Султан Садыралиев "Кыргыз бийи"
Жанр:Поп
00:04:10
60,26 Мб
Жүктөлгөн: 13-08-2014


Сөзү:К. Урманбетовдуку
Обону:М. Ниязов, А. Отунчиевдики

СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ: “КЫРГЫЗ БИЙИ” КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭҢ КЫМБАТ КЛИП БОЛДУ”
Кыймыл менен сүйлөгөн,
Кыргыз бийин үйрөнөм.
Кызыталы өмүрдү,
Кыз-жигиттер, бий менен.
Кызыкты бул таппайсыӊ,
Кыдырсаӊ да дүйнөдөн.

Кайырма:
Атпай кыргыз бийлесин,
Аруулантып дүйнөсүн.
Жеӊил болгун булуттай,
Жерге бутуӊ тийбесин.
Байкап турган адамдар,
Бали, кыргыз бий десин!

Куштай канат кагалы,
Учпай кантип калалы.
Бийге баарын чакырып,
Бир кумардан каналы.
Жаркын күнгө теӊелсин,
Жаштыгыӊдын жамалы.

Кайырма:

Жүрөгүӊү тыбырат,
Жүлүнүӊдү кыбырат.
Дем кошулсун демиӊе,
Дене боюӊ чымырап.
Мелтиребей жарышкын,
Мезгил менен зымырап.

Кайырма:

Эргүү мындай болобу,
Эриккеним жоголду.
Эриш-аркак бийлесек,
Эл көӊүлү толорбу.
Тоӊуп калган бир кезде,
Толкуталы тоолорду.

Жалпы кыргыз ырдасын,
Жаратылыш тыӊдасын.
Жаркылдаган жылдыз бий,
Жашообузду нурдасын.
Ырыс болуп кыргыз бий,
Ынтымакты чыӊдасын.

Кайырма:
  • Currently 4.74/5
(82 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (206)

26.08.2014. 00:23
 anya
Класс, класс, класс.
28.08.2014. 16:11
 Patriot92
вааууу кандай кана керемет кооз жер Кыргызстаным.клип жакшы денгеелде тартылган.Ийгилик жамаатка.
30.08.2014. 09:54
 tebessum
Sozdoru maaniluu, muzykasy ukkuluktuu jana jogorku dengeelde beriluu menen atkarylgan. Azamattar.
30.08.2014. 13:58
 akzuura
Бул ырга демоорчу болуп киришип толлук уккулуктуу чыгарма кылып элге тарттуулаганга чоон салымын кошкон рысбек жабиров байкеге рахмат айтам.аны майын чыгарып ырдаган сюлик азаматсыз обончу акындар сиздер эмгегиниздерда чоон бул жерде рахмат баарына.бул ырлар менен сыймыктанып журобуз ар дайым.
01.09.2014. 19:53
 AKJOL88
азаматсын султан жарашыптырды калыптыр озуно
07.09.2014. 16:44
 mirledi83
Сонун клип болуптур.
09.09.2014. 14:43
 aiza.kyrgyzkyz
Орукдоп осо бергиле КЫРГЫЗДЫН кулундары!!!
12.09.2014. 19:28
 jamilka
эн жакшы жубайына жакшы белек.....
14.09.2014. 20:30
 altynbekimanbekov
клип ырда сонун бирок микрафондогу изелента окшошпой калган
16.09.2014. 20:55
 sezim1111
соонун клип болуптур
20.09.2014. 09:42
 peri...97
Соонун клип...55555555555
20.09.2014. 20:51
 nurbek_posol
Ким билет клиптин обложкасында корунуп турган бийчилер кайсы бий топ ?
23.09.2014. 12:20
 KyrkyzKa
сапаты жагынан эн жакшы клип болуптур ыр дагы эн жакшы Султан байкеге албан-албан ийгиликтерди каалайм. Негизи Султан байке нукура кыргыз ырларын жеткире жакшы ырдайт.
08.10.2014. 12:14
 sale-81
Абдан жакшы болуптур,, ырыда, бийи да,унуда
12.10.2014. 19:08
 Nur92
сщщнун
18.10.2014. 02:05
 Elika
Супер соз жок!
23.10.2014. 19:04
 ermek_90kg
Султан Садыралиевтин Карындаш деген ырын жуктоп коесузбу комуз менен ырдаган алдын алай сиздерге рахмат !!!
24.10.2014 10:55
admin_media
ermek_90kg,
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/media/audio/99609/
14.11.2014. 14:49
 aika_sv
Кара Жорго жакшы ыр, бирок ошол ырга татыктуу клип тарта алышпай койду. Бир эмес эки клип тартты, клипти коруп " ай ата ушул ырга сонун кылып тартса болмок " деп калчубуз. Эми мына ошондой клип жаралды. Бул клипти башка улутка коргозгондо да сыймыктануу менен коргозом. Султан Садыралиевдин тажрыйбасы коп да.
28.11.2014. 09:23
 altynaiB
Аай-иий мен эле калыпмынго мактабаган. Чындыгында эн эн сонун ыр клип болуптур. Иштеринерге ийгилик, талантынар ташкындай берсин.
01.12.2014. 18:19
 altynaiB
Эмнеге Ыссык-Колду устунон тартпаган Сары-Челектей кылып жайкалтып же мен байкабадымбы. Айтып койгулачы кайсы жеринде тартылган.
09.12.2014. 20:58
 avazkg
сонун болуптур
19.12.2014. 10:44
 kaitpas
Эң сонун, кыргыздын кооз жерлерин жана ар бир облусун клипке тартыптыр. Азаматсыз Султан Садыралиев чыныгы кыргыз ыры,кыргызча музыка жана кыргыз бийи болуптур.
29.01.2015. 15:50
 janarbek
Арчанын жанында тартылган клиптерге караганда жакшы болуптур.
19.02.2015. 01:12
 adidas
Super
26.02.2015. 21:13
 Hanzada
молодец соонун клип болуптур
02.03.2015. 03:07
 Blume_gul
Abdan sooooonun yr! Mazmunun karachy, BALI! Chrikin, kyrgyzdy yntymakka chakyrgan yr da eken, biy da eken! Ushunday mykty yrlar, biyler dagy da kop jarala bersin!
27.03.2015. 18:34
 Bakenulukbek
Клип деп ушуну айт бирда ырчы мындай клип тартпаган ийгилик алга алга СултанBakenulukbek түзөттү 2015-03-27 18:35:03
27.03.2015 19:06
http
Bakenulukbek, мамилеттен акча болунсо любой эле ырчы сонун клип тартат да, калган ырчылар озунун акчасын коротуп деле мыкты клип тартышып жатпайбы. Муну жаман дебейм просто алар менен салыштырганыныз туура эмесго дейм!
27.03.2015 19:11
Bakenulukbek
http,маселен Ким мыкты клип тартты 7 дубанды кыдырып ушунча бийчилер менен тартат чет мамлекеттен озун реклама жазашып
01.04.2015. 12:55
 Ayperi94
Кыргыз жерим кандай гана кооз, кандай керемет жаратылышка ээ экенин даана корсотуп бериптир клипте. Соз жок эн сонун!!!
16.04.2015. 09:30
 dastan_nookat
Супер Молодес Султан!
30.05.2016. 19:16
 Adi.Avazbekov
Uwul yrdy ukkanda denem titirep ketet negedir
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: