ЖЕБЕ тобу "Насаат ыры"
Жанр:Поп
00:03:26
43,23 Мб
Жүктөлгөн: 21-10-2013


Бирде жигит төө минет,
Бирде жигит жөө жүрөт.
Төө мингенде жигитти,
Төбөсүнө көтөрүп, ай,
Төгөрөктөп эл жүрөт.
Жөө жүргөндө жигитти,
Жөн жүргөндо жигитти,
"Жөн жүрбөйт го мобул" деп,
Жөөлөй түртүп эл күлөт.

Аскар тоонун этеги,
Барып-барып чак болот.
Бир атанын балдары,
Алты тууган болсо да,
Катташпаса жат болот.
Ага-иниңди жаман деп,
Тууган кайдан табылмак
Аргымакты жаман деп, ай,
Буудан кайдан табылмак.

Жалгыз өгүз кош эмес,
Жаакташкан дос эмес.
Жакшы-жаман күндөрдө,
Жардам берип жаныңда, ай,
Жан күйбөсө дос эмес.
Тайгак жолдо, тар жолдо,
Тагдыр тайкы болгондо.
Тамашалап кеп айтып, ай,
Табалаган дос эмес.

Ата-энеңдин кадырын,
Көзү барда билип жүр.
Карысы бар баланын,
Ата-энеңдин кадырын,
Өзү барда билип жүр.
Кулун кезден өстүргөн,
Ээсин тепкен ат жаман,
Өзөк өрттөп куйкалап,
Өздөн чыккан жат жаман.

Көптү көргөн аксакал
Кары болот, билип жүр.
Кары сөзүн капка сал,
Кары сөзү жаштарга
Даары болот, билип жүр.
Керкейгенге кергейгин,
Көктөн түшкөн пир эмес,
Ийилгенге ийилгин,
Баалап берген кул эмес.

Алган жарың Айпери,
Хандын кызы болсо да,
Ажаанданып кыйкырып,
Айтканыңа көнбөсө,
Сулуулугу не пайда?
Аркан-жипти үзгүлөп,
Азоолонгон кез кайда?
Аштан, тойдон калган соң,
Күлүктүгү не пайда?
  • Currently 4.51/5
(41 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (105)

21.10.2013. 19:25
 12.12.12
Жакшырааак го))
Эрнестин идеясын ит капканбы не? Акыркы учурда такыр эле клиптери окшошуп бара жатат.
22.10.2013 21:02
NADUW
12.12.12, Сенин коруно ошондой корунуп жатса керек! эми сени коруп кийинкилер дагы жазат. идеясы жок калган деп.
22.10.2013 21:06
TolonturCN
NADUW, Кайсыл Эрнест?
23.10.2013 20:22
NADUW
TolonturCN, клипмейкер!
21.10.2013. 20:59
 Balkon2013
Ыхы мне понравилась так держать:)
21.10.2013. 21:09
 Manas_97kg
жакшы ыр экен!
21.10.2013. 22:13
 kadyrova007
чыныгы кыргыздын баатыр балдарын жакшы чагылдыра алышпаптыр
23.10.2013 20:56
ilgez
kadyrova007, кыздарга окшоп турса каяктан чагылыштырмак эле?
24.10.2013 00:34
mskkg88
ilgez,
ошону айтсан:) какие то женоподобныйлар эми модадабы деп ойлоп кетесин
26.10.2013 13:11
kirpik
ilgez, 555
21.10.2013. 22:41
 Gan
кому как мага жакты!! ошону угарда ойлонуп ук анан комментарий жазгын, жанакы мага жакпады жаман дегендер .
21.10.2013. 22:57
 Almaz-Dinar
молодцы сонун чыгыптыр формалары да башкача болуп 55555
21.10.2013. 23:04
 jazy
Соооннннууунн чыгыпыр клип дагы ыр да чыгармачылык ийгилик иттер уро берет кербен журо берет сууууппеерр
21.10.2013. 23:06
 Rinatik94
жаман клип
22.10.2013. 01:20
 rnurzida
Мага жакты. Азаматтар
22.10.2013. 01:26
 Vishnya-87
Klaaaaasno.
22.10.2013. 01:28
 aminali
Sonun!
22.10.2013. 02:57
 Schookum
Jakshu ur, baldar bul klipke jakshu dayardanuschsa bolmok bulchung toptop, kee bir kujmul araketteri oto ele nazik bolup kalgan
22.10.2013. 03:49
 spanchik
men tverdaya chetverka koëm!) normal' no ele boluptur
22.10.2013. 08:12
 shanushka
Prosto super....
22.10.2013. 10:17
 Шаиста Шатманова
Бул балдар алыска барышат, жакты!
22.10.2013. 10:57
 kanymow
jakshy boluptur iigilik jigitter
22.10.2013. 11:41
 Talastan
Эн соонун жана кооз. Озубуз кылбайбыз кылган кишини коро албайбыз да. Сындап
22.10.2013. 12:07
 sasa84
сопсоонун эле болуптур,молодцы!Ийгилик!!!коро албагандар айта берет,жигиттер алга!!!
22.10.2013. 12:21
 kemel81
Эрнис эмне болгон жакшы тартчуго
22.10.2013. 12:27
 Aliyana
ит уро берет кербен журо берет....азаматсынар Жебе тобу))))))))))))))))))))
22.10.2013. 12:56
 TolonturCN
Керемет клип болуптур, улуттук идеяда тартылган, мына ушундай улуттук идея менен гана иш жасала берсин. ийгиликтерди күтөбүз ырчылардан дагы клип тарткандардан дагы. жигиттердин кийимдери казакта тигилгенби не? оймолору бир аз казактыкына окшоп жатат.
22.10.2013. 14:36
 fblf
ой а мага жакты азаматсынар!!!
22.10.2013. 20:57
 NADUW
Мыкты клип болуптур! Бирок акыркы ыр саптарына ыр боюнча тартканда укмуш болмок! Насаат ыры болгонсон насаат бериш керек эле аз убакыт ичинде. 3су аябай коп тартыла бериптир го 4чу кайда?! Отуруп, базышка жерлеринде жок го!
22.10.2013 21:07
TolonturCN
NADUW, клиптин көркөмдүгү гана бар, бирок цинарий жок.
22.10.2013. 21:59
 zolotse
Krasivye parni. Kyrgyzdyn gujunpoloru ))
23.10.2013. 01:02
 kyyazbek
Кыргызымдын жигитери карагылачы чырай десен чырай бий десен бий ыр десен ыр угуп дем аласын соз жок супер алга Жебе тобу
23.10.2013. 01:33
 aziza.jusupova
Super.Abdan sonun 4ygyptyr klip,formalaryda orginaldu bolubtur.Alga Jebe tobu!!!!!!!!!!
23.10.2013. 03:23
 miss.bonbona
en sonun,azamatsynar jigitter!
23.10.2013. 08:43
 Eshka
Эн жакшы, кыргыздын нукура формасын, бийин коргозгон экен. Формалары андан сонун молодцы!
23.10.2013. 16:22
 Нуркыз Курманбек кызы
Мага кара жорго бийин бийлеген жери жакты, Кумар болбоооойтко озунчоле
23.10.2013. 16:37
 nurperishka05
жакшынакай эле клип экен го ийгилик силерге
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: