн,
Баласы үчүн өлгөнүн.
Бүк түшүп өлгөн бала үчүн,
Бүркүттү дагы көргөнмүн.
Асырап бала бакпаган,
Айбандын бирин көрбөдүм.
Жылдыздай жанган балаңды,
Ата, жырткычча неге көрбөдүң?!

Барчын да канат сабалап,
Бала үчүн кылат далалат.
Айланып алыс кете албай,
Ак куу да бала каралап.
Атсаң да болбой, айкырып,
Аюу да коргойт мамалак.
Атаке, сендей боору таш,
Деги адамдар кантип жаралат?!

Апам чыгарып күчүн жашка эле,
Чыдамыш болот жакшы эле.
Бир кокуй неме экениң,
Билсечи байкуш башта эле.
Сендеги сырды ал кезде,
Сезбесе керек жаш неме.
Убалдан коркуп койбогон,
Ата, ушунча бооруң таш беле?!

Ар кимден ушак кеп угам,
Башка аял алды деп угам.
Баарынан бирге ойногон,
Балдардан жаман корунам.
Тосушса балдар атасын,
Томсоруп айла жогунан.
Тойпоңдоп чуркап мен деле,
Ата, тосчу эмес белем жолуңдан?!

Турмушта болот салтанат,
Турса да гүлдөп чар тарап.
Ызы-чуу түшүп биздин үй,
Мас болуп баарын талкалап.
Томкоруп тоону келгенсип,
Жатчу элең кээде чалкалап.
Анда да байкуш апакем,
Сенин айыбыңды турчу калкалап...

Боору таш сендей жаралган,
Болбостур деги адамдан.
Айыгар күнүм бар бекен,
Ачышкан жүрөк жарамдан?
Убалдан коркпос жанагы,
Таш жүрөк немең жаңы алган.
Апамдан өйдө көрсөң да,
Кантип анча өйдө көрдүң балаңдан?

Ичине түшүп жалындын,
Ичигиңди далай жамындым.
Сыздатса балдар “жетим” деп,
Сынганын айтпа шагымдын.
Жоготкон деген атасын,
Жогу да менин багымдын.
Жыттатып койчу бир келип,
Атоу, жытыңды абдан сагындым.

Бак-таалай мага мунарык,
Баратат улам тунарып.
Канчалык бүтөт десем да,
Кайгыга кайгым уланып.
Кайгынын жетпей түбүнө,
Кетти окшойт катым чубалып.
Ушунун баарын сен келсең,
Ата, унутпайт белек кубанып...
  • Currently 5.00/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (11)

15.10.2015. 11:50
 like
Баланарды тируулой жетим кылбагыла
15.10.2015. 12:10
 Daiza
Кандай гана маанилүү ыр, клип...
15.10.2015. 12:13
 atai9292
Соонун ыр соонун клип
15.10.2015. 14:34
 strelok
Аталарга энелерге да кудайым ынсап берсин эч качан балдарды тируулой жетим кылбагыла.Ата эненин орду биз учун эн чон байлык.
15.10.2015. 14:57
 Guljamal_2116
Журокту сыздаткан ыр,жан-дуйном элжирейт.Султандын бардык ырларын суйуп угамын,бирок акыркы убакта коп эле корунбой калды.Кантсе да кутобуз,жаны ырлары мн.Чыгармачылык ийгилик,уй-булолук бак-таалай каалайм!
15.10.2015. 15:55
 noeli
Иий ырас жуктопсунор сонун ыр сабак боло турган.Дагы уландысы сыяктуу ыры бар эле го ошону да жуктогулочу сураныч.
15.10.2015 16:24
Daiza
noeli, анын ыры эле барго дейм 43 жашар баланын арманы" www.super.kg/media/audio/76885/
15.10.2015. 21:44
 Abdyrashit.Satylganov
Бир убакта аябай пайдалуу болгон эле.. Дастанын уксанар аябай сонун
17.10.2015. 22:02
 aikol87
Клипти коргон сайын ыйлайм.
19.10.2015. 19:09
 dastan_nookat
Жакшы тартылган!!!
01.11.2015. 14:30
 fittoniya
Созун жазган Какен Алмазбековго рахмат.Авторун жазганды унутпасанар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: