“АЗЫКТАР МЕНЕН КОШО КЫМБАТТАГАН СОЙКУЛАР»
№25610
Теңирден бакыт тилеп келген жаштарды тү­бөлүккө кол карматкан Бакыт өргөөсүнүн айланасы, сулуулуктун символу, бий өнөрүнүн ханышасы Бүбүсара Бейшеналиеванын атын алып жүргөн көчө жана дагы далай жерлер ичимдик, шайкелеңдиги аралаш сойкулардын уюгуна айланганы көп­чүлүгүбүзгө жаңылык деле болбой калган. Ошентсе да көчө кыздарына ыйык Орозо айы, учурда мекенибизди каптаган каатчылык таасир берген-бербегенин билмекчи болуп түнкү Бишкекти айланып чыктык. Аларды аралап жүргөндө «жакындарымдын карачечекей кыздарын көрүп каламбы» деген ой денени дүркүрөтүп жатты.
толугу менен
АКЫЙКАТТЫН ЖЕҢИШИ
№25800
Алкы бузулган алдым-жуттум бул заманда дале кесибине берилген, абийир, адамдыгын жоготпогон адамдар бар экендигине ыраазы болгон эненин шоролуу көздөрүнөн жаш сызылып барып токтоду. Бул күйүт-кайгысы аралаш кубанычтын жашы эле. Соттун өкүмүнөн соң колдоруна кишен салынган зөөкүрдү эки жагынан жулкулдата алып кетишкенин көрүп көксөөсү сууй түштү.
толугу менен
ЖАЛДАНМА КИШИ ӨЛТҮРҮҮЧҮЛӨР
№25900
Баарыбызга белгилүү болгондой, сойкулук – эң байыркы кесиптердин бири жана муну эч ким танбайт. А бирок, ошол кесип менен бирге эле дагы бир байыркы кесип жашап келет. Жок, ал кесип сиз ойлогондой өтүкчүлүк, темир устачылык же соодагерчилик эмес. Бул өнөр эч жерде жарыяланбайт жана коомго бир да пайда алып келбейт (кээде бул боюнча талашып көрсө да болот), бирок, аны баары билет. Мындай өзгөчө кесип бир нече аталыштарга ээ: аткаруучу, тазалагыч, киши өлтүргүч, кеңири жайылган англисче түрүндө...
толугу менен
МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ АКЧА ҮЧҮН ӨНӨГҮН АТЫП ТАШТАДЫ
№26000


"43 миң 750 доллар үчүн Карасуу райондук ички иштер бөлү­мүнүн кызматкери, лейтенант А.А. чогуу иштеп жүргөн өнөгүн атып салыптыр..." Өткөн аптада Карасуу шаарында катталган бул кылмыш көпчүлүктүн кулагын түрдүрүп, резонанс жаратты.

толугу менен
КҮЙӨӨСҮНҮН КОЛУНДА БАРЫМТАДА
№26100

Бул үйдө алты саат бою Жыпар эки баласы менен өзүнүн карачечекей күйөөсүнүн колунда барымтада отурду. Тун уулунун билегине ок тийип, анын жараатынан токтобой кан агып, жети жашар баласынын жүрөгү тирүүлүк үчүн жаналекетке түшүп алышып жаткан эле. Жыпардын жашырынып шашып-бушуп жазып жөнөткөн SMS билдирүүсүнөн улам Бакыт милициянын ыкчам-иликтөөчү тобун барымтадагы ашыгын бошотуу үчүн алып келе жатты.

толугу менен
«КЫЗЫЛ ШАПКЕЧЕН КАРАКЧЫ»
№26300

Күндүз милициянын кызыл шапкесин кийип, "эл коргоп" жүргөн бул эргул түнкүсүн эмне иш менен алектенээрин эки шеригинен бөлөк эч ким билчү эмес. Отузга жашы жете элек бул сулуучумак жигиттин моюнунда жети адамдын каны жатканын кесиптештери кечигип билишти.

толугу менен
МАХАБАТ АЗАБЫ ЖАНА КЫЛМЫШ
№26400

"Махабат соо адамды жинди кылып, акмакты акылдуу кылат" деген кеп бекеринен калбаса керек. Эки уулдун энеси, эр көкүрөк жигиттин сүйүктүү жары Кымбаттын мындан беш жыл илгери эле оозунан тамекиси түшпөгөн, арак ичип, сөгүнүп одоно сүйлөгөн кыз болгонун азыркы тааныштарынын эч бирөө элестете албайт. Балким, ошол калыбында кала берээр беле. Бирок, бул айымды азапка салган махабат алгач кылмышка...

толугу менен
ӨМҮР САКЧЫСЫНАН ӨЛҮМ ЖАРЧЫСЫНА АЙЛАНГАНДАР
№26600

Бул жеке менчик медициналык борбор абдан абройлуу, анан да жалаң элитанын өкүлдөрүн тейлеп, акысы асманга чыккан кымбаттардын катарында эле. Эгер өз ишине берилген кылмыш иликтөөчү бул борбордо иштеп жаткан доктурлардын иш-аракетин суу үстүнө чыгарбаса, күндүз ак халат кийип, адамдардын денсоолугу, өмүрү үчүн күрөшкөн доктурлардын түнкүсүн кандай иштер менен алектенишээрин көпчүлүк укпай, билбей жүрө беришээр беле, ким билет. Бул маалыматты уккан борбордун пациенттери, жалпы эле шаар калкы көпкө чейин ...

толугу менен
АБАКТЫН КАПКАНЫНАН АМАН КАЛУУ
№26900
Эр ортону элүүгө таяп калган Жеңиштин канга боёлгон сөөгүн өз үйүнөн табышты. Маркумдун денесине сайылган бычактан жубайынын бармак издери табылып, ал камакка алынды. Ошентип, отуз беш жаштагы аял бир нече жылга эркинен ажырап, абакка түшөөрү анык болуп калды. Бирок... Кокусунан ишке аралашкан адвокат тергөөнү таптакыр башка нукка бурду.
толугу менен
ЖАҢЫ ЖЫЛДАГЫ КАРГАША
№27000

«...Үч! Эки! Бир! Оо-о! Жаңы Жылыңар менен! Жаңы Жылыңар менен!..» Көңүлдүү компанияда шатыра-шатман түшкөн достор бирин-бири куттуктап, жүрөк толкуткан бул мүнөттөрдө Эрмектин ойлуу турганын байкашкан жок. Эрмектин алып-учкан ою кайрадан он беш жыл илгерки Жаңы Жыл түнүндөгү каргашалуу окуяга кетип, ошол окуя көз алдынан тасмадай чууруп жатты. Ошондогу каргаша болбогондо Жаңы Жыл башка адамдардай эле Эрмекке шаң тартуулайт беле, ким ...

толугу менен
АЗАПТУУ МАХАБАТ
№27200
“Камактагы Темиров, сиз бошсуз!” Ушул эки ооз сөздү нечен жыл бою күн санап, саат санап күткөн Эмил буркурап ыйлап жибербес үчүн көзүн жумуп, саамга былкылдабай туруп калды. Ошол замат көз алдына жалжал көз Айдайы келди. Бир топ жыл өтсө да, өзүнө тынчтык бербеген жалжал көзүнүн аны көрөөргө көзү жок экени оюна келген жок.
толугу менен
«МЕНИ ЭМИ АЛДАЙ АЛБАЙСЫҢ»
№27400
“Ийгилик кут болсун!”, “куттуктайм!” деген үндөр орто жаштагы айымдын кулагын жаңыртып, сулуу жүзү тамылжый бактыга балкып турду. Ушул тапта андан өткөн бактылуу да, ажарлуу да аял жок болчу. Аңгыча коноктордун үстүнө бою кичинекей, чымыр денелүү киши кирип келди. Колундагы бокалы шыңгырай жерге түшүп, өңү кубарып отуруп калган айымдан бөлөк эч бирөө бул жапалдаш бойлуу кишини тааныбайт эле...
толугу менен
АЖАЛ ТООРУГАНДАГЫ АМАЛ
№27600
Бир күнү Бишкекте, эртеси Москвада же бир көк ирим деңиз жээгиндеги курорттордун биринде эс алып жүрүп күн кечирген Айнура карапайым гана бүлөнүн кызы болчу. Аны мындай май көл, сүт көл турмушка кандуу бир окуя жеткизген. Тагыраак айтканда, өзүн ажал тооругандагы амалы жеткирген.
“ИЛГЕРИ КӨРҮП ЖҮРГӨНДӨЙМҮН, БИРОК...”
– Аскар, тигил айымды тааныйсыңбы?
Залдагы шатыра-шатман көңүл ачкан конокторду маашырлана ...

толугу менен
ЭЛДИК ЫҢКЫЛАПКА 3 ЖЫЛ ТОЛДУ
№28100
2005-жылдын февраль айында болгон депутаттык шайлоолор өтө ыплас өтүп, эл колдогон ...
толугу менен
«АКЧА ҮЧҮН ӨЛТҮРҮП, ӨРТТӨП ЖИБЕРГЕМ»
№28300
Шаарда белгилүү стоматологиялык клиникасы бар таанымал врач аялдын өрттөлүп, толук күйбөй калган сөөгү...
толугу менен
АЯЛЗАТЫ АСКЕРДИК КЫЗМАТТА...
№28400
Өмүрлүк жолдошуна күйүмдүү жар, балдарына мээримдүү эне болуу – ар бир аялзатына табият тарабынан ыроолонгон ыйык милдет. Биздин заманда мындай милдетти аркалоо менен бирге эр көкүрөк жигиттердин катарында аскердик кызматта жүргөн кыз-келиндер да бар. Бул ирет биз аскер кызматындагы аялдардын жашоосу менен таанышуу максатында Аламүдүн районунун Пригородный шаарчасындагы аскердик бөлүктү көздөй жол алдык...
толугу менен
КЫЛМЫШ, АШЫКТЫК, ӨКҮНҮЧ...
№28400
Күндүзү базардагы кампада иштеп, кечкисин шаардагы спорт клубда таэквандо менен машыгып жүргөн төрт баланын түнкү жашоосунан эч кимдин кабары жок эле. Балким, бир окуя болбогондо алардын кылмыштары ачыкка чыкпай, шаарда болсо каракчылардан жабыркагандардын саны көбөйө бермек беле, ким билет...
толугу менен
ҮЙ ЭЭСИН ӨЛТҮРГӨН СТУДЕНТ КЫЗ
№28500
Токко урунуп каза тапкан орус кемпирди жаш кыргыз кызы жерге берди. Өзү жалгыз чуркап табыт алып, көрүстөндөгү...
толугу менен
ҮЧ ОКУУЧУНУН ТРАГЕДИЯСЫ
№28600
Орусияда иштеп, алыста жүргөн аялга “тезинен кел, балаң оор абалда” деген коркунучтуу кабар жетти. Жалгыз уулунун...
толугу менен
ЗОРДУКТООНУ ӨНӨР ТУТКАН АҢГИЛЕР
№28700
Абийири таза, жаш, алсыз кыздарды зордуктап, кордоп көңүл ачкан эргулдарды ким деп атаса болот? Алар жигит деген...
толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: