«САРАЙ БЕРМЕТИ» - ЛЕГЕНДАРЛУУ ТАНГЕМ БАЯНЫ

№480 13-19-январь, 2012-жыл

Азыр көпчүлүк кино сүйүүчүлөр саатты карап, жаш-кары дебей «Тангем башталар убакыт болдубу?» деп калышты. Минтип кинону күтүп зарыккандар үчүн бул кино тууралуу баян курууну чечтик. Анда эмесе, сиздер сүйгөн «Сарай бермети» сериалы тууралуу айтып берели.

Өлкөсү – Түштүк Корея
Чыккан жылы – 2003
Жанры – Тарыхый мелодрама
Режиссёру – Ли Бён Хун
Продюсери – Чо Чун Хён
Сценарийдин автору – Ким Ён Хён
Башкы ролдордо – Ли Ён Э, Чи Чин Хи, Хон Ли На, Им Хо, Ян Ми Гён, Кён Ми Ри жана башкалар
Сериялардын саны – 70
Бюджети – 15 миллион доллар
Сатыктан түшкөн каражаты – 40 миллион доллар

ТЫРЫШЧААКТЫК ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКИРЕТ
Окуя XVI кылымдагы Кореядагы Чосон династиясында болуп өтөт. 8 жашар Тангем ата-энесинен ажырагандан кийин апасынын керээзи боюнча падышанын сарайында жашап, ал жактан эң мыкты ашпозчу болууга бүт аракетин жумшайт. Ишин мыкты аткарган Тангемди көрө албагандар пайда болуп, аны сарайдан кууп салышат. Күчтүү жана эрктүү адамдар өз жолунан баш тартпай, кыйынчылык келген сайын күчтөнгөндөн күчтөнөт эмеспи. Анын сыңарындай, баш каарман кыйынчылыктарга моюн сунбай, жашоосун Чечжу аралына барып уланта берет. Ал жакта малай болуп кара жанын багып жүрүп, табыпчылыкка кызыгуусу артат. Тырышчаактыгы, өжөрлүгү менен эмгекти айкалыштырып жүрүп, аралдагы эң мыкты айым-табып атыгат.
Бир канча убакыт өткөндөн кийин мурда иштеп кеткен сарайга кайтып келет. Медицинадагы билими падышаны таң калтырып, акыры ал падышанын жеке дарыгерине айланат. Тасманын кульминациясы ушул жерде. Анткени Кореяда ал убакта эркектердин бийлиги өкүм сүрүп, эркектер гана күчтүү деп эсептелинип, айымдар анчалык укукка ээ эмес болгон кезде Тангем чоң бурулуш жасайт. Бул учурга чейин эч качан падышанын сарайында айымдар табып болгон эмес. Тангем сарайда айымдардын арасындагы алгачкы табып атыгат. Ошондуктан ага Де (Улуу) деген ат ыйгарылып, ал Улуу Тангем атка конот. Улуу Тангем падышанын жүрөгүнө да чок салат. Бирок падышанын сүйүүсүнө жооп бере албайт. Анткени ал кыйын учурларда жардамын берип жанында жүргөн сарай сакчысы Мин Чун Хону сүйөт.
Тасманын аягында падышанын он эки эли ичегисине операция кылыш керек болуп калып, ал «мындай операцияны айымдар жасабаш керек» деп макул болбой койгондуктан, оорусу күчөп каза табат. Өмүрү бүтүп баратканын сезген падыша Тангем менен Миндин сарайдан чыгып кетүүсүнө буйрук берет. Сарайдан чыгып кеткен экөө үйлөнүп, кыздуу болушат. Кызы Со Хён 8 жашка чыкканда ханыша алардын ушул эле айылда жашап жатканын угуп калып, Тангем менен Минге сарайга кайтып келүүнү сунуштайт. Бирок алар бул сунуштан баш тартышат. Анткени Тангем карапайым, оорулуу адамдарга жардам берип жашагысы келет.

УЛУУ ТАНГЕМ ЧЫН ЭЛЕ ЖАШАГАНБЫ?
XVI кылымда Кореяда Чосон династиясынын учурунда Тангем аттуу легендарлуу айым жашаган. Тасмада ошол айымдын тагдыры чагылдырылат. Тангем Чосон династиясынын жылдык отчётторунда жети жолу эскерилет. Падыша Сончжон Тангемдин медициналык билимине таң берип, алгачкы жолу айым-табыпка ишенип, өз үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун да ушул адамга тапшырган экен. Ушул окуядан кийин Тангем Улуу Тангем атына татыйт. Окумуштуулар азыркы күнгө чейин Тангем деген адам чындыгында эле жашагандыгын же жашабагандыгын талашып-тартышып келишет.

«САРАЙ БЕРМЕТИНИН» ТОЛКУНУ ДҮЙНӨНҮ КАПТАДЫ
Тасма корей маданиятын таанытуу менен бирге ушул калктын элдик медицинасы жана ошол учурдагы ашканасына басым жасайт. Тангемдин окуясына багытталган бул тасма Кореяны таанытып гана тим болбостон, туристтердин санынын жогорулашына да салым кошуп жатат.
«Сарай берметин» дүйнөнүн булуң-бурчу көргөндүгү көпчүлүктү таң калтырбаса керек. Тасма Кытай, Тайвань, Малайзия, Сингапур, Бруней, Япония, Индонезия, Филиппин аралдары, Таиланд, Вьетнам, Австралия, АКШ, Швеция, Орусия, Канада, Индия, Израиль, Венгрия, Жаңы Зеландия, Украина, Иордания, Египет, Дубай, Түркия, Нигерия, Зимбабве, Перу, Колумбия, Мексика, Венесуэла, Коста-Рика, Пуэрто-Рика, Тринидад жана Тобаго, Румыния, Босния жана Герцоговиня, Венгрия, Англия, Иран, Өзбекстан сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө көрсөтүлгөн. Дагы да болсо бул катарды толуктаган өлкөлөр бар. Мисалга алсак, бизде.

«ТАНГЕМ» АЗЫР ЭГИЗ БАЛАЛУУ
Тасманын баш каарманы Тангемдин ролун корей актрисасы Ли Ён Э аткарган. Ал 1971-жылдын 31-январында Түштүк Кореянын Сеул шаарында туулган. Мындан башка көптөгөн тасманын көркүн ачкан корей жылдызы 2009-жылы корей улутундагы америкалык ишкерге турмушка чыгып, үйлөнүү тоюн АКШда өткөргөн. Азыр актриса эгиз балдардын энеси.

САУНДТРЕГИ – “ONARA”
“Onara” – эски корей ыры. Бул ыр да көптөгөн дискуссияларды жараткан. Эски корей тилинде болгондуктан, аны которуп түшүнүү, маанисин чечмелөө кыйынга турган. Ыр Чосон династиясынын учурунда пайда болгон жана XIX кылымда популярдуу болгон пхансори стилинде.
Ырда жетпей калган сүйүү тууралуу айтылат. Башка өлкөлөргө сериалдын жайылышы менен саундтреги да ар кайсы тилдерге которулуп, тасма менен кошо ырдалып келет.

ТАСМА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • Кытайдын өлкө башчысы Ху Цзиньтао кореялык саясатчылардын бирине сериалдын ар бир сериясын көрүп чыгууга убактысынын жетпей жаткандыгы уят нерсе экенин айткан.
  • Индияда тасма «Үйдүн жарыгы» аталышында чыгып, «Эң мыкты чет жердик телеберүү» сыйлыгын жеңип алган.
  • 2004-жылы Кенгидо провинциясынын Янжу шаарында Улуу Тангемдин тематикалык сейил багы ачылган. Тасманын көп бөлүгү ушул жакта тартылган.
  • Иранда «IRIB» (Иран ислам Республикасынын берүүлөрү) корпорациясы жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, «Сарай бермети» 57 пайыз көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан эң популярдуу сериал болуп табылган. Кыргызстанда деле анын күйөрмандары аз деп айтууга болбойт.
  • Тангем тууралуу мультфильм да тартылган. Ал «Тангемдин кыялдары» деп аталып, тасмага окшош окуяларды камтыйт. Бирок Тангемдин кичине чагына көбүрөөк орун берилген.
  • Эң башкы сценарийде Тангем менен Мин Чун Хо экөө өбүшкөн эпизод бар болчу. Бирок Тангемдин ролундагы Ли Ён Э бул эпизоддун болушу шарт эмес экендигин баамдап жана тасманын аудиториясынын кең болушу үчүн мындай сценаларды алып салуу туура экендигин айткан. Ошондон кийин мындай сценалар алынып салынган.

Перизат Музуратбекова
kino@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(22)
16.01.2012. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага актер аябай жагат
16.01.2012. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оуууу бул кинону көрүп бүткүчө чыдамым жетпей, акыры диск сатып алып көрүп жаным тынды, абдан сонун кино............
16.01.2012. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мага да аябай жагат бул кино.......эн жакшы деп айтсам жанылышпайм...бирок чынында 70 серия экенби? ким билсе айтып койгулачы
16.01.2012. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жактырган сериал!кайталап коргомун...
16.01.2012. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы кордум жакшы кино экен
16.01.2012. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тангемди мен дагы коруп жатам.
16.01.2012. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин уйдо да кечинде кинотеатр болуп кыздар тизилип отуруп калышат ушу кинону коробуз деп.. жудоп кетем... корбойм
16.01.2012. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул тасмадан коптогон пайдалуу жактарын алса болот, абдан маанилуу тартылган...
16.01.2012. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун кино. мен коруп бутком, баарынарга совет берем коргуло жанан балдарынарга да корсоткуло, тарбиялык жагы абдан коп
16.01.2012. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен муру 5-6жыл мурун озбектердин каналынан коргом Тангемдин апасын таш менен комгон жерин коруп аябай ыйлагам башынан аябай коп кыйынчылыктарды корот го байкуш
16.01.2012. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун тасма экен.мен 1ай мурун ктрдин бергенине чыдабай дискин сатып алып,3,4 кун тун дебей кызыгып кордум.жалпы 54 серия экен.элдер 70дегенинен чыдабай кайра алсам ошол эле экен.
17.01.2012. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да абдан жагат бирок дагы коргум келип жатат
17.01.2012. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай окуялар башындан отуп,кучту болуп элге танылып сый урматка ээ болсон элге пайдан тийсе ушуну жашоо десе болсо керек.
17.01.2012. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aaa chincha
17.01.2012. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
maga da abdan jagat bul kino!!!!!
19.01.2012. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино абдан жакшы тартылган ТАНГЕМ кандай кана кыйынчылыктарды өткөздү ушундай кыйынчылык биздин кыргыз кыздарынын бирине туш болсо кандай болот эле?
19.01.2012. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сооонун сериал.
20.01.2012. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимде сериалдын саундтреги бар? аябай жагат болушкулочу... рахмат
20.01.2012. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
mmm koryw kerek eken...
22.01.2012. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бечара кыргызгы эми келиппи бул тасма мен 5 6 жыл мурда озвектер койгон ошондо угуп калчу элем уйдогулор корушот эле жинипи деген теле. Бар болчу анда
26.01.2012. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызстандан Тангемге окшош кыз коргун келеби? анда мага чал!!! (корсотуп келе калайын)
30.12.2012. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оова 70 сериялдуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо