ЖЕБЕ тобу "Насаат ыры"
Жанр:Поп
00:03:26
43,23 Мб
Жүктөлгөн: 21-10-2013


Бирде жигит төө минет,
Бирде жигит жөө жүрөт.
Төө мингенде жигитти,
Төбөсүнө көтөрүп, ай,
Төгөрөктөп эл жүрөт.
Жөө жүргөндө жигитти,
Жөн жүргөндо жигитти,
"Жөн жүрбөйт го мобул" деп,
Жөөлөй түртүп эл күлөт.

Аскар тоонун этеги,
Барып-барып чак болот.
Бир атанын балдары,
Алты тууган болсо да,
Катташпаса жат болот.
Ага-иниңди жаман деп,
Тууган кайдан табылмак
Аргымакты жаман деп, ай,
Буудан кайдан табылмак.

Жалгыз өгүз кош эмес,
Жаакташкан дос эмес.
Жакшы-жаман күндөрдө,
Жардам берип жаныңда, ай,
Жан күйбөсө дос эмес.
Тайгак жолдо, тар жолдо,
Тагдыр тайкы болгондо.
Тамашалап кеп айтып, ай,
Табалаган дос эмес.

Ата-энеңдин кадырын,
Көзү барда билип жүр.
Карысы бар баланын,
Ата-энеңдин кадырын,
Өзү барда билип жүр.
Кулун кезден өстүргөн,
Ээсин тепкен ат жаман,
Өзөк өрттөп куйкалап,
Өздөн чыккан жат жаман.

Көптү көргөн аксакал
Кары болот, билип жүр.
Кары сөзүн капка сал,
Кары сөзү жаштарга
Даары болот, билип жүр.
Керкейгенге кергейгин,
Көктөн түшкөн пир эмес,
Ийилгенге ийилгин,
Баалап берген кул эмес.

Алган жарың Айпери,
Хандын кызы болсо да,
Ажаанданып кыйкырып,
Айтканыңа көнбөсө,
Сулуулугу не пайда?
Аркан-жипти үзгүлөп,
Азоолонгон кез кайда?
Аштан, тойдон калган соң,
Күлүктүгү не пайда?
  • Currently 4.51/5
(41 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (105)

23.10.2013. 16:48
 ayaza
сонун болуптурБбаардык жагынан.
23.10.2013. 18:09
 cookies
мага лично жакты главный что аракет кылышыптыр
23.10.2013. 18:55
 aminali
Ozgo4o Buranada tartylgany sonun boluptur,uwundai taryxyi jerleribizdi klip arkyluu korsotsok sonun bolmok.
24.10.2013. 00:54
 nazi.kg
жакшы чыгыптыр
24.10.2013. 11:04
 kemel81
Урматтуу супер инфо жебе тобунун кечинде келемин сага деген саптары бар ырынын клибин жуктоп койунуздарчы сураныч. Чоон рахмат.
24.10.2013 11:28
admin_media
kemel81,
Саламатсызбы! Сиз сураган клип биздин порталда бар.
http://www.super.kg/media/video/61413/
24.10.2013. 11:38
 ilknur_95kg
клип бир аз жонокой болуп калган
24.10.2013. 13:37
 Luntik
Ундору аябай окшош экен:( мен Медердикин гана айырмалай алдым калганыкы куюп койгондой окшош го,кээ бир кебетесин айырмай албагандар бар экен тоообо:)Чындап эле кебетелери деле окшош балдардын.Клип орто, ыр жакшы.Неме,ушу форманардан башка гардеробдо кийим жокбу балдар???
10.12.2013 18:59
bakythka
Luntik, Кыргыз жигити болгондон кийин улутук кийим кийет да ,
эмне эми башка гардеробдон башка улутун кийимин кийип чыгыш керек беле?Модератор admin_superstan түзөттү 11.12.2013 10:56
11.12.2013 10:56
admin_superstan
bakythka,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө жол берилбейт! Азырынча эскертүү!
24.10.2013. 14:17
 KyrgyzstanTugoiloru
абдан жакшы ыр жана клип, бирок, костюмдардан дагы башкачасын кийсе болмок. ошондой эле Патриоттук бирок башкачасын дагы. анткени кичине простойрок болуп калыптыр, бирок жигиттер Азаматсынар!
24.10.2013. 14:49
 Dilinaz
Мыкты клип болуптур, абдан жакты. Озгочо бийлешкени жакты, бул бий илгерки кыргыздардын бийи деп окуудум эле.
24.10.2013. 15:29
 Шаиста Шатманова
Башында Медердин жаа кармап турган жери сонун экен.
24.10.2013. 23:14
 ayman9309
неге медерди анча тартпадынар?ага обидно болбодубу?почти учоону эле тартыптыр.байкадынарбы?
25.10.2013. 04:38
 turatbekovna81
Молодцы!!! Клип абдан сонун чыккан.Формалары да ыры да баары соз жеткис.Мунун баары Кенже эжоо сиздин эмгегиниз.Сизге жана балдарга ийгилик!!! Биз сизден дагы коп коп жаны ырларды клиптерди кутобууууууз.
25.10.2013. 15:40
 kadam
Тарбиялык мааниси зор, нукура кыргыз жыттанган заманбап клип болуптур. Азаматсыңар! Дагы жаңылыктарды күтөбүз.
25.10.2013. 17:58
 asko93
Клип жакшы болуптур азаматтар бирок чачтары окшошпой калыптыр ананда кийимдерин бир аз башкачарак кылса болмок жакаларын кыздардыкына окшошуп калыптыр иигилик буйруса копту кутсо болот
25.10.2013. 21:44
 gulmira.mukumbaeva
Магада ото жакты!!жакшы ырдашыптыр))
26.10.2013. 19:26
 djekki
жакшы клип...но не будем отрицать...не хватает какой то изюминки.... Сыдыков не плохой клипмейкер и можно сказать один из самых лучших в нашем шоубизе..это его преимущество...но надо развеваться...а в целом клип хороший...
26.10.2013. 21:57
 Juliakalt
Супер ыр , клип дагы жакты. Жебе тобуна албан, албан ийгилик !
28.10.2013. 10:33
 admin_media
fanatkakg,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз. Дагы катачылыктар болсо, бизге купуя жазып койсоңуз. Рахмат!
28.10.2013. 20:24
 Robin_777772012
Ийгилик!Чынында эле Наасат ЫР экен!
29.10.2013. 23:05
 sneg88
сонун болуптур жигиттер алга!
30.10.2013. 12:42
 honey
Супер болуптур. Жебе тобуна ийгилик!!!
30.10.2013. 20:12
 Tattygul
супер. Мага озгочо бийлеген жерлери жакты +5
01.11.2013. 02:28
 Manat212184
ушундай кантип ыр болсун бул кетиши менен жебе тобу копко барбайт
01.11.2013. 02:39
 Manat212184
чындыгында ернист жакшы тартат клипти бул жерде жебе тобу озу еч нерсеге таланты жок мындай группа биринчи жолу чыгып атат бирок елге жетпей атат ырлары казахстанда мындай группалар ото популярдуу
01.11.2013. 15:03
 nurgul
клип да,ыр да балдар да жапжакшынакай болуп турат го. биз сын айтуу боюнча алдыбызга эч кимди салбасак керек. озубуздун колубуздан эч нерсе келбейт бироону
сынатып эле койсо болду
01.11.2013. 19:01
 Manat212184
Нургуль айтсан емнеси жакшы бир ыры барбы елге жеткен айтчы бул ырдап чыгыш баарынын эле колунан келет бирок бир аз талант болуш керек да
04.11.2013. 16:42
 Zali
ийгилик каалаймын мындан кийинки да чыгармачылыгыныздарга, аявай снун чыгыптыр
05.11.2013. 11:10
 ruskg-ruskg
jakwy klip boluptur. maga abdan jakty. 4-balasy boz uido oturgan jerinde jok eken, emne sebepten ekenin bilse bolobu?
10.11.2013. 22:44
 Mederina11
Ыр,форма,клип баары сонун!Азаматсыз Кенже эже ушул балдарды ушинтип тарбиялап,ушундай сонун клип тартып жатканынызга,балдарга да,Кенже эжеге да албан-албан ийгилик)
13.11.2013. 00:29
 giza_17
klip suuuuuuuuuper.....men ponravilsya tot epizod klipa gde eki bir tugan uruwkany...wto eto nelzya ved bez Rodnyh ty nikuda ne poidew i ne ssmojew poity....ogromnoe Rahmat Kenjeje ved ona oh produser ved eto pokazyvaet ves ee opyt..ona deliitsya opytom svom Parnaym i pravilno delaet ved JEbe saaamaaaaya luuuuuuuuuuu4waya gruppa v Kyrgyzstane)))))))Gromadnyh uspehov im v dalneiwem
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: