Султан Садыралиев "Күнөөмдү кечир, Алла"
Жанр:Фольклор
00:05:39
71,28 Мб
Жүктөлгөн: 12-02-2014


Сөзү:Б. Жамгырчиевдики
Обону:С. Садыралиевдики

Жарык турса нур толгон жансыз күнгө бекиндим,
Жармашыпмын шайтанга теңин булгап бетимдин.
Карегимди дат басып, аруулукту табалбай,
Жаштыгымдын далайын жардан алыс кетирдим.

Көздү нечен май басып жолду көрбөй эсирдим,
Көкүрөгүм муз болуп барксыз күндү кечирдим.
Жамандыктан кайтарчу жалгыз өзүң бир Алла,
Жаркын жолго жетелеп күнөөлөрдү кечиргин.

Кайырма:

Алла, Алла, Алла,
Күнөөмдү кечир, Алла.
Алла, Алла, Алла,
Тозоктон сакта, Алла.
Ля Иляха илля Ллах, Мухаммадун – расулю-Ллах

Сактай көргүн, Жараткан, көкүрөгү сокурдан,
Калыстык бер чалдарга наркын сатып отурган.
Ыйлап сурайм, Аллахым, ал күндөрдү кечиргин,
Ыйманымды тарталбай никеси жок кошулган.

Бийлик үчүн намысын сойчуларды кечиргин,
Эл ырысын соодалап тойчуларды кечиргин.
Аруулугун жоготуп, битке турбас сом үчүн
Абийирине чок түшкөн сойкуларды кечиргин.

Кайырма:

Өлбөчүдөй күн көрүп жашап калдык жан сабап,
Өзөгүбүз күйүүдө аракечтик аркалап.
Келечеги жоголуп, багытынан адашкан,
Бир тууганды кечиргин жолдо жаткан чалкалап.

Баскан-турган жолуңдан кайдигерлик коштолуп,
Багытыбыз бузулду шайтан күчү топтолуп.
Бара турган жерибиз жарыгы жок түн беле?
Жанчылууда акыл-эс жан дүйнөбүз бош болуп.

Кайырма:

Жаңылууну кечиргин билип-билбей жасаган,
Жардам сурап журт үчүн карегиме жаш алам.
Барарыбыз кара жер, аларыбыз бир кепин,
Баарыбызды пенде кыл намаз мене жашаган.

Кайырма:
  • Currently 4.88/5
(25 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (78)

12.02.2014. 16:32
 Beise
султан сен чыныгы кыргыз жигитисин алга
12.02.2014. 16:45
 aziko88
аябай сонун ыр ийгилик сага ырларын сонун
12.02.2014. 16:59
 tatuna
Сонун ыр экен кишини ойлондурган. Клип да жонокой бирок, аябай жакшы тартылыптыр азаматсыздар...
12.02.2014. 17:27
 Puwkin
Султан чыныгы талант!ырларын уканда кадимкидей эс аласын. коп ырчыларыбыз эвроппанын ырчыларына окшошкусу келип ырдашат. Султандын уну озгочо, эчкимди туурабайт. Кыргыз жыттанат ырлары,(домбрасын эске албасак) БРАВО!
13.02.2014 00:15
rs7777777
Puwkin, элге жагыш учун ыр таппай аллахты кошуп ырдап калган турбайбы,суйдум куйдум эле ырларын ырдап журо берсе болмок
13.02.2014 01:58
Ayanur555
rs7777777, каап сенен сурашты унутуп калыптыр да:) Эмне мынча коро албайсын?
13.02.2014 13:20
Brat_Kuba
rs7777777, Ичин куйуп жатабы? :) хааа сен деле сахнада жургон бироо болсон керек
12.02.2014. 17:34
 Milashka-92
Биир учур келет мен анда мен ыймандуу ырларды ырдап калам деген елениз ошол учур келгенго..сонун АЛЛАХ ыраазы болгон болсун
12.02.2014. 18:11
 jashakyn
Аллах ыраазы болсун.ыйманы бекем уйбулонун атасы болуп жашай бер.жараткан колдосун.ушундай ырларды коп ырдай бер.Азаматсын.унуно ,талантыа терен таазим этем.рахмат сага.
12.02.2014. 18:21
 kanu
молодец, чындап онору бар ырчы деп ушундай балдарды айтса болот.
12.02.2014. 18:22
 Lexus-2014
ei Jaratkan Allah biz bendelerindi ke4irgin barybyz kynolyybyz Allahym ke4ire kor La Ilaah Illaalaah
Syltan azamatsyn iygilik en jakwy yr kop4ylyko jaga tyrgan yr eken oto sonyn /
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: