Султан Садыралиев "Күнөөмдү кечир, Алла"
Жанр:Фольклор
00:05:39
71,28 Мб
Жүктөлгөн: 12-02-2014


Сөзү:Б. Жамгырчиевдики
Обону:С. Садыралиевдики

Жарык турса нур толгон жансыз күнгө бекиндим,
Жармашыпмын шайтанга теңин булгап бетимдин.
Карегимди дат басып, аруулукту табалбай,
Жаштыгымдын далайын жардан алыс кетирдим.

Көздү нечен май басып жолду көрбөй эсирдим,
Көкүрөгүм муз болуп барксыз күндү кечирдим.
Жамандыктан кайтарчу жалгыз өзүң бир Алла,
Жаркын жолго жетелеп күнөөлөрдү кечиргин.

Кайырма:

Алла, Алла, Алла,
Күнөөмдү кечир, Алла.
Алла, Алла, Алла,
Тозоктон сакта, Алла.
Ля Иляха илля Ллах, Мухаммадун – расулю-Ллах

Сактай көргүн, Жараткан, көкүрөгү сокурдан,
Калыстык бер чалдарга наркын сатып отурган.
Ыйлап сурайм, Аллахым, ал күндөрдү кечиргин,
Ыйманымды тарталбай никеси жок кошулган.

Бийлик үчүн намысын сойчуларды кечиргин,
Эл ырысын соодалап тойчуларды кечиргин.
Аруулугун жоготуп, битке турбас сом үчүн
Абийирине чок түшкөн сойкуларды кечиргин.

Кайырма:

Өлбөчүдөй күн көрүп жашап калдык жан сабап,
Өзөгүбүз күйүүдө аракечтик аркалап.
Келечеги жоголуп, багытынан адашкан,
Бир тууганды кечиргин жолдо жаткан чалкалап.

Баскан-турган жолуңдан кайдигерлик коштолуп,
Багытыбыз бузулду шайтан күчү топтолуп.
Бара турган жерибиз жарыгы жок түн беле?
Жанчылууда акыл-эс жан дүйнөбүз бош болуп.

Кайырма:

Жаңылууну кечиргин билип-билбей жасаган,
Жардам сурап журт үчүн карегиме жаш алам.
Барарыбыз кара жер, аларыбыз бир кепин,
Баарыбызды пенде кыл намаз мене жашаган.

Кайырма:
  • Currently 4.88/5
(25 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (78)

13.02.2014. 22:04
 kesha--89
ыры сонун екен бирок комуз мн ырдаса болбойт бекен неге еле домбра мн ырдй берет???
02.03.2014 05:52
Jamalkan
kesha--89, Kaisi aspap menen irdasa da jyrokko jetkiliktyy irdagan,azamatsin Sultan!
08.03.2014 15:15
alibai
kesha--89, Казак болсо домбра иенен ырдайт да .
13.02.2014. 23:57
 ulukbek
аллахым ыйман берсин барыбызга дуйнодо тынчтык болсун
13.02.2014. 23:57
 Mariyana
Алла ыраазы болсун.
14.02.2014. 00:00
 peri...97
Суппеер...
14.02.2014. 00:14
 Shamdagai2013
Унун жакшы,комуз менен ырдаса мындан да сонун болмок укканга.
14.02.2014. 01:57
 Asianat
МашаАллах!!! Аллах ыраазы болсун Султан,ушунчалык журокко тийчу создорду камтыган ырды ырдаптырсын.Жалпы Мусульмандарга Аллах Таала бекем ыйман берсин.
14.02.2014. 03:05
 indira.1991
Азаматсын мааниси ото терен. уну жоон олуп калыптырго коптон бери ырдабай)))))
14.02.2014. 03:33
 anara85
класс
14.02.2014. 05:14
 qwert
Азаматсын досум! онорун оркундой берсин,сонун ыр зв чалып кой 8926881753 досум
14.02.2014. 21:27
 nursultan96
жакшы.
14.02.2014. 22:10
 Kamalbek
Султан талантына соз жок бирок казак туугандардан кочургонун болбойтта Мейрамбек Беспаевтин кара создору
15.02.2014 05:05
Marta
Kamalbek, казактар деле оптом кочуруп жатышат го кыргыздарды..
17.02.2014 19:59
Kamalbek
Marta, алар кочурсо кочуро берсин бизде чыныгы таланты барлар коп алардан
24.02.2014 22:47
Supataev.Salamat
Kamalbek, кайдагы казактардыкы биздин эле акыныбыз Бердибек Жамгырчиевтики
14.02.2014. 23:15
 nargul
ырларды журокко жеткизе ырдайт да.... Алла раазы болсун!!!!!!
15.02.2014. 18:15
 TOMPO81
жашоо тууралуу манилуу ыр экен.акыркы убакта мындай ырлар чыкпай жатты эле. султан мындай ырлардын майын чыгарып ырдайт.молочек!!!
15.02.2014. 20:13
 sambo
Супер соз жок. Мындан жакшысы болбойт.
15.02.2014. 20:59
 Shah
журокко жеткирип,аллага болгон суйууну даназалаган ыр болуптур супер
16.02.2014. 10:17
 islamkg
Алла ыраазы болсун! Баарыбыз дын куннолорубузду кечир Алла!
16.02.2014. 14:22
 seidana
соонун ырдайт э султан байке унунузго баракелди
16.02.2014. 15:40
 etalon
Азаматсыз Султан байке!!! Онорунуз оркундой берсин, уй булолук бакыт каалайм сизге.
16.02.2014. 20:36
 azamat85
mp3 versiyasy barby?
17.02.2014 10:11
admin_media
azamat85,
Шилтеме: http://www.super.kg/media/audio/107625/
17.02.2014. 12:00
 kg86
Султан я тя люблюююююю жаным. Ой, жаным деп алганым учун кечир.
17.02.2014. 15:06
 bakyt.anara
Молодец, мына сага чыныгы талант уккан сайын укун келет.Султан сен 15 20 жылдан кийин дагы ушундай жылдыз болуп калышына ишенебиз себеби сенин унунду ардайым сагынуу менен угабыз.
19.02.2014. 10:01
 samara95
туура айтасынар менда кошулам
20.02.2014. 17:23
 jumagulkg
Султан байке жакшы ырдайт ийгилик каалайм
24.02.2014. 22:44
 Supataev.Salamat
Биринчи кезекте бул ырды жараткан акынга рахмат айтыш керек Бердибек байке азаматсыз мыкты ыр
29.03.2014. 19:59
 TIMi4
Sultan baike ozgo4ogo deim bawkalarga karagan da!
03.06.2014. 14:08
 joki1213
мен коро албастык эмес чындыкты жеткириш учун соз айтайын. Пайгамбарыбыз кайсыл хадисте домбураны колунарга алып Алла кечир куноомду деп ырдасанар куноонор кечирилет деп айтты эле.
05.06.2014. 18:53
 mavlyanow-t
жакшы ыр болуптур С
ултан байке
13.08.2014. 19:23
 LISICHKA
жазган киши да азамат жана ошону журокко жеткизе ырдаган киши да азамат,Ушундай адамдар коп болсун элибизде.
15.08.2014. 14:42
 dastan_nookat
"Барыбыздын кетирген кунолорду алах озу кечирсин! сонун клип мыкты"
15.09.2014. 14:53
 admin_media
КОЛЮЧКА,
Саламатсызбы! Рахмат, ката түзөтүлдү.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: