6-7 АЙЛЫК БАЛАГА КАМ КӨРҮҮ

№737 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж

Балаңыздын төрөлгөнүнө 6 ай болду. Чүрпөңүз жарым жашка толуп, кадимки кичинекей адамга айланды. Буга чейин ал сиз колуна берген нерселерди таанып-билип келсе, эми аларга өзү умтулат. Бул куракта балага кантип кам көрүү керек, ЮНИСЕФтин Балдар фондунун колдонмосуна назар салалы.

6 АЙЛЫК БАЛА

Физикалык өнүгүүсү

  • Адаттагыдай эле бала салмагына 500 граммдан кем кошпойт.
  • Бою 1,5-2 сантиметрге өсөт.
  • Көкүрөгү, башы 0,5 сантиметрге чоңоёт.
  • Сүт тиштери чыга баштайт.

ПСИХИКАЛЫК АБАЛЫ

Жакын адамдарга көңүл бурат (жылмаят, энесине, тааныш адамга умтулат). Ишенүү жана позитивдүү өз ара аракеттенүүнүн атмосферасын түзүү үчүн бала менен көбүрөөк сүйлөшкүлө, жылмайгыла, тамашалуу ырларды ырдагыла, "жаша-жаша" деп алакан чапканга үйрөткүлө, "Буудай куур" сыяктуу оюндарды ойногула.

Бейтааныш адамга көңүл бурат, таң калат, коркот, качат жана башка сезимдерин билдирет. Баланын коркуусуна түшүнүү менен мамиле кылгыла, аны кучактагыла, колуңарга алгыла. Бала сиздин жаныңызда өзүн корголгондой сезүүсү керек.

Башка балдарга көңүл бурат, аларды көрүп жылмаят, кубанат. Бул учурда башка балдарга кошуп ойноткула. Өзүнүн атына, үндөргө көңүл бурат. Андыктан баланы өз атынан чакыргыла.

Эскертүү! Эгерде 6 айга чейинки бала буюмдарга жетүүгө аракет кылбаса, оодарыла албаса, анда сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек.

7 АЙЛЫК БАЛА

Физикалык өнүгүүсү

  • Адаттагыдай эле баланын салмагына 500-600 граммдай кошулат.
  • Бою 1,5-2 сантиметрге өсөт.
  • Көкүрөгү, башы 0,5 сантиметрге чоңоёт.
  • Тиштеринин чыгуусу уланат.
  • Бала ары-бери оодарыла алат. Ал боюн тең салмакта кармаганга үйрөнүп, ал гана эмес, бала ушунчалык ийилчээк жана сөөктөрү ката элек болгондуктан акробатикалык мүмкүнчүлүгү менен таң калтырат. Балага кол сунсаңыз ал боюн көтөрүүгө аракет кылып, отурганга аз-аздан үйрөнө баштайт.
  • Колуна чоң өлчөмдөгү оюнчуктарды да кармай алат. Колдон түшүрүп алган оюнчугун издейт, көз карашы менен узатат. Бул куракта бала баскылай турган, соккулаган, кыймылдаткан, шылдыраткан оюнчуктарды алып берүү керек. Мындан сырткары бырыштырыш үчүн жумшак, тыгыз кагаз бериңиз. Жеп албашы үчүн көз салып туруңуз.

ПСИХИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮ

Бала шылдырак менен шылдыратат да, бир аз күтүп үндү анализ кылат, анан кайра шылдыратат. Баланын эске тутуусу өөрчүй баштады. Бул учурда дене бөлүктөрүн көрсөтүп, кол, бут, баш деп атап үйрөтө баштоо керек.

Мурдагыдай кыска сөздөрдү айтып, эмоционалдуу билдире алат: "ба-ба-ба", "ме-ме-ме", "а-па", "а-та" сыяктуу кыска муундарды айтат. Үнүн бирде бийиктетсе, бирде басаңдатат. Сүйлөшкөндө алар сүйлөй алган сөздөрдү орду менен пайдаланып, баланын тилин тууроо, тилди чайнап, сөздү бузуп сүйлөө жарабайт. Баланын тили бара-бара такталып, так сүйлөөгө үйрөнөт.

Кашыктан тамак жей алат, тамакты көргөндө оозун ачып, сугунат. Чайнап жегенди үйрөнө баштайт.

Ары-бери жакшы оодарыла алат. Бир нерсени кармап тура алат. Оюнчуктар менен ойнойт, аларды чачат, ыргытат, оозуна салат. Баланын оюнчуктарга жана коопсуз буюмдарга жетүү аракетин жана аларды оозуна салуусун колдогула, анткени ал дүйнөнү даамдоо жана жыттоо аркылуу тааныйт.

Бейтааныш жана тааныш адамдарды биле баштайт. Бейтааныш адамдарга барбай чочуркап ыйлаганы башталат. "Болбойт" деген сөзгө түшүнүп, ага жооп кыла алат. Мындан сырткары ар кандай жаңсоолорду түшүнө баштайт.

Күзгүдөн өзүн көрүп талпынат, сөздү түшүнө баштайт, былдырап сүйлөйт, "отур", "тур", "жат", "алакан чап" дегендерди аткара алат.

БАЛАНЫ ТУУРА ТАМАКТАНДЫРУУ

Бала канча сураса, ошончо жолу эмчек эмизиңиз, суткасына жок дегенде 6 жолу.
6 айынан баштап кошумча тамактандырсаңыз болот. Ал тамак өтө жумшак болушу шарт. Күрүчтөн, акшактан же гречкадан жасалган коюу буламык, 1 чай кашык каймак май же өсүмдүк майы кошулган камыр же эзилген картошка. Сууга бышырылып, майдаланган эт, айрыкча боор, балык, жумуртка, буурчак азыктары сунушталат.
Түрдүү жашылча-жемиштерди, көк чөптөрдү, майдаланган жаңгак бериңиз.
Бир берген тамак 150 миллилитр (6 айында), 180 миллилитр (7-8 айында) жана 225 миллилитрден (9-11 айында) кем болбошу керек. Эгер бала эмчек эмсе, күнүнө 3 жолу тамак берип, 2 жолу шам-шум жедириңиз. Эмчек эмбесе, күнүнө 5 жолу тамак жана 1-2 жолу шам-шум берүү туура.

Эскертүү! Бала 9 айга толгуча нак сүт, айран, кефир бербеш керек. Себеби алар баланын ичеги-карынына жана бөйрөгүнө доо келтириши мүмкүн жана аз кандуулук менен аллергиянын өөрчүшүнө өбөлгө түзөт. Сүттү 6 айлыгынан баштап буламык (суу кошуп) даярдоодо колдонсо болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(16)
21.12.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун го. Мен 9 айга чейин айран сүт бербеш керек экенин билбептирмин. Эжеме айипасам бербе деп.
21.12.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо сиздерге чон рахмат менин кызым 5 ай болду мага ен керектуу кенешти сунуштадыныздар рахмат.
21.12.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун кенеш экен. менин кызым беш айлык оодарылып кетип калат :)
21.12.2016. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун кенештер менин балам жети айлык бут жазылган боюнча кетип жатат кудайга чексиз шугур кылам
21.12.2016. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүттүн өзүн берүү туура эмес экенине абдан ынанам, андан көрө унду сары майга өтө кызартпай кууруп банкага камдап алсаңыз эң сонун, сүткө азыраак суу кошуп, бир чоң кашык даяр ундан салып, бышырасыз, андан кийин бөтөлкөсүнө куюп берсеңиз жакшы...

Кошуна келинге кылдыралбай койдум, баласы эрте м.н кара чайга туз кошулган сүт чай ичет, анан жөн сүт... Табити жок...
22.12.2016. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сары май болбойт, ал чон адамга дагы зыян го...
21.12.2016. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кенеш екен .Дамира Арстановага ыраазычылык!
21.12.2016. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланын тиши канча айлыкта канча тиш чыгышы керек экендиги жөнүндө маалымат алып бериңиздерчи.
22.12.2016. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин кызым 9 айлык.эмгектей элек.олтурат жон эле.9айлык наристени да батыраак жазгылачы
25.12.2016. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нак уйдун сутун берип илгеери ден соолукту олтурушконбу ошондо,,смесь жок кезде уйдун эле суту менен чонойсок керек..3 айда декрет бутот жумушка созсуз чыгасын анан уйдун сутун берип чонэнелерибиз бакканда балдарды:-):-):-)
27.12.2016. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйдун сүтүнө караганда эчкинин сүтү жакшы! албетте оорубаган эчки болсо))
27.12.2016. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмдөө боюнча да кеңеш бериңиздерчи, температурасы көтөрүлсө эмне кылуу керек?
27.12.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
deva, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
27.12.2016. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен учун ото пайдалуу кенеш болду. Рахмаат.
28.12.2016. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир эки айынан баштап жазылганы барбы. Болсо кайдан окусак болот...
28.12.2016. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a, саламатсызбы? Төмөнкү шилтемелер менен өтүңүз: http://www.super.kg/article/show/38643
http://www.super.kg/article/show/38817
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо