«ЖЫЛДЫЗ ООРУСУ» МЕНЕН ООРУГАН УЧУРУҢУЗ БОЛДУ БЕЛЕ?
№19300

Чыгармачыл адам атак-даңкка жетиш үчүн болгон дараметин жумшаары баарыбызга белгилүү. Анан кээлери популярдуулукка жеткенде өзүн өзгөлөрдөн жогору санап, “жылдыз оорусуна” чалдыгып чыга келишет. Ушундан улам артисттерибиздин ичинде “жылдыз оорусун” башынан өткөргөндөр бар болду бекен деген кызыгуунун аркасында айрымдарына суроо узаттык.

ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА:
– Жок ай, антип өзүмдү...


толугу менен
САУЛЕ
№19300

Жакындан бери “Мама”, “Сауле” деген ырлары менен көпчүлүктүн сүймөн-чүлүгүнө ээ болуп келаткан, шоу дүйнөсүнүн эң кенже, келечектен көптү үмүттөндүргөн ырчы кызы Сауле менен тааныштырабыз.

Сауле 2000-жылы 21-августта Бишкекте төрөлүп-өскөн. Музыкадан тышкары парк аралап сейилдөөнү жана кур-булары менен ойногонду жакшы...


толугу менен
ЖАСМИН ЧЫН ЭЛЕ КҮЙӨӨСҮНӨН ТОКМОК ЖЕДИБИ?
№19300
Жасмин (Сара Манахимова) 1977-жылы Россияга караштуу Дагестандын Дербент шаарында төрөлүп-өскөн. Учурунда апасы дирижёр, атасы балетмейстер болгон. Жасмин 18 жашка чыкканда апасы оорунун айынан жашоо менен кош айтышат. Бул Жасминди жашоого өз алдынча кадам таштоого аргасыз кылган.

СЕНСАЦИЯЛУУ СУУК КАБАР
Жасмин өткөн аптада башынан алган...

толугу менен
Ильяз Абдразаков: «АРМАНЫМДЫ» УГУП КӨЗДӨРҮНӨН ЖАШ КУЮЛТУП ЫЙЛАГАН КЫЗДАРДЫ КӨРӨМ»
№19202


«Малыш» деген кличкасы өзү эле айтып тургандай, Ильяз азыркы популярдуу ырчылардын эң кенжеси. Көпчүлүк билгендей, ал ырларды кооздоп-түздөп, жасалгалап, кыскасы, өмүр берет. Башкача айтканда, аранжировка жасайт. Андан тышкары кулакка жагымдуу ырлары менен көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алып келүүдө.

Ильяз 1988-жылы 21-январда Кызылкыя шаарында туулган. Эки бир туугандын улуусу. Бойдок.


толугу менен
КЫРГЫЗ ТИЛИН КАНЧАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ БИЛЕСИЗ?
№19200

Кыргыз шоу чөйрөсүндө кыргыз тилин пайдаланбагандардын бар экени белгилүү. Мына ушундайлардын кыргыз тилин канчалык деңгээлде билээринен кабардар болгусу келген окурмандарыбыз бар экен. Алардын сунушун четке какпай, орус тилинде сүйлөгөн кээ бир шоу адамдарынын өздөрүнөн бул жөнүндө сурадык.

САМАНДАР:
– Мени орусча ырдаганымдан уламбы, көптөр кыргызча билбейт деп ойлошот экен. Бирок, менин каным кыргыз. Андыктан, кыргыз тилин...


толугу менен
Канат Култаев: «ТЕМИР МЕНДЕН КЕТКЕНДЕН КИЙИН ЭЧ КИМ МЕНЕН ИШТЕШКИМ КЕЛБЕЙ КАЛДЫ»
№19200
Көпчүлүк кыздардын жүрөгүн сыздаткан жаш ырчы Темир Назаровдун ийгилигине продюсери Канат Култаевдин да зор эмгеги бар эле. Тилекке каршы, ырчы менен продюсер келишиминин аягына чыга алышкан жок. Экөөнүн чогуу иштешпей калганына эмне себеп болгонун Канаттын өз оозунан угалы.

