Султан Садыралиев "Кыргыз бийи"
Жанр:Поп
00:04:10
60,26 Мб
Жүктөлгөн: 13-08-2014


Сөзү:К. Урманбетовдуку
Обону:М. Ниязов, А. Отунчиевдики

СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ: “КЫРГЫЗ БИЙИ” КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭҢ КЫМБАТ КЛИП БОЛДУ”
Кыймыл менен сүйлөгөн,
Кыргыз бийин үйрөнөм.
Кызыталы өмүрдү,
Кыз-жигиттер, бий менен.
Кызыкты бул таппайсыӊ,
Кыдырсаӊ да дүйнөдөн.

Кайырма:
Атпай кыргыз бийлесин,
Аруулантып дүйнөсүн.
Жеӊил болгун булуттай,
Жерге бутуӊ тийбесин.
Байкап турган адамдар,
Бали, кыргыз бий десин!

Куштай канат кагалы,
Учпай кантип калалы.
Бийге баарын чакырып,
Бир кумардан каналы.
Жаркын күнгө теӊелсин,
Жаштыгыӊдын жамалы.

Кайырма:

Жүрөгүӊү тыбырат,
Жүлүнүӊдү кыбырат.
Дем кошулсун демиӊе,
Дене боюӊ чымырап.
Мелтиребей жарышкын,
Мезгил менен зымырап.

Кайырма:

Эргүү мындай болобу,
Эриккеним жоголду.
Эриш-аркак бийлесек,
Эл көӊүлү толорбу.
Тоӊуп калган бир кезде,
Толкуталы тоолорду.

Жалпы кыргыз ырдасын,
Жаратылыш тыӊдасын.
Жаркылдаган жылдыз бий,
Жашообузду нурдасын.
Ырыс болуп кыргыз бий,
Ынтымакты чыӊдасын.

Кайырма:
  • Currently 4.74/5
(82 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (206)

17.08.2014. 03:12
 kuu-1005
Ыр дагы клип дагы эн мыкты! Азаматсын! Купулга толоорлук!
17.08.2014 13:15
aziko88
kuu-1005, барсынбы кызуукту темалардан жазбай койдунго
17.08.2014. 16:35
 kano03
эн мыкты клип болуптур султан азаматсын
Кереметуу кыргызстан карагылачы
17.08.2014. 17:36
 LISICHKA
ушул клипти тарткан бардык жамаатка ийгилик,азаматсынар,мындан дагы жакшы клиптерди жарата бергиле.Кыргызстаным кандай гана керемет,кандай гана кооз.Сагынычтан козумо жаш алдым.
17.08.2014. 17:37
 LISICHKA
кандай гана сонун клип,бардык жамаатка ийгилик каалайм.
18.08.2014. 02:15
 beka88
эн коп сары челекте тартылыптыр, Султан дос алга!!!
18.08.2014. 08:57
 SuLuWkA
Эн соонун ыр, клип да абдан мыкты, кыргыз жергесинин кооздугун, кереметин дагы бир жолу баса белгилептир коруудон тажабайсын. Азаматсыз ийгилик каалайм. Жн соонун деген баа берем!!!
18.08.2014. 10:17
 admin_media
LISICHKA,
Ар бир колдонуучу сайттын талабына ылайык өз ой-пикирин жазып калтырууга укуга бар! Башка колдонуучунун өздүгүнө асылбай билдирүү жазыңыз! Жеке айтышууларга жол берилбейт! Эскертүү!
18.08.2014. 11:27
 Nurgazy80
Жаман коментарийлерди Султанды көрө албаган душмандары жазып жатканы дапдаана билинип калыптыр,бүткөн ишке сынчы көп дегендей. Супер, тарбиялык мааниси бар, патриоттуулукка үндөгөн клип болгон.
18.08.2014. 12:37
 i_am_simple
жаман эмес жакшы,ар кимдин мээнетин баалай билиш керек,бирок менин ойумдагыдай болбой калган,бул клиптин тартылып,канча акча коротулуп жатканын угуп башкача клип кутком
18.08.2014. 14:51
 Kalin466
Баягы эле эптеген клиптердин бири
18.08.2014. 15:14
 Asel2415
Аябай жакшы клип болуптур!
18.08.2014. 15:47
 elnaz
Мыкты клип султан алга королбагандар ушундай кылып клип тарткыла коробуз клипке катышкандарга чон рахмат ишинерге ийгилик сооооонун.
19.08.2014. 02:52
 aizuma
Супер клип болуптур! Азаматсын Султан!
19.08.2014. 07:16
 lolo
Myna tuulup oskon jerim uwundai kooz dep basa belgilep, maktanyp korsotkudoi klip boluptur!!! Sultan iygilik saga, dagy soonun klip, yrlardy jarata ber!!!
19.08.2014. 10:42
 Мэри
"Кара жорго" бийи кыргыздыкы экени боюнча далилдер бар да, ал казактар бийлеп чыга электе эле биздин эски кыргыз фильмдеринде (жылын эстей албай жатам, абдан эски) тартылып калган.Бакирдин Алиев деген атактуу актерубуз жашыраак кезинде аткарган.Мындан башка кандай далил керек?!Коркпой эле биздики деп айтууга неге болбосун?А бул бийди ошол эле "Кара жоргонун" жаныча варианты десе болот го, элементтери,кыймылдары окшош эле болуп жатпайбы.
19.08.2014. 10:49
 Мэри
Ырыс Окенова,Кубаныч Эсеналиев ж.б. биздики экенин далилдеп, архивдик документтерди таап чыгып элге бир канча ирет жарыялап, интервьюларды беришкен эле. А Жабиров, Султандардын айткандарын уккан эмесмин, эгер чын эле ошентип айткан болушса, анда алар жаңылыштык кылып жатышат.Демек, алардын маалыматы жок, жетишсиз.
Бул клип боюнча айтсам, ыры аябай сонун, клип да жакшы.
21.08.2014 01:24
Farida11
Ырыс Океноваңыз качантан бери бий изилдөөчү болуп калды эле!? Башкасые айтсаңыз да Окенованы жөн койсоңуз болмок экен! ))) Ал эми КАРА ЖОРГО кыргыздыкы-бул шексиз!
19.08.2014. 10:59
 Bacitgul
Албетте мындай чыгарма жаратыш учун коп адамдардын, зор эмгеги, мээнети кеткени шексиз! Азаматсынар! Бирок режиссура менен монтажда кемчиликтер бар,сынды да туура кабыл алыш керек. Орусча айткандай для первого раза ничего...
19.08.2014. 11:38
 DOSY_1994
Жакшы клип болуптур,мага аябай жакты.
19.08.2014. 12:56
 MIRA
Эн соонун клип болуптур!!!! Азаматсынар!!!!! султан эн соонун ырдаган берилип бул ырды угуп клипти коруп атып чыныгы кыргыз бийи ушуендай экен деген ишеним пайда болот экен. Кыргыз жеринин кооздугуна соз жок клиптин коркуно корк кошкон.10+
19.08.2014. 14:42
 Muslima1696
Вааау сооооонун тартылыптыр. Ийгилик сизге.
19.08.2014. 17:44
 akyl-um
Эн мыкты клип,эн мыкты бий эн мыкты ыр,татыктуу аткарылыптыр.Бул да болсо кыргыз маданиятынын казынасын толуктайт деп ишенемин.Абдан жакшы тартылгыны,Кыргыз жергебиздин ажайып кооз жаратылышы баары айкалып оозду ачырчуу клип болуптур бали,баракелде.Туруп алып кол чаба турчу клип.Азаматсыздар.Алга Кыргызстан!!!!Канчалаган эмгек жатат.Бир да кемтиги жок торт тарабынан топ келишкен клип!!!
20.08.2014. 20:44
 nazi.kg
Эн соонун тартылыптыр
20.08.2014. 21:53
 hanisa
yry jakwy boluptur,kazaktardyn kara jorggosun kotorgondon korok
21.08.2014 01:27
Farida11
Асел Касмакунованын КАРА ЖОРГОсуна жетпей калыптыр. Ошол эле Кара жорго кыймылдары экен, жаңы кыймыл, жаңылык жок.
25.12.2014 12:27
ulik.2014
Farida11, Дагы кандай жаны кыймыл киргизсин. Кыргыз бийи ошондой болсо бийлетда. Асел Касмакунованын кара жоргосу дейсинда как будто озу жазып озу чыгаргансып
21.08.2014. 08:48
 obon
baktyiar aga biydi ayabai sonun jasaptyr oshogo jarasha sultanda molodes ulanduu ushuntip kytailyk kyrgyzdardan biydi jakshylap uyronup turunuzdar
22.08.2014. 01:11
 vanga_78
кайра кайра коргун келет, чыгармачылык топко терен ыраазычылык билдирем, азаматсынар, корсо тартса болот экен да, алыста жургон адамга кандайдыр бир денгээлде дем берет экен. Дагы бир жолу ыраазычылык.
23.08.2014. 00:10
 boris8907
Жакшы ыр экен мааниси жакшы экен. Анан дагы клип эн мыкты тартылган
23.08.2014. 12:27
 TIMi4
o jakty super klip 2014Модератор admin_superstan түзөттү 23.08.2014 16:53
24.08.2014. 21:57
 hanisa
kara jorgonu kytailyk kazaktar yrdap bilep jurushkon echak ele biz al biidi bilelekte ele,silerdin mesnyi kyrgyzdarynar bilewet biiner baar birok bawkacha dep aityshkan chynynda bawkacha bolchu
25.08.2014. 17:06
 byityshka
Клип жана ыр эмеспи )))))
25.08.2014. 21:29
 magbet
эн сонун
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: