Кой-Таштагы жаңжалдан жабыркагандардын саны 45ке жетти. Алардын арасында Чүй ОИИББинин жетекчиси бар
Тектеш кабарлар: Атамбаевдин кармалышынын чоо-жайы жана андан кийинки камакка алуулар (264 материал)
Кой-Таштагы жаңжалдан жабыркагандардын саны 45ке жетти. Жабыркагандардын арасында Чүй ОИИББинин жетекчиси бар экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
8-августта түнкү саат 03:00гө карата маалымат берилди.
Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы ооруканаларга кайрылгандар:
- 22 адамдын баш мээси чайкалган. Алардын арасында Чүй ОИИББинин жетекчиси бар.
- 13 киши резина огунан жаракат алган;
- 2 адам денесинен түрдүү жаракаттарды алган;
- 4 киши октон жаракат алган;
- 4 адам ар түрдүү жеңил жаракаттарды алган. Алардын бирине амбулатордук жардам көрсөтүлдү.
Дагы бир атайын даярдыктагы жоокер алган жаракатынан улам каза болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Калган жоокерлер кайда, коптоп каптап кирип барыш керек эле, танк менен элди тебелеп кирип барыш керек эле деп дооругондор журот. Мээ жок ошону айткандарда.
Ким бироо жазыптыр, бул ишке Сокенин тиешеси жок, ал эс алып журсо деп. Мындай операция Сокенин лично макулдугу менен отот. Ушундай операция болоордо баапы ар жакка кетип калышат, как будто тиешеси жоктой тур корсотушуп.
Мындай операция ийне жибине чейин кылдат пландалат. Ага Соке да катышкан. Эми куноону УКМК жетекчисине оодарвп Соке куноосуз болгону кандай? Соке озу отставкага кетиши керек, элге ок атууга буйрук бергени учун
Ып ак экенин далилдеп келбейби.Атамбаев карапайым калкты курал кылып колдонуп жатат,бир байкуш спезназ өлдү.Элим деген адам Мырзакматовко окшоп бир ооз сөзү менен чогулган элди кетирет эле мына чыныгы элим дегендер, ошодо площадда канча миндеген адамдар турду керек болсо Атамбаевдин адамдарынан 10 эсе көп.