Канат, Темир экөөңөрдүн чогуу иштешпей калганыңарга эмне себеп болду?
– Мен Темир менен келишимдин аягына...

толугу менен
АЙЖАН ГАЗИЕВА
№19200
Жакындан бери «Сага», «Первая любовь» аттуу ырлары, жагымдуу имиджи менен көпчүлүктүн купулуна толо баштаган Айжан Газиева менен тааныштырабыз.

Айжан 1984-жылы 1-октябрда Бишкекте төрөлүп-өскөн.
Бош убактысында пианинодо ойногонду жакшы көрөт. Курөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды ийгиликтүү бүтүргөн.
Учурда...

толугу менен
ШАКИРА
№19210
Дүйнөлүк шоу-бизнесте популярдуу­лукка ээ болуп келаткан ырчы Шакиранын талантына суктангандар аз эмес. Анын керемет үнү жана бийчилик өнөрү көптөрдү тамшандырып, чыгыш бий сүйүүчүлөрүнүн ар биринин жүрөгүнөн түнөк таап келет. Ошондой эле Шакиранын өмүр таржымалына кызыккан күйөрмандары миңдеп саналат. “Шакира” деген сөз араб тилинен которгондо “Жакшылыкка толтурулган аял” дегенди билдирет.
толугу менен
Айтурган Темирова: «РАДЖ КАПУР МЕНИ ИНДИЯ КИНОСУНА ТАРТЫЛУУГА ЧАКЫРГАН»
№19100
Айтурган Темирова деген ысымды ким билбейт? Бул ысым кыргыз журтчулугуна даңазалуу кыргыз фильмдеринде роль жараткан актриса катары белгилүү. Айтурган Темирова жакында эле кыргыз элине жакшы жаңылык менен келди. Дегеним, Айтурган айым өзүнүн аткаруусундагы он бир ырдан турган компакт-дискин элинин назарына сунуштап отурат.

– Айтурган эже, сизди элиңиз белгилүү актриса катары таанышат. Эми ырдап чыгууну чечкен экенсиз. Буга ким же эмне түрткү болду?
– Мен Чехияда үч жыл бою жалаң тил үйрөнүү менен алек болдум. Тил билбеген кезимде өзүм менен өзүм элем. Чөйрөм тар болчу. Кийин тилди үйрөнүп, эркин сүйлөп...

толугу менен
АЛГАЧКЫ ӨБҮШКӨНҮҢҮЗ ЭСИҢИЗДЕБИ?
№19140

Ар бир адам өзүнүн алгачкы кадамын эстеп калат эмеспи. Алгачкы мектепке барганы, алгачкы ашыктык каты, алгачкы студенттик орундугу, айтор, жана башка алгачкылар. Ошондой эле ар бир адамдын алгачкы өбүшкөнү да эсте кала тургандардан. Анда эмесе, жаш жылдыздардын алгачкы өбүшүүсү сиздердин назарыңыздарда.

БАКТЫГYЛ БАДЫЕВА: – Мен 17 жашымда сүйүү сезимине кабылып, биринчи жолу жигит күткөм. 17 жашка чыкканда туулган күнүм...


толугу менен
ТЕМИР НАЗАРОВ САХНАДАН КЕТЕБИ?
№19100
– Темир Назаров менин эле эмес, көпчүлүк кыздардын сүйүктүү ырчысы болсо керек. Жакында эле биздин бир туугандарыбыз Темирди тоюна чакырган экен, продюсери «Эми Темир ырдабайт. Ошондуктан, тоюңарга бара албайт» дептир. Кантип эле ошондой болсун? Эмнеси болсо да ушунун чын-төгүнүн билип бериңиздерчи?! Биз, Темирдин күйөрмандары сүйгөн ырчыбыздын сахнадан көрүнбөй калышын каалабайбыз.
Назгүл, Бишкек.
Темир Назаров: – Сиз мен жөнүндө уккан маалыматыңызды туура...

толугу менен
ТАЛАСТЫК ЭЛЕ ЭМЕС, ЖАЛПЫ КЫЗДАРДЫ ТАМШАНДЫРГАН КОНЦЕРТ
№19100
Борборубуздагы Спорт Ордосунда 19-20-июнь күн­дөрү эл сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келе жаткан жаш жылдыздын бири Мирбек Иманбеков уюштурган жалаң жаш ырчылардын катышуусундагы концерт болуп өттү. Билет айтылган баасынан көтөрүлгөн жок. Концерт көрүү үчүн келген эл залга батпай калып жатты. Концерт айтылган убагынан 10-15 мүнөт кечигип башталып жатты.

Концертти дасыккан алып баруучуга айланып бара жаткан Алексей Филатов менен “Кыргызстан обондору” радиосунун ди-джейи...

толугу менен
ЫНАК ОСМОНАЛИЕВ
№19100

Ынак 1977-жыл, 3-ноябрда Талас шаарында төрөлүп, Талас районунун Арал айылында өскөн. Музыкадан тышкары күрөшкө, футболго кызыгат. Үйбүлөлүү, эки кыздын атасы.
Жакындан бери «Алыстаба», «Айлуу кеч», «Сен элең го» аттуу ырлары менен көпчүлүктүн сүйүктүү ырчысына айлана баштаган Ынак Осмоналиев менен тааныштырабыз.

Ынак, чыгармачылыктын жолуна түшкө­нүңүзгө канча болду?
– Чоң сахнада келатканыма 3 жыл болду. Ал эми ырга...


толугу менен
Тынчтыкбек Кожобеков: “КЕЛЕЧЕКТЕ КҮЙҮМДҮҮ КҮЙӨӨ БОЛООРУМ АНЫК”
№19000
Учурдун талабы менен иш алып барып, маданият чөйрөсүндө аты чыгып келе жаткан бир топ жаштар бар. Алардын арасында Тынчтыкбек Кожобековду бөлүп көрсөтүүгө болот. Алгач элге ди-джей катары таанылган Тынчтыкбек өзүнүн жөндөмү менен эл оозуна алынып, мыкты деген журналисттердин катарына кошулуп келет. Жаш болсо да чоң жоопкерчиликти аркалаган Тынчтыкбек учурда “21-кылым” радиосунун продюсери. Тынчтыкбек 1979-жылы Ысыккөл областынын Жетөгүз районунун Саруу айылында туулган. Он бир туугандын кичүүсү. Бойдок.
толугу менен
“ДЕЛЬ МАР” тобу
№19000

«Принцесса», «Девочка ночь», «Спасти любовь» аттуу ырлары менен жаштардын сүйүктүү тобуна айланып, популярдуу боло баштаган «Дэль Мар» тобу менен тааныштырабыз.

– “Дэль Мар” бул испан тилинен которулганда “көлдүн жээги” дегенди билдирет. Ролан экөөбүз бир жарым жыл мурун Сардар менен көлдүн жээгинен таанышканбыз. Ошондон улам топтун атын ушундай коюп алганбыз. Топ түзүлө электе Ролан экөөбүз шаардагы ресторандардын биринде ырдачубуз. Ал эми Сардар менен таанышкандан ...


толугу менен
АРТИСТТЕР ҮЙБҮЛӨГӨ ТУРУКСУЗБУ?
№19003
Шоу-бизнес жылдыздарынын жашоосу катардагы адамдардын жашоосуна караганда бир топ кыйын. Анткени, аларга көбүнчө үйбүлөсүн же карьерасын тандоосуна туура келет. Кээ бирлери гана сүйүү менен ишин айкалыштырып кете алышат. Ал эми калгандары турмуш курган соң ажырашууга, кийин кайра үйбүлө очогун түзүүгө аргасыз. Ушул багытта мырза артисттердин кимиси канча жолу үйлөнгөн деген темада иликтөө жүргүзгөн элек.

Кыргыз эстрадасына Батыштын стилин алгачкылардан болуп...

толугу менен
“АРМАНЫМ”
№19000
– Бул ырдын тексти меники. Ырды ушул жылдын февраль айында жазгам. Ал эми обону Ильяз Абдразаковдуку.
“Арманым” менин башымдан өткөн армандуу махабаттан улам жаралган. Мындан эки жыл мурун мен сүйүүмдү арнаган адамга жолуккам. Эмнегедир бактым ошол адам менен деп ойлочумун. Экөөбүз бири-бирибизди көз карашыбыздан түшүнчүбүз. Эки жылдын ичинде сүйүк­түүм менен кандай сонун бактылуу мүнөт­төрдү өткөрдүк. Бирок, ошол бактылуу күндөрдө армандуу сүйүүгө кабылганымды, ак сүйүүм­дөн адашып жалгыз...

толугу менен
Айчүрөк Иманалиева: “КЫЗЫМ ОПЕРА ЫРЧЫСЫ БОЛУШУН КААЛАЙМ”
№18900
Жыйырма жылдан бери сахнадан түшпөй, бир канча мамлекеттерге барып кыргыздын атын таанытып келген ырчы айым Айчүрөк Иманалиева жакында эле дагы бир кезектеги сапарынан кайтып келди.

Айчүрөк эже, жакында эле улуттар аралык чоң концертке катышып келиптирсиз. Ал жакка атайын чакыруу менен бардыңызбы?
– Бул концертти Россиянын депутаттары уюштурду десем да болот. А негизгиси Россиядагы «Биримдик» партиясынын өкүлдөрү өткөрүштү. Тюмень шаарында өткөн бул концертке Татарстандан, Өзбекстандан, Казакстандан, Кыргызстандан болуп төрт өлкөнүн...

толугу менен
ЧӨНТӨГҮҢДҮ КАРАЧЫ, СӨЛКӨБАЙЫҢ САНАЧЫ...
№18900
Биздин жылдыздардын жеке жашоосунан тартып турмуш тиричилигине, атүгүл, капчыгына чейин кызыккан күйөрмандардын көп экендигин айтпасак да маалым. Биз да мына ушундай кызыгуу менен артисттердин бүгүн капчыгында канча акчасы бар болду экен деп айрым белгилүүлөргө концерт учурунда кайрылып көрдүк.

– Чындыгында менин чөн­тө­гүмдө дайыма 500-600 сом жү­рүүсү керек. Себеби, машинага май куйганга, токтоткон жердин акысына...

толугу менен
Мирбек Иманбеков: “КОНЦЕРТИМДЕ СУЛТАН, АКБАР, ЧЫҢГЫЗ, ТӨРТӨӨБҮЗ КВАРТЕТ ЫРДАП ЧЫГАБЫЗ”
№18900
– Досторум Султан, Акбар, Чыңгыз төртөөбүз квартет ырдап чыкканы турабыз. Ошондой эле күйөрмандарыма менин чыгыш стилине басып жасаганым белгилүүдүр. Ошол өзгөчөлүк байкалаар дейм. Дагы айта кетчү нерсе, концерт алдында жарыя­ланып илинген афишаларымды айрып кеткендери көңүлдү оорутуп жатат. Афишалар илинген күнү продюсерим менен кетип баратсак, төрт кыз афишаны сыйрып алып жаткандарына күбө болдук. Мындай көрүнүштү башка жактардан да кездештирдик. Сүрөтүңдү айрып жаткандарына өзүңдүн...
толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: