Азат Болотбек, Айпери Кубик кызы "Сен баарын айт"
Жанр:Поп
00:03:36
51,11 Мб
Жүктөлгөн: 27-11-2013


Кызганбачы дайым мени жөнү жок эле,
Сен үчүн сүйүүдөн ушак сөздөр кымбат беле.
Ишенгин айдайым, сүйөмүн ар дайым,
Өзүңдү гана сүйөрүмду унуттуң неге?

Кызганамын сени дайым сүйгөнүм үчүн,
Сезсеңчи жалындап күйгөн оттой сүйүү күчүн.
Кызганам башкадан, көз кырын таштаган,
Кыздардан сени кызганамын мени сен түшүн.

Сен баарын айт
Ачыгын алдабастан айтчы баарын,
Сен баарын айт
Ушак сөз жүрөгүмө салды тагын
Сен баарын айт
Булгабай ак сүйүүмдү жүрсө дейм,
Сен баарын айт
Жашырбачы жаным.

Сен баарын айт
Ишенбей жүрөсүңбү сүйөрүмө,
Сен баарын айт
Өзүң деп сүйүү оту күйөрүнө,
Сен баарын айт
Жалган деп жүрөгүмдү оорутпачы.
Сен баарын айт
Сенсиң жүрөгүмдө..

Кызганычтан ойлой берип, тарттым көп санаа,
Жабыктым айтылган ушак сөздөн, жалган-жалаа
Жанымдан кетпечи, жүрөгүм эзбечи.
Тагдырым байлап жүрөм жандап ишенип сага.

Эгерде мен сүйбөгөндө өзүңдү чындап,
Аярлап жаныңда жүрбөйт элем айлап-жылдап.
Жүрөгүм жактырган, сүйүүмдү айттырган,
Өзүңсүң жалгыз сүйүп таңгыз мага сен кымбат.

Кайырма:

Сүйөм сени, ох жаным
Жүрөгүмдө от жалын
Сенсиз өмүр бош жаным
Ак сүйүүгө кош салым
Тийип турган күнүмсүң
Сезимдеги сүйүүмсүң
Аяр багып өстүргөн
Махабаттын гүлүсүн
  • Currently 4.20/5
(30 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (63)

27.11.2013. 17:43
 taalaybek76
супер клип
28.11.2013 17:32
ilgez
taalaybek76, FULL HD форматта да тартышабы бизде ?
27.11.2013. 18:06
 meineblume
aiperinin unu bul yrga ancha jarashpai kalganby..bilbeim bir nerse jetpei jatkandai yrga=)..birok iigilik ekoono ten!!!!!
27.11.2013. 19:04
 Aibalit
жакшы болуптур, ийгилик
27.11.2013. 19:07
 anara85
Сен баарын айт деп эле бутуруп коюптурго:)))))))
27.11.2013. 19:51
 Puwkin
Anjelikaga okwop algango Ayperi. yr ortocho, kuchtuu yr emes.
28.11.2013 10:29
kanu
Puwkin, зато ага окшоп жасалма эмес да Айпери.жашоодо кандай болсо экранда да ошондой
27.11.2013. 19:56
 lomonkg
menin golosuma okwowko.)))owogo dagy yrdabaymda)yrdy buzup koibosun dep)
28.11.2013 03:12
suella
lomonkg, туура туура voice,голос программаларына келгендер арасынан эч музыкалык сабаты уну укмуштар келет...Айпеша барса ким карайт экен интереснооо....
28.11.2013 16:46
akylbek.kg
lomonkg, ))))
27.11.2013. 20:45
 erlan4ik
жакпады такыр
27.11.2013. 21:39
 Debi
Чүрөк, актриса, ырчы... жаркыраган жылдыз болуу үчүн бул кызда баары бар, бирок аз ырдайт. Сагынтып турайын дейби, сулуулугун эле көрүү канча рахат.
27.11.2013. 21:45
 berdishov89
жакшы ырчынын ырын жаман деп айталбаймда
27.11.2013. 21:52
 barky312
Ушугул да ырбы! Жаккан жок. Кайран клипке кеткен акча
28.11.2013. 00:22
 chikabom
жакшы
28.11.2013. 00:40
 kama_future_millioner
Азаматсынар сонун клип ийгилик чыгармачылык. Азат корунбой кетти эле эми кайра чыга баштаптырда
28.11.2013. 00:43
 ABS
Акыркы убакыта азат жакшы дует ырларды ырдып жатат молодец сонун болуптур !!!!
28.11.2013. 00:58
 nurkg91
jakshy emes
28.11.2013. 00:59
 nurkg91
Жакшы эмес
28.11.2013. 04:19
 azigrun
takoi bred...kiskasy nachar, jakkan jok. eko para emes korunot..
28.11.2013. 06:06
 gul-bibi9109
Аракет кылышыптыр,Айпери татынакай болуп калыптыр!
28.11.2013. 09:40
 Guli.K.E.
нууууууу эмии .....
тока на один раз..и все , потом уже ммкммм(
28.11.2013. 10:26
 admin_media
VIK,
Саламатсызбы! Жакшы эле көрсөтүп жатат, балкиим интернетиңиздин ылдамдыгы аздыгынан улам толук көрсөтпөй калган. Катачылыктар кайталанса бизге купуя жазып койсоңуз. Рахмат!
28.11.2013 17:32
gulmira.mukumbaeva
admin_media, Админ создорун кошуп койунуздарчы ))алдын ала рахмат))
28.11.2013. 10:30
 kanu
сонун клип ыры да сонун уга берсен тажачуудай эмессин.
28.11.2013. 14:01
 GULZAT82
негизи мага Айпери жагат да сонун клип болуптур
28.11.2013. 14:45
 snejinka
бир жолу укканга боло турган ыр, чыйылдап эле бир нерсени ырдап салган, өлөйүн сөздөрүн түшүнсөм, мындай ыр жазып, аткарып атканыңарда угармандарды деле ойлоп койгулачы айланайындарым. Азатка "спокойный" ырларды ырдаган жарашат көбүнчө.
28.11.2013. 14:50
 ilgiz-kg01
жакан жок
28.11.2013. 14:54
 NADUW
Айпери эмне деп ырдаганын тушунбодум! уну угулбай калыптыр! орто клип дагы, ыр дагы.
28.11.2013. 16:09
 jankou95
суппер! азаматсынар! клипп жакшы болуптур
28.11.2013. 21:26
 aselrahatbekova
takyr jakkan jok uwul dagy yrby??? yr dep el aldyna alyp 4ygyp jatkandan kijin,yrga kandaidyr bir ozgo4oluktordu ,,aida milizmderdi kowup yrdabaiby,yr4y degen statusta turgandan kijin yndorun tarbi9lawpaiby...klipte da e4 kandai ide9 jok)))korom dep 3minutada tajap kettim sozdun a4ygy))))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: