|
![]() №214 ![]() ![]() АКШ, Бразилия жана Перу өлкөлөрүнүн биргелешүүсү менен 1997-жылы тартылган «Анаконда» фильми көрүүчүлөрдүн, айрыкча жаныбарларды сүйүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма болуп эсептелет. Фильм Бразилия жана АКШда өткөн бетачарында эле 70 миллион доллардан ашык каражат топтоп, фильмге сарпталган каражатты актап койгон. Ал эми Голливуд жылдызы Анжелина Жолинин атасы Жон Войт фильмде карамүртөз, ташбоор аңчынын ролун абдан... толугу менен ![]() №217 ![]() ![]() 1990-жылы жарыкка чыккан “Үйдө жалгыз” фильми тартылганына 16 жыл болсо да жаш балдардын да, ата-энелердин да сүйүп көргөн тасмасына айланып келет. Режиссёр фильмди эл жакшы кабыл алганын көргөн соң, ушул сындуу эле фильмди тартууну көздөйт да, 1992-жылы “Үйдө жалгыз-2” тасмасын тарткан. Ойлогондой эле бул тасма да популярдуулукка ээ болот. Муну көргөн башка режиссёрлор ушул эле идеянын негизинде “Үйдө жалгыз-3” жана “Үйдө жалгыз-4” тасмаларын тартышат. Бирок, бул тасмалар биринчиси сымал популярдуу болбойт... толугу менен ![]() ![]() №219 ![]() ![]() Сүйүү, жаштык, бакыт сыяктуу адамзаттын жашоосунун өзөгүн түзгөн түшүнүктөрдү камтыган «Аптап» фильми улуу муундун да, кичүү муундун да кызыгуусун жарата алды. Фильмде атактуу «9-рота» фильминде катышкан актёрлордун дээрлик баары ойношкондуктан, анын уландысы катары таасир калтырат. Бирок, фильмде 9-ротадагыдай трагедия эмес, жаштардын бактылуу турмушу сүрөттөлөт. толугу менен ![]() №220 ![]() ![]() Ырайымсыз, эч качан сүйүү деген эмне экенин билбеген жетим Гренуй жашоодогу чыныгы жетишкендикке бир гана жол менен жетет. Ал жол элде жок жытты сезе билгендигинин арты менен өзгөчө атырды ойлоп тапканы эле. Анын керемет атырлары адамдарды акыл-эсинен ажыратканга чейин жеткирсе дагы аны алдыда өлүм жазасы күтөт. Анткени, Гренуйдун идеалдуу керемет атыры үрөй учурган ыкма менен алынган эле. Фильмдин режиссёру –Том Тиквер... толугу менен ![]() ![]() №221 ![]() ![]() Эр жүрөк жигит, сулуу бийкеч, каары катуу падыша... Бул үчөөнүн ортосунда пайда болгон сүйүү үч бурчтугу жоокердик жашоонун мыйзамына баш ийбейт. Эр жүрөк жоокер падышасына жол коёбу же падышабы? Бүтүндөй мамлекеттин тагдыры ушул чечимге көз каранды. Мына ушундай татаал сюжетти чагылдырган «Шер жоокер» фильми 1995-жылы жарыкка чыккандан бери көрүүчүлөрдүн көңүлүнөн орун таап келет. толугу менен ![]() №222 ![]() ![]() Смоленск шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда “Режиссёрлук үчүн атайын белек”, Москва кинофестивалында “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү” деген наамдарга татыктуу болгон “Хоттабыч” фильми 2006-жылы Россияда тартылган. 90 мүнөткө созулган комедия жанрындагы бул фильм ошол эле жылдын 10-августунда экранга чыккан. Жомоктогу Хоттабыч аттуу сыйкырчы жин менен маалымат каражаты болгон интернетти байланыштырып кошуп, режиссёр Пётр Точилин жакшынакай, курч, күлкүлүү тасма жаратып койду. Мынакей, ал... толугу менен ![]() ![]() №223 ![]() ![]() Улуу Майя цивилизациясынын кыйрашын сүрөттөгөн жаңы тасманын башталышында экрандан “Улуу цивилизацияларды жок кылуу мүмкүн эмес. Алар өздөрүн-өздөрү ичтен жок кылмайынча...” деген күчтүү эпиграф пайда болгондо көрүүчү поп-корн жегенин токтотот да, фильм бүткөнчө (ал 2 саат 15 мүнөт созулат) дем албастан экранды тиктеп отурууга аргасыз болот. Режиссёру – Мел Гибсон толугу менен ![]() №224 ![]() ![]() Эгер “адамдын көркү чүпүрөктө” дегенди туура эмес деп эсептесеңиз, белгилүү модельерлер Дольче менен Габбананы буга чейин ага-ини деп жүрсөңүз, курду шымыңыз түшүп кетпеш үчүн гана тагынып, атактуу “Prada” кийим фирмасынын белгисинин кандай жазылаары сиз үчүн баары бир болсо, анда бул тасманы көрөт элем деп убактыңыз менен акчаңызды коротпой эле коюңуз. Антсе да бир күн убакыт кенен болуп... толугу менен ![]() ![]() №225 ![]() ![]() “Какайгыла! Оң-го! Тез кадам менен алдыга! Бир-эки, бир-эки!..” Мына ушундай командалар менен коштолгон жаштар да, карылар да сүйүп көргөн көп сериялуу көркөм фильм атак-даңкты көздөй ишенимдүү кадам шилтеп отуруп ийгиликтин туу чокусуна жетти. Жетмек турсун ашып кетти! Анткени, көпчүлүктүн суранычы орундалып, 40 сериядан турган бул тасманын уландысы тартылууда. Демек, жакында... толугу менен ![]() №226 ![]() ![]() "Фильмге тартыла турчу адам тажрыйбалуу актёрбу же эл арасынан тандалган карапайым кишиби? Тасманын жаралышы үчүн мыкты профессионалдуу камера колдонулдубу же жөнөкөйүбү? Фильмге миллион доллар сарпталдыбы же миңби? Тасма үстүндө 100 же 2 киши иштегенби? Мен үчүн жогорудагылардын баарысы негизги маселе эмес. Мен жанталашкан нерсе – бул жыйынтык" дейт... толугу менен ![]() ![]() №227 ![]() ![]() Эл арасында көп талапка ээ болгон, эң көп көрүлгөн киножанрлардын тизмесиндеги 3-орун үйбүлөлүк комедияларга тиешелүү. Так ушул жанрда "20th Century Fox" кинокорпорациясы өткөн 2006-жылы "Музейдеги түн" аттуу жаңы тасма жаратты. Чынында эле бул чоң ата, чоң энеңер, бөбөктөрүңөр менен чогуу отуруп көрүүгө жарай турган фильм. Жакынкы мезгилде пайда болгон "Апокалипсис", "Көзүр туздар" сыяктуу шедеврлердин санына кире албаган бул... толугу менен ![]() №228 ![]() ![]() Дүйнөлүк киноискусство жана маданият жаатында зор мааниге ээ болгон америкалык улуттук «Оскар» киносыйлыгын тапшыруу аземин жылдын эң маанилүү окуясы деп атасак жаңылышпайбыз. Бир жарым карыш бою бар бул «алтын киши» – тагдыры киного байланган миңдеген адамдардын эңсеген кыялы, алдына койгон максаты, өмүр бою күрөшүп келген баалуу белеги. Сиздерди үстүбүздөгү жылдын февраль айында болуп өткөн «Оскардын»... толугу менен ![]() ![]() №229 ![]() ![]() Өткөн саныбызда жарыяланган “Кино дүйнөсүндө” аттуу рубрикабызда 2006-жылдын “Оскар” сыйлыгынын “Эң мыкты фильми” деген наамына “Жоголгондор” аттуу тасма ээ болгондугун билдирген элек. Аталган фильм “Оскар” үчүн жарышка түшкөн көптөгөн тасмалардан эмнеси менен айырмаланат? Алардан артыкчылыгы эмнеде? Эгер фильмди өз көзүңүз менен көргөн болсоңуз, жогорудагы суроолордун... толугу менен ![]() №230 ![]() ![]() ХХ кылымдын