Гүлжигит Сатыбеков "Балама"
Жанр:Эстрада
00:04:51
76,45 Мб
Жүктөлгөн: 22-03-2012


Сөзү:Г.Сатибековдуку
Обону:Г.Сатибековдуку

Жаштык, мастык, кимдер жаңылбас,
Өттү күндөр кайра кайрылбас.
Ошол тагдыр, аттиң, кайда экен?
Баласынан бөлүп айрыбас...

Кайырма:

Амансыңбы, балам, шириним?
Өмүрдөгү жашоо билигим.
Ажыратты бизди бул тагдыр,
Эми сага чоочун кишимин.

Издеп келдим бүгүн, каралдым,
Неге мынча чоочуп карадың?
“Ата” деген сөзүң уга албай,
Акылымдан кетип барамын.

Кайырма:

Дагы канча азап саласың?
Баары өтөр, мезгил, шамалсың,
Акыл берсе сага, каралдым,
Ата Журтуң издеп табарсың.

Кайырма:
  • Currently 4.10/5
(20 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (45)

24.03.2012. 03:48
 tatalsezim
жакшы аткарылган чыгарма кытай ели да жактырып тыңшайыт талантыңыз таша берсын кылыптын арыт жагындаккы рол алган гыттарчы кетырып койгон көрүнет
24.03.2012. 06:55
 Benos
Бул ыр аябай жакшы ыр, клибида соз м.н ырга шайкеш келиптир . Мен ушунун аудио версиясын таппай журом . Кезде радиодон гана угуп калам . Азаматсыз Гулжигит байке талантынызга тазим...!!
24.03.2012. 20:15
 karavai
ырдын мааниси бар . клип дагы тушунуктуу тартылган....
25.03.2012. 02:16
 Tokmok
yr jakty, klipte bir az jetishbegendikter bar. Iyigilik!!!
25.03.2012. 13:19
 NADUW
мына ырчы деген тушундай болуш керек оз жазып озу обон коюп ырдаш керек!
27.03.2012. 15:04
 Барби
гулжигит бул ырды оз турмушунан алган экен. озу да ашырашып баласы аялында калган.
28.03.2012. 22:36
 Ashan
Достор "чоочун киши "деген китептин автору ким мен 10-жыл мурун окуганмын ошол китеп болду бекен же башка бы билгендер болсо жазып жибергилечи сураныч.
29.03.2012 09:31
MiranA
Ashan, ал китептин автору Зуура Сооронбаева.Модератор MiranA түзөттү 29.03.2012 09:31
28.03.2012. 22:49
 jumatek
с.и неге видеолор кечке загрузка болот башка сайттарда кино силердин клиптен тез болот
02.04.2012. 14:00
 FlowersGuli
Ыры жакшы кен.озу жазганы да.а клиптеги киши жаш ко.а аялы картан.и тем более баласы чон.же бул да орустардыкындай болуп калганбы.аялы картааан и куйосу жаш и баласы чон.бул не деген шумдук.тушуно да албайсынго.2тен баладай(((
28.05.2012. 04:30
 anteya
Аябай жакты, Кыргыз жигиттерге сабак болсун, кобу эле ажырашкандан кийин балдарын карабай кетишет, баласы чоноюп издеп барганда башын мыкчып калышат. Энеси менен келишпесен мейли жашаба, ал эми балада куноо жок, жакшы мамиле сактоо керек деп ойлойм. Келиндерге баа берем, алимент сурабай эле оздору чонойтушат, бул оной иш эмес. Гулжигитке ийгилик каалайм, чоон рахмат, кыргыздын бир чоон проблемасын которуптурсун.
31.05.2012. 17:43
 azik_kg
"жигитке жетимш онор аздык кылат" ыры жакшы жазылыптыр.... алга))))))
06.07.2012. 11:22
 Janym_ata_enem
Мен азыркы учурда уйлоно элек болсомда, эмнегедир ушул ырды угуп алып ыйлай беремин. Эй жараткан Алла, бул дуйнодо баарыбызды шеригибиз менен болушубузга озун насип кыла кор.
07.07.2012. 02:35
 fanatka19
банктан чыккан бала машинанын артына отурду эле го.анан эле рулга отуруп калдыго.тушунбой калдым
08.07.2012. 01:19
 Kyal
Зачем мальчику мишка,не пойму
27.10.2012. 20:31
 mirbekkg
Бул ыр Гулжигиттин турмушунан алынган. Себеби, Гулжигит Аксы районунун, Крупская айылынан уйлонгон болчу. Кайын энеси жаман аял эле. Аябай урушчааак. А кызы да апасын тарткан. Энесин коруп, кызын ал.
27.10.2012. 20:38
 mirbekkg
Ха-ха-ха, кайын энеси аябай окшош экен. Гулжигит издеп журуп тапкан го дейм, озунун кайн энесин :-)
20.04.2013 23:40
noeli
mirbekkg, рольду катыра ойноптур бирок кайнене.кандай кыз ажырашты экен ушундай таланттуу мырза менен?жаль!
08.11.2012. 03:37
 daniyar.
Кайненесинин тиши кайып кеттиго )))))))))))
08.11.2012. 03:42
 sabyr86
ушундай кайнэнеден кудай сактасын
16.11.2012. 11:24
 rnurzida
аябай сонун клип да ыр да
30.12.2012. 17:12
 Maxa90
Soonun yr。AzamaT
09.01.2013. 22:37
 GOLDEN-BOY
100 уксам да тойбойм
08.02.2013. 23:09
 fayzi
Жакшы маныздуу ыр экен. Ийгилик байке
09.04.2013. 00:32
 ashat_neo
не да болсо Аксылык да байкем алга байке биз сиз менен
24.04.2013. 13:06
 Nelia
Ушу ырды уккан сайын журогум эзилет,клиби менин турмушума окшош.
15.05.2013. 09:03
 Mojoi
телефондун версиясын кантип кочурот айтып койгулачы
15.05.2013 09:27
admin_media
Mojoi,
Саламатсызбы! Телефонго аудиону гана көчүрө аласыз, ал эми клип же видеону компьютерден көчүрүп, форматын өзгөртүп анан телефонго жүктөп алсаңыз болот. Дагы суроолор болсо, купуя жазып сурасаңыз болот. Рахмат!
26.09.2013. 22:09
 Violet
я сама слушала совремнные песни , но чем то он меня привезал к себе,
04.12.2013. 11:02
 balshirin
кайынэнеси ролду мыкты аткарыптыр, урушкан жерин кайталап кайталап кордум.
25.12.2014. 10:03
 Zhakuba
Озунун турмушун ыр кылып клибинде чагылдырган окшойт. Демек ырчы деле ошондой жигиттердин катарын толуктагандардан болуп чыкты го. Акыркы кездерде ушундайлардан иренжип калдым.
11.07.2015. 13:20
 Kunbeken
Ушу бала Гулжигиттин клиптерине коп тартылат. Ыр мазмундуу жана уккулуктуу. Ар бир эне кызын бактысын ойлойт куйоо баласы ушундай мамле кылуусуна убагында кызмат кылып койсо керек.
21.04.2017. 23:27
 azimova90
Ар бир уйдо бала уну жанырып турсун.Эч бир уй було ажырабасын.Ырынызга соз жок+5555баланыздын омуру узуун болсун.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: