|
|
№184 0 0
Бул жолу эл алдында ыңгайсыз абалда калып, ошонусу менен залды кыраан-каткырыкка бөлөгөн окуясын куудул Борончу Кудайбергенов баяндап берди. - Былтыр Бишкекке филармонияга концерт берген элем. Мезгил жай болгондуктан, ысык акактатып шайды алып турган кез болчу. Концерттин алгачкы күнүндө сахнада ары-бери кыймылдап, ырдап, жан тынбай сүйлөп жатып, терим моюнуман ылдый куюла баштады. Андан дагы оозумдун кургаганын айтпа. толугу менен №183 1 0
«Бешиликтин» куудул жигити Талант Анарбаев 1978-жылы 11-сентябрда Ош областынын Карасуу районунда туулган. Учурда ОшМУнун экономика факультетинде 3-курста сырттан окуйт. Бойдок. Эсиңиздерге сала кетсек, Талант Анарбаевди «Супер-Инфо» гезити окурмандары менен бирдикте «2005-жылдын супер куудулу» деп тапкан. толугу менен ![]() №183 1 0
Өзүнүн жагымдуу үнү жана чечендигинин аркасында көпчүлүк радио угармандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келаткан "Кыргызстан обондорунун" ди-джейи Чыңгыз Мырзаев менен тааныштырабыз. – Радиодогу алгачкы эфириң эсиңде болсо керек? – Мени эфирге эки күн даярдашып, үчүнчү күн дегенде эфирге жалгыз калтырып коюшту. Ошондогу эфир маалында толкунданып, тердегенимди сураба, мончодон чыккандай эле болдум... толугу менен №183 0 0
Баш калаабыздагы Спорт сарайында 27-28-апрель күндөрү эл сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келе жаткан жаш жылдыздардын бири Темир Назаров уюштурган концерт болуп өттү. Жарыяда белгиленгендей, билет баасы 100 сомдон ашкан жок. Келген эл залдын 90 пайызын ээледи. Концерт убагынан 15-20 мүнөт кечигип башталып жатты. толугу менен ![]() №183 2 0
Азыр жаш ырчыларда продюсер менен иштешүү «модага» айлана баштады жана дээрлик баарынын продюсерлери бар. Продюсер менен иштегиси келген ырчы менен продюсердин ортосунда кайсы бир жылга расмий түрдө келишим түзүлөт да, алар ошол келишимдин негизинде иштешет. Канча убакыт иштешет, аны өздөрү чечишет. толугу менен №183 0 0
– Сыймык Бейшекеев менин кумир туткан ырчым. Аны мен ырчылардын эң байы деп эсептейм. Анан анын "Мерседестин" эң жөнөкөй түрүн айдаганын укканда ишенген жокмун. Же чын эле Сыймык байкенин машинасы "Мерседес-190бу"? Салкынай, Бишкек. толугу менен ![]() №183 0 0
Жакында ордо калаабыздын спорт сарайында "Музыка бороону" аттуу чоң программадагы шоу-концерт өтмөкчү. Учурдагы эң популярдуу сахна жылдыздарынын башын бириктире турган бул концертти "Улуттук хит-параддын" алпаруучусу Алексей Филатов уюштурууда. Ушуга байланыштуу Алексейге жолугуп, маек курган элек. толугу менен №182 0 0
Алина Жетигенова жетектеген "Алина" аттуу эстрадалык топ жөнүндө сөз салсак, бул топто эрте келгени 15, кеч келгени 8 жылдан бери иштеп келе жатышат. Бул да болсо Алина эженин мыктылыгынан дейт топтогулар. Азыр бул топтун концерт коюу алдында турган убагы. Баарынын көзүнөн "көптөн бери көрбөй калган бишкектик көрөрмандарыбыз кандай тосушаар экен" деген толкундануу сезилет. Ушул топтун негизги курамын түзгөн чыгармачыл адамдар менен болгон маегибиз сиздердин назарыңыздарда. толугу менен ![]() №182 0 0
Сүйүктүү жылдыздарыңыздын кандай машина минип жүргөнүн, машинесине кылган камкордугун, деги эле автосүйүүчү катары билгиңиз келеби? Анда эмесе, айрым машиналуу ырчылар сиздердин назарыңыздарда... толугу менен №181 0 0
Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан эң көрүнүктүү кикбоксчулардын бири Канатбек Сыдыгалиев. Бул ысымы аттын кашкасындай таанымал "Куюн" кличкалуу Канатбекти элибизде билбегендер жоктур. Анткени, Канатбек көптөгөн ийгиликтеринин артында өз ысмын спорт тарыхына калтырып, эл сыймыгына арзып келет. Бир нече ири жеңиштери менен дүйнөгө атагы чыккан спортчу 1978-жылы 18-январда Талас районунун Арал айылында төрөлүп-өскөн. Кесиби боюнча экономист. Бойдок. толугу менен ![]() №180 0 0
Съездбектин азыр жылдызы жанып турган чагы. Анын "Эсимде», «Селки», «Алча гүлү» сыяктуу ырларынын сөзү менен обону бири-бирине шайкеш келип, кимди гана болбосун кайдыгер калтырбайт. Ушул керемет обондордун автору Съездбек 1980-жылы 2-августта Кочкор районунун Кызылдөбө айылында төрөлүп-өскөн. 11 бир туугандын кичүүсү. Бойдок. толугу менен №180 0 0
Дүйнөлүк сахна жана теле жылдыздары өздөрүнүн сырт келбетиндеги кемчиликтер жөнүндө айткандарын көп эле угуп жүрөбүз. Мындай теманын тегерегинде сөз козгоп, Айчүрөк Иманалиева, Нэля, Абдылда Иманкулов жана башка жергиликтүү жылдыздарыбызга кайрылганыбызда төмөндөгүдөй жоопторду алдык... толугу менен ![]() №176 7 5
Кыргыз эстрадасына кошулган жаштардын шары менен сахнада Султан Садыралиев деген ысым пайда болду. Көп кыздардын көңүлүнөн орун таба алган бул жаш ырчы Искусство институтунун элдик ырлар бөлүмүндө 2-курста окуйт. Султан беш бир туугандын кичүүсү. Бойдок. толугу менен |
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:
| |