Гүлжигит Сатыбеков "Мен сенден кетейинчи"
Жанр:Поп
00:05:21
58,43 Мб
Жүктөлгөн: 16-06-2014


Сөзү:Г.Сатыбековдуку
Обону:Г.Сатыбековдуку

Бак тиктик, дарактар да куурап калды,
Тамыры сууга жетпей кургап калды.
Үйрүлүп мээримиңди төксөң дагы,
Көңүлүм жакшы сөзгө суусап калды.

Кайырма:
Мен сенден кетейинчи, кетейинчи,
Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи.
Бактымды бир өзүңө байлаганча,
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи.
Мен сенден кетким келди, кетейинчи,
Баарын ал, каалаганың берейинчи.
Бүт өмүр бир өзүңө байланганча,
Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи.

Көңүлгө бир муздактык уюп алды,
Сезимдер өз-өзүнчө тунуп алды.
Койнуңа чакырбачы, эркелетпе,
Жан дүйнөм сенден качып туруп алды.

Кайырма:

Сөздөрүң мурдагыдай жакпай калды,
Бүркөлүп ар бир күнүм муңга айланды.
Тумчугам кучагыңда түндөр узун,
Өчөшүп таңдар дагы атпай калды.

Кайырма:
  • Currently 4.76/5
(17 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (106)

16.06.2014. 14:27
 kualbek
оо куткон клип чыгыптыр го азамат жакшы клип болуптур турмуштан алынган,
16.06.2014. 14:43
 sayakovna
жакшы клип болуптур
16.06.2014. 14:48
 uylaak
Супер!!! Гулжигит аке ырларынызда озунузда абдан сонунсуз .Ийгилик сиздин ырларыныз менен жашап жаткан учурум .Бактылуу болунуз.
16.06.2014. 14:48
 gul_kiz
Азаматсыз. Абдан сонун клип болуптур . Ийгиликтер коштосун сизди. балага боорум ооруп кетти.....
16.06.2014. 14:54
 ayakosya
Гулжигит мырза азаматсыз. Бул ырды менин озбек досум да жаттап алып ырдап журот, озум да тан калдым анын жашоосу да "мен сенден кетейинчи" болуп кеткенби деп.
16.06.2014. 14:57
 asko93
Тушунбой калдым аягы кандай бутту
16.06.2014. 15:00
 Miki12
супееер! мына сага сюжет, демими чыгарбай олтуруп кордум.
16.06.2014. 15:17
 peri...97
Ошондо бала олбой калдыбы...сооонун клип болгон аябай соонун ......
16.06.2014. 15:32
 jigit.85
Жакшы клип болуптур,буйурса уландысын да коробузго менимче бала бутуна туруп аялылын корсоткон кордуктарын озуно корсотот го...
17.06.2014 00:36
begusia
jigit.85, уландысы эми мага баары бир болот)))
16.06.2014. 16:25
 kyrgyz.93
Ырын укса болот
16.06.2014. 16:44
 Salimboy
Супер клип бардык ырчылар ушинтип ырдаса экен! Укулуктуу ыркен!
16.06.2014. 16:46
 Damir_Narmatov
Азаматсын чыгармачылык ийгилик каалайм.
16.06.2014. 17:04
 baish_kps
азаматсын Жоомарт братан Эрнист калаткоо
16.06.2014. 18:34
 turgunbek
Клипке 5 деген баа берем бирок турмушта мындайлар болбосун ар бир уй булоо бактылуу эле болушсун чыгармачылык ийгилик каалайм
16.06.2014. 19:16
 kyzymka
жакшы клип болуптур.Менимче аягында басып кетет окшойт...Гулжигит ты супер.
17.06.2014 10:38
Alai.kyzy
kyzymka, ооба, аялы тан калып карап калды гоо.
16.06.2014. 20:34
 sultan1406
Супер клип,менин жакшы коргон ырым..Азамат....чыгармачылык ийгилик
16.06.2014. 20:44
 Aikoo2014
Клип соонун болуптур,коптон куткон клип эле. Чыгармачылык ийгилик!
16.06.2014. 21:41
 Jyrgalbek_k2
Мына сага. клип деп ушуну айт!Азаматсыз Гулжигит байке сиздин ырларыныздын баары журоктун тубуно жетет анча мынча козумо да жаш келип кетет. Атайын мен учун чыкканбы деп койом
16.06.2014. 22:13
 german
орточо клип эле болуптур, корсо болот
16.06.2014 23:23
Robia
Аябай соонун клип мен сиздин ырларынызды суйуп угам азаматсыз Гулжигит байке
17.06.2014 02:32
beks-07
german, клип те соз жок,5 бал койдум мен.Модератор admin_superstan түзөттү 17.06.2014 09:44
17.06.2014 09:46
admin_superstan
beks-07, ар бир колдонуучу өз оюн жазууга укуктуу. Сайттын башка катышуучусун мазактоого тыюу салынган! 5 күн БАН!
17.06.2014 15:35
furkat80
admin_superstan, саламатсынарбы эмне учун менин каментариймди очуруп салдынар жакшы эле жазган болчум
17.06.2014 16:05
admin_superstan
furkat80, Саламатсызбы!
Сиз бул клипке комментарий жазган эмессиз.
17.06.2014 17:20
kg5stan
admin_superstan, ыр килип кандай жүктөсөм болот жардам берип кой
17.06.2014 17:41
admin_superstan
kg5stan, эгер биздин порталга телефон менен кирип жатсаңыз, Opera Mobile браузерин колдонуңуз. Ыр же видео жүктөп алууну кааласаңыз, видеонун(аудионун) төмөн жагында "Көчүрүү" деген сапты басасыз.
18.06.2014 15:42
nabi89
admin_superstan, супер инфо мага Баткен обласыга караштуу кара бак айылыда бангизат менен тушкон адамдын Аты жонун жазып койгулачы толугу менен сураныч
18.06.2014 16:18
admin_superstan
nabi89, Саламатсызбы!
Күнөөсү далилденип, соттун өкүмү чыккыча аты-жөнүн атоого тыюу салынат. Ал эми кээ бир кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү укук коргоо органдарынын уруксаты менен аталат.
17.06.2014. 00:57
 mi-li-na
Гулжигит мырза мыкты ырчы жана обончу, бул клиби мыкты болуптур. Актер мырза да ролун эн жогорку денээлде аткарып бериптир. Ийгилик!!!
17.06.2014. 01:40
 o.aza
Кочуруп алайын десем колому ото чон экен.колому кичинерек вариантын жуктоп койгулачы супер сураныч.
17.06.2014. 02:09
 zulunbekov
озбектердин бир ырчысынын клибинде аялы ушинтип башка менен уйундо жатканда кирип келип кармап алып аялы экоо тоюнда тушкон портрети менен чаап олтурот болчу адамдын журошун эзбей аялын терезеден ыргыттырып ийбепсинер
17.06.2014. 02:10
 sararat
Сонун чыгыптыр клип ишинизге ийгилик
17.06.2014. 02:16
 beks-07
ООО Аксынын кулуну,Женижок Аксыдан чыккан,молодец братуха мактаганга соз жетпейт,клипте соз жок болушу мумкун эмес,ото зор,бироо жаман сын такса айтып кой брат,Тишин талкалайм.
17.06.2014. 06:30
 nagi82
Супер инфо эмне учун мен клип кочурсом отпой же жарымын гана окуп жатат калганын окубай жатат
17.06.2014 09:50
admin_superstan
nagi82, Саламатсызбы!
Opera Mobile браузери менен көчүрүңүз. Ал эми жарымы көрүнбөй жатканы интернетиңиздин ылдамдыгы төмөн болгондуктан болушу мүмкүн.
17.06.2014. 08:52
 Samandar
Жон эле терезеден секирбей бастырып таштап кетуу керек эле экоону узак тартып убакыт кетирбей бир аз озгортуп тартса болмок килип жакшы келе жатып аягы кайра аркага тарткан мааниси жок,кызга эмне ал берки мн журо берет карочи -
17.06.2014. 10:17
 bai.kymbat
баланын бутун айыктырып, клиптин уландысын "мага баары бир" ырында улантса болчудай болуптур. Тушунуктуу клип болуптур!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: