АЛМАЗБЕК РАИМКУЛОВ: «Татыктуу эмес атаандаштын өзү болбойт»
№32600
Саналуу күндөрдөн соң Кыргызстандын желеги профессионал рингде дагы бир ирет желбиремекчи. Анткени кыргызстандык Алмазбек Раимкулов 7-февралда кезектеги беттешин өткөрөт. Атактуу мушкерибиздин рингге чыгарын угар замат дароо интернет аркылуу байланышканбыз. Беттешке кызуу даярдык көрүп жаткан мушкерибиз убакыт таап, биз менен байланышып, беттешке карата даярдыктары жана жеке жашоосундагы соңку жаңылыктары тууралуу айтып берди.
толугу менен
ОТ БОЛУП ЖАНГАН ООГАН АПААТЫ
№32800
2009-жылдын 15-февралында Советтик Армиянын Ооганстандан чыгарылганына 20 жыл болот. Бул согушка катышкан жоокерлерибиздин эсинен алаамат оту жанган көз ирмемдер менен оогандын ичине сыр каткан тоолору, баласын жоготкон энелердин көз жашы кетпей келет. Тарыхта кара так менен калган Ооган согушу тууралуу эскерүү назарыңыздарда.
толугу менен
ИЙНЕ-ЖИП, КАЙЧЫ КОЛДОНБОЙ ДА КИЙИМ ТИКСЕ БОЛОТ
№32800
Кийим тигүү үчүн эмне керек? Албетте, ириде кездеме, кайчы, ийне-жип. Бирок биз бүгүн сөз кыла турган айымга алардын зарылчылыгы жок. Бабалардын эзелтеден келе жаткан кол өнөрчүлүгүн улантып, жүндөн даярдалган кийимдери менен мен деген заманбап модельерлерди таң калтырып келе жаткан бул айым эч кандай жип-шуусуз кийим тигет экен.
толугу менен
ЖЕЛЕК КАЙТАРГАН ЖООКЕРЛЕР
№32920
...Ата Мекен, өзүңдү ардактайбыз, даңктайбыз,
Ата Мекен, өзүңдү өмүр бою сактайбыз...
Ар бир атуулдун жүрөгүндө Ата Мекенине болгон чоң сүйүү бар. Жашоодо кандай гана кырдаал болбосун, эли-жери үчүн жан берем деген жоокерлер арабызда жашап келишет. 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата баш калаадагы Ала-Тоо аянтында мамлекеттик желекти кайтарган жоокерлер тууралуу маалымат берүүнү туура көрдүк.

толугу менен
ӨТҮКЧҮНҮН ИШИ ДА,ТАПКАНЫ ДА АДАЛ
№33000
Илгертен эле эң керектүү кесиптердин катарына өтүкчүлүк да кирет. Акча тартыш болуп турган учурда көпчүлүк жаңы бут кийим сатып алуунун ордуна эскисин оңдотуп алууну туура көрөт эмеспи. Сыдырмасы бузулган, таманы тешилген же бир жери сөгүлгөн бут кийимдерге экинчи жашоо берген өтүкчүлөр тууралуу маалымат алууну чечтик.
толугу менен
КЫРГЫЗ ЭСТРАДАСЫНЫН ТАРЫХЫНАН...
№33002
Учурда жаштарыбыздын көпчүлүгү эстрада ырчыларын кумир тутуп, алар кийингендей кийинип, алар сүйлөгөндөй сүйлөөнү жактырышат. А бирок жаштардын ошол эстраданы түптөгөндөр кимдер экенинен кабарлары жок. Андыктан кыргыз эстрадасынын тарыхынан кыскача маалымат.
толугу менен
«АЙГЫР БАЗАР» ТУУРАЛУУ
№33200
Бүгүнкү күндө баарын сатып алууга болот. Жадакалса денени жыргалга батырган лаззатты да. Мындай кеп башталса эле көпчүлүк сойку аялдарды элестетишет. Бирок биз жигиттер тууралуу кеп кылмакчыбыз. Акча үчүн айымдардын каалоо-тилектерин аткарып, май көл, сүт көлдө өмүр сүргөн “жиголо”, “гейш”, “хастлер”, “чакырык боюнча балдар” же бизче айтканда эркек сойкулар тууралуу билгиңиз келеби? Анда төмөнкү макалага көз жүгүртүңүз.
толугу менен
ЭРКЕК СОЙКУ КЕРЕКПИ?ПОЖАЛУЙСТА...
№33230
Акыркы кездерде кыз-келиндерден тышкары, сойкулук менен кең далы, кер мурут эркектер да алектенип жүрүшкөнүн угуп жүрөбүз. Жеңил акча табуу менен күн кечирип, кыз-келиндердин каалоосун акчага баалап жүргөн эркек сойкуларды өз көзүбүз менен көрүп, чын-бышыгын билүү максатында иликтөө жүргүздүк.
толугу менен
БАЛАНЫН НИКЕСИЗ БОЙГО БҮТҮШҮНӨ КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?
№33300
Турмушка чыга элек кыздардын боюна бүтүп калган учурларды угуп-көрүп эле келебиз. Анан ал кыз «атасы жок төрөп койсом эл эмне дейт? Алдыртсам экинчи төрөбөй калсамчы?» деген ойлор менен алпурушуп кыйналары талашсыз. Дегеле бул көрүнүшкө ким күнөөлүү? Мындай суроолорго жооп табуу аракети менен бүгүн редакцияга бир нече адамды чогулттук.
толугу менен
ТЕМИР ТОР АРТЫНДАГЫ СУЛУУЛАР
№33300
Адамзатынын бирден-бир байлыгы – эркиндик. Ал эми тагдырдын ар кандай сыноолорунан улам эркиндиктен ажырап, абакта күн кечиргендер да бар. Бүгүн ушул жаатында кеп козгомокчубуз. Болгондо да гүлдөн назик болгон абактагы аялзаты туурасында. Буга белгилүү продюсер Назгүл Насиеванын №2 аялдар колониясында сулуулардын сынагын өткөрүүсү түрткү болду.
толугу менен
КӨЗҮ АЧЫКТАР ТАЙМАШЫ
№33300
Окурман, өткөн теманы улап көзү ачыктардын таймашын улантуу үчүн сапар алдык. Эгерде эсиңизде болсо өткөн санда 4 экстрасенс активдүү катышып берген эле. Бул жолу да 4 адам катышып, алардын арасынан тапшырманы так аткаргандар таймаштын экинчи этабына катышмакчы. Биздин бул жолку тапшырмабыз деле өтө жөнөкөй. Гезитибиздин мурунку сандарына чыккан бир макаланы актай баракка чыгарып аны тескерисинен коюп, бул макалада эмне тууралуу жазылганын айтып берүүнү өтүндүк.
толугу менен
КУТ ТОЛГОН НООРУЗ МАЙРАМЫ
№33340
Ошентип, дагы бир жылды артка таштап, элибиз менен чогуу мусулман элинин Жаңы жылына, жаңы күнгө багыт алуу алдында турабыз. Башкача айтканда, Нооруз майрамы босогобузда турат. Эмесе ушул майрам жөнүндө кыскача маалымат...
толугу менен
ЭРКЕКТИН КЕСИБИН АРКАЛАГАН АЙЫМДАР
№33410
Баарыбызга белгилүү болгондой, эне болуп, үйбүлө очогун сактоо – табиятынан назик жаралган аялзатынын негизги милдети. Ошого карабай эркектерге тиешелүү кызматтарды аркалап, алардан кем калышпаган айымдар да кездешет. Буга мисал катары дал ошондой айымдар тууралуу кеп кылалы.
толугу менен
2005-ЖЫЛ, 23-МАРТ. М.СУТАЛИНОВ: «К.Бакиевдин күнөөсү далилденсе, ага кылмыш иши козголот»
№33400
Мындан төрт жыл мурда, 2005-жылдын 24-мартында болгон окуялар бир эле Кыргызстан эмес, жалпы Борбор Азия мамлекеттеринин, дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө бурган. 2005-жылдын 23-мартында бир күндөн кийин бийликтин алмашарын эч ким так билбесе дагы, кырдаалдын адаттан тыш курчуп турганы жалпыга маалым болчу.
толугу менен
КУРМАНДЫКТАР – КУШ КАЛЕМДИН ЭЭЛЕРИ
№33500
Бийликтин төртүнчү бутагы болгон журналисттердин жашоосу кооптуу экени кимге сыр. Акыркы жылдары журналисттерге кол салуу кадимки эле көрүнүш болуп келүүдө. Кыргызстанда да куш калем ээлери арасында курмандыктар көбөйдү...
толугу менен
БАҢГИ ДҮЙНӨ
№33500
Кокаин, гашиш, героин жана башка баңги заттары канчалаган адамзатынын өмүрүн кыйып жатса, айрымдарга бул кирешелүү бизнес болуп саналат. Дүйнө жүзүндө баңги зат өндүрүү боюнча Ооганстан Мароккодон кийинки экинчи орунда турат. Ал эми Кыргызстан аны Евразияга таратуунун негизги транзиттик коридоруна айланганы баарыга маалым.
толугу менен
ЖЕҢИШБЕК НАЗАРАЛИЕВ: «Ар бир үйбүлөгө жүз миң сомдон...»
№33500
Бүгүнкү күнү Кыргызстандын коомчулугун гана эмес, биздин жакынкы кошуналарыбызды да президенттик шайлоо кызыктырып жаткан учур. Анткени Президенттик шайлоо ушул жылдын 23-июлуна белгиленди. Оппозициянын талаптарына карабай, президент шайлоого барабы же барбайбы так жообун бере элек.
толугу менен
АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: «Атамбаевди биз сатып кеткенбиз...»
№33500
Алмаз Шаршенович премьерликке барарда оппозиция кандай ойногону, көрө албаганы таза кызык, эй! Эл буларга ишенип жүрсө, а лидерлериң көшөгө артынан ыркырашып. Мындай иттиктин бетин Азике ачып келет...
толугу менен
МАИчи АЙЫМДАР АКЧАГА АЛДАНЫШПАЙТ
№33600
Ар бир кесип ардактуу. Айрыкча эркектерге ылайыктуу кесипти айымдардын өздөштүрүүсү мактоого татыктуу. Борбор калаабыздын негизги көчөлөрүндө жол эрежелерин көзөмөлдөөгө айымдар да туруп калганын байкасаңыз керек. Кээ бир айдоочулардын “кыздарга кармалсаң өлдүң, пара да алышпайт экен” дегенин угуп калабыз. Мына ушундан улам МАИчи айымдар тууралуу изилдеп көрүүнү туура таптык.
толугу менен
КЫРГЫЗСТАНДА ЖАҢЫ ЛИДЕР ПАЙДА БОЛОБУ?
№33600
Учурдагы президент шайлоого барабы же барбайбы? Ким ага татыктуу атаандаш боло алат? Ажо Башмыйзам ага шайлоого барууга жол берерин гана кыйытып айтып, шайлоого барарын же барбасын ачык айтпай жатат. Үчүнчү мөөнөткө барбасын гана жар салып келүүдө. Бул ирет жакынкы келечекте саясый айдыңда Кыргызстанды эмнелер күтөрү тууралуу кеп кылабыз.
толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: