Гүлжигит Сатыбеков "Мен сенден кетейинчи"
Жанр:Поп
00:05:21
58,43 Мб
Жүктөлгөн: 16-06-2014


Сөзү:Г.Сатыбековдуку
Обону:Г.Сатыбековдуку

Бак тиктик, дарактар да куурап калды,
Тамыры сууга жетпей кургап калды.
Үйрүлүп мээримиңди төксөң дагы,
Көңүлүм жакшы сөзгө суусап калды.

Кайырма:
Мен сенден кетейинчи, кетейинчи,
Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи.
Бактымды бир өзүңө байлаганча,
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи.
Мен сенден кетким келди, кетейинчи,
Баарын ал, каалаганың берейинчи.
Бүт өмүр бир өзүңө байланганча,
Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи.

Көңүлгө бир муздактык уюп алды,
Сезимдер өз-өзүнчө тунуп алды.
Койнуңа чакырбачы, эркелетпе,
Жан дүйнөм сенден качып туруп алды.

Кайырма:

Сөздөрүң мурдагыдай жакпай калды,
Бүркөлүп ар бир күнүм муңга айланды.
Тумчугам кучагыңда түндөр узун,
Өчөшүп таңдар дагы атпай калды.

Кайырма:
  • Currently 4.76/5
(17 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (106)

17.06.2014. 10:40
 Alai.kyzy
Клип мыкты, сюжет мыкты! Ушинтип клип тартса болот экен гоо, анан ары бери басып эле тарта беришет, мааниси жок. Мазмууну аябай жакты! Биздин кыздар женил ойлуу болуп баратышат. Куйоосу ооруп калса карабай, таштап кеткендер канча! Гулжигит, азамат! Ушундай жаштарды тарбиялаган клиптерди тарта бериниз! Ал эми ырларынызга соз жок, сонун!
17.06.2014 22:10
ladylove
Alai.kyzy, бир гана кыздар эмес куйолорууда коп ташташат.
17.06.2014. 11:36
 admin_superstan
tagaev-92, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек.
17.06.2014 12:00
haker.m
admin_superstan, саламатсынарбы! бул сайттан видеолорду кантип корот телефондон? Эч коро албай койдум. Башка сайттан видео коруп эле журом. Жардам берип койсонор!
17.06.2014 12:31
admin_superstan
haker.m, азыркы заманбап телефондордун өзүнүн браузерлери бар. Эгер телефонуңуздун өзүнүн браузери HTML5ти ойното алса, FLASHти орноштуруунун зарылчылыгы жок. Эгер ойното албаса, FLASH орнотушуңуз керек болот.
17.06.2014. 12:04
 Bilal2605
аябай жакшы килип екен онуго бер сага баа беш деген бермекмин
17.06.2014. 12:53
 BemKa777
Соонун клип болуптур, Ырга Соз Жок
17.06.2014. 13:11
 aryshka
Угуп жургонум менен созуно маани бербептирмин.тугойлорубуз менен эч качан ажырашпай,журокторубуз муздабай,бактылуу бололучу.
17.06.2014. 15:32
 Eliza83
Бул ырды ырдаганга эч ким мажбур болбосун!!!
17.06.2014. 15:57
 aralk
ыр жакты клип жакшы болуптур.
17.06.2014. 17:09
 kama_future_millioner
Абдан жакщы тартылыптыр бирок аягы эмне болорун корсотбогону окшобой калыптыр
17.06.2014. 17:23
 yasmina_kg
Азыркы убакта Гулжигит Сатыбековдун ырларынан башка ыр укпай калдым.Ырларын бары маанилуу журокоту эзет.
17.06.2014. 17:52
 malik.87kg
,aaaa жакшы
17.06.2014. 18:44
 mediko.nurlanovna
ырдын ар бир созу ойлондурган маанилуу екен, ал еми клипке токтолсок бирден журокко тийе турган клип тарткан екенсиз.Азаматсыз Гулжигит байке!Ийгилик.
17.06.2014. 21:49
 NADUW
СУПЕР ЫРГА, супер клип!
17.06.2014. 22:12
 ladylove
Чыныгы жашоодон алынган клип болуптур.молодец! Ырыда жеткиликтуу .
18.06.2014. 00:37
 STARS-BOYS88
Талантына таазим.эн жакшы ырчы....кыргыздын эл артисти наамын алышынды каалайм.
18.06.2014. 01:00
 nuri.88
Аксынын кулуну да Гулжигит байке. Аксылыктар сиз менен сыймыктанабыз.
Ыр супееер! Клип эн жакшы тартылган. Ар дайым ийгиликтер коп болсун!
18.06.2014. 03:05
 suiutbekov1989
Боздойтко чиркин гулжигит
18.06.2014. 05:28
 jankou95
ой эмне болду кулап кетпедиви
18.06.2014 07:49
jypara1415
jankou95, )))))
18.06.2014. 15:30
 Samara12
мага да абдан жакты клип да ыр да
18.06.2014. 17:32
 alai.gulcha94
Аягын тушунбодум ошондо не жигит боюн таштап ийген болобу
18.06.2014. 17:37
 Happy_girls
мен клипти кочурдум толугу менен, бирок корсотпой жатат админ, себеби эмне? Кээ бир клиптерди коро алам ал эми жаныларын жок!
18.06.2014 17:54
admin_superstan
Happy_girls, биздин порталдан көчүрүлгөн видеолор mp4 форматында болот. Ошондуктан сиздин компьютерде же телефонуңузда ушул форматты көрсөтө алган ойноткуч бар болушу шарт.
19.06.2014. 00:03
 marat_1910
туура идея уландысы эми мага баары бир болсо топ келишет ыя Гуулжигит брат ушуну ойлонуп кор да
19.06.2014. 03:11
 emirkul
клиптин аягы атайын табышмактуу буткондур, уландысын кутобуз. Клипке ырга соз жок +5
19.06.2014. 03:31
 orhideya
Соз жок......
Мактоого татыктуу..
19.06.2014. 11:27
 azamat94
Гүлжигиттин клиптерин көбүнчө Дем театрынын актерлору жакшы ачып беришет.Азаматтар.
19.06.2014. 12:02
 Samat.A.A
Жакшы ыр. Жакшы клип алгаа))
19.06.2014. 17:13
 aikol87
Соз жок азамат. эми уландысын тартып кой,коргондон жадабайм эч. +5
19.06.2014. 19:44
 gulmaray
Аябай жакты.Бирок албетте мындай тагдырды эч ким башынан откорбосун.Баарыбызга ден соолук суйуу жана бакыт каалайм.
19.06.2014. 21:38
 AMAH-2
Клип ырга төп келип сонун тартылыптыр.Акыркы убактары Гүлжигит байкебиз сонун ырларды чыгара баштады.Ушул ырды бир эки жолу угуп анча маани бербедим эле ушул клиптен соң озүмө көчүрүп алууну чечтим.Дагы да жакшы ырларды,клиптерди күтө бермекчибиз.АЗАМАТСЫЗ!!!
19.06.2014. 22:06
 mekusha
yr en sonun birok akyrky jagy supsak birok esh nerse emes izdenii bul jakshy sizge dagy dagy koptogon iigilik!
20.06.2014. 02:07
 rasul_96
базар жок клип отто жакшы жыгыптыр
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: