«АБАКТАН КАЧУУ» сериалы
№24700

«Дос айрылат, тууган кайрылат» демекчи, турмуштун ар кандай кысымдарын жеңүү үчүн жаныңда колдоп турган бир туугандарыңдын болгону кандай сонун. Мындай көрүнүштү чагылдырган “Абактан качуу” сериалы бүгүнкү күндө эң популярдуу тасмалардын бири десек жаңылыштык болбос. Эгерде сиз дагы бул көп сериялуу фильмдин ар бир бөлүгүн чыдамсыздык менен күткөн киносүйүү­чү­лөрдүн бири болсоңуз, анда төмөнкү макала сиз үчүн. Анткени, кинодогу Линкольн менен Майклдын жашоосу, ал гана эмес, кулк-мүнөзүнөн...

толугу менен
РАТАТУЙ
№24700

Сиз келемишти көргөндө эмне болосуз? Коркосуз, ээ? Же итиркейиңиз келеби? Же аларды такыр эле жок кылууга даярсызбы? Шашпаңыз, бардык эле келемиштер жаман эмес. Мына, мисалы, “Рататуй” мультфильминдеги кичинекей келемиш Реми. Аны менен таанышсаңыз бүт кемирүүчү жандыктарга болгон мамилеңиз өзгөрөт.

толугу менен
ШИРИН НОЯБРЬ
№24600
Коомдук иш-чаралар, экономикалык байланыштар, келишим түзүү, келишим бузуу... Түгөнбөгөн күнүмдүк маселелер... Бул чыныгы жашоо эмес. Чыныгы жашоо деп аталууга татый турган башка нерселер бар. Мисалы, махабат. Тасманын башкы каарманы Сара Дивер да ушинтип ойлойт. Анын максаты – башкаларга жашоонун ырахатын сезе билүүгө жардам берүү. >СЕНТЯБРЬ, ОКТЯБРЬ, НОЯБРЬ...
Сара Дивер (Шарлиз Терон) эч кимден айырмасы болбогон жөнөкөй кыз. Үйбүлөсүнөн бөлүнүп жалгыз жашайт. Жашоосунда кызык эч нерсе жоктой сезилет...

толугу менен
МУЛЬТФИЛЬМ СЫРЛАРЫ
№24500

Симба, Аладдин, Винни Пух, Шрек, Алекс, Том менен Жерри, Лило жана Стич... Балалыкты эске салган сүйүктүү мультфильм каармандары улуу муундун да, жаңы муундун да жүрөгүнөн түнөк таап келет. Кичинекейлер ар бир сөзүн жаттап алгыча аларды жүз жолу көрүшсө да эч тажашпайт. Ал эми мультфильмдин мыкты жаратуучулары кинематографтардан кем калбай атактуу кызыл килемде басып, “Оскар”, “Энни” сыйлыктарына ээ болуп...

толугу менен
КУДУРЕТИ КҮЧ ЭВАН
№24400

Режиссёру – Том Шедьяк
Продюсерлери – Гари Барбер, Роджер Бернбаум, Майкл Бостик
Сценарийин жазгандар
Алек Соколов, Жоэл Коэн, Марк О’Кив, Стив Корен

Ролдордо
Стив Карелл, Морган Фриман, Лорен Грэм, Жони Симмонс, Жимми Беннет, Жон Гудман, Ванда Сайкс, Молли Шэннон жана башкалар


толугу менен
ОУШЕНДИН 13 ДОСУ
№24300

Үстүбүздөгү жыл эмнегедир белгилүү фильмдердин уландыларына, римейктерине мол жыл болду. “Кариб деңизинин каракчыларынын” 3-бөлүгү, “Таксинин” 4-бөлүгү, “Жөргөмүш адам” менен “Шректин” үчүнчүсү... Мунун себеби акча табуунун дагы бир жолубу, күйөрмандардын суроо-талабыбы, белгисиз.
Стивен Содерберг да башкалардан артта калбай Дэнни Оушен менен анын тобунун окуясын созуп, дагы бир...

толугу менен
БАШАЛАМАН
№24200
Гезитибиздин өткөн санында ”Манас“ кинотеатрында “Башаламан” аттуу фильмдин башталганын жазган элек. Жаңы тасманын тушоосу кесилип, бет ачар жумалыгы ийгиликтүү аяктады. Бүгүн 22-июнь, акыркы күн жана билет баасы 50 гана сом экенин эскерте кетели. Ошондуктан, бүгүнкү 2 сеанстын бирөөсүнө жетишип, тасманы көрүп калганга шашылыңыз.
Баса, жигиттер! Бул тасмага сүйлөшкөн кызыңыз келбей койсо капаланбаңыз. Андан көрө эң жакын...

толугу менен
КИНОДОГУ КАТАЛАР
№24100

Жашоодо ким гана жаңылбайт? Жадакалса мыкты режиссёрлор да чоң тасма жаратып жатып көптөгөн кемчиликтерди кетиришет. Кээде андай кемчиликтер билинбей да калышы мүм­күн. Бирок, кичинекей жаңылыштык болобу же чоң ката болобу, кыйын киносынчынын көзүнө илинип калса, анда киночулардын шору. Кино көрүп жатканда кунт коюп карасаңыз, жок дегенде бир ката таап чыгасыз. Кинодогу...

толугу менен
КАРИБ ДЕҢИЗИНИН КАРАКЧЫЛАРЫ: жер түбүндө
№24000
Чыныгы рецензент фильм тууралуу макала жазууда эреже боюнча “ай-ий, сонун кино экен!” деп эч качан айтпайт. Өкүнүчтүү... Анткени, атактуу “Каракчылардын” 3-бөлүмүн көргөн соң оюма келген эң биринчи фраза ушул эле. Бизде гана эмес, бүт­күл дүйнөдө “Шрек-3”, “Жөргөмүш адам-3”, “Оушендин 13 досу” сыяктуу популярдуу фильмдер менен атаандаша тушоосу кесилип жаткан “Кариб деңизинин каракчылары-3” тасмасынын таржымалы назарыңызда.
толугу менен
“БӨРҮЛӨР ӨРӨӨ­НҮ»
№23900
Режиссёрлору – Сердар Акар, Садулла Сентүрк

Сценарийин жазгандар
– Йүмер Лүфти Мете, Бахадир Өзденер, Ражи Шашмаз Продюсери – Ражи Шашмаз

Башкы ролдордо:
Некати Шашмаз, Билли Зейн, Гасан Масуд.
Ролдордо:
Гүркан Уйгун, Бергүзар Корел, Гари Бьюзи.

толугу менен
ХИТЧ
№23800
Жигиттер! Эгер жактырган айымыңыз сиз үчүн кол жеткиске айланса, ал эми ага жетүү жана анын көңүлүн өзүңүзгө буруу үчүн күчүңүз менен эркиңиз жетпей жатса, анда сизге жардам берчү адам табылды. Таанышып алгыла: айымдардын жүрөгүн жибитүү боюнча эң мыкты адис – Алекс Хитченс. Кеңешчи-психолог аткарган кызматы үчүн 100 пайыз кепилдик берет.
КЫСКАЧА МАЗМУНУ Алекс Хитченс же жөн эле Хитч...

толугу менен
БОЗ САЛКЫН
№23700

Батыштын “боевиктери” менен орустун обу жок сериалдарынан тажап бүтсөңүз, маанисиз кинолордун чөлүндө накта кыргыздын сөзүнө, өңүнө зар болуп турсаңыз, жардамга көлдөн соккон боз салкын келатат. Ал – “Ой Арт” продюсерлик компаниясы тартуулаган мыкты режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун жаңы эмгеги “Боз салкын”.

толугу менен
БИРИНЧИ КАДР
№23500
Камера! Мотор! Баштадык!.. “Айтыш” киностудиясынын жарым жылдык талыкпас эмгегинин натыйжасы көрүү­чү­лөрдүн назарына “Биринчи кадр” деп аталган 1 сааттык кинотасма болуп сунулуп отурат. Фильм ичиндеги фильм тууралуу баяндаган бул окуяда бүгүнкү турмуш, өзүбүздүн эле жашообуздан алынган бир күн чагылдырылат. Ошол себептенби, айтор, “Биринчи кадр” комедия жанрында тартылган...
толугу менен
ЭКИ ГҮЛДҮН ТАЛАШЫ
№23400
Учурда россиялык 1-каналдын кечки эфири “Амедия” кинокомпаниясы тарабынан тартылган “Татьянин день” аттуу көп сериялуу үйбүлөлүк көркөм фильм менен ээленип турат. Мазмунуна жараша бул фильмди кыргызча «Эки гүлдүн талашы» деп атасак жарашчудай. Аталган сериал 1999-жылы Колумбияда “La Guerra de las Rosas” (“Розалардын согушу”) деген ат менен чыгып, дүйнөнүн 18 өлкөсүндө көрсөтүлгөн фильмдин ремейки...
толугу менен
АРМАН
№23320
Кыргыз киносунун күй­өр­­мандары, сүйүнчү! “Таалай элеси” студиясы тарабынан жаңы тасма тартылды. Бирок, аты айтып тургандай, армандуу окуяларды чагылдырган фильм учурунда кубаныч, күлкү жөнүндө ойлоно албайсыз. Ошондуктан, бир гана эскертүү: 25-апрелде Россия кинотеатрында “Армандын” бет ачарына ба­ра турган болсоңуз, чөнтөгүң­үз­гө сөзсүз жүзаарчы салып алыңыз. Анткени, 100 мүнөткө созулган бул тасманын 90 мүнөтүн...
толугу менен
АЛМАШКАН АШЫКТАР
№23200
Эгерде сиз менен түгөйүңүздүн ор­тоңуздарда түшүн­бөстүктөр пайда болсо, дароо урушууга камданбаңыз. Андай маселелерди чечүүнүн эки жолу бар: биринчиси – психологдун кызматын пайдалануу, экинчиси – жөн гана төмөндөгү тасманы чогуу отуруп көрүү.
Тасманын башкы каармандары кадимкидей эле заманбап үйбүлө...

толугу менен
300 СПАРТАЛЫК
№23100

Акыркы жылдары Голливуддун өнөрпоздору тарыхый фильмдерге көбүрөөк көңүл буруп, кандуу, каар-мандарга бай кино тартууга көнүп алышты. Бүгүнкү сөз болуучу тасма да алардын санына кирет. “300 спарталык” тасмасынын бет ачары көптөгөн өлкөлөрдө 2007-жылдын 9-мартында болуп өттү. Ошол күнү жөнөкөй эле клипмейкер болуп жан баккан Зак Снайдер улуу режиссёр деген атка конду. Анткени, анын...

толугу менен
КУРАН КЕРЕМЕТТЕРИ
№23000
ХХ кылымдын башында орус окумуштуусу Александр Фридман менен бельгиялык астроном Георгий Леметр көпкө созулган илимий изилдөө­лөрү­нүн негизинде чоң ачылыш жасашкан. Бул ачылыш ааламдын дайыма кеңейип турушу эле. Чындыгында, аалам барган сайын кеңейип, андагы асман телолору, жылдыздар бири-биринен алыстап жатканы 1922-жылы тастыкталган.
Бирок, бул тууралуу маалымат адамзатка эчак эле билдирилген тура! Башкача айтканда, мындан 14 кылым мурун Алла Таала...

толугу менен
ЖОГОЛГОНДОР
№22900
Өткөн саныбызда жарыяланган “Кино дүйнөсүндө” аттуу рубрикабызда 2006-жылдын “Оскар” сыйлыгынын “Эң мыкты фильми” деген наамына “Жоголгондор” аттуу тасма ээ болгондугун билдирген элек. Аталган фильм “Оскар” үчүн жарышка түшкөн көптөгөн тасмалардан эмнеси менен айырмаланат? Алардан артыкчылыгы эмнеде? Эгер фильмди өз көзүңүз менен көргөн болсоңуз, жогорудагы суроолордун...
толугу менен
«ОСКАР»-2007
№22800
Дүйнөлүк киноискусство жана маданият жаатында зор мааниге ээ болгон америкалык улуттук «Оскар» киносыйлыгын тапшыруу аземин жылдын эң маанилүү окуясы деп атасак жаңылышпайбыз. Бир жарым карыш бою бар бул «алтын киши» – тагдыры киного байланган миңдеген адамдардын эңсеген кыялы, алдына койгон максаты, өмүр бою күрөшүп келген баалуу белеги. Сиздерди үстүбүздөгү жылдын февраль айында болуп өткөн «Оскардын»...
толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: