|
ХИТЧ
№238 0 0
Жигиттер! Эгер жактырган айымыңыз сиз үчүн кол жеткиске айланса, ал эми ага жетүү жана анын көңүлүн өзүңүзгө буруу үчүн күчүңүз менен эркиңиз жетпей жатса, анда сизге жардам берчү адам табылды. Таанышып алгыла: айымдардын жүрөгүн жибитүү боюнча эң мыкты адис – Алекс Хитченс. Кеңешчи-психолог аткарган кызматы үчүн 100 пайыз кепилдик берет. КЫСКАЧА МАЗМУНУ Алекс Хитченс же жөн эле Хитч...толугу менен
“БӨРҮЛӨР ӨРӨӨНҮ»
№239 0 0
Режиссёрлору – Сердар Акар, Садулла Сентүрк
Сценарийин жазгандар – Йүмер Лүфти Мете, Бахадир Өзденер, Ражи Шашмаз Продюсери – Ражи Шашмаз
Башкы ролдордо: Некати Шашмаз, Билли Зейн, Гасан Масуд. Ролдордо: Гүркан Уйгун, Бергүзар Корел, Гари Бьюзи.толугу менен
КАРИБ ДЕҢИЗИНИН КАРАКЧЫЛАРЫ: жер түбүндө
№240 0 0
Чыныгы рецензент фильм тууралуу макала жазууда эреже боюнча “ай-ий, сонун кино экен!” деп эч качан айтпайт. Өкүнүчтүү... Анткени, атактуу “Каракчылардын” 3-бөлүмүн көргөн соң оюма келген эң биринчи фраза ушул эле. Бизде гана эмес, бүткүл дүйнөдө “Шрек-3”, “Жөргөмүш адам-3”, “Оушендин 13 досу” сыяктуу популярдуу фильмдер менен атаандаша тушоосу кесилип жаткан “Кариб деңизинин каракчылары-3” тасмасынын таржымалы назарыңызда.толугу менен
КИНОДОГУ КАТАЛАР
№241 0 0
Жашоодо ким гана жаңылбайт? Жадакалса мыкты режиссёрлор да чоң тасма жаратып жатып көптөгөн кемчиликтерди кетиришет. Кээде андай кемчиликтер билинбей да калышы мүмкүн. Бирок, кичинекей жаңылыштык болобу же чоң ката болобу, кыйын киносынчынын көзүнө илинип калса, анда киночулардын шору. Кино көрүп жатканда кунт коюп карасаңыз, жок дегенде бир ката таап чыгасыз. Кинодогу...толугу менен
БАШАЛАМАН
№242 0 0
Гезитибиздин өткөн санында ”Манас“ кинотеатрында “Башаламан” аттуу фильмдин башталганын жазган элек. Жаңы тасманын тушоосу кесилип, бет ачар жумалыгы ийгиликтүү аяктады. Бүгүн 22-июнь, акыркы күн жана билет баасы 50 гана сом экенин эскерте кетели. Ошондуктан, бүгүнкү 2 сеанстын бирөөсүнө жетишип, тасманы көрүп калганга шашылыңыз. Баса, жигиттер! Бул тасмага сүйлөшкөн кызыңыз келбей койсо капаланбаңыз. Андан көрө эң жакын...толугу менен
ОУШЕНДИН 13 ДОСУ
№243 0 0
Үстүбүздөгү жыл эмнегедир белгилүү фильмдердин уландыларына, римейктерине мол жыл болду. “Кариб деңизинин каракчыларынын” 3-бөлүгү, “Таксинин” 4-бөлүгү, “Жөргөмүш адам” менен “Шректин” үчүнчүсү... Мунун себеби акча табуунун дагы бир жолубу, күйөрмандардын суроо-талабыбы, белгисиз. Стивен Содерберг да башкалардан артта калбай Дэнни Оушен менен анын тобунун окуясын созуп, дагы бир...толугу менен
КУДУРЕТИ КҮЧ ЭВАН
№244 0 0
Режиссёру – Том Шедьяк Продюсерлери – Гари Барбер, Роджер Бернбаум, Майкл Бостик Сценарийин жазгандар – Алек Соколов, Жоэл Коэн, Марк О’Кив, Стив Корен Ролдордо – Стив Карелл, Морган Фриман, Лорен Грэм, Жони Симмонс, Жимми Беннет, Жон Гудман, Ванда Сайкс, Молли Шэннон жана башкалартолугу менен
МУЛЬТФИЛЬМ СЫРЛАРЫ
№245 0 0
Симба, Аладдин, Винни Пух, Шрек, Алекс, Том менен Жерри, Лило жана Стич... Балалыкты эске салган сүйүктүү мультфильм каармандары улуу муундун да, жаңы муундун да жүрөгүнөн түнөк таап келет. Кичинекейлер ар бир сөзүн жаттап алгыча аларды жүз жолу көрүшсө да эч тажашпайт. Ал эми мультфильмдин мыкты жаратуучулары кинематографтардан кем калбай атактуу кызыл килемде басып, “Оскар”, “Энни” сыйлыктарына ээ болуп...толугу менен
ШИРИН НОЯБРЬ
№246 0 0
Коомдук иш-чаралар, экономикалык байланыштар, келишим түзүү, келишим бузуу... Түгөнбөгөн күнүмдүк маселелер... Бул чыныгы жашоо эмес. Чыныгы жашоо деп аталууга татый турган башка нерселер бар. Мисалы, махабат. Тасманын башкы каарманы Сара Дивер да ушинтип ойлойт. Анын максаты – башкаларга жашоонун ырахатын сезе билүүгө жардам берүү. >СЕНТЯБРЬ, ОКТЯБРЬ, НОЯБРЬ... Сара Дивер (Шарлиз Терон) эч кимден айырмасы болбогон жөнөкөй кыз. Үйбүлөсүнөн бөлүнүп жалгыз жашайт. Жашоосунда кызык эч нерсе жоктой сезилет...толугу менен
РАТАТУЙ
№247 0 0
Сиз келемишти көргөндө эмне болосуз? Коркосуз, ээ? Же итиркейиңиз келеби? Же аларды такыр эле жок кылууга даярсызбы? Шашпаңыз, бардык эле келемиштер жаман эмес. Мына, мисалы, “Рататуй” мультфильминдеги кичинекей келемиш Реми. Аны менен таанышсаңыз бүт кемирүүчү жандыктарга болгон мамилеңиз өзгөрөт.толугу менен
«АБАКТАН КАЧУУ» сериалы
№247 0 0
«Дос айрылат, тууган кайрылат» демекчи, турмуштун ар кандай кысымдарын жеңүү үчүн жаныңда колдоп турган бир туугандарыңдын болгону кандай сонун. Мындай көрүнүштү чагылдырган “Абактан качуу” сериалы бүгүнкү күндө эң популярдуу тасмалардын бири десек жаңылыштык болбос. Эгерде сиз дагы бул көп сериялуу фильмдин ар бир бөлүгүн чыдамсыздык менен күткөн киносүйүүчүлөрдүн бири болсоңуз, анда төмөнкү макала сиз үчүн. Анткени, кинодогу Линкольн менен Майклдын жашоосу, ал гана эмес, кулк-мүнөзүнөн...толугу менен
ШАЙТАН АРАБА
№248 0 0
“Кылым Муза” продюсердик борбору жана “М&В” студиясы мушташ жанрындагы толук метраждуу жаңы тасманы тартуулайт. Криминал, байлык, акча аралашкан окуяны чагылдырган фильм көрүүчүлөр арасынан өзүнүн биринчи күйөрмандарын табууда. Эсиңиздерге салабыз, “Шайтан араба”шаарыбыздын “Россия” жана “Vefa” кинотеатрларында 6- вгустка чейин 17:00, 19:00дө көрсөтүлөт. Көрбөй калып арманда калбаңыз.толугу менен
АК КЕМЕ
№252 2 2
Терең философиялык идеяны камтыган мазмун жана ошол мазмунду жеткире билген мыкты режиссёрдук иш. Ушундай жөнөкөй формуланын негизинде тартылган тасманы бир гана сөз менен аныктаса болот – шедевр. Башкача айтканда, “Ак кеме” – улуу адамдардын колунан жаралган улуу тасма.
Бул чыгарманын мазмунун билбеген кыргыз жокко эсе болсо керек. Ошентсе да дагы бир жолу эскерте кетүү ашыкчалык кылбас. Окуя бийик тоолор арасында...толугу менен
“КЫЧАГАН МААЛ-3"
№254 0 2
“Кычаган маал” («Час пик») биринчи жолу 1998-жылы экрандарга чыгып, дароо эле популярдуулуктун чокусуна жеткен эле. 2001-жылы режиссёр тасманын экинчи бөлүгүн тартып, ошондой эле ийгиликке жетишти. Эми минтип арадан 6 жыл өткөн соң фильмдин жаратуучулары бизге “Кычаган маал-3” тасмасын тартуулап жатышкан кербездери. Кана, жаңы тасманы бирге баалайлы.толугу менен
ТОЛКУНДУ ТОС!
№256 0 0
Акыркы мезгилде мультфильмдердин маани-маңызы өзгөрүлүп баратат. Мурун мультфильмдер бир гана өсүп келаткан муунга жакшы деген эмне, жаман деген эмне экенин үйрөтүү максатын көздөшчү. Бүгүнкү күндө мультфильм бөбөктөргө гана эмес, улуу муун үчүн да арналып жаралат. Андагы каармандар татаал психологиялык образдарды жаратышса, сүрөттөлгөн окуялар чыныгы турмушка жакын. “Толкунду тос!” ошондой мультфильмдердин катарында.толугу менен
ШАРЛИЗ ТЕРОН
№257 0 0
Актрисанын ата-энеси мал-чарба менен жан баккан кишилер эле. Өмүр бою уй саап өткөндөн коркуп, 6 жашында бийге бара баштаган Шарлиз балетке чындап кызыга баштайт. 16 жашында апасынын кеңеши менен жаш моделдердин сынагына катышып, жеңүүчү болуп чыгат. Аны эң сулуу моделдерге кошуп, Италияга алып кетишет. Бирок, өзүнүн жөн гана куурчак кыз эмес экенин далилдеш үчүн кайрадан балетке кайтып келет...толугу менен
КЫЯМАТТЫН АЧКЫЧЫ
№259 0 0
«Моя прекрасная няня» сериалы аркылуу бүткүл КМШ өлкөлөрүнө атагы тараган актриса Анастасия Заворотнюк бала багуучудан супер-агентке айланды. Эми анын украинче акценти жоголуп, колундагы чөмүчү мылтыкка, алжапкычы парашютка айланды. Ал эми француз актёру Венсан Перес Настя менен бир тасмага тартылуу үчүн мекениндеги ири долбоордон баш тарткан.толугу менен
ЕРАЛАШ
№260 0 2
«Балдар жана кыздар, алардын ата-энелери! Күлкүлүү окуяларды көргүңөр келеби?» деген ыр жаңырып, экран бетине «Ералаш» деп жазылганда бөбөктөр да, чоңдор да телевизорго жакын отура калышат эмеспи. Россия гана эмес, бүткүл КМШга атагы таркаган «Ералаш» киножурналынын 33 жылдык тарыхы бар экен.толугу менен
СЕНИБИ, ШАШПА!
№262 0 0
Ажырагыс жуп: бейбаш Карышкыр менен амалкөй Коёндун аягы жок мышык-чычкан оюну тууралуу тартылган көп сериялуу мультипликациялык фильм менен бирге бир нече муун чоңойду. Совет мезгилинин эң популярдуу мультфильми жана каармандары бүгүнкү күнгө чейин чоңдордун жана бөбөктөрдүн сүймөнчүгү болуп жакшы маанай тартуулап келет. толугу менен
|