|
![]() №227 ![]() ![]() Эл арасында көп талапка ээ болгон, эң көп көрүлгөн киножанрлардын тизмесиндеги 3-орун үйбүлөлүк комедияларга тиешелүү. Так ушул жанрда "20th Century Fox" кинокорпорациясы өткөн 2006-жылы "Музейдеги түн" аттуу жаңы тасма жаратты. Чынында эле бул чоң ата, чоң энеңер, бөбөктөрүңөр менен чогуу отуруп көрүүгө жарай турган фильм. Жакынкы мезгилде пайда болгон "Апокалипсис", "Көзүр туздар" сыяктуу шедеврлердин санына кире албаган бул... толугу менен ![]() №226 ![]() ![]() "Фильмге тартыла турчу адам тажрыйбалуу актёрбу же эл арасынан тандалган карапайым кишиби? Тасманын жаралышы үчүн мыкты профессионалдуу камера колдонулдубу же жөнөкөйүбү? Фильмге миллион доллар сарпталдыбы же миңби? Тасма үстүндө 100 же 2 киши иштегенби? Мен үчүн жогорудагылардын баарысы негизги маселе эмес. Мен жанталашкан нерсе – бул жыйынтык" дейт... толугу менен ![]() ![]() №225 ![]() ![]() “Какайгыла! Оң-го! Тез кадам менен алдыга! Бир-эки, бир-эки!..” Мына ушундай командалар менен коштолгон жаштар да, карылар да сүйүп көргөн көп сериялуу көркөм фильм атак-даңкты көздөй ишенимдүү кадам шилтеп отуруп ийгиликтин туу чокусуна жетти. Жетмек турсун ашып кетти! Анткени, көпчүлүктүн суранычы орундалып, 40 сериядан турган бул тасманын уландысы тартылууда. Демек, жакында... толугу менен ![]() №224 ![]() ![]() Эгер “адамдын көркү чүпүрөктө” дегенди туура эмес деп эсептесеңиз, белгилүү модельерлер Дольче менен Габбананы буга чейин ага-ини деп жүрсөңүз, курду шымыңыз түшүп кетпеш үчүн гана тагынып, атактуу “Prada” кийим фирмасынын белгисинин кандай жазылаары сиз үчүн баары бир болсо, анда бул тасманы көрөт элем деп убактыңыз менен акчаңызды коротпой эле коюңуз. Антсе да бир күн убакыт кенен болуп... толугу менен ![]() ![]() №223 ![]() ![]() Улуу Майя цивилизациясынын кыйрашын сүрөттөгөн жаңы тасманын башталышында экрандан “Улуу цивилизацияларды жок кылуу мүмкүн эмес. Алар өздөрүн-өздөрү ичтен жок кылмайынча...” деген күчтүү эпиграф пайда болгондо көрүүчү поп-корн жегенин токтотот да, фильм бүткөнчө (ал 2 саат 15 мүнөт созулат) дем албастан экранды тиктеп отурууга аргасыз болот. Режиссёру – Мел Гибсон толугу менен ![]() №222 ![]() ![]() Смоленск шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда “Режиссёрлук үчүн атайын белек”, Москва кинофестивалында “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү” деген наамдарга татыктуу болгон “Хоттабыч” фильми 2006-жылы Россияда тартылган. 90 мүнөткө созулган комедия жанрындагы бул фильм ошол эле жылдын 10-августунда экранга чыккан. Жомоктогу Хоттабыч аттуу сыйкырчы жин менен маалымат каражаты болгон интернетти байланыштырып кошуп, режиссёр Пётр Точилин жакшынакай, курч, күлкүлүү тасма жаратып койду. Мынакей, ал... толугу менен ![]() ![]() №221 ![]() ![]() Эр жүрөк жигит, сулуу бийкеч, каары катуу падыша... Бул үчөөнүн ортосунда пайда болгон сүйүү үч бурчтугу жоокердик жашоонун мыйзамына баш ийбейт. Эр жүрөк жоокер падышасына жол коёбу же падышабы? Бүтүндөй мамлекеттин тагдыры ушул чечимге көз каранды. Мына ушундай татаал сюжетти чагылдырган «Шер жоокер» фильми 1995-жылы жарыкка чыккандан бери көрүүчүлөрдүн көңүлүнөн орун таап келет. толугу менен ![]() №220 ![]() ![]() Ырайымсыз, эч качан сүйүү деген эмне экенин билбеген жетим Гренуй жашоодогу чыныгы жетишкендикке бир гана жол менен жетет. Ал жол элде жок жытты сезе билгендигинин арты менен өзгөчө атырды ойлоп тапканы эле. Анын керемет атырлары адамдарды акыл-эсинен ажыратканга чейин жеткирсе дагы аны алдыда өлүм жазасы күтөт. Анткени, Гренуйдун идеалдуу керемет атыры үрөй учурган ыкма менен алынган эле. Фильмдин режиссёру –Том Тиквер... толугу менен ![]() ![]() №219 ![]() ![]() Сүйүү, жаштык, бакыт сыяктуу адамзаттын жашоосунун өзөгүн түзгөн түшүнүктөрдү камтыган «Аптап» фильми улуу муундун да, кичүү муундун да кызыгуусун жарата алды. Фильмде атактуу «9-рота» фильминде катышкан актёрлордун дээрлик баары ойношкондуктан, анын уландысы катары таасир калтырат. Бирок, фильмде 9-ротадагыдай трагедия эмес, жаштардын бактылуу турмушу сүрөттөлөт. толугу менен ![]() №217 ![]() ![]() 1990-жылы жарыкка чыккан “Үйдө жалгыз” фильми тартылганына 16 жыл болсо да жаш балдардын да, ата-энелердин да сүйүп көргөн тасмасына айланып келет. Режиссёр фильмди эл жакшы кабыл алганын көргөн соң, ушул сындуу эле фильмди тартууну көздөйт да, 1992-жылы “Үйдө жалгыз-2” тасмасын тарткан. Ойлогондой эле бул тасма да популярдуулукка ээ болот. Муну көргөн башка режиссёрлор ушул эле идеянын негизинде “Үйдө жалгыз-3” жана “Үйдө жалгыз-4” тасмаларын тартышат. Бирок, бул тасмалар биринчиси сымал популярдуу болбойт... толугу менен ![]() ![]() №214 ![]() ![]() АКШ, Бразилия жана Перу өлкөлөрүнүн биргелешүүсү менен 1997-жылы тартылган «Анаконда» фильми көрүүчүлөрдүн, айрыкча жаныбарларды сүйүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма болуп эсептелет. Фильм Бразилия жана АКШда өткөн бетачарында эле 70 миллион доллардан ашык каражат топтоп, фильмге сарпталган каражатты актап койгон. Ал эми Голливуд жылдызы Анжелина Жолинин атасы Жон Войт фильмде карамүртөз, ташбоор аңчынын ролун абдан... толугу менен ![]() №213 ![]() ![]() Жеймс Бонд тууралуу кинодолбоор – кино тарыхында ары узун, ары кызыктуу, ары популярдуу долбоор болуп эсептелет жана азыркыга чейин ал жөнүндө 20 фильм тартылган. Мунун 21- фильми болгон «”Рояль” казиносу» мурунку фильмдерден ак жүздүү Бонду менен айырмаланып, учурда эң көп көрүлгөн фильм болуп эсептелет. Фильм АКШ жана Британия өлкөлөрүнүн биргелешүүсү менен... толугу менен ![]() ![]() №212 ![]() ![]() «Тынч Дон» – орус классикасынын туу чокусу, ХХ кылымдын эң мыкты романы саналган Михаил Шолоховдун чыгармасынын неги-зинде тартылган экинчи фильм. Эфирге чыкканга чейин абдан татаал жолду басып өткөн фильм жарыкка чыккандан кийин да кинема-тографисттер тарабынан көптөгөн сын-пикирлерге, ал эми дондук-тар тарабынан абдан нааразычылыктарга туш болгон. Мунун башкы себеби, баш каармандардын ролдорун дондук казактардын... толугу менен ![]() №211 ![]() ![]() “Азыркы Кыргызстандын символу” деген атка ээ болгон “Карагыз” фильми “Эң мыкты сценарий үчүн”, “Эң мыкты режиссёрлук иш үчүн” сыйлыктары менен кошо “Мосфильм” госконцернинин өзгөчө сыйлыгына да ээ болгон. «Карагыз” – социалдык чөйрөдө өз ордун таппай калган үйбүлөнүн трагедиясы. Мен булардын мындай болуп калышына өкмөт, чөйрө же турмуш-шарт күнөөлүү деп айта албайм. Адамдар өздөрү-өздөрүнүн жашоосун... толугу менен ![]() ![]() №210 ![]() ![]() Фильм 1947-жылы болуп өткөн, бирок, ушул мезгилге чейин аягына дейре такталбай келаткан чыныгы окуянын негизинде тартылган. Фильмге 60 миллион доллар каражат жумшалган. Башка кинолордон айырмаланып тасмада козголгон кылмыштын бети ачылбаса да фильм болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болгон. 2006-жылы 9-сентябрда АКШда болуп өткөн бетачарында аталган тасма 22 миллион доллардан ашуун киреше алып келсе, 28-сентябрда Россияда болуп өткөн бетачарында... толугу менен ![]() №209 ![]() ![]() АКШ, Канада жана Британия өлкөлөрүнүн биргелешүүсү менен тартылган детектив, драма, боевик жанрларын камтыган фильмдин аталышы фильмдеги хаос теориясынан улам келип чыккан. Хаос теориясы – алдыңдан күтүүсүздөн чыгып турган тоскоолдуктарды улам жаңы ыкмаларды ойлоп таап, даярдыксыз, плансыз жеңүү дегенди билдирет. Башкача айтканда, башаламандыкты башаламандык менен жеңүү. Фильмди тартуу үчүн 25 миллион доллар жумшалган. Бирок, кээ бир киносынчыларынын ою боюнча... толугу менен ![]() ![]() №208 ![]() ![]() Алгач Американын “Жансакчы” аттуу фильминин идеясынан улам тартылган кино деп табылып, фильмдин режиссёрлору жана сценарийин жазгандар плагиаттык менен күнөөлөнүшөт. Бирок, фильмдин ийгиликсиз өткөн бетачарынан кийин темасы эле окшобосо, мелодрамадан сырткары детектив, боевик жанрларын камтыган бул фильм мазмуну жагынан такыр башка экени айкындалып, популярдуулукка ээ болот да, бат эле бир топ фестивалдарга жолдомо алат. Фильмдин... толугу менен ![]() №206 ![]() ![]() «Татына кыз» – 90-жылдардагы эң популярдуу фильм болуп эсептелет. Фильм «Күлчү кыздын» жаңы варианты болуп саналса да дүйнөнүн сүйүктүү фильмине айланып, аз убакытта эле 463 миллион доллар киреше алып келген. Кошумчалай кетчү нерсе, фильм 1991-жылы «Оскар» жана «Алтын глобус» сыйлыктарына татыктуу болгон. Ал эми Жулия Робертс эки жолу ушул фильмдеги ролу үчүн... толугу менен ![]() ![]() №205 ![]() ![]() Күнүмдүк жашоодогу катардагы эле аял-күйөөнүн мамилесин чагылдыруу менен дүйнөгө популярдуу фильм жараткан режиссёр Даг Лиман фильмге 110 миллион доллар жумшаган. Бактыга жараша, фильм режиссёрдун эмгегин актап бет ачарында эле АКШда 183 миллион, дүйнөдө 300гө жакын миллион доллар киреше алып келген. Фильмдин мынчалык көп киреше алып келиши катышкан актёрлору боюнча да, тартылышы боюнча да жогорку деңгээлде... толугу менен ![]() №204 ![]() ![]() «Көчмөн» – тээ 18-кылымдагы эли-жери, мекени үчүн кызмат кылган Абулхаир хан, Аблай хан, Төлө бий сыяктуу чыгаан тарыхый баатырлардын жашоосунун негизинде тартылган тарыхый драмалык голливуд-казак фильми болуп эсептелет. Фильмде мекенге болгон сүйүү жогорку деңгээлде чагылдырылып берилет. Мындан сырткары казак баатырларынын укмуш өнөлөрү, эрдиктери да камтылат. толугу менен ![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:
|