башында орус окумуштуусу Александр Фридман менен бельгиялык астроном Георгий Леметр көпкө созулган илимий изилдөөлөрүнүн негизинде чоң ачылыш жасашкан. Бул ачылыш ааламдын дайыма кеңейип турушу эле. Чындыгында, аалам барган сайын кеңейип, андагы асман телолору, жылдыздар бири-биринен алыстап жатканы 1922-жылы тастыкталган. Бирок, бул тууралуу маалымат адамзатка эчак эле билдирилген тура! Башкача айтканда, мындан 14 кылым мурун Алла Таала... толугу менен ![]() ![]() №231 ![]() ![]() Акыркы жылдары Голливуддун өнөрпоздору тарыхый фильмдерге көбүрөөк көңүл буруп, кандуу, каар-мандарга бай кино тартууга көнүп алышты. Бүгүнкү сөз болуучу тасма да алардын санына кирет. “300 спарталык” тасмасынын бет ачары көптөгөн өлкөлөрдө 2007-жылдын 9-мартында болуп өттү. Ошол күнү жөнөкөй эле клипмейкер болуп жан баккан Зак Снайдер улуу режиссёр деген атка конду. Анткени, анын... толугу менен ![]() №232 ![]() ![]() Эгерде сиз менен түгөйүңүздүн ортоңуздарда түшүнбөстүктөр пайда болсо, дароо урушууга камданбаңыз. Андай маселелерди чечүүнүн эки жолу бар: биринчиси – психологдун кызматын пайдалануу, экинчиси – жөн гана төмөндөгү тасманы чогуу отуруп көрүү. Тасманын башкы каармандары кадимкидей эле заманбап үйбүлө... толугу менен ![]() ![]() №233 ![]() ![]() Кыргыз киносунун күйөрмандары, сүйүнчү! “Таалай элеси” студиясы тарабынан жаңы тасма тартылды. Бирок, аты айтып тургандай, армандуу окуяларды чагылдырган фильм учурунда кубаныч, күлкү жөнүндө ойлоно албайсыз. Ошондуктан, бир гана эскертүү: 25-апрелде Россия кинотеатрында “Армандын” бет ачарына бара турган болсоңуз, чөнтөгүңүзгө сөзсүз жүзаарчы салып алыңыз. Анткени, 100 мүнөткө созулган бул тасманын 90 мүнөтүн... толугу менен ![]() №234 ![]() ![]() Учурда россиялык 1-каналдын кечки эфири “Амедия” кинокомпаниясы тарабынан тартылган “Татьянин день” аттуу көп сериялуу үйбүлөлүк көркөм фильм менен ээленип турат. Мазмунуна жараша бул фильмди кыргызча «Эки гүлдүн талашы» деп атасак жарашчудай. Аталган сериал 1999-жылы Колумбияда “La Guerra de las Rosas” (“Розалардын согушу”) деген ат менен чыгып, дүйнөнүн 18 өлкөсүндө көрсөтүлгөн фильмдин ремейки... толугу менен ![]() ![]() №235 ![]() ![]() Камера! Мотор! Баштадык!.. “Айтыш” киностудиясынын жарым жылдык талыкпас эмгегинин натыйжасы көрүүчүлөрдүн назарына “Биринчи кадр” деп аталган 1 сааттык кинотасма болуп сунулуп отурат. Фильм ичиндеги фильм тууралуу баяндаган бул окуяда бүгүнкү турмуш, өзүбүздүн эле жашообуздан алынган бир күн чагылдырылат. Ошол себептенби, айтор, “Биринчи кадр” комедия жанрында тартылган... толугу менен ![]() №237 ![]() ![]() Батыштын “боевиктери” менен орустун обу жок сериалдарынан тажап бүтсөңүз, маанисиз кинолордун чөлүндө накта кыргыздын сөзүнө, өңүнө зар болуп турсаңыз, жардамга көлдөн соккон боз салкын келатат. Ал – “Ой Арт” продюсерлик компаниясы тартуулаган мыкты режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун жаңы эмгеги “Боз салкын”. толугу менен ![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:
|