Султан Садыралиев "Кыргыз бийи"
Жанр:Поп
00:04:10
60,26 Мб
Жүктөлгөн: 13-08-2014


Сөзү:К. Урманбетовдуку
Обону:М. Ниязов, А. Отунчиевдики

СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ: “КЫРГЫЗ БИЙИ” КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭҢ КЫМБАТ КЛИП БОЛДУ”
Кыймыл менен сүйлөгөн,
Кыргыз бийин үйрөнөм.
Кызыталы өмүрдү,
Кыз-жигиттер, бий менен.
Кызыкты бул таппайсыӊ,
Кыдырсаӊ да дүйнөдөн.

Кайырма:
Атпай кыргыз бийлесин,
Аруулантып дүйнөсүн.
Жеӊил болгун булуттай,
Жерге бутуӊ тийбесин.
Байкап турган адамдар,
Бали, кыргыз бий десин!

Куштай канат кагалы,
Учпай кантип калалы.
Бийге баарын чакырып,
Бир кумардан каналы.
Жаркын күнгө теӊелсин,
Жаштыгыӊдын жамалы.

Кайырма:

Жүрөгүӊү тыбырат,
Жүлүнүӊдү кыбырат.
Дем кошулсун демиӊе,
Дене боюӊ чымырап.
Мелтиребей жарышкын,
Мезгил менен зымырап.

Кайырма:

Эргүү мындай болобу,
Эриккеним жоголду.
Эриш-аркак бийлесек,
Эл көӊүлү толорбу.
Тоӊуп калган бир кезде,
Толкуталы тоолорду.

Жалпы кыргыз ырдасын,
Жаратылыш тыӊдасын.
Жаркылдаган жылдыз бий,
Жашообузду нурдасын.
Ырыс болуп кыргыз бий,
Ынтымакты чыӊдасын.

Кайырма:
  • Currently 4.74/5
(82 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (206)

14.08.2014. 16:05
 nazi91
Аябай соонун тартылыптыр!!!Кайра-кайра коргондон тажабайсын.
14.08.2014. 16:16
 Ади
Кудай колдоп, Жараткан жар болсун. Ата бабанын арбагы ыраазы болду деп ойлойм. отконду жандандырган, болгондо мыкты денгээлде жаралган ыр, клип андан да отот. Султан сага алкыш!!!
14.08.2014. 16:21
 Zulin
Алтынбек Сулаймановко рахмат ушул ырга,клипке 50 мин доллар кетирген
15.08.2014 01:10
Farida11
Алтынбек 50миңдин ордуна он жарым берип койгон окшойт. Клип андай кымбат көрүнбөйт, баягы эле КТРдеги арноо концертинен кеткен концерттик номерде көрүнөт. Чыгарманын сюжети жок, баш бар, аягы жок. Ар бир клип чакан кинодой болсо кана!? Кайран акча, кумга сиңген суудай бопты.
16.08.2014 04:54
Alai.kyzy
Farida11, ар бир клип чакан кино, бирок бул кыргыз бийи туралуу болуп жатпайбы! Кыргыз бийин кооз жерлерибизде тартты, эмнеси жаман??? Тооба, ичи тарлыктын да чеги болот даа!!!
14.08.2014. 16:29
 aksylykmyn94
Соонун клип болуптур,клипти коруп Кыргызстанга барып эс алып эле келгендей болдук уй-булобуз менен.Чоон рахмат
14.08.2014. 18:44
 Mirba24
Мага жакты сонун чыгыптыр.
14.08.2014. 18:46
 adiletik
Соз жок Азаматсын.
14.08.2014. 20:08
 Alai.kyzy
Аябай сонун клип болуптур. Мыкты денгээлдеги клип! Султан, чыгармачылык ийгилик, ушинтип жакшы ыр, жакшы клиптерин м.н бизди суйундуруп журо бер! Баракелде дегенден башка эч нерсе дей албайм. Сыймыктана турган клип болуптур!
14.08.2014. 20:21
 Mukay
Монтажды эзиптир бирок.:-)
14.08.2014 20:45
aitysha-91
Mukay, ооба чын Эле сонун клип болуптур ,башка ырчылардын клиптерин коргумда келбей калды. Алыста жургондо уксан патриоттук сезим ойгонот экен . Жанымда иштеген орустарга корсотсом аларда мактады кыргыздар ушундай калсынарбы деп.
14.08.2014. 23:31
 sultan89
Керемет керемет жерим Кыргызстан Алга
15.08.2014. 00:08
 Ibragim864
Ала Тоо менин Мекеним, Каралдым сенден кантейин. Алыстан билдим баркынды, Канчалык улук экенин!
15.08.2014. 00:29
 Farida11
Алтынай Джуманазарова: Не увидела в клипе ни художественной ценности, ни интересных решений, ни оригинальности. Песня шаблонная, танец не отрепетирован, хотя видно что бюджет был большой. А касательно предпочтений пипла - вообще не критерий, у нас любое говно схавают, только потому что "наши сделали".
-Мен жогорудагы комментке кошулам.
15.08.2014. 00:35
 Farida11
Кара жоргодон мыкты деп айта албайм. Кара жорго КЫРГЫЗдыкы! Султандын клибинде көп кыймылдар КАРА ЖОРГОдон алыныптыр. 50миң долларлык клип эмес,акча көп сарпталганы менен көркөмдүүлүгү төмөн. Мынча акчага 4 эсе сонун клип тартылмак. Кол ийрисине тартып, акчалар чычкандын ийнине кирген окшойт!?
16.08.2014 05:00
Alai.kyzy
Farida11, сен озу билесинби юул клип канча убакытта, канча жерде тартылганын? Сен озун 10досун м.н Колго 10кунго дем алып, кеткен каражатты толо, корот элем ошондо акчандын кеткенин!!! Ошончо бийчише костюм, тамак аш, жолгра, жатакана анан дагы бийчилерге акысы толонот. Камера жабдыктары ж.б. Сен кимин озу? Жумушун канча? Бироонун чонтогундогу акчаны санаба, адепсиздик болот))) Сенин акчанды уурдап, клип тарткандай болупсун гоо!
16.08.2014 15:46
aziko88
Alai.kyzy, Бул кыз ушунчалык ичи куйуп атат Коро албаган Бир ырчы кыз болсо керекда мен ырдай албай калдым деп.
16.08.2014 20:19
Beise
Farida11, сен 10 мин долларга эле тартып кой клип эч ким каршы эмес эмне мынчалык кеп акчада эмес кеп кыргызымды даназалоодо мааниси
18.08.2014 11:57
Looks
Farida11, кара жорго кыргыздыкы эмес. аны моюнга алуу керек. Мына соооонуун чыгыптырго кыргыз бий класссс Султан алгаа.
15.08.2014. 09:19
 Cholpon14
Соз жок Сонун чыгыптыр
15.08.2014. 10:04
 elamannn
жакшы чыгыптыр ыры да уккулуктуу. Султан азаматсын ...
15.08.2014. 11:29
 suimon302010
Туулган жердин топурагы алтын деген созду, алыста журуп маанисин эн жакшы тушунот экенсин.Сагындым Кыргызстанымды.Жумуш орундары болсо; айлык акылар жетиштуу болсо, ата энеибиздин, бир туугандарыбыздын, БАЛДАРЫБЫЗДЫН жанында, оз мекенимде жургум келип жатат.Аллахым ошо кундорду насип этсин
15.08.2014. 11:33
 ali_baba
Султан КТРден казактын Кара жоргосуна бийлебей, ушуну уккула деп, баары бир казакка тартып, казак экенин далилдеди. Казакты канча озуно тартпа, баары бир боор бербейт дегени чын, болбосо аны кыргыз эли аябай эле котормолоп, жылдыз кылса дагы, Кара жорго казактардыкы деп отурат.
15.08.2014 20:06
Farida11
Кара жоргону казактыкы деп Султан, Рысбек Жабиров дагы КТРден айты. Учурда калмактар элибизди ичинен чиритипатышат. Убагында Калпак майрамында флешмобдо Кара жоргого бийлеп майрамдадык эле, эми Кара жорго казактардыкы деп калдыбы, ошондо эмнеге Ак калпак күнүндө казактын Кара жоргосун бийлебейбиз дебеди!? Ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын болуп атат.
15.08.2014. 11:38
 ali_baba
Албетте Алтынбек мырза патриоттук сезим менен, "Кара жорго" кыргыздардыкы деп берген акчасына, Султан тескерисинче угуттоп, кара жорго казактыкы, кыргыздардыкы аты жок эле ушундай кыргыз бий деп аталат деп "кара жорго" деген бийди казактарга энчилеп койду, жана аны ар жерде айтып журот.
15.08.2014 20:10
Farida11
Кара жорго кыргыздардыкы, Султан казактарга тартып казактардыкы деп жатканы туура эмес. Казактар жакында Кызыл өрүк дагы энчилеп алышат.
16.08.2014 22:46
ali_baba
Султан азамат, кыргыздардын арасынды журуп Кара жорго казактыкы деп талашып журот. Чыныгы казактын азаматы! Бир кыргыз ушинтип казактарга барып ал кыргыздыкы десинчи, аны жылдыз кылмак тургай, Казакстанда ырдатпай коюшмак( Султан Луговойлук казак, кыргыз дегени, продюссеринин ойлоп тапканы, уйундо да казакча суйлошушот).
18.08.2014 14:44
Kalin466
ali_baba, ой билбей эле суйлой бербечи Луговойлук казак деп,Султан Таластын Кок Ой деген айылынан,апасы Луговойдук казак кызы,Султанынар атасы жагынан тандабай оз улутун апасы жагынан тандашы казактардын оз тарыхын билбегенин далилдейт.
27.08.2014 00:24
Aksy-13
ali_baba, Султан кыргыз эле атасы кыргызбы значит кыргыз болгондо да САРУУ
15.08.2014. 14:35
 dastan_nookat
"Супер соз жок клип аябай сонун болуптур жылдын супер клипбине татыкту"
15.08.2014. 15:18
 kutmanov
Баары жакшы,касиеттуу Ысык-Колубуз корунбойт го.Бул ырга мамлекеттик мааниде конул бурулуш керек эле,казактардын КТК каналындагы чыгарма сыяктуу куттук ээле.Ийгилик дагы жакшыртса баолчудай...
15.08.2014. 16:02
 rnurzida
Супер клип 2014. Клипке салымын кошкондордун баарына +5. Султан азамат. Таланттуу ырчы. Чыныгы ырчы мырза. Золотой голос Кыргызстана.
15.08.2014. 17:14
 begimai1989
соооонун тартылыптыр коруп алып козумо жаш алдым бир жеринде кемтик жок клипке да ырга ++++5
15.08.2014. 18:55
 Leo.
Gaydanasynby bawkasynby, zavidui molcha.
Anan Sultandan bawka ew kim yrdai almak emes bul yrdy. Tak wto tynch otur.
15.08.2014. 19:22
 jazy
Азаматсын эн соонун ийгилик !!!
15.08.2014. 21:20
 aselhan
Сонун клип болупр. Баардык жагынан жогорку дегээлде экен. Бири биринер менен тартышкандан корок суктансанар болмок. Ушундай Кыргызымын патриотизимин которгон ырлар,клиптер кобойо беррсин.
15.08.2014. 21:23
 aselhan
Сонун клип болупр. Баардык жагынан жогорку денгээлде экен. Бири биринер менен тартышкандан корок суктансанар болмок. Ушундай Кыргызымын патриотизимин которгон ырлар,клиптер кобойо беррсин.
16.08.2014. 09:57
 naz2013
azmat sultan ! Ech bir yrchy yrdasa da saga jete albeit.
16.08.2014. 13:51
 g.jumabekova
Эн сонун клип. Супер соз жок
16.08.2014. 16:26
 mi-li-na
Чындыгында Султан ырды ото жогорку денгээлде ырдаган, эми жогоруда кээ бир терс пикирлерге айтаарым "Албетте, жайкалган кок шибердин арасында заар тикенек же ит уйгак созсуз турдо болоору шексиз"!!!
16.08.2014. 16:39
 niet
молодец султан ар бир областка барып клип тарыш канчалаган туйшук, жаман жагын издебей ийгилик каалайлы
16.08.2014. 20:27
 altywka65
Эн мыкты клип, эн мыкты ыр, эн мыкты бийчилер, эн мыкты ырчы, ен мыкты кыргызымдын кооз жерлери, эн мыкты жана дагы эн мыкты! АЗАМАТ!!!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: