super.kg logo

ТЕСТ: "Жеңил барып, оор кел!" Мигрант болууга камданып жаткан мекендештер үчүн тест

 

Кыргыз Республикасынын экономикалык абалы оор болгондуктан чет өлкөгө жумуш издөөгө жөнөгөн жарандардын саны өсүүдө. Айрым мекендештер чет мамлекеттин мыйзамдарын билбегендиктен соттолуп кеткен учурлар көп кезигет. Ошондуктан бөтөн жерге жөнөп жаткан же учурда сыртта жүргөн жарандардын айрым түшүнүктөрдү билүүсү үчүн жардам катары ушул тестти сунуштайбыз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

"Гастарбайтер" кантип которулат?

Гастарбайтер (Gastarbeiter = Gast "конок" + Arbeiter "жумушчу") немис тилинен "иштөөгө чакырылган жумушчу" деген мааниде которулат. Бул түшүнүк убактылуу иштеп жаткан чет өлкөлүктөргө карата колдонулат. Бул сөз Орусияда 1990-жылдары Москвада жана Санкт-Петербургда кенен жайылып, көп колдонула баштаган. Айрым учурда бул сөз терс мааниде айтылгандай кабыл алынат.

Кийинки суроо


Куш келиңиз!
Экстремист мигрант
Конок жумушчу
Таза мигрант

Депортация деген эмне?

Депортация - бул мамлекеттин аймагынан чет өлкөлүк жаранды административдик чыгарып салуу. Эгер мигрант чет өлкөнүн аймагында жүрүү тартибин же мыйзамдарды бир нече жолу бузса ага карата депортация эрежелери колдонулат. Мөөнөттү сот аныктайт.

Кийинки суроо


Чет элдик жаранды өлкөдөн чыгарып салуу
Мигранттарды кабыл алуу
Айып пул салуу
"Кара тизмеге" киргизүү

Чет өлкөдө каза болгон жарандардын сөөгүн алып келүүдө кандай түшүнүк колдонулат?

Аскер тилинде "жүк 200" деген түшүнүк аскер кызматкеринин сөөгү көмүлө турган жайга учак менен ташып келүүдө колдонулат. Бүгүнкү күндө "жүк 200" деп салмагы 200 килограммга чейин табытка салынган маркумдун сөөгүн ташууда айтылат. Табыт учак, поезд же атайын унаа менен ташылышы мүмкүн.

Кийинки суроо


Жүк 100
Радамант
Оор жүк
Жүк 200

Чехияга барып иштөөгө уруксат берген "эмгек картасы" канча жылга чейин берилет?

Эмгек картасы - Чехияга барып иштөөгө уруксат берген документтин жаңы түрү. Анын максималдуу мөөнөтү - 2 жыл. Кийин аны узартса болот. Эгер мигрант белгиленген мөөнөткө чейин иштен чыкса, анда эмгек картасы жараксыз деп табылат.

Кийинки суроо


90 күнгө чейин
2 жылга чейин
5 жылга чейин
10 жылга чейин

Шенген-виза кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет?

Шенген визасы - шенген аймагына кирген өлкөлөргө кирүүгө уруксат берген документ. Шенген аймагына Европанын 26 мамлекети кирет. Мөөнөтү боюнча шенген визасы экиге бөлүнөт: кыска мөөнөттүү (90 күнгө чейин) жана узак мөөнөттүү (90 күндөн ашык).

Кийинки суроо


АКШда 10 жыл мыйзамдуу жашоо
Европанын жарандыгын алуу
Дүйнөнү тоскоолдуксуз кыдыруу
Европанын дээрлик бардык өлкөлөрүнө тоскоолдуксуз кирүү

Кыргыз мигранттарынан эң көп акча кайсы өлкөдөн которулат?

2019-жылдын январь-февраль айлары Кыргыз өлкөсүнө мигранттардан 344,6 миллион доллар которулган. Бул акчанын 90 пайызы (338,3 миллион доллар) Орусиядан келген. Экинчи орунда АКШ (4,3 миллион доллар). Калган өлкөлөрдөн 1,9 миллион доллар которулган. 2018-жылы ичинде мигранттар Орусиядан мекенине 2,67 миллиард доллар жөнөтүшкөн.

Кийинки суроо


АКШ
Орусия
Казакстан
Чехия

АКШда канча Кыргыз жараны бар?

Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилигинин маалыматы боюнча, АКШда 4 миңге жакын Кыргыз жараны катталган. Бирок бул сан чыныгы көрсөткүчтөн алыс, анткени элчиликте катталуу милдеттүү эмес. АКШдагы Кыргыз коомдук борборунун маалыматы боюнча 2018-жылга карата бул өлкөдө 30 миңге жакын Кыргыз жараны бар.

Кийинки суроо


4 миңге жакын
30 миңге жакын
1 миллионго жакын
500 миңге жакын

Кыргыз жарандары Түркияда канча күн визасыз жүрө алат?

Кыргыз-Түркия мамлекеттер аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз жарандары Түркияда 90 күн визасыз жүрө алат. Бул мөөнөт бүткөн соң виза алуу керек.

Кийинки суроо


7 күн
30 күн
Визасыз жүрө албайт
90 күн

Депутаттар жана аткаминерлер кайсы документ менен чет өлкөлөргө бара алышат?

Депутаттар жана мамлекеттик кызматчылар дипломатиялык же кызматтык паспорт менен чет мамлекеттерге чыга алышат. Чет өлкөлөрдүн аймагына кирүүнүн жана анда болуунун тартиби тийиштүү чет мамлекеттин мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык жөнгө салынат. Мындай документ 5 жылга берилет. Аны кызматтык иш сапарларга гана пайдалануу кажет.

Кийинки суроо


Депутаттык күбөлүк
Дипломатиялык паспорт
Депутаттык виза
Эч кандай документтин кереги жок

Чехиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги кайсы жерде жайгашкан?

Кыргыз өлкөсүндө Чехиянын элчилиги жок, бирок консулдугу бар. Ал Бишкек шаарында Орозбеков көчөсү 52-54 дарегинде жайгашкан. Ал эми Чехиянын Казакстан жана Кыргыз Республикасы боюнча элчилиги Нур-Султан шаарында жайгашкан.

Кийинки суроо


Бишкекте
Таласта
Ошто
Кыргыз өлкөсүндө Чехиянын элчилиги жок

Кыргыз Республикасынын азыркы тышкы иштер министри кимдин небереси?

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри 41 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын тунгуч башчысы Иманалы Айдарбековдун (1894-1938) небереси. Ал өз заманынын билимдүү, жаңычыл көз караштагы, демилгелүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин бири болгон. Айдарбековго "эл душманы" деген айып тагылып, 1938-жылы атылган.

Кийинки суроо


Жусуп Абдрахмановдун
Иманалы Айдарбековдун
Ишеналы Арабаевдин
Төрөкул Айтматовдун

Быйыл Орусиядагы мигранттар кайсы ооруга каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирилишти?

2019-жылдын 1-апрелинен тартып Орусиянын жарандары жана өлкө аймагында жашап жаткан эмгек мигранттары массалык түрдө кызылча дартына каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирилишти. Эмдөө иши 2019-жылдын 1-октябрына чейин улантылат.

Кийинки суроо


ВИЧ/СПИД
Чочко тумоосу
Кутурма оорусу
Кызылча дарты

Иммигрант деген ким?

Иммигрант - бул кайсы бир мамлекетке туруктуу же узак мөөнөткө жашоого кеткен чет өлкөлүк жаран. Бул түшүнүктү "эмигрант" деген сөз менен аралаштырбоо керек. Эмигрант - бул мекенин таштап, башка мамлекетке көчүп кеткен жаран.

Кийинки суроо


Башка мамлекетке туруктуу же узак мөөнөткө жашоого кеткен жаран
Мекенин таштап, башка мамлекетке көчүп кеткен жаран
Мекенинде куугунтукка кабылган жаран
Мекенине кайтып келген жаран

АКШда саясий баш паанек көбүнчө кандай учурда берилет?

Эгер жаран мекенинде куугунтукка кабылса же куугунтукка кабыларынан корксо, ага АКШда саясий баш паанек берилет. "Саясий качкын" статусун АКШнын аймагында болуп гана алуу мүмкүн. Эгер АКШда саясий паанек алган жаран мекенине кайтса, ал "саясий качкын" статусун жоготот.

Кийинки суроо


Мекенинде саясий куугунтукка кабылганда
Мекенинде депутат боло албаганда
Мекенинде жумушсуз калганда
Мекенинде президентке каршы чыкканда

Кыргыз жараны Малайзияда канча күн визасыз жүрө алат?

Кыргыз Республикасынын жарандары Малайзиянын аймагында 90 күнгө чейин визасыз кирүү укугун пайдалана алышат. Казакстандын жана Орусиянын жарандары үчүн бул мөөнөт 30 күн.

Кийинки суроо


7 күн
30 күн
90 күн
Бир да күн жүрө албайт

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(26)
15.05.2019. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
67
16.05.2019. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aidinaernur,Минус баскыла таза 74 упай.
Aza17 түзөттү 2019-05-16 17:28:42
15.05.2019. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Биринчисинде 60 дагы башынан 100))
15.05.2019. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
60
15.05.2019. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
47)) чет олкого чыкпаганым билинди го)
15.05.2019. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
54
15.05.2019. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
187 млрд сом которуптур 2018 жылы биздин балдар, кыздар. Бул недеген сумма. Бул акчалар кайда кетти? Албетте ТОЙ, АШ, корбай шорбайга короттук! Тигил жакта кыйналып табышат, а биз болсо чачабыз пайдасыз нерсеге. Эгер жакшы жашоо кааласак ойлонолу туугандар!
15.05.2019. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
74 бал.Мен иммигрант экенминда
15.05.2019. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
60
15.05.2019. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
74
15.05.2019. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
34-балл Ош-Бишкектен башка жака чыккан эмесмин.
15.05.2019. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
40
15.05.2019. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
67
15.05.2019. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Менин баллым 57 болду эмнеси болсо да кыргыз мекендештер аман эсен кайтып келсин оздорунун келгени чоон бакыт эмеспи?
15.05.2019. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Меники 67 болду учурда литвияда иштеп журом
16.05.2019. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Литва болот Литвия эмес,Латвия бар ал башка мамлекет
15.05.2019. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Эмнеге минус басасынар
15.05.2019. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
asdef,эмнеге минус? Десенда минус басышат.))
15.05.2019. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мигрантка пайдасы жок эле суроолорго.
16.05.2019. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
74 балл. Минус баскыла.
16.05.2019. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Безлимит жүрө алат.
16.05.2019. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
80 таза мигрант
16.05.2019. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
94 упай 3 суроодон адашып калдым
16.05.2019. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
60-Балл
16.05.2019. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
67
17.05.2019. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
80 балл
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: