ЖЕБЕ тобу "Апакем"
Жанр:Поп
00:03:18
39,97 Мб
Жүктөлгөн: 07-05-2014


Сөзү:Т. Парпиевдики
Обону:Т. Парпиевдики

Укчу мени, угуп турчу, апакем,
Сенсиз мага түгөнбөстүр берекем.
Бактылуумун бул дүйнөдө чексиз мен, ай, чексиз мен,
Алтын апам, өзүңө миң мертебе...

Туям, апа, эмгегиңди мендеги,
Ак сүтүңдү акташ менин милдетим.
Жүрөт азыр жүрөгүмдү өйүтүп, ай, өйүтүп,
Жүрөгүмдүн төрүндөсүң дайым сен.

Ак тилектер жан дүйнөңдөн куралып,
Кулунуңдун бактысына кубанып.
Эчен жылды карыттың го, апакем, ай, апакем,
Эсендигим Кудайдын миң суранып.

Бейиш эненин таман астында.
  • Currently 4.44/5
(16 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (49)

07.05.2014. 17:48
 kama_future_millioner
Жакшы клип экен апаларыбыз аман болсун
07.05.2014. 20:14
 Jakusya
Эчен жылды карынттынго апакем ай, апакем
Эсендигим кудайдан мин суранып...
Минурдун голосу сонун да)))
Апакемди сагындым...
Клипте балдардын ата-энелери окшойт менин оюмча, Медер телпонду чонтогунон алып койгонунда жакшы болмок %)
22.05.2014 03:13
kuttum seni
Jakusya, Кыйынсың эээ))))))
07.05.2014. 20:31
 yylkan
Сонун клип болуптур,энелерге мин мертебе таазим ден.соолукта болушсун.Жебе тобуна ийгилик.
07.05.2014. 22:33
 gulira-f
Ийгилик силерге балдар!!!Ырынар абдан жакты..
07.05.2014. 22:43
 kuba12
Эн жакшы Жебе тобу апалардын кадырына жетели!
07.05.2014. 22:46
 NADUW
Ыр, клип супер! клиптен энелерди коруп энемди сагынып кеттим! айла жок, сагынган менен эч нерсе кыла албайбыз! Апам зв кылганда ушул ырга коюп койгом! озунордун апанарды тартсанар эн сонун болмок! байкуш кыйналып жер бетине чыккан буудайларды кынапсынарда, алардын арыктарына тушуп алып! жер жашылданганча шашылбаса деле болмок!
08.05.2014. 00:38
 aygerimka
Жакшы клип болуптур. Клиптеги энени коруп чон энемди эстеп козумон жаш алдым. Кана эми алар туболук болушса. Аттин , биз канча Кудайдан ден соолугун тилер коп жашаарын сурансак да Жаратканым алам деген куну алып кете берет экен да. Колубузда барда сыйлап урматтап алалы.
08.05.2014. 00:39
 aygerimka
А Жебе тобуна ийгилик. Самат жылдыздуу бала.. Жагат да мага.
08.05.2014. 01:31
 alai.gulcha94
Эх апалар жонундо бардык ыр сонун да
08.05.2014. 02:38
 daniyar.
Чонтоктогу телефон клиптин оргиналын кадимкидей бузуптур.
08.05.2014. 10:27
 nazimka
Созун ким жазды экен.Укчу мени угуп турчу апаке.Сенсиз мага кемибестир береке.Мындайча айтканда ук мени апа сенсиз деле берекем кемип кетпейт деп коюптур да.Сен бар болсон кемибейт менин берекем десе туура болмок.
08.05.2014 13:24
aika_sv
nazimka, даа туура айтасыз. Жакшылап ойлонуп корсон чын эле ошондой болуп калат экен.
10.05.2014 17:42
Bella-life
nazimka,
сөздүн маанисин өзүң жакшы түшүнгөн эмессиң,
ал туптуура эле жазылып турат
08.05.2014. 10:53
 Mashirapovna
Супер,апалар аман болсун.
08.05.2014. 15:55
 eldar87
Чонтоко кол салса болбойт
08.05.2014. 16:37
 adi_1991kg
Апалар аман болсун....
08.05.2014. 18:19
 Sima.m
голос вообще СУПЕР!!! и они тоже! (Жебе) the of the best!!!
08.05.2014. 22:00
 elya-jan
sonun boluptur! ene zatyn sıylaylı oz ubagynda
09.05.2014. 00:03
 Mariyana
Соонун клип , соонун ыр ,азаматсынар жигиттер!!!!
09.05.2014. 00:19
 papanstan
Ырына соз жок,а бирок,байкуш дыйкан акеме кыйын болуптур,жугоруну тепселегенсинерби жээ,арпаныбы,убал.
10.05.2014 12:21
maksat-kg
papanstan, туура байкаптырсыз, жаны чыгып аткан куздукту тебелебей, кызгалдактуу талаага барып тартса жакшы болмок
09.05.2014. 01:29
 madi.miss
Апамды абдан сагынып кеттим клипти коруп
09.05.2014. 13:37
 NADUW
Медер мн Кумар колдорун чонтокторуно салышып аябай керкейишип ырдашыптыр, апаалар жонундо болуп жаткан сон жымсалырак ырдаш болмок Самат мн Минурга окшоп кулуп-жайнап! же маанайлары жок беле?
09.05.2014. 19:37
 guli2289
ар дайым бар болушсун алтын апекелерибиз,жакшы болуптур суйкумдуу балдардаа кенже эжекенин балдары
10.05.2014. 01:50
 sara90
talaalarda yrdagan moodaby deim??????????
10.05.2014. 11:34
 maksat-kg-kg1
Бул клипти аткарган жебе тобуна соз жок !!Эн жеткиликтуу аткарган.обону да эн жакшы...Бирок созунон эн чон катачылык кеткен.**сенсиз мага тугонбостур берекем*ушул тексттин созун ондоп койсо болот.."Сен бар учун тугонбостур берекем"деп
10.05.2014. 17:29
 salamatka
Жебе тобуга чоон таазим.Аларды тарбиялаган кенде эжеге ийиилик.
11.05.2014. 22:37
 Sharipa-asia
Клип сонун чыгыптыр, талантынарга таазим Жебе тобу, ошондой эле бул жигиттерди ушундай даражага жеткирген Кенже Дуйшеева айымга коп алкыш, чыгармачылык ийгилик!
13.05.2014. 17:27
 aibek0001
Жакшы клип,
эхх апакем сагындымм.
14.05.2014. 10:21
 Роза Шакирова
соонун болуптур. Балдардын таланты ташкындай берсин. Кенже эжеге ийгилик
27.08.2014 17:45
aiza.kyrgyzkyz
Роза Шакирова, эжеке озунуз качан жаны ырларынызды супер инфого чыгарас?))) Сизге да ийгилик каалайбыз
07.09.2014 02:53
Kalus
Роза Шакирова, мен да сизге кошулам соонун клип да,ыр да дагы дагы ушундай жаны жакшы ырларды кутобуз
21.05.2014. 17:09
 zolotse
Чонтоко колду салып алып ырдап жатканын менин эжейим Людмила Ивановна корсо конкретно тушундуруп берет эле туура эмес экенин.
06.06.2014. 19:06
 kg5stan
Рахмат жебе-тобу Ата-Эненер бар болсун
04.09.2014. 13:50
 merinargiz
минурдун тиштери тизилет го,самат озунчоле симпотяга,а кумардын коздору ващщее.медерге соз жок супер
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: